Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 684

Мен өткөндөн… бир жарым жыл (1916) аралыгында кыргызга кыргын түшөт. Андан кийин: (Совет доору) кайридин, сууга заара ушаткан заман. Анан: (эгемендик жылдар) ар ким өзүн хан шайлап, кыргыз ит жээр, бит жээр убара заман. Бул өткөн соң: кыргыз кыр ашкан, келеркиси: кыргыз тоо таянган замандар. Акыры: топон суу.

Байзак 

 

Ооба, шайлоо өттү, эми келечек эмне болот? Азыркы күндө ушу суроо ар бир улутман “мен кыргыз” аттууну ойго салаары бышык. Себеби, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтөт. Менимче бул… жалпы эл үчүн, ошондой эле а кишинин өзү үчүн да эң жооптуу учур. Мындай дегеним тарыхта мамлекеттин туруктуулугу, өнүп-өнүгүүсү… кээде бир гана кишинин колунан чечилип калуусу мүмкүн. Мисалы генерал Максимусту бийликте турган ата бир, энеси, башка агасы түрмөгө камап, гладиатордук эрөөлгө чакыруу максатында бычак менен төшкө сайып, аны жарым жан кылгандан кийин, ач карын жолборсторун агытса дагы акыры алиги ордо былгыткан немени өлтүрүп, өзү да өлүп, бирок бүткүл элдин биримдигин, Рим империясын сактап калганы чындык эмей эмне. Эми ушуну улай… кыргыз тарыхына кайрылсак: Жайыл Баатырды жекеле биз эмес, кошуна казак калкынын санжырачылары да аликүнчө аңыз кеп кылып, айтып жүргөнүн укканым бар. Ооба, канча миң кол топтоп келип: мурун Ормондун куулук “опузасына” алданганы, ошондой эле күн сууктаган сайын белдер жабылып,  кыргыздын айрым хандыктарына жетип талкалоо оңойго турбагандыгы… аларды - бу саам согуш тактикасын өзгөртүүгө мажбур кылган. Андыктан ачыктан- ачык чыкпай, тымызын амал менен казактар бейкапар жаткан Жайыл Баатырдын айылын курчап, атын… саткындар аркылуу уурдатып, өзүн туткунга кармап кетишкен болуучу. Себеби, “Сага эки калта алтын, жана  эли-жериңди, азыркы бийлигиңди беребиз. Сен бизге кызмат кыл?”- деп аны тыңчылыкка келишим түзүүгө чакырган. Ошондо ал: “Жок. Силер… менин жалгыз башымды гана аласыңар, бирок кыргыз “түгөнгөн сайын түтөгөн калк”, башкаларга колуңар жетпейт, тообуз чеп”,- деген экен. Буга арданган казактар: “жана биз эки калта алтын берсек албадың. Эми өлүм жолунда акыркы сөзүңдү айт?”- деп, анын эки бөйрөгүн оюп алышат. Мында да Жайыл Баатыр алардын кыйноосуна чыдап, “болуптур, мен тиги жайга эр жигитче барайын. Мага курал-жарагымды колума карматып, атыма мингизгиле?”- дегенде… алар макул болот. Анан өзү өлгөн атып, ээрге отургандан кийин, эр сайышка “жекеме-жекеге” чакырат. Буга, жарданган калың элдин ичинен казактын кол башчысынын күлкүсү келип ортого чыгат. Ошондо Максимус сыяктуу кансырап, көзү караңгылай баштаган Жайыл ээрдин астына… найзасынын арткы учун кадап, өзүнүн эң акыркы күчүн жыйат. Өз атына ишенгендиктен, тиги казактын баатыры менен бир учурда төштү мээлеп сайышууга үлгүрөт. Экөө тең өлөт. Мунун баарын карап турган калың эл саамга тунжурай түшүп, арасынан алардын эң кадырман карыясы: “Ооба силер балдарым… жайнаган кол курап, бүт кыргызды чаап алалган жоксуңар. Ошондуктан салт боюнча Жайыл Баатырдын сөөгүн ак кепиндеп, ага кошуп курал-жарак, береги бели сынып очорулуп жаткан атынын башын, төрт шыйрагын кесип төөгө жүктөп, жогору тоону көздөй айдагыла? Кыскасы анын… биринчи токтогон жери чек болсун”- деп, ортого чыгып калыстык оюн айтат. Ушундан улам Жайыл Баатырдын күмбөзү азыркы Меркенин үстүндө коюлган экен.

 

Дагы да кеп учугун уласак: жогорку эки окуяда көрсөтүлгөн улутмандык касиет: өткөн кылымдын 20-30-жылдарында Жусуп Абдырахмановдун кылган иштеринен да айрыкча кашкайып көрүнүп турат. Тарых илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов “Майдан” газетасына (№54-сан, 23.12.2015-ж.) жарыялаган “Улуттук элита Кыргыз мамлекетин түптөгөн жана өнүктүргөн” аттуу макаласында эң туура белгилегендей: ал (Ж. А.) улуттук лидер катары кара жанын канжыгага байлап, же Кыргыз ССРин түзүүдө Москвада Борбордук комитеттин толук чечимине жеткенге чейин; “Түштүк Өзбекстанга, түндүк Казакстанга автономия болуп кошулабыз” деген, өзүбүздүн арабыздан чыккан арам күчтөр менен айоосуз салгылашып келген. Кептин чыны  кыргызды… “бар, же жок” болуп кетүү коркунучунан сактап, азыркы биздин жашообуздун пайдубалын түптөгөн.

 

Эми мен… эмне үчүн ушул үч инсандын тарыхына кайрылганымдын себебин түшүндүрүп берейин. Ооба, жакшыбы, жаманбы шайлоо болуп өттү. Буга айрым аналитиктер “Европада парламентаризм 300 жылда өнүккөн, ага караганда Ала-Тоолуктар тимеле кыйратып салдык”- дегендей маалымат таркатышты. Бирок мен аларга, “Биз чыныгы парламентизм системасында жашап жатабызбы?”- деген суроо салаар элем. Жок. Кыргызстанды президент башкарат. Мыйзам боюнч күч структуралары, ички, тышкы саясат премьер- министрдин колунда болуш керек эле. А бизде… кайдагы реформа, баары тескерисинче. Эгер Алмаз Шаршенович кааласа: күнкарама сотторун айдактап, башка өлкөнүн “кудайдан жөө качкан” шылуундарынын жардамы менен жети жыл мурунку иш үчүн бир партия ээсин деле түрмөгө камап коёт. Анан… “хан бир сүйлөйт” дечү, анын Кудайды ортого кошуп айткан сөзү менен кылган иши такай эки ача. Мисалы буга чейин: “Мен ордума киши дайындабайм… өзүңөр шайлап алгыла?”- дегенине ишенип келсек, мына өткөндө Сооронбай Жээнбековго агитатор болуп Бишкек шаарынын активин чогултту. Жайыл районуна барды ж.б. Эми СДПК партиясы жөнүндө: Кыргызстандагы ийгиликтердин, салынган жолдун, сырттан келген инвестициянын баары буларга менчиктелип калган сыяктуу. Бирок, тышкы карызды жалпы төлөп, ушу тапта ар бир төрөлгөн баланын мойнунда 1000 долларга жакын акча илинип турганын унутпашыбыз керек. Мына ушундай алашемдиктин, теңсиздиктин айынан азыркы күндө бизде кырдаал абдан курчуду. Же Сооронбай Жээнбековдун бактысына көп иштер кырдын кылында илинип турат. Мисалы Ө.Текебаевди интернеттен карасак сагыз чайнап, дегеле түрмөгө түшкөндөй түрү жок. Же ал… ушунун баарын билип, чет өлкөдөгү АШАнын былыктуу иштеринин түп нускасын таап каткандыктан, СНБга көчүрмөсүн берип коюп, кийин учуру келгенде анысын ачыкка чыгарам деп, компоюп жатабы… белгисиз. Бул бир.

 

Экинчиси, Анатай Өмүрканов: “Назарбаев пил, сен битсиң” деп айткандай, улуу урматтуу президентибиздин омбу-домбу сөздөрүнөн кийин казактар менен мамиленин начарлашы, чек ара, айрыкча ун маселеси.

 

Үчүнчүдөн, таластыктардын “арам сийдик” Абыке- Көбөштүн тукуму катары сыпатталып, ызаланган элдин ызы-чуусу басылбай турган чакта Ө. Бабановдун үстүнөн эки оор берене боюнча кылмыш ишинин ачылышы.

 

Төртүнчүдөн, жаратылышты коргоо, же “Кумтөрдө” мөңгүдөн чыккан жагдай.

 

Бешинчиси, алып- сатмай экономикада “балашка” Өкмөттүн, таркайт-таркабайт делген парламенттин алешемдиги.

 

Алтынчыдан, АША ЕАЭСтин мүчөлүгүнө өзү кирип, эми “Кытай, Өзбкестан тарапты карап оокат кылабыз”- дегендей позициясы.

 

Жетинчиден, миграция, адам сатуу, теңи тентиген элдин сырттагы азап тозогу. Буга Казакстанда кыргыз жарандарына көрсөтүлгөн кысымга удаалаш, Россия дагы биздин баурдаштарга болушуп, Госдумадан “айдоочулук күбөлүк” тууралуу мыйзамды кайра карап жатышы. Мына ушулардын баарын кошуп келгенде - досунан Сооронбай Жээнбековдун колуна эмне өтөт? Менимче баягы жомоктогудай “жыртык тепшиден” башка эч нерсеси жок. Ошондуктан жаңы келген президент: олуя айтмакчы “кыргыз кыр ашкан заманга” жетектеп, кескин реформага барабы, же Алмаз Шаршеновичтин курсу менен кетеби - бул чоң суроо. Мен чынымды айтайын, азыркы бийликти жактагандарга таңым бар. Алар стабилдүүлүк, инвестиция, биометрикалык шайлоо, энергетикалык эркиндик деп тамшанышат. Бирок анын экинчи оркойгон жактарын эмне үчүн айтышпайт. Мисалы “Датка- Кемин” чубалгысын кимдин Өкмөтү баштады эле? Бабанов. Ошондой эле сырттан келген инвестициянын көбү каякка кетүүдө? Жер жайнаган чиновниктерди багуу үчүн. Алсак К.Бакиевдин учурунда 14 министрлик болсо, Алмаз Шаршенович аны 16га, тышкы карыз 2 миллиардка көбөйдү. Азыркы күндө “өз киндигин өзү кесип” жашап жаткан карапайым калктын турмушу жалаң эле жол салуу менен жакшырбайт. Ошондуктан жаңы шайланган президент А.Атамбаевдин - Польшада Качиньский сыяктуу “өлкө башына досун шайлап, өзү көмүскөдөн башкаруу ниетине” каршы чыгып, экономиканын оор жүгүн астыга жылдыруу үчүн кескин кадамдарга барышы керек. Айрым саясатчылар Өзбекстан президенти Ш. Мирзоёвди мисалга тартып атышат. Бул жерде эки чоң коошпогондук бар.

 

Биринчиден, И. Каримов - А.Акаев сыяктуу Советтик доордон калган эл байлыгын таркатып жибербей сактап калган. Азыр алардын 20000, 30000 жумушчу орундуу завод, фабрикалары иштеп жатат.

 

Экинчиден, Ш.Мирзиеёв убада берген адам о дүйнө сапар узаган. Ыйманы саламат болсун! Ал эми С.Жээнбековдуку кашында, же Кой- Таштагы “хан сарайында” отуруп, эгер досу ага жакпаган кадамдарга барса генерал Капаровдун түрмөдө жаткан иши сыяктуу калбырларды анын көчүгүнө илип коюушу мүмкүн. Мына ушу жагдайдан жаңы шайланган президенттин керт башында, дегиле жалпы өлкөнүн үстүндө негизи кырдаал оор.

 

Акырында мен мамлекетке тээ атам замандан бери келаткан “хан кеңешчинин” орду жөнүндө бир, эки ооз сөз айткым келет. Ооба президент деле адам. Жаңылат, жазылат. Мисалы Чыңгызхан жаштык, кызуу кандуулук кылган кезде Узун Сакал кеңешчиси ага жеке эле согушуу эмес, ошо согушкан жоокерлерди багуу тууралуу кыйла үгүт-жардамын берген. Азыркы Түштүк Кореяны өнүккөн өлкөлөрдүн катарына  кошууда Хи Пакка жардамдашкан Че Пьэй.  Өзүбүздүн тарыхта керек болсо Байзак Шабданды өлүмдөн да алып калган жайы бар. Андыктан качкындар А.Акаев Бириштейинди, К.Бакиев “баардыгы акылдуу болсо эмне кылайын” деп, өзүнүн биртуугандарын, а досу шоопур-моопурун кеңешчи катары дайындагандай, Сооронбай Шарипович өзүнө чыныгы улутман, Бакайдай кеңешчи тандап, жаңылбайт деп ишенем.

 

Шах Жума

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: