Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1390

Баш маселе 

 

Тактан кетерине бир айга жакын убакыт калган президентибиз А.Атамбаев өлкө ичиндеги саясаты “ийгиликтүү” болгондугуна шыктанып жатабы, акыркы сүйлөгөн сөздөрүндө кыргыз-казак мамилесин татаалдаткан “жалындуу” сөздөрүнүн улам жаңы “сериалдарын” чыгарууда.

 

Мамлекет башчыбыз алгач 7-октябрда казак елбасы Н.Назарбаев президенттикке талапкер Ө.Бабановду кабыл алып, ак жол каалап койгондугуна ичи тарып, эртеси күнү эле баурдастардын жолбашчысын кошуп “шыбаган” болчу. Ал тургай Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Акордого нота жиберип, кайра эле нота менен жооп алган. Андан соң А.Атамбаев дүйнөдөгү эң бийик жана абройлуу БУУнун кезектеги Ассамблеясында жасаган докладынын аягында да Ат-Башыда же Алайда айта турган сөздү кыстарып, Нурсултан Абишевичтин огородуна таш ыргытып, “Байлардын акчасына, кооз жалган сөзүнө алданбагыла, кыргыз элим...”,- деп кайрылган. Бирок “териси пилдин терисиндей калың” Нуракебиз да жөн калбай, “Алматынын ИДПсы бүтүндөй Кыргызстандын экономикасынан беш эсе жогору...”,- деп кыргыз бийлигин “мат кылгандай” болгон. Түшүнгөн адамга, 6 жыл мамлекетти башкарган президентке бул өтө чоң шылдың жана маскаралык. Баарынан да боордош элдин, “Дүйнөдө казак менен кыргыздай бир тууган, жакын эл жок”, “Кыргызды менчелик жакшы көргөн казак мындан ары болобу-жокпу”,- деген жалындуу, учкул сөздөрдүн автору, чейрек кылым өз өлкөсүн башкарган мезгилде Кыргызстанга колдон келишинче көмөгүн көрсөтүп келаткан боордош мамлекеттин дүйнөлүк деңгээлдеги президенти оңой менен бул сөздөрдү айтпаш керек болчу.

 

Тилекке каршы, “урушаарга жоо, урунаарга тоо” таппай турган (өлкө ичинде камаганын камап, кууганын кууп, душман калбай калды да...) ажобуз Алмазбек Шаршенович “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшырып атып эле “эски ооруусу” кармап, тили кычышып, “Казакстанды азыр чингизиддер башкарат, Казакстандын ИДПсы бизден 20 эсе жогору, анда эмнеге пенсиясы 1,5 эсе эле жогору, себеби байлыгын олигархтар уурдап жатат...”,- деген дагы жаңы “жалындуу дубай саламын” Астанага жолдоду. Эл аралык дипломатияда, болгондо да президенттердин деңгээлинде башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү акыл-эстүү коомдо дегеле кездешпеген саясат. Анын кесепети айланып келип эле карапайым кыргыздар менен казактарга тийип, үч жумадан бери эки өлкөнүн чек арасында жөө адамдар менен жеңил, оор унаалардын өтүүсү жайлап калды. Натыйжада Алматыга же башка Казакстандын шаарларына шашылыш жөнөгөн кыргызстандыктар же Кыргызстанга келаткан казакстандыктар бир нече саат чек ара көзөмөлүндө кармалышууда. Баарынан да жүздөгөн оор жүк ташуучу унаалар суткалап кармалып, аларга жүктөлгөн тез бузулуучу жашылча-жемиштер чирип кетүүдө. Эми дыйкандардын жазы менен ысыкка күйүп, жебей-ичпей, бала-чакамды багам, окутам, кийинтем деген үмүт-тилеги кошо күйүп кетти. Алардын трагедиясы мамлекет башчыбыздын ойлонбой сүйлөгөн сөзүнөн улам болуп жаткандыгын ошол киши сезип-туяр бекен?!

 

24-октябрга карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйын бойдон калууда. Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө,  “Ак-Жол” жана “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбар” жана “Чоң-Капкада” кезек күткөндөр жок.

 

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында, “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун адам кезекте турат. Бул саат 10:00дөн кийинки кадимки көрүнүш болууда. 15-20 мүнөттө 30дай адамды өткөрүп жатышат. Ал эми машиналар жарым саатта 7-8ден өтүүдө. Жеңил унаа, маршруттук такси жана автобустардын саны 40ка жакын. “Ак-Тилекте” жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны дагы эле бар. Учурда 400дөн ашуун машина турат. Казак тарап саатына 8дей фура киргизүүдө. Ал эми “Чоң-Капка” жана “Чалдыбарда” тыгын жок.

 

Бул өткөн жумада өкмөт башчы С.Исаков баштаган жоон топ кыргыз делегациясынын Астанага “жортуул” жасап, казак өкмөтү менен сүйлөшкөндөн кийинки чек ара көйгөйүнүн чечилгендеги кербези. Ошол кыргыз делегациясынын жарымы Астанада жатып алып бир жумадан бери казак өкмөтү менен чек арадан өтүүнүн “жол картасын” чийип атыптыр. Качан эле бир тууган, боордош элдер бири-бирине жол картасы аркылуу каттап калды эле?

Эми Кыргызстан жана Казакстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев Армениянын баш калаасы Ереванда кезигип, сүйлөшөт экен. Жолугушуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында болот.

 

Исаков менен Сагинтаевдин Еревандан жолугары тууралуу мурдараак Казакстандын "Хабар" агенттиги кабарлап, сүйлөшүүнүн негизин эки өлкө ортосундагы Жол картасы маселеси түзөрүн кабарлады.

 

Ал эми акыркы ирет, студенттерге стипендия тапшыруу учурунда да А.Атамбаев казак темасынан кыйгап өтө албай, жаңы гана жакшы жагына кыйынчылык менен болсо да өзгөрүп келаткан жараны ого бетер ырбаткандай болду.

 

Анткени бул сөзүндө мамлекет башчыбыз Казакстандын кириллицаны кабыл алгандыгы, Орусия менен чек арада Американын армиясы менен биргелешкен машыгууларды өткөргөндүгү Россиядан алыстап, ЕАЭБдин ортосуна ажырым салуу аракети катары баалады. Балким, бул сөздөр чындыктыр. Бирок эки чоң мамлекеттин саясатына, ички иши жана өз ара мамилелерине аралашкандай биз кимбиз? Мындай маселелер ушул абройлуу уюмдун жыл сайын өтүүчү саммитинде жабык эшик артында каралууга тийиш болчу.

 

Эгер Атамбаевдин бул айткандары жеке өзүнө гана кесепетин тийгизсе макул эле. Тилекке каршы кетер алдында кылымдар боюу бир эл, бир тууган болуп келаткан кыргыз менен казактардын мамилесин гана солгундатпастан, бүтүндөй мамлекеттин экономикасына, карапайым калкына орду толгус моралдык жана материалдык зыян алып келүүдө. Анткени акыркы маалыматтар боюнча, казак полициясы 800дөн ашык кыргыз мигранттарын өлкө аймагынан чыгарууда. Ошондой эле мурдагыдай чек арадан Бишкек менен Таластан Алматы жана Тараздын базарларына ташылуучу жер-жемиш, азык-түлүктөр толук токтобосо да, кескин азайды. Алгачкы жумада эле Казакстан Кыргызстандын беш сүт заводунун продукцияларын алуудан баш тарткандыгын жарыялады. Алар айласы кеткенден ачый баштаган каймак, йогурттарын мектептерге барып, ата-энелер, балдарга бекер таратышууда.

 

“Ханды Кудай урарда, өз элине кас болот” демекчи, бир нече кыргыз жигиттерин президенттик шайлоодон четтетүү үчүн болор-болбос, архивдеги кылмыш иштерин, Маевский сыяктуу орусиялык шылуундардын далили жок көрсөтмөлөрү аркылуу он жылдап каматып жибергендигине да кыргыз эли чыдап келди эле. Эми бул жалпы элге кыянатчылыгын кечирер бекен?!...

 

А.Жолдошов

Булак: “Майдан.kg” гезити, №50 (328), 25.10.2017-ж.

Тема: