Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 257

13-декабрь күнү түшкө жуук саат 12-1лер чамасында жаңы төрөлгөн наристенин жансыз денеси Ош шаарынын таштанды полигонунан табылган.

 

 

 

13-декабрь күнү түшкө жуук саат 12-1лер чамасында жаңы төрөлгөн наристенин жансыз денеси Ош шаарынын таштанды полигонунан табылган.  Ош тазалык муниципалдык кызматынын кызматкерлери күч түзүмдөрүнө кабар беришкен.

 

Мындай үрөй учурган окуядан кийин Ош шаардык ИИБда атайын ыкчам топ түзүлгөн. Алар табылган ымыркайдын энесин издөө иштерин баштады.

 

Ушуга окшогон окуя Ош шаарында биринчи ирээт катталган жок. Ош шаарында жаңы төрөлгөн баланы таштап кеткен факт өткөн жылы октябрда да катталган. Таштап кеткенден кийин аны жергиликтүү тургундар көрбөй калганда, ымыркай набыт болмок. Бактыга жараша дене табы жогору, жарыкка келгенине эки сааттай болгон ымыркайды аймактык тескөөчү ооруканага өз убагында жеткирип калышкан.

 

2016-жылдын август айында да Ош шаарынын окуу жайлардын биринин тушунда жайгашкан таштанды таштоочу жайдан материалга оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылган. Анда ал айына жетпей төрөлгөнү аныкталган эле.

 

Адистердин маалыматтарына караганда, 2017-жылы төрөт үйүндө көз жаргандардын төртөө баласын таштап кеткендиги белгилүү болгон. Психологдордун айтымдарында жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө мугалим мында турсун, ата-эненин тарбиясы да алсыздык кылып жатат. Бул жагдайдан улам өспүрүм кыздар көп жабыр тартып келет.

 

Ош шаарында жаш өспүрүмдөрдүн арасында жалгыз бой эне аталып, кризисттик борборлорго кайралгандар көп. Алардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Учурда кризисттик борборлордо 14 өспүрүмдүн окуясы катталып, тийиштүү адистерден кеңеш алышкан.

 

Ал эми өлкө боюнча өткөн жылы алты айдын ичинде, 81 таштанды ымыркай табылган. Өкмөт тарабынан 2016-жылы атайын жобо кабыл алынып, ар бир аймакта комиссиялар түзүлгөн. Алар оор шарттарда жашаган наристелерди жана ата-энелери таштап кеткендерди каттоого алат. Эгерде жакындарынын күнөөсү менен жолдо калып же акчага сатылгандар аныкталса, соттун чечими менен жазага тартылат.

 

 

 

“Майдан.kg” гезити