А. Бекназаров: Өкмөт мурдагы токтомун жокко чыгарып, паспорттогу улут деген графага улутубузду жазып, баштагы калыбына келтирет го деген үмүтүм бар.
- Азимбек агай, мурунку курултайларды бийлик тааныгысы келбей, чечимдерин эске алгысы келбеген жагдай орун алса, бу сапар “курултай бийликке ыктаган, бийликтин талаптарына жооп берген курултай болуп калды” деп сындай башташты го?
- Атамбаевдерден Нурбек Токтакунов келди. Сөз бердик. Ал да моюнуна алып, “Атамбаев бийликте турганда бир топ катачылыктарга жол берген”- деди. Чечим жеке менин каалоом менен кабыл алынган жок. Делегаттардын калоосу менен болду.
- Курултайдын резолюциясы Атамбаевден кол тийбестикти алып, аны жоопко тартууга жол ачып койгон жокпу?
- Делегаттардан ошондой сунуш түштү. Биз добушка койдук, өттү. Бул делегаттардын чечими болду. Ал чечимдерди президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага жөнөтөбүз. Алар кандай чечим кабыл алат, ал башка маселе.
- “Паспортко улутубуз жазылыш керек”- деген да маселе көтөрүлүптүр. Бийлик курултайдын чечимдерин, андагы талаптарды аткарат деп ишенсек болобу?
- Резолюцияны иреттештирип, түшкөн сунуштарды топтоштурдук. Бийликтин бардык бутагына тапшырдык. Эми андагы талаптарды аткарган, аткарбаганын аткаруу комитети көзөмөлдөйт. Өкмөт мурдагы токтомун жокко чыгарып, паспорттогу улут деген графага улутубузду жазып, баштагы калыбына келтирет го деген үмүтүм бар.
- Резолюциянын талабына ылайык, Конституция өзгөртүлө турган болсо, президент баштагы президенттердей болуп, жеке кызыкчылыгын жогору коюп, ыйгарым укуктарын жогорулатып албайбы?
- Конституцияны алмаштыруу маселеси көтөрүлгөндө легендарлуу мамлекеттин мүчөлөрү, КДКнын, КЭКтин мүчөлөрү “Конституцияны алмаштырабыз деп атып, үч президентке алдандык. Дагы бир жолу алданып калбайлы”- деп делегаттарга кайрылдым. Эгер бийликтегилер 1-январдан конституциялык реформаны баштабаса, өзүбүз кол топтоп баштайбыз.
- Азимбек мырза, Карганбек Самаковду саясий куугунтук дегендердин тизмесине кошкуңуз келбей койдубу?
- Менин кошкум келбей койгон жок. Тилекке каршы, Камчыбек Ташиевди, Карганбек Самаковду, Өмүрбек Бабановду атын атаган жан болгон жок. Мен деле бирөө жарым сунуш кылабы деп күттүм... Аида Салянованы, Нариман Түлеевди саясий куугунтуктун тизмесине киргизели деп сунуш түшкөнү менен көпчүлүк каршы болушту. Биз өткөргөн курултай демократиялуу болду. Делегаттардын пикири менен эсептештик.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити