Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 488

Ачкачылык эмнеге алып барат? 

 

Өткөн жумада Бишкек шаардык соту Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловго карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырган өкүм угузган эле. Эске салсак, алар 12ден 20 жылга чейин абакка кесилип, бир гана Д.Сарыгуловго шарттуу жаза чектелип, азыр эркиндикте.

 

 

Өкүмгө мурда-кийин укук коргоо, коопсуздук органдарын башкарган Ф.Кулов, А.Медетбеков, К.Дүйшөбаев, Б.Ибраев, М.Иманкулов ж.б. генералдардан турган коомдук комиссиянын “бул инсандардын иш-аракетинде кылмыштын белгилери жок”- деген тыянагы да өз таасирин тийгизген жок. Жаңы президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында соттордо акыйкаттуулук эчак өлгөнүн ырас айтты. Бирок, өлкө башчысы жогоруда аты аталган саясатчылар жөн гана саясий позициясы үчүн камалып кеткенин да билет? Баштаган ишин улантып, камактагы саясий ишмерлердин да сотторуна анализ жасатса көп нерселер ачыкка чыгат эле. Же бул иш экс-президенттин жеке көзөмөлүндө экенин билген үчүн тишин сала албай турабы?

 

Бектур Асанов 30-январдан, Эрнест Карыбеков 31-январдан, Кубаныч Кадыров 1-февралдан тарта “кургак ачкачылык” кармай баштаган. Өткөндө буларга үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга уруксат берилди. Б.Асановдун жубайы Алтын Эркебаеванын айтымында, үчөөнүн тең ден-соолугу коркунучтуу чекке жетип турат. “Же Сегизбаев кетет, же биз өлөбүз”- деген сөздөрүнүн аягына чейин турушарын эскерткен үчөө тең ачкачылыкты токтотуудан баш тартып жатканын айткан А.Эркебаева бийлик органдарынан таптакыр реакция болбой жатканын, бүгүн болсо Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык акциясына чыгышаарын билдирген. Бийликте олтургандар тоготпой жатканы менен, коомчулук бул саясатчылардын келечегине кайдыгер караган жок. Мисалы, кыргыздын дагы бир мекенчил уулу Кадыр Кошалиев президентке төмөнкүдөй кайрылуу жолдоду:

 

“Урматтуу президент Сооронбай Шарипович! 


Кечээки сиз өткөргөн Коопсуздук кеңеште коомдогу эң бир көйгөйлүү маселе болгон сот-прокуратура, укук коргоо, күч органдарынын ишмердүүлугу каралыптыр. Эл ичинде аз болсо да сизге болгон ишенимдин оту жанды. Эл акыркы мезгилде жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын бирине да ишенбей калган эле. Сиздин баяндамаңызда бул тармактагы башаламандыктарга туура баа берилди. Абалды оңдоодо сиздин бекем позицияңыздын мааниси чоң. Айтылган жакшы ойлордун ишке ашышын эл күтүүдө.

 

Жөнөкөй элди мындай койгондо да азыр камакта жатып он күндөн бери кургак ачкачылык жарыялашкан Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карабековдун (бүгүн Д.Сарыгулов да кошулуптур) абалдарына кайдыгер кароого акыбыз жок. Айрыкча Б.Асановдун абалы абдан оор дешүүдө. Буларга мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүү боюнча күнөө тагуу - арык аттап, суу кечпеген куру жалаанын деңгээлиндеги иш болуп калды. Анткени, азыр жок эле дегенде элдин 50%тен көбү булардын телефондо сүйлөшкөн кептерине окшогон пикирлерди кадам сайын айтышат. Күч колдонуу менен төңкөрүшкө баруу үчүн куралдуу топторду түзүп, чоң суммадагы акчаларды чачып, калың элди кан төгүлгөн кармашка баштап чыккан реалдуу кадамдардан соң кармалышканда айтса бир жөн эле. Мейли эми алардын иш аракетинде кылмыштын белгилери барбы, же жокпу адистер аныкташсын, айтайын дегеним, алар койгон дагы бир талап КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын отставкасы жөнүндөгү маселе менен төрт адамдын өмүрү чийе байланып калды. Ушул маселени кеч болуп кала электе саясий эркти көрсөтүп, А.Сегизбаев мырза өз каалоосу менен кетпесе, сиз кийлигишип, түйдөктүн түйүнүн чечүүңүз керек болуп калды. Андан кудай сактасын, эгер адам өмүрүнө залака кете турган болсо дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргыз бийлигинин жүзүнө көө жабылат. Жаңыдан жандана баштаган сиздин ишке да кедергиси тиет. Демек, сиз тараптан чечкиндүү кадам жасалышын коомчулук күтүүдө!”.

 

Биз мурда эскерткендей, 2012-жылы Шералы Назаркулов Акаев бийлигинин Үзөңгү-Куушту Кытайга карматкан акмакчылыгына каршы ачкачылык жарыялап, каза тапкан. Азыркы жагдай да Кудай бетин ары кылсын дечи, ошого алып бара жатат. Ачкачылык кармап олтургандар деле көк беттиктен кайтып, үй-бүлөсүн бир аз ойлоп койсо жакшы болбойт беле...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05, 14.02.2018-ж.

Тема: