Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 894

Таң калыштуу кадр 

 

Бүгүнкү санда ар дайым төлгөсү төп келип жүргөн Света Тойгонбаева маегинде “без пяти минут” мэр Азиз Суракматов бул кызматка келиш үчүн акчасын көтөрүп барганын кыйытыптыр. Кимге көтөрүп барганын билбейбиз. Минтип жандалбас урганына караганда мэрлик ага өтө керек нерсе окшойт. Өзүнүн нечен түрдүү бизнесин сактап, көбөйтүүнүн гана амалы экенин коомчулукта айтып жүрүшпөйбү...

 

Ошол эле учурда, Бишкек мэрлиги тууралуу белгилүү экс-мэрдин айтканы бар: “бул ошондой кызмат экен, канчалык мээнет төксөң да баары бир илинчек таап соттошот, камашат, кеңкелестер гана ага умтулушу мүмкүн”. Суракматов мэр эмес, эчен адамды ойго салган бизнеси үчүн тийиштүү органдардын сурагына бара турган адам. Мэр болуп андан кутулам десе адашат. Ошондо ал мурунку мэрлердин жолун улап, камалгысы келип жатабы? Баса, президент Сооронбай Жээнбеков мэрликке талапкер бул адам тууралуу билбейт. Ал өзү таза адам. Бирок, президентти атайылап адаштырган бир топ бар экени чындык. Алар тууралуу сөз кийинкиде болсун...

 

Азиз Суракматов жөнүндө: “жеке ишкерчилик менен алектенген адамга шаардын тагдырын ишенип тапшыруу мүмкүн эмес”- деген пикирлер басымдуулук кылат. Иштеген жерлерин караңыз, жалаң майлуу-сүттүү компаниялар: “Кыргыз керектөөчүлөр союзу, “Бишкек башкы архитектурасы”, Бишкек мэриясы, шаардык кеңеш депутаты, ЖКда “Ата-Журт” партиясынан депутат, уша тапта КСДПнын катарында.

 

Жакында ага Бишкек шаардык кеңештин депутаттары “Мамлекеттик кызматка баргандан кийин жеке ишкерчилигищизди таштайсызбы?”- деген суроо узата коюшуп, ойго келбеген жооп алышты. Бизде мамлекеттик кызматтагы адамдардын жеке ишкерчилик менен шугулданганы таң калыштуу деле көрүнүш эмес. Дээрлик бардык аткаминерлердин бизнестери бар, так ошону сакташ үчүн мамлекеттик кызматка жабышканы деле жашыруун эмес. Бирок, Суракматов башкаларчылап, мэрлик үчүн бизнестен баш тартаарын саймедиреп отурган жок. Ачык эле: “2,5 миллион  доллар кредитим бар, бизнесимди токтотуп койсом, аны кантип төлөйм?”- деп депутаттардын оозун ачырды. Аңгыча эле, капыл суроо бергендердин биротоло жаагын басайын дедиби, шаардык кеңештин өкүлдөрүн шагыратып тамакка чакырып, сыйлап койгону аңыз болду.

 

Ал эми жарандык активисттер Суракматовдун курулуш компаниясы ызы-чууга аралашканын айтып чыгышты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков: “Аны менен беш жыл чогуу иштегем, ал жакшы жигит. Бирок жакшы жигит, жакшы мэр болот дегенди түшүндүрбөйт. ЖКда беш жыл ичинде Азиздин бир дагы мыйзам сунуштаганын көргөн жокмун. Беш жыл ичинде трибунага чыгып, маанилүү маселени көтөрүп чыкканын уккан эмесмин. Бир дагы маселе үчүн күйүп-бышып чуркап, коомго, мамлекетке кызмат кылганын көргөн эмесмин. Бирок, жеке маселесин чечүүдө ал өтө активдүү. Чыныгы демократиялык башкарууга жетип, ачык-айкын шайлоону камсыздаш үчүн шаар башчысын шаар тургундары шайлашы керек”,- деген пикирин маалымат каражаттарына билдирген.

 

Ал эми депутат Жанар Акаев соцтармактагы баракчасында: “Бишкекти качанкыга чейин  бай-манап, көпөстөр башкарат?”- деген суроо салды. Депутаттын айтымында, Суракматов мурдагы президент Бакиевдин жакын санаалашы болгон.  

 

Азиз Суракматовдун бир катар бизнес ишканалары бар. Четинен санайбыз:

 

1. "Елизавета" курулуш компаниясы, түзүүчүлөрү: а). Суракматова Гүлбара Эмильбековна б). Суракматов Айдар Азизович

 

2. "Столица строй" курулуш компаниясы, түзүүчүлөрү: а). Суракматова Гүлбара Эмильбековна б). Джумалиев Джайлообек в). Суракматов Айдар Азизович

 

3. "Галерея-Миллениум" кыймылсыз мүлк агенттиги, мурунку түзүүчүлөрү: а). Суракматова Гульбарар Эмильбековна; б). Джумалиева Назира Джайлообековна; в) Суракматов Азат Эмильбекович; г); Мамбеталиева Анаркуль Мамырбаевна;

 

4. "Самолёт" курулуш компаниясы, түзүүчүлөрү: а). Суракматова Гульбара Эмильбековна; б). Джумалиева Назира Джайлообековна; в). Мураталиев Азаматбек Дыйканбаевич;

 

5. "SLON" кыймылсыз мүлк агенттиги, түзүүчүлөрү: а). Суракматова Гульбара; б) Суракматов Айдар Азизович;

 

6. "Юрист Риэлт Строй" курулуш компаниясы, түзүүчүлөрү: а). Мамбеталиева Анаркул Мамырбаевна; б) Арыкова Гулипа Арыковна; в). Суракматова Гүлбара Эмильбековна;

 

Мындан улам бизнеске белчесинен баткан, Равшан Жээнбеков айткандай бир канча жыл парламентте отуруп, бир мыйзам долбоорун сунуштай албаган адамга өлкөнүн борбор калаасын кармата берген болобу деген суроо жаралууда. Мамлекеттик кызмат менен бизнес бири-бири менен айкалышпаган, өзүнчө жол экенин эске сала турган болсок, 2 жарым миллион насыясы менен Суракматовдун келиши кандай жаңычылдыктарды жаратат? Насыясын төлөйбү, же шаар маселелери менен алектенеби? 2 жарым миллион доллар аз сумма эмес, аны төлөө үчүн суткасына 24 эмес, 25 саат мээни тынымсыз кыймылдатыш керек эмеспи. Суракматовдун эси-дартын толугу менен бизнеси ээлеп алаары шексиз. Анда эмнеге ал алтындай убактысынын кайсы бир бөлүгүн шаар башчылык милдетине коротууга кызыкдар болуп жатат? Каалоосун жеке бизнеске арнаган бир мэрдин ишин көрдүк. Ибраимовдун артында калаа үчүн аткарган иштери эмес, ар кайсы жерден алынган гектарлаган жерлери менен басып койгон байлыгы тууралуу маалыматтар гана калды. “Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт” болуп, эми анын ордунан “клону” келүүгө чамданып турат. Суракматовдон башка да шаар башчылыгына татыктуу делип, бир катар инсандардын аты аталып жатат. Бирок, басым Суракматовго түшүп жатканы байкалууда. Балким, буга анын КСДП партиясынан экендиги да себеп болуп жаткандыр. Иши кылса, борбор калааны бир адамдын соода борборуна айландырып албасак болду.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: