Кекиртек кыйла жерге секиртет 

 

Алмаз Атамбаевдин президенттик доорунда көмүскө кардиналдын ролун аткарып, далайынын үшүн алып, эч качан чөкпөчүдөй көрүнгөн, токсондон ашуун эр-азаматтын каны менен келген бийликти атасынан калгандай пайдаланып, аз убакыт ичинде көпөскө айланган айтылуу “шоопур” Икрамжан Илмияновдун бүгүн, ушу таптагы абалына бооруң ооруйт. Бир учурларда кабылдамасында министр, губернатор, депутаттар шымына сийип алчудай коркуп, аландап олтурган кезин эстеп, арманы аттын башындай болуп жатса керек.

 

Катардагы эле суу жүрөк пенде тура

Атамбаевдин жеке шоопуру болуп жүрүп эле баш айланткан карьера жасап, бийликтеги кадр маселелерин калчап, таасири артканда шоопурлуктан “Шумахер” деген лакап атка татыганы эстен кете элек. Саясат талдоочу Табылды Акеров кайра-кайра “Бакиев менен Акаев бир туугандарын бийликке аралаштырса, Атамбаев шоопурун, секретаршасын, жансакчысын бийиктетти, азыр ошолордун заманы болуп, күнү тууп жатат”- деп какшап жүрдү, муну баары эле билип турган, бирок, андагы ажонун чорт кыялынан коркушуп, “кокуй, ооз ачпайм, камап салат”- деп алаңдаган заманда да жашадык. Акыры шоопурлар башкарган заман дагы артта калды. Айтылуу Икрамжандын да жооп бере турган учуру бышып жетти. Көрсө, бу Икрамжаныңар лейлектик жердештеринин “палван” деген баасына таптакыр татыбайт экен. Катардагы эле суу жүрөк пенде тура. Бийлигине таянып кыйын болуп жүргөн окшобойбу. Себеп дегенде, камалган күндөн баштап эле тергөөчүнүн “биз менен кызматташсаң 5 жылдан 8 жылга чейин жаза мөөнөтүң кыскартылат”- деп айтканына муюп, булбулча сайрай баштаптыр. Бул фактыны расмий түрдө  КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулайманов айтып чыкты:”Тергөө ар тараптуу жана калыс жүргүзүлүп жатат. Маалыматтарда айтылган акча каражаты берилгени жана кай жакка коротулганы боюнча бардык жагдайлар аныкталып жатат. Тергөөдө Илмиянов акчаны алганы тууралуу жетиштүү далилдер бар. Илмиянов тергөө менен активдүү кызматташууда”.

 

Чөгүп бараткан КСДПнын жетекчилери буга чейин башкача маалымат таркатышкан. Алардын пикиринче, Икрамжан Илмиянов эч кандай тергөө менен кызматташкан жок: “Айтылып жаткан сөздөр - жөн гана ушак. Эч кандай факты менен бекемделбеген, атайын даярдалып, таратылып жаткан ушактарды биз жарым жылдан бери эле угуп келе жатабыз. Мисалы, “Калиевдин жубайы түн ортосунда УКМКга 7 миллион доллар алып келиптир” деп да чыгарып жиберишкен эле. Анын жактоочусу муну четке каккан. Ошол сыяктуу эле, "Исаковго каршы тиги көрсөтмө бериптир, Исаков буга каршы көрсөтмө бериптир" деп да чыгышкан. Икрам Илмияновдун айланасында болуп жаткан окуялар да - чагым жана коомчулукту дүрбөлөӊгө салуу максатында уюштурулуп жаткан аракеттер”.

 

Бирок, иш жүзүндө андай эмес экендиги белгилүү. Соцдектердин минтип жаналакеттен кетип актана баштагынында чоң мандем бар. Эгерде Икрамжан Илмиянов сайрай баштаганы чын болсо, бул экс-президент Атамбаевдин саясий карьерасынын бүткөн күнү болуп эсептелет. Анткени, Икрам катардагы шоопур эмес, мурунку шефинин далай сырларын ачыкка чыгара алат. Ал өзүнүн башын аман сактап калыш үчүн да буга барат.

 

Азырынча белгилүү болгону, тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта президенттик шайлоо штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов “Дизел комплект” аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды демөөрчүлүк жардам катары алганы аныкталган. КСДП “бет тырмалык” кылып, “демек, муну талапкер Жээнбековдун өзүнөн сураш керек”- деген балакетти билдирди. Алардын логикасы боюнча, былтыр КСДП бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн, андан кийин шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык иштерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкен. Ал эми КСДПнын штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок имиш. “Форумдан” чыккан бул билдирүү күлкү келтирет. Анткени, Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген адам “Форумдун” өзүндө олтурбайбы. Биринчи кезекте мынча акчанын алынган, алынбаганын штаб жетекчиси катары Фарид Ниязовдун өзүнөн сураш керек.

 

Жердештерин да тоноптур!

Өз атын ачыкка чыгаргысы келбеген ишкердин президент С.Жээнбековго жолдогон кайрылуусу редакцияга келип түштү. Окуп олтурсаң, төбө чачың тик турат! Икрамжанды “кичи мекенин гүлдөтүп ийди, эр азамат экен!”- деп абдан мактап чыгышпады беле жердештери. Анын баары утопия. Себеби, жолдор эл аралык донорлордон келген грант, кредиттердин эсебинен салынган. Аны өзүнө ыйгарып алып, элдин башын айлантып жүргөнүн кара! А чынында, И.Илмиянов жердештерин тоноо менен эле алек болуп жүргөн экен. Буга төмөндөгү окуя далил боло алат.

 

Сөз болуп жаткан ишкер, аны мисалы “мистер Икс” деп коёлу, Сүлүктү шаарында жайгашкан көмүр кендеринин бирин иштетмекчи болуп, Мамлекеттик геология агенттигине лицензия сурап кайрылган. Мындай маселелер ал кезде агенттиктин өзүндө эмес, өйдө жак аркылуу гана чечилип калганын айта кетүү абзел. Жыйынтыгында, “мистер Икс” экс-президенттин жанында жүргөн адамдарга барууга аргасыз болот. Лицензиянын “баасы” 20 миң долларга бааланат. Мындай каражат жеке ишкерде жок болуп чыккандыктар, ал 10 миң доллар жана Toyota Camry маркасындагы автоунааны берүүгө макул болуп, бул материалдык баалуулуктарды президенттик айдоочусу Бакайга №1-президенттик резиденцияга алып барып берет. “Бул акча мага тийбейт, жарымы прокурордун орун басарына, жарымын Райымбек өзү алат, кимге канча берет билбейм”- деп Бакай айткан. Бир канча убакыт өтөт, акча да жок, лицензия да жок. Күтө берип тажаган “мистер Икске” тийешелүү ЖЧК акыры Мамгеология агенттигин сотко берүүгө аргасыз болот. Жогорку сот агенттикке “мистер Икске” караштуу компанияа лицензия берүүнү милдеттендирет. Алар соттун чечимин колго алып, аны аткаруу талабы менен кайра агенттикке барышкан. Бирок, өйдөдөй Бакай айткан Башкы прокурордун орун басары Нуркамал Бурханов мыйзамдарды уруп ойнобой, басым жасап жатып, аталган көмүр кенине өзүнө караштуу “Кен ордо” ЖЧКсына лицензия жаздырткан.

 

Соттун чечимине карабастан, “Кен ордого” лицензия берип ийген Мамгеология агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев жана лицензиялык бөлүмдүн башчысы Р.Курумшиев мыйзамсыз чечим кабыл алганы үчүн бүгүнкүгө чейин жоопкерчиликке тартыла элек. Аларга буйрукту андагы ажонун жардамчысы Райымбек бергени да айтылууда.

 

Ортодо чын ниети менен иш баштагысы келген “мистер Икс” эчтекеден жок олтуруп калганы ачыкталды. Ишкер мыйзамдуу түрдө алууга ниеттенген “Кенч” кенине ээлик кылган “Кен ордо” ЖЧКнын артында чын эле таасирдүү адамдар турган. Алар:

 

1. Башкы прокурордун орун басары, аскер прокурору Бурханов Нуркамал Набиевич, (Лейлек району, Арка айылы, Илмияновдун кадры)

 

2. Райымбек - президент Атамбаевдин жардамчысы (Лейлек району, Самат айылы, Икрамдын досу)

 

3. Бакай - президент Атамбаевдин шоопуру (Лейлек району, Катыраң айылы, Икрам Илмияновдун классташы).

 

Жыйынтыктап айтканда, Икрам өзүн Кудайдан да жогору сезип калса керек, анын кадрларынын ачыктан-ачык ишкерлерди коркутуп, пара алып, кийин чыркыратканына караганда. Жогорку соттун чечимине да карабастан, лицензияны тартып алышканы кайсы акылга сыят? “Мистер Икс” аларга айткан убадасын аткаруусун талап кылып кайрылганда, булар анын өзүнө жалаа жаап, 11 айга камалып чыккан. Бул балээден кутулам деп ден-соолугунан, канчалаган акчасынан айрылды. Учурда Райымбек менен Бакай сотто, өз чындыгын далилдөөгө аракет жасоодо, кутулуп кетүүнүн камын абдан жакшы көрүшүүдө. Себеби, башпрокурордун орун басары Нуркамал Бурханов дагы деле өз кызматында олтуруп, кол кабыш кылып жатат.

 

Мындай мисалдар шоопур Икрамжандын доорунда көп эле болсо керек. Эми анын баарына жооп бере турган күн келди...

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №040 (377), 31-октябрь 2018-ж.