Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 137

Кыргызстанда өзүнүн мыйзамсыз митаамдыгы менен белгилүү Борис Воробьев кайрадан сахнага чыкты. Азыркы тапта ал 17-жыл мурун болгон кылмыш ишти кайрадан баштоого аракет кылды.

 

90-жылдарда Воробьев 25 миң долларга компьютердик жабдууларды сатып алган. Бирок төлөмдөрдү бир нече жылга созуган. Ага карабай анын 10 миң долларлык карызы бар. Компьютердик компаниянын жетекчилиги 2002-жылы сотко кайрылып, 12-чөлкөмдөгү курулуп бүтө элек имаратты сатуудан каражатты жана 1 бөлмөлүү батирди алган.

 

Компания чынчылдык менен тапкан акчасын алып адилеттүүлуккө жеткен десек, 17 жылдан кийин, Борис Воробьев бул иш жөнүндө эстеп, сотко кайрылууну чечти. Бул жылдардын ичинде батир 5 кожоюнун алмаштырып, курулуп бүтпөй калган имараттын ордунда 6000 чарчы метрге жайгашкан соода комплекси курулуп, сотту утуп алган ЖЧК 10 жылдан ашык мурун жоюлган.

 

Бирок, бул фактыларга соттор көңүл бурган жок. Процесстик кодексте юридикалык жак жоюлган учурда кылмыш иш козголбойт деп белгиленген. Бишкек шаардык соту отурумдарды жоюлган ЖЧКун коомдун жетекчилигисиз өткөрүп, аларга бир да чакырыкты жеткирип берген эмес. Андан тышкары, ишти кайра кароо чечимин баштапкы документтерсиз кабыл алган.

 

Эгерде Фемиданын кызматчыларынын ЖМКгы чыгаруулары менен таанышсак, мындай чечимдин себебин түшүнөбүз. Воробьев мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган кызматкерлер менен “шериктештикти” түзүп алган. Бирок, алар кандайдыр бир себептерден улам, дагы эле сот системасында иштеп келе жатышат.

 

Воробьев өзүн ийгиликтүү ишкер деп атап, саясий тарыхын эскерткени менен, биз баарыбыз анын чынында ким экенин билебиз. 90-жылдардын аягында, Воробьев контрабанда, күйүүчү-майлоочу материалдарды уурдаганы жана салык төлөөдөн качуу үчүн абакта отурган. Ал анын акыркы кылмышы эмес. 2005-жылы Воробьев үч кылмыш иши боюнча кармалган. Кийинчерээк, кандайдыр бир жол менен, ал орус драма театрынын жетекчиси болгон. Ошол учурда театр көптөгөн чырдын ортосуна түшкөн.  2013-жылы, “чала-бизнесменди” бийликти кыянаттык менен пайдалангандыгы жана кирешелердин изин жашыруу үчүн 7 жылга эркининен ажыратылган.

 

 

 

 

“Майдан. kg” гезити