Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 561

Кыргызстанда Кытай насыясынын эсебинен жүрүп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол куруу долбоорундагы коррупциялык иштерге байланыштуу күмөндүү жагдайлар эл аралык opendemocracy.net сайтына жарыяланды. 

 

Анда төрт жыл мурда башталган бул жолду курууга кеткен чыгымдардын сметасы базар баасынан бир топ ашыкча көрсөтүлгөн мисалдар документтердин негизинде көрсөтүлгөн.

 

Курулушка сатылып алынган бир килограмм цементтин баасы 1,1 доллардан бааланып, курулуштун кээ бир участокторунда бир чакырым жолго кеткен каражаттын өлчөмү 3 миллион доллардан ашып түшкөнү мисалдар менен берилген.

Бирок бул жол курулушуна буюртмачы болгон Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги жол оңдоого кеткен чыгымдар менен жаңы жолду салууга кеткен чыгымдарды салыштыруу жаңылыштык экенин белгилеп, кеткен чыгымдарды текшертүүгө даяр экенин жарыялады.

 

Жолдордун "жоболоң" баалары

 

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол долбоорунун жалпы узундугу 154 чакырымды түзгөн Казарман - Жалал-Абад жана Балыкчы-Арал участкалары төрт жүз миллионго жакын долларга бааланган.


Документтерге ылайык, андагы бир чакырым жолдун баасы туннелге кеткен чыгымды кошкондо 2 млн. 597 миң 331 долларга барабар. 3,7 чакырым узундукта курулуп жаткан туннелдин сметалык чыгымы 128 миллион долларга бааланган. Ошондо туннелди кошпогондо, жолдун ар бир чакырымы 1 млн. 809 миң 640 долларга түшкөн.

 

Кытайлык “China Road“ компаниясы буга чейин Кыргызстанда аткарган башка жол оңдоо долбоорлорунун баасы дагы таң калтыра турганы иликтөөдө берилген. Айрыкча узундугу 124 чакырымды түзгөн Ош-Баткен-Исфана жолунун ар бир чакырымы 737 миң 476 долларга түшкөн.

 

Бишкек-Балыкчы жолундагы 25 чакырымдык айланма жолдун ар бир чакырымын оңдоо 1 млн. 535 миң 150 долларга барабар болгон. 12,7 чакырым Бишкек-Аэропорт жолун оңдоодо ар бир чакырым жолдун баасы 2 миллион доллардан ашкан.

 

Ал жолдор оңдолгон кездеги транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров болсо учурда курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы ар бир чакырымы 3 миллион долларга турган участоктун наркын туура эле деп эсептей турганын билдирди:


- Мисалы, жаңы курулган жолдун баасы кымбат болот. Ага салыштырмалуу жолду оңдоого байланышкан реабилитация, реконструкция арзаныраак түшөт. Жолдун капиталдык ремонту андан да арзанга бүтөт. Ошон үчүн жолдун бир чакырымы стандарттуу түрдө "мынча эле болуш керек" деген туура эмес. Геометриялык параметрлери окшош болсо эле алардын баарынын баасын жолдун категориясына жана тибине карабай эле бирдей караганга болбойт. Анан бул жерде эки бөлөк жолду салыштыруу үчүн жолдун жер түздөө иштери, асфальтынын эни, узундугу, калыңдыгы жана анын чекелериндеги жол тосмолору канча болорун эсептеп чыгуу зарыл. Ошентип салыштырганда гана жолдун курулушунун баасын болжолдуу түрдө аныктоого мүмкүн.

 

"Иттин өлүгү" кайда катылган?

 

Түндүк-Түштүк жол куруу долбоорундагы эң кымбат бааланган участок 96 чакырым узундуктагы Арал-Казарман жолуна туура келген. Бул жол 298 млн. 796 миң 966 долларга бааланып, анын ар бир чакырымына кеткен чыгымы 3 миллион доллардан ашып түшкөн.

 

Иликтөө материалында Кытайдын өзүндө бир чакырым жаңы жолдун стандарттык баасы 1,1 миллион доллар болору көрсөтүлгөн. Ал эми Дүйнөлүк банктын отчетуна караганда Борбор Азияда бир чакырым жолду оңдоого кеткен чыгым (реабилитация жана реконструкция) 309 миң 344 долларды түзсө, ушундай жаңы жолду курууга 1 млн. 231 миң 833 сарптала турганы мисалга алынган.

Түндүк-Түштүк жол куруу долбоорунун жалпы баасы 850 миллион долларга бааланып, анын 700 миллион доллары Кытайдын Эксимбанкынан насыяга алынып, курулушту кытайлык “China Road” компаниясы колго алган. Бул келишимге 2013-жылы кол коюлуп, курулуш иши 2014-жылы башталган.

 

2015-жылы транспорт жана жолдор министри болуп бир жыл иштеген Аргынбек Малабаев бул долбоор техника-экономикалык негиздемеси жок эле башталганын, бирок ал кызматка келгенде макулдашуунунун шарттарын өзгөртүүгө кеч болуп калганын кеп салды:


- Анда эми шектенүү болгондо жумуштардын баары башталып, эл аралык документтерге кол коюлуп калгандыктан өзгөртүүлөрдү киргизе албайсың. Ал жерде долбоорлоо деген бар. Анын негизинде эсептер иштелип чыгат. Ал кытайлык “Чайна Роуд" компаниясы менен чогуу жасалган. Биздин азыркы министр Жамшитбек Калилов ошол кезде "Кыргыз жолтранспроект" институтунун директору болуп турганда ошол долбоорду түзүшкөн экен. Анда транспорт министри Калыкбек Султанов болчу. 2013-жылы тиешелүү документтер иштелип чыгып, ага кол коюлган экен. Ал эми курулуш 2014-жылы башталыптыр. Мен болсо министр болуп 2015-жылы кызматка бардым. Мен барган мезгилде Кытайдын Эксимбанкы жана "Чайна Роуд" компаниясы менен макулдашууларга эбак эле кол коюлуп, жумуштар башталып калыптыр. Анан ага чейин эле курулуш иштери техника-экономикалык негиздемеси, долбоору жок эле башталган деген сөз бар. Долбоорлоо курулуш иштери менен кошо жүргүзүлгөн экен. Негиздемеси жана долбоору иштелип чыккандан кийин гана курулуш иштери башталышы керек эле. Жолдун ар бир чакырымынын баасы ар кандай чыгышы мүмкүн. Ошондуктан азыр прорабдарды, курулушчуларды, финансисттерди жана экономисттерди бул ишке тартып, жолду курууга кеткен чыныгы эсептерди чыгарыш керек. Ошондо гана биз: “Анда чыгымдар сметасындагы баалар ашыкча көрсөтүлгөнбү же жокпу?” деген суроого жооп табабыз.

 

Транспорт министрлигинин позициясы

 

Бул иш тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен байланышканыбызда ал иш сапарында жүргөнүн айтып, бул маселе боюнча кийин өзү же анын орун басарларынын бири суроолорго жооп бере турганын билдирди.

 

Министр буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарына Түндүк-Түштүк жол куруу долбоорундагы коррупциялык схемалар тууралуу маалыматтарды жокко чыгарып, жол курулушунун кымбаттыгын андагы татаал шарттар жана курулуштун өзгөчөлүктөрү менен байланыштырган. Калилов бул жол куруу долбоорун ишке ашырууда жаап-жашыра турган эч нерсе жок экенин билдирген:


- Долбоордук-сметалык документтердин баары бүткөн. Анын баары экспертизадан өткөрүлгөн. Анан бул жерде салыштырбай турган нерсени салыштырып жатышат. Реабилитация, реконструкция болуп жаткан жолдун баасы менен жаңыдан курулуп жаткан жолдун баасынын ортосунда чоң айырмачылык бар. Анткени ал жол салына турган жерге жетип, ишти алып бара турган да жол жок болчу. Ал жердеги көпүрөлөрдү, жолду, эстакадаларды долбоорлош үчүн ал жакка бара албай, атайын программанын негизинде жандооч аркылуу тартып, анын негизинде анын техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, долбоорлоо жүргүзгөнбүз. Ал жакта өтө татаал, өтө оор шарттарда курулуш иштери жүргүзүлдү. Жаап-жашыра турган эч нерсе жок. Биз келишимдердин шарттарын жана сметалык документтерди тиешелүү текшерүүчү органдардын баарына бергенбиз. Бизди Эсеп палатасы, башка мамлекеттик органдар текшерет. Ошолордун баары келсин. Биз баарына ачыкпыз. Келип текшеришсин. Бул жерде эч ким эч нерсени катып алган жери жок.

 

1 килограммы 77 сомдук цемент, "асман чапчыган" акча

 

Анткен менен эл аралык opendemocracy.net сайтына жарыяланган иликтөө материалындагы документтерге караганда, курулуш иштерине сатылып алынган бир килограмм цементтин баасы сметада 1,1 доллар өлчөмүндө көрсөтүлгөн. Бул азыркы валюта курсу боюнча 77 сомго барабар. Ошол эле кезде жергиликтүү базарда бир килограмм цементтин баасы жети цент же болбосо беш сомдон сатылып жатканы мисалга алынган.

 

Сметада ошондой эле курулуш аянтында инженерди кеңсе менен камсыздоого ай сайын 2000 доллар, лаборатория жайына айына 1800 доллар жана курулуш аянтчасында керектелүүчү материалдарга ай сайын 3000 доллардан каралган.

Курулуштагы бул чыгымдар 56 айга эсептелип, Казарман менен Жалал-Абаддын ортосундагы талаада кеңсе жана лаборатория үчүн орнотулган контейнердин ижара акысын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарга кеткен чыгымдарды кошкондо 380 миң долларга чыгып кеткен.

 

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бул жол куруу долбоорунун чыгымдары буга чейин коомчулуктан жашырылып келгенин белгиледи:

 

- Азыр эми буга чейин белгисиз болуп келген, жашыруун сакталып келген маалыматтар чекесинен чубалып чыгып жатат. Цементтин бир килограммы 75-77 сом дегени эмнеси? Негизи эң эле кымбат цементтин түрү - бул жанагы суу астындагы курумдарга колдонула турган гидроцемент экенин билебиз. Бирок анын баасы деле мынчалыкка жетпейт. Бирок бийик тоолуу шартта деле гидроцемент колдонулбайт. Биз аны жакшы билебиз. Анан цементти ошол тоонун башына жеткизген транспорттук чыгымдарды кошкондо деле анын баасы мынчалыкка жетмек эмес. Бул жерде бизге чыгымдардын сметасы бекитлгенден кийин дагы бир катар андагы курулуш материалдарынын баасы бир нече эсе жогору көрсөтүлгөн учурлары тууралуу бейрасмий маалыматтар түшүп жатат. Эгерде бекитилген смета болсо, анан барып эле аягында ошол көпүрөлөрдүн баасы, туннелдин баасы эмне себептен көбөйүп кетиши керек эле? Бул жерде аябагандай көп бүдөмүк, шек жараткан суроолор бар. Бул долбоорду буюртма берип, аны көзөмөлдөгөн Транспорт министрлиги эмне себептен ушул күнгө чейин "андай эмес, мындай" деп ачык-айкын документтерди көрөзүп, сметаны расмий түрдө жарыялагандан коркуп жатат. Эгерде чынында эле бул жерде карандай доомат болуп жатса, анда Транспорт министрлиги тиешелүү чыгымдардын сметасын коомчулукка ачык жарыяласын. Биз күзүндө парламенттен ушул маселени көтөрүп чыгып, изилдеп, анан анын жыйынтыгын элге жарыялоону талап кылабыз.

 

Ал эми ошол эле кезде транспорт жана жолдор министринин жол курулуштарын көзөмөлдөгөн орун басары Азимкан Жусубалиев жол курулушуна сатылып алынган цементтин баасынын бир килограммы 1,1 доллардан же болбосо сомго 77 сомдон сметада көрсөтүлгөнү тууралуу кабары жок болуп чыкты. Жусубалиев бийик тоолуу шартта же нымдуулукка туруктуу колдонула турган цементтин сапаты жана наркы жогору болушу мүмкүн экенин жүйө келтирип, бул маалыматты тактап туруп анан кийин кошумча маалымат берерин айтты:

 

Балким, бул жерде цементтин өзүнүн баасы эмес, аны пайдаланууга бергенден кийинки аткарылып бүткөн жумуштун баасы ал жерде кошулган болушу мүмкүн.

 

- Бул жерде эми жол курууга колдонула турган цементтин башка атайын түрлөрү да бар. Аны карап, териштирип көрүш керек. Анан эми 1 чакырым жолго цементтин баасы анча деле таасир этпейт. Балким, бул жерде цементтин өзүнүн баасы эмес, аны пайдаланууга бергенден кийинки аткарылып бүткөн жумуштун баасы кошулган болушу мүмкүн. Анан дагы ал жерде жолдун өзүнөн сырткары ар кандай курулмалар, тосмолор, көпүрөлөр, эстакадалар, туннел сыяктуу башка дагы ири чыгымдарды талап кыла турган курулуштар бар. Муну баарын биз текшертип, карап чыгышыбыз керек. Ошондон кийин гана сиздерге тиешелүү маалыматтарды бере алабыз. Бирок айтып коё турган жагдай. Бул жолду салууга буюртма берген биздин министрлик бир тыйын акчаны колуна кармабайт. Бардыгы долбоор боюнча ишти аткарган компаниянын эсебине түшүп турат. Анын аны көзөмөлдөп турган, долбоордун аткарылышын караган башка да компания бар. Бул жерде бардыгы долбоор боюнча жүрүп, курулуштун чыгымдары ошонун негизинде гана жүрөт.

 

Эки жолдун курулушундагы салыштыруулар

 

Эл аралык opendemocracy.net сайтына жарыяланган иликтөө материалында автор Кыргызстанда жол куруу иштерин аткарган кытайлык "Чайна Роуд" жана "Лонг Хай" компанияларынын жер казуу жана түздөө иштерине кеткен чыгымдарын салыштырган таблицаны жарыялады. Анда бир түрдөгү эле окшош аткарылган иштердин ортосундагы кеткен чыгымдардын айырмачылыгы "Чайна Роуд" компаниясынын сметасында жогору көрсөтүлгөн.

 

Президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна байланыштуу талаштуу жагдайды диверсия деп атады. Ал жолду салууну мурунку өкмөт башчы Темир Сариев баштаганы белгилүү.

 

Бирок транспорт жана жолдор министрлиги бул эки кытайлык компания эки башка жакта аткарып жаткан жол курулуш долбоорлорун салыштырууга мүмкүн эмес экенин белгилеген. Анткени "Лонг Хай" аткарып жаткан Балыкчы-Корумду жолу ондолуп жатса, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Казарман - Арал участогунда, бийик тоолуу шартта, жаңы жол салынып жатканы жана ошого байланыштуу чыгымдарда бир топ айырмачылыктар боло турганы боюнча министрликтин түшүндүрмөсүндө көрсөтүлгөн.

 

Буга чейин Жогорку Кеңеште Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол куруу долбоорун иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык жумушчу топ түзүлгөн. Анын төрагасы, парламенттин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы транспорт министри Кубанычбек Жумалиев менен байланышып, андан бул багытта иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбоду. Эсеп палатасы бул жол куруу долбооруна байланыштуу каражаттын мыйзамдуу колдонулушу жана чыгымдардын сметасы боюнча жылдык аудиттин жыйынтыгын жарыялай элек.

 

Кубанычбек Жолдошев
"Азаттыктын" иликтөө журналисти

Тема: