Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 250

Ау, Ак үй, угасыңарбы?

 

Токтогул районундагы Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Эркин Тойгонбаевдин артынан ар кандай терс маанидеги сөздөрдүн айтылып жатканына көп убакыт болду. Өкүнүчтүүсү, “калк айтса, калп айтпайт”- дегендей, анын былыктары иш жүзүндө далилденип, эл абдан нааразы. Чектен чыккан айыл аймак башчысын бирок жоопкерчиликке чакырып, “кой-ай” деген эч ким жок. Өзү болсо, “керек болсо илюбой проблеманы президенттин жанындагы адамдарга айтып, чечип алам!”- деп мактанат имиш.

 

Эч жерде катталбаган жалган дыйкан чарбанын ээси

 

Эркин Тойгонбаевдин бул кызматка келгенине бир жарым болду. Кандай жол менен өкмөт башчы болгонунун дагы тарыхы бар. Бул адам Союз ыдырагандан бери Бишкекте оокат кылып жүргөн. 2007-жылы карызга батып оокаты өтпөй калганда айылга көчүп келет. Дин жолуна түшүп, фанат катары айылдаштарына даават айтып, ар кандай чогулуштарда элди үндөп жүрдү. Негизи айылдын эли Эркинди аферист, карөзгөй адам катары баалашчу. Эми анын себептерин кийичерээк айталы, азыр анын айылда жасап жаткан иштери, жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу сөз кылалы. Коррупциялык жол менен жалган дыйкан чарба уюштура коюп, ага “Абаскан” дыйкан чарбасына жетекчи деген жалган буйрук жаздырды. Бирок, “Абаскан” дыйкан чарбасынын социалдык фонддо да, райондук салык бөлүмүндө да, ал турсун райондук агрардык департаментинде дагы каттоосу жок. Жалган жеринен акча берип, тааныш аркылуу каттатып алган.

 

Акчага сатылган шайлоо

 

Ошентип райондук шайлоо комиссиясынан өтүп, эми кезекте добуш бере турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын сатып алуу керек эле. Ал үчүн алдын ала өзү жашаган Комсомол айылына өзүнө добуш бере турган талапкерлерди шайлашып, алардын оозун акча менен майлап, максатына жетет. Ал эми калган айыл аймагына караган башка айылдын депутаттарына 150 миң сомго миңге чейин акча берип, добушун сатып алганы азыр да эл ичинде айтылып атканы жалганбы? Эл деген эл экен, татыктуу талапкерлерди шайлабай, Эркиндин түзгөн схемасы менен шайлашты.

 

Техникаларды өз кызыкчылыгына пайдаланып келет

 

Учурда да мыйзамсыз иштерди жасашып, сол чөнтөгүнө акча иштеп жатат. Жайыт комитетине АРИС аркылуу келген погрузчик, ХОВО техникаларын өзүм билемдикке салып, Жайыт комитетине ээ кылбай, каалагандай пайдаланып келет. Тактап айтканда,  конкурс жолу менен айдоочулар дайындалышы керек болсо, бул өкмөт өзү каалаган адамдарды айдоочу кылып, алардын техниканы иштетип тапкан акчаларын шыпырып алып турат.

 

Айылдагы кумду сатып жатат

 

Дагы бир мыйзамсыз иши Комсомол айылындагы кызыл кумдун карьерин жайы менен жеке ишкер Жолдошов Айбек аркылуу саттырып жатат. Айыл эли кумдун калбай баратканына тынчсызданып жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин айыл өкмөткө кумдун бир сому дагы түшө элек. Айтор бул адамдын ар кандай жорук-жосундары элдин арасында айтылып, бүйүрүн кызытып келет. Жайыт комитети менен АРИСтин ортосунда бекитилген макулдашууга ылайык айыл өкмөтү жайыт комитетине ээ кылбай техникаларды иштете турган  болсо, техниканын жалпы наркынын 75 пайызын төлөп бериши керек.

 

Президенттин атына жамынып...

 

Баарынан кызыгы бул эргул учурда райондук, атургай облустук деӊгээлдеги жетекчилердин да башын чимирип жатканында. Анткени, “учурдагы президенттин улуу агасынын өкүл баласымын”- деген жалган кепти айтып, жеке кызыкчылыгына карата иштерди бүтүргөнгө аракет да жасайт экен.

 

Соңку сөз ордуна

 

Эркин Тойгонбаевдин былыктарын жаза берсең, гезит бети түтпөйт. Биз болгону, айрым гана жагдайларын алып чыктык. Кейиштүүсү, ээнбаш жетекчинин жоруктарын эмнеге башпрокурор Ө.Жамшитов, Жалал-Абаддагы өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев текшертип, чара көрбөйт. Же сөзсүз түрдө буга президент Жээнбеков кийлигишиш керекпи? Анткени, жакында эле ал: “мен тааныбаган туугандар көбөйдү, ошого окшогондорду тапсаңар, алып келгиле, жазасын берем”- деп айткан. Тойгонбаев да президентке тууган экенине жамынып, ушак таркатып жүрбөйбү... Анда эмнеге ага көңүл бурулуп, жооп бербейт? Теманы кийинки санда улантабыз, дагы кызыктар алдыда...

 

А.Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити