Акыркы кезде айрым мыйзамды көзгө илбеген жарандар жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлорго баш ийбей, кудум эле детектив кинолордогудай качып, ал тургай курал менен атышкан, мушташкан учурлар да катталууда.
Акыркы кезде айрым мыйзамды көзгө илбеген жарандар жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлорго баш ийбей, кудум эле детектив кинолордогудай качып, ал тургай курал менен атышкан, мушташкан учурлар да катталууда. Мындай окуя 23-декабрь күнү, саат 11.30 чамасында түштүк борбордо болду. Анда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмүнүн тескѳѳчүлѳрү кара түстѳгү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндѳгү автоунаа бардык терезелери толугу менен караңгылатып жүргѳнүн кѳрүшкѳн.
Тийешелүү кызмат инспекторлору бир канча жолу бейбаштык кылган айдоочуну токтотууга аракет жасаган. Бирок, айдоочу мыйзамга баш ийбей, каршылык көрсөтүүнү уланта берген.
“Мыйзамга баш ийбеген айдоочуну кармоо учурунда, милиция кызматкерлери автоунааны күч колдонуп токтотуу максатында табелдик куралы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндѳгү машинанын алдыңкы дѳңгѳлѳктѳрүнѳ карата ок чыгарган. Атылган ок автоунаанын алдыңкы сол тарабындагы дѳңгѳлѳктүн үстүнѳ (крыло) тийип, андан кайып ѳтүп, жол четинде бараткан 1961-жылы туулган, Ош шаарынын тургунуна тийген. Учурда алардын ѳмүрүнѳ коркунуч жок,”- деп билдирди Ош ШИИБнын басма сөз кызматы.
Ал эми Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерден качууга үлгүргѳн айдоочу бир саатка жетпей кармалды. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Тѳлѳйкѳн айылынын 1999-жылы туулган тургуну, КР ИИМдин атайын базасынын тизмесинде кылмыштуу топтун мүчѳсү катары каттоодо турган, мурда каракчылык менен соттолгон жаран болуп чыкты.
Азыркы учурда бул факты боюнча окуянын күбѳлѳрү суралууда, КР Кылмыш кодексинин 341-беренесинин 1-бѳлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Демек, укук коргоо органдарын көзгө илбеген жигит эми мыйзам алдында жооп бермекчи.
“Майдан.kg” гезити