Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 947

Өкмөт башчынын өпөң-чычаңы… 

 

Өкмөт башчы Сапар Исаков өлкөнүн премьер-министри болуп бекигенине 25-сентябрда толук бир ай толду. Арийне, олуттуу реформалык кадамдарды убадалаган Исаковдун “ЖАШ ӨКМӨТҮ” бул бир ай ичинде эч кандай олуттуу кадамдарга бара албады. Өкмөт башчылыкка келээрде өз программасында “40 кадам” деген жалындуу кептери бар болчу. Азырынча Исаков кадамдамак тургай жөргөлөй да албай атат. Бир ай ичинде Өкмөт башчы Сапар Исаковдун алгачкы кадамдары жана көрүнүктүү чечимдери кандай болду? Саресеп салып көрөлү…

 

Парламенттин депутаттарынын алдына “Жаңы доорго 40 кадам” аталышындагы программасы менен келген Сапар Исаков: “Аны ишке ашырууга биздин көзүбүз жетип турат. Бул программа өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы менен бир нукта кетет. Мамлекеттеги бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бул программаны ишке ашыруубуз керек”,- деп айткан. Анын сөзүнө ишенген Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып бекитти. Сапар Исаковдун иши Кыргызстан менен Мьянманын футбол командаларынын беттешин артка жылдыруу менен башталды. 5-сентябрда Бишкекте өтө турган футбол оюну террористтик чабуул жана башаламандык болуп кетишин алдын алуу үчүн токтотулган. Себеби бул убакта Мьянмадагы мусулмандардын запкы чегүүсү Кыргызстанда да Мьянма бийлигине карата нааразылык жаратып жаткан.

 

Баса, алгачкы буйруктарынын бири өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисине байланыштуу болду. Башчылыкка Лондон университетин аяктаган Гүлнара Төралиева дайындалды. Төралиева учурдагы бийликтин иш-аракеттерине карата конструктивдүү сындарды айтып келе жаткан коомдук ишмерлердин бири болчу. 31-август күнү өлкө ичиндеги иш сапарын Ош шаарынан баштап, анда Сай-Бою көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышына катышкан. Ош шаарына болгон сапарында өкмөт башчы 50 балага ылайыкталып курулган спорттук жатак мектеби менен таанышты. Премьер-министр жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында ушул сыяктуу спорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүүнү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу керектигин баса белгиледи. 4-сентябрь күнү Сапар Исаков Талант Султановду премьер-министрдин кеңешчиси кылып дайындады. Кийинчерээк Эсенкул Момункулов, Юлия Калиниченко, Бермет Турсункулова, Назик Бейшеналы да ушундай эле кызматка дайындалышты. Султанов Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү болсо, Момункулов Германиядагы Гейдельберг университетин аяктаган. Калиниченко Европадагы университеттердин биринде магистр даражасын алган, ал эми Турсункулова саясат илимдеринин кандидаты. Назик Бейшеналы Кыргыз өлкөсүндөгү 200дөн ашуун айыл чарба кооператив союзунун башчысы. Албетте, бул чечимдери коомчулуктан колдоо тапты.

 

11-сентябрда ага чейинки бир канча жолку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюлду. Ал “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

 

Так ушул күнү саат 14:00дө премьер-министр Сапар Исаковдун кортежи Бишкек шаарындагы жол тыгынында турган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Ага чейин өкмөт башчы патрулдук милициянын коштоосунан баш тартканы белгилүү болгон.

 

13-сентябрь күнү өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев менен жолугушуп, эл тарабынан паспортту даярдоо кечиктирилип жатат деген сындарга көңүл буруу тапшырмасын берди. “Жарандар кезекте турбашы керек, ал эми паспорттор убагында берилсин”, - деди Исаков. Натыйжада “паспортту үйгө жеткирүү” кызматы киргизилди. Элге кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатында “Кыргызпочтасы” Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өткөрүлдү.

 

16-сентябрда жол коопсуздугун күчөтүү, айрыкча балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн мектептердин жанында Патрулдук милиция кызматкерлеринин турушун камсыздоо тапшырылды. Аны менен катар жол коопсуздугунун системин реформалоо боюнча планга кол койду.

 

18-сентябрь күнү Кыргыз өкмөтү ГЭСтерди кура турган “Liglass Trading CZ, SRO” чех компаниясы менен макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарды. “Бул маселени жеке көзөмөлүмө алам, биз муну менен токтоп калбай, мындан ары кетишибиз керек”,- деди Исаков кеңешмеде. Жыйынтыгында башка инвестор табуу үчүн жаңы тендер жарыяланмай болду. Эсиӊерде болсо так ушул компанияны апендинин кызындай мактап-жактап атып Кыргызстанга алып келген так ушул Исаков өзү болгон. Бирок, ал Өкмөт башчы болоору менен аталган компаниянын аферисттик иштери аныктала Сапар баланы уятка калтырып, долбоордон чыга качты. Бирок, негедир муну Сапар Исаков өз күнөөсү катары моюндабай койду.

 

20-сентябрь күнү кечинде вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду үгүттөгөн аудио жазуусу интернетке тараган. Анын эртеси өкмөт башчы Сапар Исаков Зилалиевге эскертүү берип, шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошотту.

 

Мына окурман, жаштар жана жаңычылдар деген ишеним менен бийликтин бийик бутагына келген Исаковдун заманбап өкмөтү бир ай ичинде жасаган иштеринин олуттуулары. Ишенимди тоодой артканыбыз менен Исаков деле эч кандай жаңычылдыкка бара албай, эл-жер кыдырып, базар аралап баякы эски Өкмөт башчылардын изинен чыга албады. Арийне, айрымдар бир эле ай болбодубу эми деши мүмкүн. Бирок, билгенге бир ай деген өтө эле көп убакыт. Эгер дагы да “ЖАШ ӨКМӨТ” ушундай басыгы менен кете турган болсо анда кубаныч менен ийгиликтер ишеними узакка турбастан урап түшөөрү анык.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (320), 29.09.2017-жыл.

 

Тема: