Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 528

Эшегине жараша тушагы... 

 

Өткөн жумада Жогорку Кеңеш “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 3-окууда карап, кабыл алды. Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү “ооба”, 22си “каршы” добуш беришти. Айрым депутаттардын катуу турганын көргөн элде башта үмүт пайда болду эле. Кылымдардан бери кол тийгис болуп келе жаткан, көздүн карегиндей болгон мөңгүлөргө келгенде депутаттар эч болбосо ойгонуп, атуулдук чыныгы позициясын көрсөтөрүн ойлогонбуз. Бирок, президенттик администрациянын канцеляриясына айланып калган депутаттык корпустан бул мыйзам да эч бир кыйынчылыксыз өтүп кетти. Демек, “балашка” өкмөт депутаттарды жакшы эле “суугарып”, көндүргөн экен. Эми элдин бетин кантип карашат болду экен? Эртеңки күнү “мени шайлап койгула”- деп кантип айылына барат?

 

Парламенттик жыйынга  бул маселе боюнча депутаттардын алдына ал кездеги вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип, колдоп берүүнү өтүнгөн. Мыйзам долбоорунда “Кумтөр” кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ ишке кирсе, “Кумтөр” кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

 

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышкан.

 

Бирок, 16-ноябрда парламент жыйыны алгач, мыйзам долбооруна каршы чыккандардын катуу кеби, бирин-бири “долбоорду колдообого” үгүттөгөн чакырыктары менен башталганына карабай, добуш берүүнүн жыйынтыгы күтүүсүз болду.

 

ххх

 

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүн мөңгүнү сатуу боюнча мыйзам долбоорунун башкы жактоочусу болуп жатканы баамдалып эле турду. Мөңгүнү иштетүүгө уруксат берүү жана башка актанууларды арыга коюп, ачык эле, “мөңгүнү сатуу деп айтпайлыбы” деген депутат Элвира Суравалдиева вице-премьер-министрге бир катар суроолорду берди. 

 

- Мөңгү үчүн он эки миллион сом алат экенбиз, ошондо биз аны саттыкпы?

 

Зилалиев мындайча жооп берди:

 

- Жок.

 

- Анда кандай?

 

- Акчаны албай деле кое беребиз, бирок, баары бир мөңгү жоголуп кетет.

 

 ххх

 

“Силер, өкмөт өкүлдөрү, “баары депутаттардын чечими менен болду” деп “суудан кургак чыгасыңар”. Мамэкотехинспекция  бир убакта “биздин 15 миң сом алган юристтерибиз “Центерранын” айлыгы 15 миң доллар болгон юристтерин утуп алды”,- деп ураалашты эле. Эми мөңгүлөрүбүздү  бузганы үчүн айыппул төлөсүн. Мөңгүлөргө тийбесин. Анда инвесторлор деп кылмыш кылгандарга баарын мыйзамдаштырып бербейлиби? Бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, биз эл душманы болобуз,”- деди депутат Алтынбек Жунус уулу. 

 

Ал кесиптештерине “жакшылап ойлонгула” деп кайрылып, өзү бул мыйзам долбоорго  каршы экенин баса белгиледи.

 

(Бирок, кесиптештерин жакшылап ойлонууга чакырган депутат өзү да “жакшылап” ойлонуп жиберип, добуш берүүдө айткан сөзүнө өзү каршы чыгып, мыйзам долбоорунун кабыл алынышына “макул” болуп жиберди. Эл душманы болуудан да корккон жок)

 

ххх

 

Депутат Жанар Акаев: “Бул мыйзам бир гана Давыдов менен Лысыйга тиешелүү деп жатабыз. Бирок, Сары-Төр мөңгүсү да 10-20 пайызга азайганын көрдүк. Эртең аны да башка инвесторлор иштетүүнү суранып баштаса, бере беребизби?”- деп Зилалиевдин “бул мыйзам долбоорунун башка мөңгүлөргө тийиштиги жок”- деп безилдегенине шектенээрин билдиргенсиди.

(Жанар Акаев талкуу учурунда кандай позицияда болсо, добуш берүү учурунда да андан алыстабаганын мыйзам долбоорго добуш берүү жыйынтыгы көрсөттү. Депутат Акаев “каршы” болду.)

 

ххх

 

Дагы бир депутат Азамат Арапбаев “а” деп оозун ачканда эле мөңгүлөрдү сатуучу тараптын жактоочу-жандоочусу экенин аныктады.

 

“5-чакырылышта талкуулаганда Илимдер Академиясынын профессорлору, академиктери Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 0,1%ын гана бул эки мөңгү түзө турганын айтышкан. Бирок, 5-6 бейөкмөт уюм бул маселени чоң саясатка айлантып жиберишти”,- деди парламент трибунасында.  (Ушинтип өкмөттүн мөңгү боюнча позициясын колдоого алган депутат абийиринин алдында уялбай туруп мыйзам долбоорунун кабыл алынуусуна “макул” деген кнопканы басты.)

 

Мөңгү маселеси боюнча Жогорку Кеңеште бир сааттан ашыгыраак талкуу болгондон кийин депутаттар өкмөт өкүлдөрүнүн маалыматтарын угуп, суроо бергенден тажашты.

 

Эл өкүлдөрү эртерээк эле жумуш күнүн соңуна чыгарууну каалап жатышканы ачык көрүнүп турду. Күн тартибинде Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн абдан маанилүү болгон, керек болсо өмүр менен өлүм суроосуна айланган маселе илинип турганы менен иштери жоктой.

 

Депутат Алмазбек Эргешов өкмөт өкүлдөрүнүн Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн чет өлкөлүк компаниянын карамагына берип, түбүнөн алтын казуу үчүн талкалай берүүсүнө уруксат берген мыйзам долбоору талкууланып аткан учурда трибунага чыга келди.

 

“Суроолорго чектөө коелу”,- деп сунуштады ал спикерге.  

 

(Добуш берүүдөн кийин белгилүү болду, Алмазбек Эргешов талкууну аяктоого эмнеге шашылды десе, “макул” болоорун билип, өкмөттүн да, мөңгүнү чындап жактаган жана жактамыш болгон кесиптештеринин да жүйөлөрүн угууну куру убакыт кетирүү деп баалаган тура).

 

Спикер Дастан Жумабеков депутаттарга эскертти: “Бул акыркы талкуу. Үчүнчү окууда суроо-жооп болбойт. Ошентсе да, депутаттын сунушун добушка коём”.

 

Спикер кесиптештери өлкө үчүн маанилүү болгон маселени жиликтеп, ийне-жибине чейин талкууга алып, түбүнө жете түшүнүш үчүн суроолорго чектөө койбосо керек деп үмүттөндү окшойт. Чынында, биз да ошентип үмүттөндүк. Келечек, келечектин таза суусу, ата-бабалар жердеген жердин тунук мөңгүсү үчүн бир күн креслодон жылбай какыйып отуруп коюш кыйын эмес го!

 

Бирок, тилекке каршы 56 депутат суроолорго чектөө коюуну колдоп, 3 гана депутат каршы болду.

 

Бул – мөңгүгө парламентте отурган депутаттардын басымдуу бөлүгү кайдыгер экенин кабарлайт. Мөңгүгө кайдыгер болгону өлкөнүн эртеңине кайдыгер экени.

 

Булак: “Майдан.kg гезити

Тема: