(Б.Талгарбеков, Ө.Бабанов, С.Исаков)

 

Ар бир мезгилдин кызыктуу, карама-каршылыктуу, атүгүл опасыз окуялары, ошондой эле баатырлары, башчылары, жылдыздары, коркоктору, курмандыктары, азап тарткандары, куугунтукка кабылгандары, качкын-бозгундары болот. Биздин анчалык узун эмес эгемендик жылдарыбыз да андай окуялар менен кѳрүнүштѳргѳ жыш. Алардын бир далайы тууралуу мен буга чейин да жаздым. Азыр кайрадан кеп улоо зарыл болуп турат.

 

Картинки по запросу талгарбеков бекболот

Эгемендиктин алгачкы он жылынын, дааналап айтканда, 1990-жылдардын башкы каармандарынын (бирѳѳлѳргѳ баатыр кѳрүнгѳн, башкалар үчүн каргыш катары туюлган) бири - Бекболот Талгарбеков болгону шексиз. Мен аны андан бир аз мурдараак, 1988-1990-жылдары жакындан таанып-билип калдым. Анда экѳѳбүз тең илимдер Академиясында иштѳѳчүбүз: мен тил жана адабият институтунун директору элем, ал экономика институтунда илимий кызматкер болчу. Бизди жакындаткан, тааныштырган себеп - элибиздин демократияга, ѳз алдынчалыкка ѳтүшүнѳ кызыкдарлык эле. Эгер мен кесибиме жараша тил, адабий мурас, тарых маселелерине кѳбүрѳѳк кызыксам, ал да адистигине жараша (экономика илимдеринин кандидаты катары) экономикалык ѳз алдынчалык, айыл чарбасынын абалы, жер, улут маселелери тууралуу кейип-кепчип кеп салчу. Мен анын ойлорун кош колдоп жактырып, ушул багытта жазган макалаларын “Кыргызстан маданияты” газетасына сунуштап, жарыялаткам, экѳѳбүз “Ашар” козголушун, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) кызуу колдогонбуз.

Эгемендик келип, Б.Талгарбеков 1991-2005-жылдары А.Акаевдин командасында ар кандай кызматтарда иштеди: президенттин аппаратында кеңешчи-эксперт, айыл чарба министринин биринчи орун басары, министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр, Жалал-Абад областынын губернатору, кайрадан президенттин администрациясында, акырында премьер-министрдин аппарат жетекчиси. 2005-жылкы революциядан кийин мамлекеттик кызматта да, башка жерде да иштеген жок: К.Бакиевдин режимине да, А.Атамбаевдин бийлигине да каршы ойдо болуп, анысын ачык жарыялап жүрдү. Акырында, 2016-жылы апрелде “Элдик парламент” деген коомдук-саясий кыймыл уюштуруп, башка санаалаштары-шакирттери менен бирге “бийликти күч менен басып алууга жасаган далалаты үчүн” деген айып тагылып, 14 жылга камакка чегерилди. Азыр ошол жакта.

 

Б.Талгарбеков 2001-жылы «Кыргызстан: жер реформасы - айыл келечеги” деген кѳлѳмдүү китеп (371 бет) чыгарган. Чолом тийбей, аны убагында окуган эмес элем. Эми кунт коюп, атайлап талдап окуп чыктым. Атасы Мамбетов Талгарбектин жаркын элесине арналган бул китепке автордун эгемен Кыргызстандын алгачкы он жылдык (1991-2001) тарыхында айыл жеринде жүргүзүлгѳн жер жана агрардык реформанын маани-маңызы, жетишкендиктери, кемчиликтери, кѳйгѳйлѳрү, келечеги жѳнүндѳ президент А.Акаевге жѳнѳткѳн жолдомолору, жасаган баяндамалары, жазган макалалары жана жарыялаган маектери киргизилиптир. Бул окуяларга жана иштерге башкалар менен бирге мен дагы саясий жана мамлекеттик ишмер катары убагында түздѳн-түз катышкам жана күбѳ болгом. Ошондуктан оюмду тике билдирүүгѳ акым бар деп ойлойм.

 

Майдалап, жиктеп, ѳзүбүздүн агрардык тил менен айтканда, жиликтеп отурбастан, ток этерин айтайын. Менчикке, анын ичинде жерге, мүлккѳ дүйнѳдѳ негизинен эки-үч кѳз караш, мамиле бар: алар жамааттык, мамлекеттик, жеке же аралаш болот. Жамааттык деп аталган, иш жүзүндѳ бүт бойдон мамлекеттик деген менчик эмне экенин СССР доорунда кѳрдүк. СССР ыдырап, ѳзүбүзчѳ мамлекет болгондо күрѳш дал ушул маселенин - менчиктин тегерегинде жүрдү: эскини, социализмди эңсегендер мейли жерби, мейли жамааттык, мамлекеттик ири айыл чарба же ѳнѳр жай ишканаларыбы, аны мамлекеттин карамагында сактап калууга катуу турушту, нарк (базар) экономикасын колдогондор жерге жана башкаларга жеке менчик киргизүү үчүн жан үрѳштү. Бул маселе 1990-1998-жылдары укуктук жактан конституция, мыйзам, жарлык, токтом деңгээлдеринде каралып, чечмеленип, түшүндүрүлүп, 1998-жылы жалпы элдик референдум аркылуу биротоло чечилди: башка байлык, дѳѳлѳт, мүлк катары жерге да жеке менчик институту киргизилди.

 

Б.Талгарбековдун китебинде ушул жараян жер жана агрардык реформанын мисалында бүткүл оош-кыйышы, оорчулугу, карама-каршылыгы, курч күрѳш аркылуу так, даана ачылган. Күрѳштүн курчтугун ушундан билиңиз: Жогорку Кеңеш Б.Талгарбековду ар кайсы жылдары эки ирет тең айыл чарба министрлигине бекиткен эмес, атүгүл ѳзү курамына кирген ѳкмѳт башчылары да ага тиешелүү колдоо кѳрсѳтпѳгѳн, ал президент А.Акаевдин жеке колдоосу алдында гана реформаларды чечкиндүү жүргүзгѳн. Б.Талгарбековду ал жылдары жана андан кийин да түшүнбөгөндөр жана каршы болгондор “айыл чарбасынын кыйраткычы” деп атап келишти. Бирок дүйнөлүк тажырыйба анын тууралыгын далилдейт. Ошондуктан мен 1993-1994-жылдары Ош обласын жетектеп турганымда өлкөдө башталган жер жана айыл чарба реформасын бекем колдогом. Бул тууралуу Б.Талгарбеков да өз китебинде жазыптыр (159-бет): “Ош областынын акими Эркебаев реформаны колдогон, ошондон уламбы, айтор Оштогу райондук акимдер да аракетте экен. Демек, бир адамдын ролу да бир топ. өзгөчө элдин авторитетке баш ийген аң-сезиминде”.

 

Б.Талгарбековду айыл чарбасына чоочун, түндүктөн түшкөн сыңары карагандар бери алганда үч нерсени эске алышкан эмес. Биринчиден, ал айыл жеринде - Кочкордо туулуп-өскөн, жер жана малга жакын болгон, мектепти бүткөн соң бир жыл айылда – “Коммунизм” совхозунда жумушчу болуп иштеген. Экинчиден, ал улуттук университеттин экономика факультетин бүтүрүп, айыл чарбасы боюнча эл аралык тажрыйба жөнүндө кенен теориялык билим алып, кандидаттык диссертация жактаган. Үчүнчүдөн, ар кайсы жылдары Американын айыл чарбалуу Айова, Юта штаттарында, Англияда, Швейцарияда, Германияда, Грецияда, Кытайда болуп, ал өлкөлөрдүн айыл чарбасы менен көз көрүнөө таанышкан. Ушундан улам ал жер жана агрардык реформаны Сталиндей кескин, зордук-зомбулук, буйрук жол эмес, акырындап тажрыйба топтоп, мезгилдеп, ыктыярдуу жана түшүндүрүү жолу аркылуу экономикалык жана укуктук негизде жүргүзүүнү туура көргөн жана ишке ашырган.

 

Албетте, ар дайым жаңылыкка, өзгөрүүгө, реформага ар кандай мүнөздөгү жана ар түрдүү даражадагы каршылык көрсөтүлөт. Бул турмуштун жана тарыхтын мыйзамы. Ошондуктан чыныгы реформаторлордун тагдыры дайыма эле бактылуу боло бербейт. Андай мисалдар тарыхта көп. Ошолордун бири - А.Столыпин, экинчиси А.Акаев эмеспи. Анын жакын шакирти катары Б.Талгарбековдун тагдыры да кайсы бир өлчөмдө ушундай болду көрүнөт. Айталы, А.Акаев да, Б.Талгарбеков да, аларды колдогон башкабыз да (алардын ичинде мен да) жер жана агрардык реформаларды жүргүзүүдө Америка менен Европанын тажрыйбасына көбүрөөк таянып, тарыхы, географиясы, менталитети бизге жакын Кытай, Израиль, жалпы эле Азия, Африка, Латын Америкасы өлкөлөрүнүн сабактарын жетиштүү эске албаган окшойбуз. Мен буга дүйнөлүк бардык континенттердеги өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеген “Земельный вопрос” (М; 1999-жыл, 536 бет) деген терең, көп тараптуу изилдөөнү окуган соң ынанып калдым. Антүүгө, жашырганда эмне, 1990-жылдарда убактыбыз да, чама-чаркыбыз да жеткен эмес.        

 

Ушундай эле ойду ыңгайдан пайдаланып мен ѳнѳр жайыбызды жана жалпы эле экономикабызды реформалообузга байланыштуу айткым келет. Бул маселелерди кезегинде кѳп чуулган туудурган (айыл чарбасында Б.Талгарбеков сыяктуу) PESAC долбоорун жетектеген Болот Жаманкулов орус тилинде жазылган “Экономикалык прогресс жана улуттук ѳнүгүү” (2014) жана “Эгемендүү Кыргызстандын ѳнѳр жай саясаты” (2017) деп аталган китептеринде абдан кылдат жана ишенимдүү талдаптыр. Менин жеке пикиримче, Б.Талгарбеков менен Б.Жаманкуловдун китептери Кыргызстандын эгемендүү доордогу экономикасынын тарыхын, жүргүзүлгѳн реформалардын оош-кыйыштарын калыс, чынчыл аңдап-билүүгѳ сѳзсүз жардам берет.

 

Б.Талгарбековдун ѳзүнѳ кайрылып келсек, ал 2016-жылы телефондогу сѳздѳрү үчүн “Элдик парламенттин” башка жетекчилери менен бирге соттолуп кетти. Мен башында Б.Талгарбековдун мындай коомдук-саясий түзүү ниетин колдогонумду, бирок ѳткѳргѳн иш-чараларына жүйѳѳлүү себептерден улам катышпаганымды, алар ѳткѳргѳн басма сѳз жыйынын кѳрүп жана программасын “Республика” газетасынан окуп, андагы бир катар маселелер боюнча макул эместигимди билдирип, ал уюмга кирбей турганымды басма сѳздѳ билдиргем. Ал оюмду кийин соттук жараянда күбѳ катары суралганымда да ырастагам, азыр да ошондой кѳз караштамын. Бирок менин анда да, азыр да макул таппаганым - адамдарды саясий башкача пикири, каршылаштыгы, телефондогу сѳзү үчүн камоо туура эмес. Эгер алар конкреттүү иш аракет кылса, курал колдонсо, бийликти чындап күч менен кулаткысы келсе башка кеп. Ошол себептүү “Б.Талгарбеков жана аны менен кошо соттолгондор мыйзамсыз камалган жана соттолгон, аларды бошотуш керек”,- деп айтып, жазып келатам. Менин терең ишенимимде, Б Талгарбеков - ѳзүн эмес, ѳлкѳсүн ойлогон, кыргыз элин, мамлекетин чындап сүйгѳн, алар үчүн ѳмүрүн, башын сайган, элдин, мамлекеттин байлыгына эч кѳз артпаган, кол салбаган накта атуул, баатыр. Эгер ал катардагы атка минер, мансапкор, кош кѳңүл болсо ѳз турмушун ѳткѳрүп, ѳмүрлүк жарынын, үч баласынын кашында жүрѳ бермек. Жок, ага эрки чыдабады, ѳзүнѳ жакпаган бийликке саясий жол менен каршы чыкты.

           

ххх

Картинки по запросу бабанов

Экинчи баатыр - Ѳмүрбек Бабанов. Мен адегенде анын атасын кѳрдүм. Ал киши менен 1990-жылкы айтылуу парламентте чогуу депутат болдук. Анда Токтогул Бабанов ѳз жеринде колхоздун жана республикалык колхоздор бирлигинин тѳрагасы эле. Ѳмүрбек Бабановдун ѳзү менен 2000-жылдардын башында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын тѳрагасы кезимде депутат А.Шадиев Жалал-Абадда, Курманбек баатырдын 500 жылдагы ѳткѳрүлүп жатканда “досум” деп тааныштырган. Ал убакта Ѳ.Бабанов мунай жана пахта менен шугулданган жаш ишкер жигит болчу. Ошол боюнча ал 2006-жылы күзүндѳ К.Бакиевге Конституцияны реформалоону созгон үчүн каршы чыккан “Реформа үчүн” депутаттык тобунун жетекчилеринин бири катары борбордук аянтта уюштурулган кѳп сандуу митинг маалында кеңири таанылды. Кийин (2008) ал депутаттык ордун Р.Отунбаевага берип азаматтык кылды, 2009-жылы К. Бакиев менен тил табышып биринчи вице-премьер-министр болду, анан тез эле ал кызматты таштап, кайра бизнеске кетти.

 

2010-жылкы элдик революциядан кийин кайрадан саясатка келип, “Республика” партиясын уюштуруп, Жогорку Кеңешке депутат, биринчи вице-премьер, анан премьер-министр болду. 1 жылга жетпей отставкага кетип, бизнесин улантты. 2015-жылы Жогорку Кеңешке дагы депутат болду, 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 2-орунду ээледи (600 миң добуш, 34%). Ага удаа эки кылмыш иши козголуп, азыр ѳлкѳдѳн сырткары жүрѳт.

 

Мурунку (экс) президент А.Атамбаевден айырмаланып (ал “Ѳмүрбек Бабановдун үй-бүлѳсү менен 33 жолу чогуу болдук” деп эл алдында айтпадыбы), мен Ѳ. Бабанов менен эки-үч курдай жумуш маалында сүйлѳшкѳнүм болбосо кандайдыр жеке кызыкчылык мамилем жок. Бирок анын ишин, мүнѳзүн, сапаттарын байкап, талдап жүрѳм. Албетте, ал жаңы, азыркы муундагы билимдүү, жѳндѳмдүү, ишкер адамдардын бири. Алган билимдери да ар кыл, заманбап: агроном (Москвадагы К.Тимирязев атындагы айыл чарба Академиясын бүтүргѳн), финансист, юрист. Ишкердигин Казакстанда баштап, бизде ѳнүктүрүп, Россияга чейин жеткирген, ар кайсы тармакка (айыл чарба, мунай, унаа, курулуш, банк, медиа ж.б.) жайылткан. Бул жагынан Кыргызстандагы эң бай, таанымал жана креативдүү адамдардан. Ушул себептүү убагында Айдар Акаев, Максим Бакиев менен тил таба билген. Ишкердиктин тегерегинде аты-жѳнү телестудия (ВОССТ), мунай, унаа, банкка байланыштуу талаш-тартышка, чырга аралашкан (бизнесте ансыз болбойт эмеспи), бирок укуктук жактан жеңиле элек.

 

Ѳкмѳттѳ иштегенде ѳзүн иш билги, жаңычыл жана чечкиндүү катары кѳрсѳттү. Анын долбоорлору жана программалары каржылык, экономикалык жактан негиздүүдѳй, ишке аша тургандай таасир калтырды. Кээде популисттик маанай да байкалбай койгон жок. Ал эми күлүккѳ байланыштуу ѳкмѳт башчылыктан эрте кетиши, албетте, саясий оюндун айынан болду. Бирок мында да ал жакшы кадам жасады: маселе укуктук жактан такталганча кызматынан четтеп турду (бизде демейде жаап-жашырганга кам урушат эмеспи).

 

Парламенттик жана президенттик шайлоолордо да Ѳ.Бабанов иш билгиликти, ийкемдүүлүктү, мыкты уюштуруучулукту айгинеледи. Бирок стратегиялык мааниде ал акыркы шайлоодо, менимче, эки ири кемчилик кетирди. Биринчиден, А.Атамбаевге ашыкча ишенип, шайлоо ѳнѳктүгү учурунда С.Жээнбеков сыяктуу эле кайра-кайра ага шилтеме берип жүрдү. А.Атамбаев болсо экѳѳн тең ишендирип коюп, акырында жана жыйынтыгында бирѳѳнѳ, ѳтѳ турганына токтолмок. Ошондой эле болду. Эгер Ѳ.Бабанов кыраакы жана такыба болгондо А.Атамбаевге ачык каршы чыкпаса да аралыкты (дистанцияны) сакташ керек эле. Антпесе атаандаштыктын, шайлоого чыгуунун эмне кереги бар? Экинчиден, ѳзүн чоң саясатка, президенттик дымакка аралаштырган адам эмне болсо да, кандай кыйынчылык күтсѳ да ага чыдап Кыргызстандан кетпеш керек эле. Антпеген соң ал ѳзүнүн керт башынан жана байлыгынан корккон адам катары кабыл алынды. Ал эми ага козголгон кылмыш иштерине келсек, экѳѳ тең кыргызча айтканда, шоона эшпейт. Дегеле Ѳ.Бабановдун Н.Назарбаевге жолугушуусунда, Оштогу сүйлѳгѳн сѳзүндѳ кыпындай да мандем жок. Айталы, Францияда президенттик шайлоо жүрүп жатканда В.Путин жеткен оңчул, улутчул Мария Ле Пенди жылуу кабыл алып сүйлѳшкѳнүнѳ анын атаандашы Э.Макрон жана башка француздар эч бир кѳңүл бѳлбѳй, азыр да жакшы маанайда жолугуп жүрүшѳт ко. А Н.Назарбаев болсо Ѳ.Бабановду кабыл алып, “кимди шайлоо ѳзүңѳрдүн ички ишиңер, ким шайланса биз ошону менен иштешебиз”- деп ачык айтпадыбы. Оштун Он-Адырында Ѳ.Бабанов шайлоочуларга “ѳз укугуңар үчүн күрѳшѳ билгиле, жергиликтүү атка минерлердин, укук коргоо органдарынын кысымына баш ийбегиле, чѳгѳлѳбѳгүлѳ”,- деген гана сѳздѳрдү айтты. А андай сѳздѳрдү А.Атамбаев такай эле айтып келбедиби.

 

Экинчи маселе - К.Исаевдин ишинен улам чыкты окшойт. Ал дагы негизсиз, суу кечпейт. Анткени баарыбыз уктук, кѳрдүк: шайлоонун жыйынтыгы чыкканда Ѳ.Бабанов аны таанып, моюндап, ѳз талапкерлигин колдогондорго “эч жакка, кѳчѳгѳ, митингге чыкпагыла”- деп айтты да, ат тезегин кургатпай чет ѳлкѳгѳ эс алганы чыгып кетти. Аны суутпай биздин органдар да иш козгоп жиберишти. Ап-бали!

 

Менимче, бул иш баарыдан мурда шайланган президент С. Жээнбековго зыяндуу. Себеби ал шайлоо учурунда теледе, кайым-айтыш болгондо Ѳ.Бабановго эскерткен: “Менде 35 кишинин тизмеси бар. Мен сенден баштайм”- деп. Шайлоо маалында, албетте, ар кандай сѳздѳр боло берет. Шайлоодон соң анын баары унуткарылып, атаандаштар эл, мамлекет биримдиги үчүн ынтымакка келип, жарашуусу зарыл. Бул айрыкча укуктук, демократиялык ѳлкѳлѳргѳ мүнѳздүү. Ушул мааниде азыркы президентибиз С.Жээнбеков айкѳлдүктү, кечиримдүүлүктү кѳрсѳтүп, 600 миң добуш алып, 2-орунду ээлеген Ѳ.Бабановду, андан кийинки орундарга жетишкен А.Мадумаров, Т.Сариев, У.Кочкоров, Т.Масадыковду жанына тартып, мамлекеттик жооптуу кызматтарга кѳтѳрсѳ ѳзү үчүн да, ал жигиттер үчүн да, акыркы келип жалпы эл, мамлекет үчүн да пайдалуу, жакшы жышаана болмок.

 

ххх

Картинки по запросу сапар исаков

Үчүнчү баатыр - Сапар Исаков - эң жашы. Анын атасын да мурда, 1993-1994-жылдары Ошто аким болуп иштеп жүргѳнүмдѳ билип калдым: ал Ош областтык кеңештин жооптуу катчысы эле. Ага чейин областтык профтехокуу жайлары комитетинде иштеп келген. Абдан токтоо, кичипейил, иш билги адам болчу. Сапар Исаковдун ѳзүн алгач телевизордон Максим Бакиевдин жанынан кѳрүп жүрсѳм, 2010-жылы Убактылуу өкмѳттүн аппаратынан учураттым. Ал кесиби дипломат уулум менен тааныш экен. Ошол уулум тааныштырды. Арык чырай, бою кичине, кѳзү кѳгүш, атасына окшобогон жигит экен. Андан 7 жыл ѳткѳн соң президенттик аппарат башчысы болгонунда 1-2 ирет сүйлѳштүм: тыкылдап, так сүйлѳп, ишти билгендей кѳрүндү. Аз гана убакыт ѳтүп, августтун аягында премьер-министрликке кѳрсѳтүлгѳнүндѳ таң калдым, анткени ал мурда эч бир ѳз алдынча тармакта же мекемеде жетекчи болгон эмес, дайыма аппаратта (адегенде тышкы иштер министрлигинде, андан кийин ѳкмѳттүн жана президенттин алдында) иштеген кадимки атка минер-чиновник болгон. Анан калса программасы да (“Таза коом”) жаңы эмес эле: мындай программаны А.Акаев “Таза Кыргызстан” деген ат менен 2005-жылы февралда улуттук филармонияда жалпы элге тааныштырган.

А.Атамбаев менен С.Исаков аны эл унутуп калды деп ойлошсо керек. Эмнеси болсо да тыкылдап сүйлѳгѳн, суроо берген ар бир депутатка элпек, илбериңки мамиле жасаган С.Исаковду Жогорку Кеңеш ѳйдѳ жактан түшкѳн буйрук боюнча текши колдоп берди. 8 айга жетпей, ошондой эле түр, ырай менен ѳкмѳт башчылыктан кетирди. Эң ѳкүнүчтүүсү жана күлкү келтиргени - ѳзүнүн партиясы (СДПК) менен анын ѳнѳктѳшү “Кыргызстан” эки күн мурда эле аны колдогон эле.

 

Мунун артынан Жогорку Кеңеште үч күн бою Бишкек ЖЭБ боюнча ачык талкуу болуп, анын башкы күнѳѳкѳрүнѳ С.Исаков айланды, ушундан улам ага акыркы келип кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Асмандан түшкѳнсүп, С.Исаков буга “эсинен танды” (“шок”), аны “саясий куугунтук”, “чийинден чыккандык” (“беспредел”), “акыйкатсыздык” деп атады. Эмне, мурда мындай болбоду беле? Эмне, бизде баары жайында, мыйзам чегинде жүрчү беле?

 

Мен бул маселеге терең киргим келбейт. Себеби ал укук коргоо органдарынын иши. Айтарым башка олуттуу, принципиалдуу кеп.

 

Кыргызстанда 2010-жылы Конституция таптакыр ѳзгѳрүп, жаңыланганына, тактап айтканда, президенттин укуктук макамы, ыйгарым бийлиги 64-беренеде так, даана жазылганына карабастан андан берки президенттер, алардын аппараты мурдакыдай эле бардык жокко, башка бийлик бутактарынын ишине, ыйгарым укуктарына аралашып, кийлигишип, алардын озуйпа милдеттерин менчиктеп, башкарып келатышат. Атап айтканда, алар Жогорке Кеңеш, ѳкмѳт, сот бийлигинин ишине ачыктан ачык кийлигишип, жетектеп, кѳзѳмѳлдѳп жүрүшѳт. Бишкек ЖЭБ, тарых музейи, Ысык-Кѳлдѳгү ат майдандын курулушу мунун ачык-айкын, оркойгон кѳрүнүштѳрү. Башка жактан издесең мындай фактылар толтура табылат. Укуктук мамлекеттерде андайга жол берилбейт, ар ким ѳзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш кылат, андан чыгып кетсе, башка жакка баш багып аралашса, ыйгарым укуктарынын четинен чыккан, андан ашкан катары кылмыш иши козголот. А бизде азыркыдай абал жашап келгенинин себеби - Жогорку Кеңештин, ѳкмѳттүн, Жогорку соттун ѳздѳрүнүн чабалдыгы, ѳз ыйгарым укуктарын колдоно билбегендиги. Бул туурасында Ѳ.Текебаев эчен ирет бекеринен зар какшаган эмес. Жогорку Кеңеш эми гана, ЖЭБ, улуттук ат майдандан, тарых музейинен улам ойгонгонсуп отурат. Демек, С.Исаковдун кѳйгѳйү - мурдакы президент А.Атамбаевге таянып жана ишенип Конституциялык алкактан чыккандыгы, укуктук талааны бек сактабаганы, ѳз кызматына тийиштүү болбогон чарбалык-каржылык ишке аралашканы. Эл аралык укук боюнча адистик алган адамдын мындай кадамга барганы андан бетер таң каларлык жана ѳкүнүчтүү. Ушунун ѳзү бизде Конституция, укук так жана бек сакталбаганынын айкын далили. Бул бир гана С.Исаковдун ишинен эмес, Б.Талгарбеков менен Ѳ.Бабановго ачылган, саясий боегу, негизи бар иштерден да таасын кѳрүнүп турат.

Демек, Кыргызстандагы азыркы башкы кѳйгѳй - катардагы жарандар гана эмес, бийликтегилердин ѳздөрүнүн Конституция, мыйзам боюнча жашабаганы. Конституцияга “Кыргызстан - укук мамлекети” деп жазганыбыз менен аны сактоо, ишке ашыруу кыйын болууда. Натыйжада үч азаматыбыз: 1990-жылдардын баатыры, азыр Байгамбар жашынан ѳткѳн Б.Талгарбеков, 2000-жылдардын баатыры, эл ортону элүүгѳ жакындаган Ѳ.Бабанов, 2010-жылдардын балапан баатыры, кырктын кырынан жаңы ашкан С.Исаков азап тартууда. Бул аянычтуу, анткени алар С.Жапаров, Ѳ.Текебаев, Б.Асанов, К.Кадыров ж.б. сыяктуу элге таанымал мыкты эр-азаматтар эмеспи.

 

Абдыганы Эркебаев,

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги.

2-3.06.2018.  

 

Булак: “Майдан.kg