Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 724

Акыйкат издеген кайрылуу 

                                                           

 

 

КР Премьер-министри

                                                                               С.Исаковго,

                                                                                

КР Башкы прокурору 

И.Жолдубаевага,

                                                                                

Жалал-Абад облустундагы

КР Өкмөтүнүн ыйгарым

                                                                                 укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевге

     

                                                                                                                                  

 

Менин кайрылганымдын башкы себеби: Таш-Көмүр шаарынын мэри Болот Минбаев, шаардык кеңештин төрагасы Мамадалы Кулдышев, шаардын прокурору Улук Нуралиев биригип алышып, “Кыргыз Республикасынын бюджеттик ченеминин негизги принциптери” мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктун одоно бузуп, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өтө чоң зыян келтиришкен.

 

Буга шаардык кеңештин төрагасы Мамадалы Кулдышевдин шаардык прокуратурага кеңсе куруп берүү үчүн мыйзамсыз чечим чыгартып бергени, бул максатта бюджеттен бөлүнгөн каражатты өзүнүн менчигине караштуу “Күч” АКсына ыйгарып бергени таасын далил боло алат.

 

Прокуратуранын жаңы кеңсесинин ачылышына башпрокурор И.Жолдубаева өзү катышкан. Бирок, башпрокурор жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган мекеме-ишканаларга акча бөлүү мыйзамсыз экенин билбейби? Же прокуратурага мыйзам бузса жоопкерчилик жокпу? Же мыйзам ар кимге ар кандай иштейби? Анан калса Таш-Көмүр шаары Кыргызстандагы эң артта калган кедей шаарлардын бири, мектеп, оорукана, бала-бакчалар жылдап ремонттолбой, акыбалы өтө начар, жолдору талкаланган, ушулардын баары жергиликтүү бюджеттен каржыланышы керек го. Эмнеге балдарга, оорулууларга, жолдорго, бей-бечараларга акча жок да, прокуратурага бар?!

 

Дагы бир суроо: шаардык мэрияга караштуу ДМС ишканасынын балансында турган ал кеңсени кармап туруу үчүн: электр энергиясы, коммуналдык чыгымдар кимдин эсебинен төлөнүп жатат? Аны кайтаруу, техничкалардын айлыгы кимдин эсебинен каржыланат?

 

Ушул бардык мыйзам бузуулар шаар прокурору У.Нуралиевдин мыйзамды уруп ойнобогону жана шаардык бийлик менен коррупцияга белчесинен батканынын кесепетинен болуп жатат.

 

Сөзүбүз кур болбосун:

 

- шаар прокурору мэр Б.Миңбаев соттун чечими менен жумушунан четтетилсе да бир жыл бою эч кандай чара көрбөй, билмексен болуп олтурду. Ал эми Б.Миңбаев мыйзамсыз токтомдорду, буйруктарды чыгарып, бюджеттен  айлык акы алып жүргөн.

 

- мэр Б.Миңбаев шаардын кире беришине арка куруп, өтө чоң акча жегенин билип көрүп туруп, эл арыз жазмайын эч кандай чара көргөн жок.

- шаардын прокурору өзүнүн түз милдеттерин аткарбай, прокуратураны көзөмөлдөөчү органдан текшерүүчү органга айлантып салды. Шаардык бюджеттик мекеме ишканаларды пландык текшерүү деп бухгалтериясын жылына милдеттүү түрдө бир жолу текшертет. Бюджеттик мекемелерди текшерүүнү мыйзамда Эсеп палатасы жалгыз жүргүзөрү айтылып турса да прокурор У.Нуралиев ар кандай жеке менчик аудиторлорду жалдап текшертет. Жеке менчик аудиторлордун командировкалык чыгымдары, айлык акысы  кимдин эсебинен деген суроо туулат. Себеби ал чыгымдар бюджеттик мекемелердин сметасында жок, же прокуратурада барбы? Коррупция мына дал ушул жерде экени  кашкайып көрүнүп турбайбы.

 

Жогорудагы себептердин негизинде төмөнкүлөргө укуктук баа беришиңиздерди суранабыз:

 

-   Шаар мэри Б.Миңбаев менен шаардык кенештин төрагасы М.Кулдышевдин биргеликте “Кыргыз Республикасынын бюджеттик ченеминин негизги  принциптери” мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктун одоно түрдө бузуп, жергиликтүү кеңештин бюджетине келтирген зыянына;

 

- шаардык кенештин төрагасы М.Кулдышевдин “Күч” АК менчик ишканасына  бюджеттик акчанын бөлүнүшү, тендердин өткөрүлүшү;

 

- шаардык прокуратурага курулган кеңсенин сметалык баасынын туура бааланышын  курулуштук жана бухгалтериялык экспертизадан өткөрүлүшүнө;

 

- шаардын прокурору У.Нуралиевдин  шаардык кеңештин төрагасы М.Кулдышевдин прокуратурага кеңсе куруу үчүн чыгарган мыйзамсыз томтомун жокко чыгарбаганы жана колдоп кубаттаганы;

 

- шаардын прокурору У.Нуралиевдин  шаардык кеңештин төрагасы М.Кулдышевдин жеке менчик “Күч” АК прокуратурага кеңсе куруу үчүн бөлүнгөн бюджеттик акчаны мыйзамсыз бөлдурүп бергенине көзөмөл жүргүзүп, мыйзамдуу чара көрбөгөнүнө;

 

- шаардын прокурору У.Нуралиевдин өзүнүн милдеттерин түз аткарбай, шаардын мэри Б.Минбаевдин мыйзамсыз иштегенине чара көрбөгөнүнө;

 

- шаардын прокурору У.Нуралиевдин шаардык прокуратуранын кеңсесинин  коммуналдык, эл.энергиясын каржыланышы  жана башка чыгымдарды жүргузүүдөгү мыйзам бузуулары;

 

- шаардын прокурору У.Нуралиевдин шаардык арканын курулушундагы мыйзам бузууларды өз убагында көзөмөлдөп, чара көрбөй, мыйзам бузууга жол бергенин;

 

- шаардын прокурору У.Нуралиевдин  шаардын бюджеттик мекеме-ишканаларынын бухгалтерияларын пландуу текшертип Эсеп палатасынын  укуктарын өзүнө ыйгарып алганын;

 

- шаардык бюджеттик мекеме-ишканаларды прокуратура тарабынын жалданып текшерген жеке аудитордук фирмалардын  чыгымдарын кимдин эсебинен жүргузүлгөнүн;

 

- шаардын прокурору У.Нуралиевдин дайындалгандан бери Таш-Көмүр шаарында иштеп, күндө Кочкор-Ата шаарыны барып келүүсүн, себеби дегенде У.Нуралиев күн сайын үйүнө барып келүү үчүн 30 литр бензин чыгымдайт, тамак ичет, кымбат баалуу сигарет чегет,  акчаны каяктан алат? Бир айда  жолго 28 миң сом тегерегинде бензин кетирет, тамак-ашы, сигарети  бар. Ушул чыгашаны кайсы айлык маянасынын эсебинен жабат?

                                                                                  

Таш-Комур шарынын тургуну

                                                                                 Токтогулов Э.

тел: 0779837025

                                                                                  E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

 

Булак: “Майдан.kg гезити

Тема: