Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 493

Биздин күндө... кайдыгерлик гүлдөйт! 

 

Эсиңиздерден чыгалектир, жарандардын коопсуздугун коргоо жана авто кырсыктардын алдын алуу багытында Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашып, видео көзөмөлдөөчү камералар орнотулмак. Бул долбоорду ишке ашыруу милдети ИИМге жүктөлгөн эле. Бул долбоор 2016-жылы ишке кирип калмак, эгерде ошол учурдагы ИИМ башчысы Мелис Турганбаев бут тоспогондо.

 

Анда сөз башынан болсун. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу максатында ИИМ тендер жарыялайт, тендерди алгач Орусиялык “Стилсофт” компаниясы утуп чыгып, Кыргызстандын баардык кызыкчылыгына макул болуп, өз ишин так жана туура аткаруу алдында турган, мындайча айтканда тендердин биринчи этабынан өтүп, экинчи этабына келип калган эле. Ал ортодо Мелис Турганбаевдин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча ишенимдүү өкүлдөрү ошол кездеги ИИМдин башкы штабынын башчысы Бактыгул Абжалиев жана ИИМдин маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Бообековдор Мелис Турганбаевди бул компаниядан баш тартууга ынандырышат. Себеби Турганбаев жогорудагы эки эргулдун айтканын кынтыксыз аткарып, алардын айтканын эки кылган эмес. Анан кантсин бир акырдан жем жеп жатышса. Негизи алар бул компаниядан эптеп баш тартып Молдовалык “ДЕССА” компаниясын өткөрүүгө жан үрөшөт. Анткени “Стилсофт” компаниясы бул долбоорду өз убагында бүткөрүп, келишимдеги сумманы алып гана тим болмок. Бирок, булардын көздөгөнү башкада болчу: долбоордун алкагында бир топ кыпкызыл акчаларды сол чөнтөккө салуу максаты турганы айтылууда. Ошентип Александр Дядик деген еврей улутундагы Молдовалык жарандын “Десса” компаниясын өткөрүү үчүн Турганбаев “Стилсофт” компаниясын ар-кандай жолдор менен каралап сотко берип, өзүнүн түзмө-түз кийлигишүүсү менен келишимди жокко чыгарууга жетишет. “Бул компаниянын эрежелери бизге каршы келет”- деген болбогон шылтоо менен, өзүнүн жүрөгүндөгү компанияны өткөрөт. “Стилсофт” компаниясы менен келишимди бузуу оңойго турган эмес. Ошол учурдагы тендердик коммиссияны бир эмес, үч жолу кезексиз жыйынга чогултууга жан үрөйт, бирок ал тилеги таш кабат. Коммиссиянын курамында НПО өкүлү Азиза Абдрасулова, Гусаров, ЖК депутаттары Ирина Карамушкина, Наталья Никитенко жана Кенжебек Бокоев ж.б активисттер бар эле. Комиссияны чогултуу мүмкүн болбогон соң Алмаз Бообеков кайдагы бир Кытай компаниясын таап, “Стилсофтту” каралоо үчүн ал компанияны арыз жаздырууга үгүттөйт. Ошентип Кытай компаниясы “Стилсофттун” үстүнөн арыз жазып, Турганбаевдин көмөгү менен сотто жеңип чыгып, бул компанияны жараксыз катары көрсөтөт. Ошентип башталбай жатып чуулгандуу иштерден кулагы көрүнгөн шалаакы компания деп “Стилсофтту” жаманатты кылып жатып бул долбоордон кулатат.

 

Кийин дагы бир “Тоффорум” компаниясын да “Стилсофтко” каршы айдакташат. Аныгында бул ыплас аракеттерди Турганбаев атайын Бообековдун сценарийи менен ишке ашырат. Ошол эле жылы дал ушул “Стилсофт” компаниясы Чек ара кызматына келишимге ылайык видео байкоочу аппараттарды жогорку деңгээлде коюп берет, мындан тышкары Орусиянын 4 миллион калкы жашаган Красноярск шаарында да коопсуз шаар долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган деген кат келет. Бул компанияны оюндан чыгарган соң Мелис Турганбаев берки экөөнүн демилгеси менен Молдовага барып “ДЕССА” компаниясы менен келишим түзүп келет. Ал жакка барып келишим түзгөн соң Молдова ИИМинин Бирдиктүү мониторинг жүргүзүү жана жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Дан Кирица Кыргызстанга келип, “Коопсуз шаар” долбоорун кантип ийгиликтүү ишке ашыруу керектиги боюнча тренинг өтөт. Ошентип Турганбаев Дан Кирица менен биргеликте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга киришет. Албетте, көргөзмө үчүн, түпкүрүндө башка максаттары бар эле. Ошентип, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында убактылуу сыноо үчүн видео байкоочу камераларды шаардын четинде жайгашкан унаа базардын жанына орноштурушат. Белгилей кетчү жагдай - бул камералар убактылуу сыноо үчүн гана коюлганына карабастан булар ошол камераларга эреже бузуп түшүп калган айдоочулардан эки-үч айга чейин мыйзамсыз акчаларды жыйнап турушкан. Бул камераларды да жеке өзүнүн буйругу менен койдуруп салган. Мындай мыйзамсыз кадамы үчүн Турганбаевге кылмыш иши козголуш керек эле. Ал эми Дан Кирицага жана “ДЕССА” компаниясына келе турган болсок, Дан Кирицага мыйзамсыз иштери үчүн Молдовада кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганы баарына маалым. “Десса” компаниясы Молдовада “коопсуз шаар” долбоорун баштап 30 пайызын гана бүтүрүп, калганын таштап кетип калганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып жүрөт. Бул компания бизде дагы жогоруда аты аталган адамдардын көмөгү менен тендерден утуп чыгып, өз ишин баштабай жатып чыр-чатактын ортосунан чыкты. Баштаган ишинин аягы жок, ара жолдо калды. Мына туугандар, “Коопсуз шаарды” коопту кылган Турганбаевден эмне жакшылык күтсөк болот. Жеке кызыкчылыгы үчүн коопсуз шаар долбоорунун ийгиликтүү ишке ашышына жолтоо болду. Эгерде Алмаз Бообеков менен Турганбаевдин жеке кызыкчылыктары болбогондо “Стилсофт” компаниясы эбак эле “Коопсуз шаар” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып, колдонууга бермек. Жарандардын коопсуздугунан жеке капчыктарынын коопсуздугун ойлогон Бообеков менен Турганбаевдин айынан “Коопсуз шаар” долбоору ойрон болуп, өлкөдө жол кырсыктары көбөйүүдө. Мындайча айтканда өлкөдөгү жол кырсыгынан каза болгон жарандарга булардын коррупциялык механизмдеринин түздөн түз залакасы тийип жатат десек туура болот. Дагы бир кызык жагдай, Зарылбек Рысалиев ИИМ башчысы болуп турган мезгилде да дал ушул Бообеков менен Абжалиев ушул проектини иштеп чыгууда башкы адистер болушкан. Бул экөө тендер өткөрбөй эле техникалык тапшырманы аткарышкан, тендерди өздөрү каалагандай утуп чыгуу үчүн.

 

Бүгүнкү күндө дал ушул качкын Дан Кирица Бишкекте Алмаз Бообеков менен биргеликте иш алып барып жатыптыр. Булар ойрон болгон “Коопсуз шаар” долбоорун дале болсо колго алып бир топ жашылбайларды сол чөнтөккө салуу камын көрүп чуркап жүрүшүптүр. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, аталган жарандар өкмөт башчы Сапар Исаковго кирүү үчүн болгон күч аракеттерин жумшап жатыптыр, Сапар Исаковдун көңүлүн табабыз деген максатта. Экөө эрчишип алып күнүгө өкмөт үйүндө жүрөт имиш. Кайран Сапар Исаков бул шылуундардын бал тилине арбалып калбаса экен же бул шылуундардын уурулук жолдорун бууп темир торго тыгат бекен, күтө туралы.

 

ГУИТтин кызматкерлеринин атынан

Б.Алдаяров

 

Булак: “Майдан.kg гезити

Тема: