Туу белесте... 

 

“Элүү жаш,

билчүмүн алыс жакта бардыгын,
А бирок, туйбапмын ылдамдыгын шардыгын.

 

Элүү жаш,
Алдастап шашып калдым чынында.
Анткени билдим мен убакыттын тардыгын”,- деп Бек Борбиев агабыз ырдап жүргөндөй, курч ойлоруна, чечкиндүү кадамдарына алаксып олтуруп, эл уулу Камчыбек Ташиевдин минтип 50 жаш курагына келип калганын байкабай калган экенбиз. Саясат, өмүр үчүн бул адамдын бышып турган мезгили. Буга чейинки өмүр жолун карасак деле, эли, мамлекети үчүн эч зыян иш жасабаптыр. Тескерисинче, калдайган калың журт үчүн өмүрүн тобокелчиликке салган учурларды башынан өткөзүптүр. Ооба, анын 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абаддагы кыргынды токтотуудагы эрдигин, андан кийин “Кумтөр – элдики” деген ураан менен чыгып, зулум бийлик тарабынан түрмөгө камалганын айтып жатабыз. Камчыбек Ташиев парламентте олтурганда жыйындар абдан кызыктуу өтөр эле. Анткени, ал ар дайым күтүлбөгөн билдирүүлөрдү жасап, бийлик мыкчыгерлеринин кылыктарын шардана кыла турган. Коркпогон, позициясынан тайбаган, бетке айтар мүнөзү бар, а бул азыркы түлкү, карышкырлардын заманында баатырларга мүнөздүү сапатка айланды. Бир гана кемчилиги – абдан ишенчээк. Дал ошонун айынан канча азап тартты. Оор күнгө кабылганда ишенген тиректеринин далысын салып, сатып кеткен акмакчылыктарын да көрдү. Бирок, эмне болбосун, Камчыкени бүгүн да эли абдан урматтайт, сүйөт. Өз элине бул кишидей эч ким камкордук жасабаса керек. Айтор, эр ортону элүү жашыңыз кут болсун, Камчыбек Кыдыршаевич! Төмөндөгү жакшы сөздөрдүн баары сизге арналды...

 

Аликбек Жекшенкулов, экс-тышкы иштер министри:

 

“Элдин көзгө басар уулдарынын катарында турат”

 

- Камчыбек Ташиевди көп жылдан бери тааныйм. Анын адамгерчилик сапатын жогору баалайм. Өзүн жаш саясатчы катары 2005-2006-жылдардан тартып көрсөтө баштаган. Камчыбекти кыргыз улутуна, элине күйгөн, мекенчил сезимдери  күчтүү, кыргыздын мыкты  жигиттеринин бири деп билем. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” дейт эмеспи, анын сыңарындай, ар кандай кырдаалга туш болду, бирде бийликте отурса, бирде куугунтукка учурап, кыйынчылыкты жон териси менен сезди. Кандай кырдаал болбосун өзүн бирдей алып жүрдү, барга көөп, жокко чөккөнүн байкай албадым. Атамбаевдик бийлик адилетсиз камаганда да духун түшүрбөдү. Жигитчилигин көрсөтүп, баарына чыдап, сынбай туруп берди. Булардын баары анын күчтүү саясатчы экенин далилдеди. Акыркы жылдарда бийлик катарында болбосо да, элим-жерим деп күйүп, элдин маселесин чечип берүү менен алектенип келатат. “Эр ортону элүү жаш” дейт. Элүү жаш жигиттин толуп-болуп турган учуру. Камчы иниме бекем ден соолук каалайм, ойлогон ойлоруна жетсин. Кыргыз мамлекети үчүн иштеп бергенге чоң кызматтарды аркаласа туура болот деп ойлойм. Мындай өткүр, мекенчил жигиттерди иштетип, акылын, эмгегин эл-жер үчүн пайдаланышыбыз керек. Бир сөз менен айтканда, дээринде бар жигит. Мурдагы бийлик канча ирет жаманатты кылууга аракеттенди, аны саясатты түшүнбөгөн караңгы адамдар гана туура кабыл алышпаса, Камчыны тааныгандар, анын элге кандай иштерди жасаганына күбө болгондор ишенишпеди. Ошондуктан, жаманатты кылуу аракеттери суу кечпей калды, ага жаман сөз жабышкан жок, дагы да болсо элдин көзгө басар уулдарынын катарында турат. Өзүнүн шайлоочуларынын гана эмес, жалпы элдин алдында урмат-сыйга ээ экенин танбашыбыз керек. Анда нагыз баатырларга таандык мүнөз бар. Чындыкты бетке айтат, сатып кетмей сыяктуу адаттардан алыс, түз жүрүп, түз сүйлөйт. Баатырлар кыйынчылыкка кез келгенде билинишет. Камчыбектин саясий жашоосунда андай учурлар арбын болду. Солк этпей, адамдык, адамгерчилик сапатынан тайбай, баарын тегиз көтөрдү. Иниме ийгиликтүү, байсалдуу сапар каалайм.

 

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер:

 

“...Эр Табылды, Курманбек баатырларды элестеткен Камчынын июнь коогалаңындагы образы элдин эсинде...”

 

- 70 жылдык коммунистик доордо биздин элде баш көтөргөндөр, дисиденттер жокко эсе болду. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында “адилеттик орноду” деп ишенип, өз алдынча ой жүгүртүп, кайчы пикир билдирген саясатчылар атылып, камалып жок кылынгандан кийин аткаминерлерибиз Маскөөнүн көзүн карап, улуу ага эсептелген орустун сөзүн сүйлөп калган.

Акыры жалпы адамзат үчүн коммунизм салуу идеясы куруп, СССР урап, минтип көз карандысыз мамлекет болуп отурабыз. Ошол көз карандысыздыкка умтулуу кезинде, анан Кыргыз Республикасы түптөлгөндөн кийин бизде жаңы типтеги саясатчылардын плеядасы пайда болду. Камчыбек Ташиев жаш саясатчы катары экинчи толкун менен келген саясатчылардын катарына кирет. Камчы өзүнүн өткүрлүгү, топ жарган кайратмандыгы, кандан бектен кайра тартпас, бетке чабар мүнөзү менен элге алынды. Аны менен бир катар өсүп чыккан жаш саясатчылардын көбү мүдүрүлүп, ташыркап, унутулуп кетти. Ал болсо эл ичиндеги кадыр баркын сактап кала алды. Жүзүн жоготкон жок.

Камчыбек Ташиевдин эл оозунан түшпөй, элдин колдоосуна ээ болуп келе жатышынын дагы бир себеби катары анын нукура кыргызча жүрүм-туруму деген да ойдомун. Азыркы заманга ылайык коом куруп, тиричилигин тындап өткөрө албай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан кыргыз эли аң-сезиминин түпкүрүндө Манас, Эр Төштүк сыяктуу эл багарларды көксөп келе жатканы ачык эле айтылып, жазылып да жүрөт. Ушундай кырдаалда Манас болбосо да, кечээги Эр Табылды, Кожожаш, Курманбек баатырларды элестеткен Камчынын июнь коогаланындагы образы элдин эсинде калгандыктан, эл аны колдоп келе жатат. Ал дагы ишенимди бийик көтөрүп, “төө минсе да, жөө жүрсө да” электораты менен кол үзүшпөй, элдин мүдөөсүн жеке мүдөөсүнөн жогору койуп келет. Ошондуктан бүгүнкү саясатчылардын ичинен эски, жаңысына карабай -“азыр шайлоого аттансам да элден колдоо табам” деп Камчыбек Ташиев гана ишенимдүү айта алат!

 

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Калыстыкты туу туткан мамлекетчил саясатчы”

 

- Камчыбек Ташиев кыргыз саясатында өз орду бар, элибиздин мекенчил уулу. Мен, Камчыбек Кыдыршаевичти мамлекетке, анын бүтүндүгүнө, саясатына, адилеттикке жетишине бүтүндөй өмүрүн арноодон кайтпаган инсан катары баалайм. Нукура кыргыз мүнөзү бар, калыстыкты туу туткан мамлекетчил саясатчы деп билем. Эр ортону элүү жаш кутман курагы менен чын дилимден куттуктап, бекем ден соолук, түйшүктүү ишинде кажыбас кайрат каалайм.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын катчылыгынын эксперти:

 

“Элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына келгенде өмүрүн да аябайт”

 

- Камчыбек Кыдыршаевичке карата урмат-сыйым өзгөчө. Камчыбек Ташиев өзүнүн жөнөкөйлүгү, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мекенчилдиги,  жүрөктүүлүгү, атуулдук намысынын жогорулугу, чынчылдыгы,  жигиттик  шертке, достукка бекемдиги менен башка саясатчылардан айырмаланып турат. Камчыкебиз саясатка аралашкандан бери өлүмдөн башканын баарын көрүп чыкты, бирок, эч качан досторун, санаалаштарын сатпады, абийирине каршы иш кылбады. Болбосо, “күн тийген жердин күкүгү” болуп, саясаттагы абалга жараша жүздөрүн хамелеондой өзгөртүп, сатып, “кидать” этип, бетпардаларын заматта сыйрып, бүгүн бирди сүйлөп, меркантилдик кызыкчылыгына туура келсе эртеси башканы  сүйлөгөн саясатчы сөрөйлөрдү көрүп, билип эле жүрбөйбүзбү. Адатта “саясатты сасык” деп коюшат эмеспи. Эгерде саясий аренада К.Ташиевдей саясатчылар көбүрөөк болгондо, жогорудагыдай стереотиптик  пикирлер болмок эмес. Айтайын дегеним, бул киши саясаттагы ыплас оюндардан, жүрүштөрдөн алыс. Эгерде бирөө менен тандемге барса, куулук-шумдугу жок, убактылуу кызыкчылыктардан оолак туруп, элдин кызыкчылыгында гана андай кадамдарга барышы мүмкүн.

К.Ташиевдин жеке каражатынын эсебинен эл, шайлоочулары үчүн көптөгөн иштерди жасап, көптөгөн көйгөйлөрүн чечип келаткандыгы да өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ага Жалал-Абад облусуна барган киши ынанбай коё албайт. Бул анын берешендигин, марттыгын, элге жакындыгын  ырастайт десек болот.

Ооба, Камчыбек Кыдыршаевичтин жакшы сапаттары менен кошо кээде аша чаап кетмей жактары деле бар. Бирок, элдин, мекендин кызыкчылыктарына келгенде ал өз кызыкчылыктары түгүл, өмүрүн да тобокелге салып жибергенден кайра тартпай турган эрдиги, аябагандай чоң мекенчилдик сапаты бар экендигин моюндабай коё албайбыз.

Камчыке саясатка активдүү аралаша баштаган он жылдан ашык убакыттан ичинде бышты, такшалды, көп нерсеге көзү жетти, көз карашы калыптанды, зор саясий тажрыйба топтоду, балким, жаңылды, өкүндү...  Элүү жаш кутман курагы кут болсун!  Бул эл үчүн чындап иштеп, өлкөгө кызмат кылчу курак. Калп айткан менен болобу, бүгүнкү күндө Камчыбек мырзадай адамдар кыргыз саясий айдыңында  жетишпей турат.  Камчыбек Кыдыршаевичке бекем ден-соолук каалап, мындан ары да эл үчүн опол тоодой эмгек кылышына чын жүрөктөн тилектешмин.

 

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

 

“Камчыбек Ташиев өзүн чыныгы саясатчы катары көрсөтө алды”

 

- Кыргыздын баш көтөрүп, өз позициясынан жанбай, бир багытты карманып сапар тартып келаткан жигиттеринин бири - Камчыбек Ташиев. Кыргызда аргымак минип алдыда жүргөн жигиттер саналуу гана. Саясатчы катары эми катуу такшалды, алдыда аткара турган иштери арбын. Буга чейин көп нерсени көрдү, депутат болуп жеңил-желди убактан да өттү, каражат болсо эле депутат болуудан өткөн оңой нерсе жок, бирок саясатта атыңды булгабай, сакталып калуу кыйын. Чоң саясатка кадам таштаган инсандардын башына нелер гана келбейт, ар кандай кырдаалга баш ийип сынып калбай, желегин татыктуу көтөрүп жүрүү баарынын эле дараметине ылайык боло бербеси анык. Саясатчы депутат болуу менен гана чектелбейт, эл алдында элдик маселелерди көтөрүп, элдин таламын талашуусу абзел. Бул жаатта Камчыбек Ташиев өзүн чыныгы саясатчы катары көрсөтө алды. Куугунтукка кабылган учурунда өзүн татыктуу кармап, абройун түшүрбөгөнү, жанындагы адамдарды сатпаганы, таймашта акыр аягына чейин туруп, кадыр-баркын коротпой жеңишке жетишкени эле өзүнчө мактоого арзыйт деп ойлойм. Ар бир саясатчы мына ушундай сыноолор менен такшалат. Кээ бири сынып калып, кайра артына кайтса, кээ бири Ташиевдей кыйынчылыкка карабай алдыга умтулат. Канча деген тоскоолдуктан кийин да саясатка кайтып келиш, ар бир инсанга тийиштүү көрүнүш эмес. Муну жүрөгүндө тоодой эрки, майышпас кайраты барлар гана жасайт. Анан да, мен Камчыбек Ташиевди 50 жаш мааракеси менен куттуктап жатып, келинчегине да ыраазычылык билдирет элем. Чынында, саясатчынын жубайы болуш оор. Жакшы күндөрдө, бийликте отурганда жубай болуу оңой сезилгени менен, куугунтукка кабылууда өмүрлүк жары жанында колдоп турбаса эр жигитке кыйын эле. Эр жигиттин бир бактысы анын жубайында. Жубайы колдоп, түшүнүп, алдыга учса канат болуп, артка кайтса коноорго жай даярдаган учурда гана жигиттер ойду омкоруп, тоону томкорушат. Камчыбек Ташиевдин өсүп келаткан уулун да байкап жүрөм, атасынан алдыга кетсе кетсин, бирок артта калбасын деп ага да тилек айткым келет.  

 

Шаирбек Маматокторов, медиа-эксперт:

 

“Кыргыз жери үчүн жанын да аябаган анык патриот кыргыз Мырзасы!”

 

- Камчыбек Ташиев турган турпаты менен кыргыз эли, кыргыз жери үчүн жанын да аябаган анык патриот кыргыз Мырзасы! Чыныгы элдик жигит жана муну эбак далилдеген! Камчыке чындыгында эр-азаматтарга үлгү боло турган инсан. Анын саясий карьерасына баа бербей эле коеюн, аны тарых баалайт. Мен жакындан билгендиктен, Камчыбек Кыдыршаевичтин адамдык касиети жогору, өзгөчө жигиттик сапаттары жогору экендигин тастыктайт элем. Турган турпаты менен толук бойдон өз мекенине жана элине күйө турган адам.

 

Нурлан Шакиев, экс-министр, “New tv” телекомпаниясынын баш директору:

 

“Жаштарга мекенчилдик бийик духу чоң үлгү боло алат!”

 

- Камчыбек Кыдыршаевич кыргыздын чыгаан мекенчил жигиттеринин бири экендиги талашсыз. Камчыке өлкөбүздөн ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатат. Буйруса, эл үчүн иштей турган дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү, тажрыйбасы мол. Андыктан, алдыда дагы да толтура жакшы иштерди жасай турган убакыт күтүп турат. Анткени, эми гана элүү жашка чыкты. Акылына акыл кошулуп, көрөгөчтүк, даанышмандык сапаттары элүү жаштан ары да улам тереңдейт. Камчыке саясатта  эле эмес, турмушта да мыкты жигит! Адамдык сапаты жогору. Айрыкча жаштарга мекенчилдик бийик духу чоң үлгү боло алат. Кыргыз эли Камчыкедей мекенчил, баатыр мүнөз жигити менен сыймыктанса болот!  Бар болуңуз!  Ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалаймын, Камчыке!

 

Булак: “Майдан.kg гезити