Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 396

Саясий туткундарды коргоо комитети "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп соттолгон саясатчылар Жогорку соттун чечимин ала албай жатканын билдирди. Жогорку инстанция муну чечим чыгарган судьялар эмгек өргүүсүндө жүргөнү менен түшүндүрүп жатат.

 

Камактагы Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана Дастан Сарыгуловдун иши жогорку инстанцияда быйыл 7-июнда каралган жана Сарыгуловдон башкасынын баарынын жаза мөөнөтү азайган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылар жана алардын жакындары, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сот чечимдерин кайра кароону, териштирүүнү, тергөөдөгү алар мыйзам бузулду деп эсептеген учурлар боюнча атайын комиссия түзүп, иликтөөнү талап кылып келет.

 

Саясий туткундарды коргоо комитети камактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго байланыштуу билдирүү таратты. Анда экөө УКМКнын тергөө абагында отургандагы күн-айларын кошкондо берилген жаза мөөнөтүнүн тең жарымынын, тактап айтканда, төрт жыл, төрт айын өтөп бүткөнү, ушундан улам алар мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу керек экендиги, бирок Жогорку сот эки айдан бери чечимди бербей жатканы айтылат.

 

Камактагы саясатчылардын адвокаты Данияр Мамановдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, чечим колдоруна тие элек болгонуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу жагы каралбай турат: "- Жогорку сот өз чечимин жарыялагандан кийин аны он күндүн ичинде эле бериши керек болчу. Ушул күнгө чейин бизге чечимди бербей жатышат. Эсенканов деген судья экен, "ал сыртка чыгып кетти, башка өлкөгө кетти, анын колу жок бербей жатабыз" дешет. Эки-үч жолу бардым, телефон чалдым, ушул күнгө чейин берише элек. №27 түрмө аларды мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу комиссияга өздөрү сунуш киргизмек. Мөөнөтү келгенине байланыштуу буларды жатак абакка чыгарыш үчүн булар соттун өкүмүн күтүп жатышкан. Комиссия муну соттун өкүмү жок карай албайт. Ошондуктан өкүмдүн берилишин сурап жатышат".


Жогорку соттун басма сөз кызматы муну чечим чыгарган судьялар эмгек өргүүсүндө болгону менен түшүндүрдү жана тиешелүү кагаздарды даярдоо кечигип жатканын кабарлады.

 

Аты аталган төрт саясатчы 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган.

 

Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык, Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

 

Соттолгондор күнөөсү жоктугун, аларга кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келет.

 

16-августта Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармай баштаганы маалым болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Толубай Закишев кабарлады.

 

Закишевдин айтымында, саясатчылар Жогорку соттун өкүмүн дээрлик эки жарым айдан бери ала албай жатканын белгилешкен.

 

- Соттолуучулар Кадыров жана Асанов бүгүн 17:20да тамактан баш тарта турганын белгилеп, арыз жазышты. Бирок суу иче беришет. Алар Жогорку соттун өкүмү менен тааныша албай жаткан себептен ушундай кадамга барып жатышканын белгилешкен. Соттун өкүмү бизге келе элек, келсе эле тааныштырабыз.

 

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев мурдагы бийликтин тушунда камалган айрым саясатчылардын жагдайына көңүл буруу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып далилденген жок: "- "Саясий куугунтук" деп Бекболот Талгарбеков, Бектур Асановдордун ишин белгилесе болот. Эч бир далил болгон эмес. Бир да киши аянтка чыккан эмес. Бир да курал-жарак табылган эмес. Эч бир далил жок. УКМК "андай кылбайлыбы, мындай кылбайлыбы" деген сөздөрүн жазып алып, куру жалаа менен эле 14 жылга кесип койду. Азыркы жаңы бийлик буга калыс мамиле кылышы керек. Маселе аларды бошотууда же бошотпоодо эмес. Сот кайра карап, эгер далилдери чын эле жүйөлүү болсо анда калтырышы керек, эгер саясий кызыкчылыктан улам чечим чыккан болсо - анда алар бошотулсун. Азыр эми укук коргоо органдарында өзгөрүү болуп жатпайбы. Мага азыр чындык, мыйзамдуулукка кичине болсо да жол ачылып жаткандай сезилет. Бул жерде мыйзамдуулук болушу керек".

 

Жарандык активист Айбек Мырза "саясий өңүтү бар" деген иштерди караган тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигине токтолду: "- Эгер тергөөчүлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилип, прокуратурага чакырылса, балким алар буйрук кимден, кантип түшкөнүн айтып беришмек. Тергөөчүлөрдүн жоопкерчилиги бул ишти кайра карап чыгууга жаңы жагдай болушу да мүмкүн. Мисалы, журналист Элнура Алканова боюнча ушундай болбодубу. Ага кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөрдүн өзүнө кылмыш иши козголду да! Атамбаевдин доорундагы саясий куугунтукта, ЖМКнын оозун басуудагы тергөөчүлөр жазаланса, кийин кандай гана саясий куугунтук, саясий буйрук болсо да анда тергөөчүлөр ыплас саясий буюртмаларды аткаруудан калышмак".

 

Мурдагы бийлик аттары аталган саясатчыларды бул иште күнөөсү далилденген деп эсептегенин жашырган эмес. 2016-жылы 14-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага чейин 12-май күнү камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүн сындап, мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланарын эскерткен: "​- Өлкө элинин эмес, өз айылынан керектүү добуш алууга көзү жетпегендер бүгүн бийликти күч менен басып алууну көздөп жатышат. Баягы эле баатыр энелерди алдыга салып, аларды пайдаланып, бийликти талашканы турушат. Биз сыйлаган энелер чыккынчылардын саясий куралына айланып калбасын деп айтып жатам. Мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланат. Антпесе булар эсирип кетишти. Буларды абак аябай сагынып, күтүп жаткан".

 

Кийин камактагы саясатчылардын маселеси Жогорку Кеңеште да сөз болгон, айрым депутаттар алар менен түрмөгө барып жолугуп чыгышкан. Жазында он эки депутаттан куралган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары, адвокаттары менен жолуккан. Анда сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну атайын комиссия түзүп, иликтөө жөнүндө сунуштар айтылган.

 

Элеонора Бейшенбек кызы
Булак: "Азаттык"

Тема: