Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 434

Барпыдагы жаңылык... 

 

Кечээ Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери – президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусу болуп өттү. Ага президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков да келип катышты. Бул жолугушууга жалпы-жонунан 15 миндей адам келди. Айдың талаага катат-катар боз үйлөр тигилип, улуттук оюн-зооктор менен кошо эстрада ырчылары концерт коюшту.

 

 

 

Эскерте кетсек, шайлоочулар Жалал-Абад облусунуна гана эмес, башка аймактардан да чакырылган. Бул чоң иш-чара Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында Камчыбек Ташиев өз каражатына жакында оңдоп бүтүргөн бир катар ички жолдордун ачылышына да багытталды.

 

Эн негизгиси, Камчыбек Ташиев эл алдында президенттик шайлоого карата өзүнүн так позициясын билдирди. Эске салсак, буга чейин Барпы айыл аймагынын Комсомол айылында эл менен баарлашуу убагында К.Ташиев президенттик жарышта Сооронбай Жээнбековду колдой турганын билдирген.

 

Өз сөзүндө  Камчыбек Ташиев “эч кимге сатылбаганын” айтты. “Мен жети жыл азыркы бийликке айгак чыгып келдим. Жети жыл чындык үчүн күрөштүм. Азыр эми Сооронбай Жээнбековду колдоону чечтим. Эгер ал президент болуп калса жана бийликте отуруп туура эмес кадамдарга барса, ачыгын айтып чыгууга күчүм да, дараметим да, далалатым да, акыл-эсим да жетет. Андан кыжаалат болбогула. Мен эч кимге сатылган жокмун. Бул да болсо эли-журтум үчүн кызмат кылсам экен деген кадамым”,- деди саясатчы.  Ошондой эле, К.Ташиев өз талапкерлигин Сооронбай Жээнбековдун пайдасына аларын айтып өттү.

 

КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер Сооронбай Жээнбеков “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен биригүү себебине токтолду. “Урматтуу сузактыктар, мен сиздер менен жолугушканыма чоң кубанычтамын. Бул жолугушуунун уюштуруучуларынын бири Камчыбек Ташиевге да ыраазычылык билдирем. Ал соодалашпастан, кызмат сурабастан, “сен президент, мен премьер-министр” дебестен, мени колдоону чечти. Ал мага эч кандай шарт койбоду, Кыргызстандын туруктуулугу жана келечеги үчүн мени колдоду. Сиздерге жылуу тосуп алганыңар үчүн ыраазымын, ишенимиңерди актайм!” - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Айта кеткен оң, Сооронбай Жээнбековду учурдагы президенттин партиясынан болгону үчүн, “азыркы бийликтин уландысы” катары карап, коомчулук жүзүн буруп турат. Ушундай шартта элдин уулу аталып, алты жыл бою атамбаевдик режимге айгак чыгып, туура сөзүн айтуудан жалтанбаган Ташиевдин Жээнбековду колдой турганы айрымдардын акылын айран кылууда. Саясатта ойлонулбай ташталган кадам, тез кабыл алынган чечим болбошу керек. “Жетимиш өлчөп, бир кесүү” так ушул кызыкчылыктар гана орун алып, андан башка эч нерсе жок жаатка тийиштүү эмеспи. Демек, Ташиевдин бул чечими да ойлонулуп, калчанып, анан чыгарылгандыр.

 

Ташиевдин алты жылдан бери бийликтин чекесине чыккан чыйкан болуп келатканы белгилүү. Анын айынан, чындыкта ичине жутуп, айдаган жакка кете бербеген  өжөр мүнөзүнүн айынан темир тордун артына да барып келди. Чындык капка буулуп, өлкө бир ууч адамдардын алаканында калып, Конституция эмес, ошол адамдардын айтканы мыйзам болуп баштаган заман менен эч убакта келише албайт болчу. А Сооронбай Жээнбеков Атамбаев эмес. Ташиев Атамбаевге оппозиция, а кийинки болот турчу президент эгер өлкөнү алдыга жылдырып, элдин  көйгөйүнө карап иш алып барса, аны колдоого алат. Билип айткан да бар, билбей эле божомолдоп “учура” бергендер да көп. Айрымдар Ташиев Сооронбай Жээнбеков менен келишимге барып, кайсы бир кызматты сураптыр деп айтып чыгышты. А саясатчы эл-жеринин кызыкчылыгын кызматка баалап, кызмат менен алмашкандардан эмес. Жээнбеков менен сүйлөшүүсүндө да өзүнө кызмат эмес, анын Кыргызстанды алдыга жылдырган, акыйкат мамлекет башчысы болуусун талап кылган. Ушул убакка чейин Ташиевдин бир жолу мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгы үчүн садага чапкан жоругу кимдин эсинде бар экен? Бардык саясатчылар сатылса эле, Ташиевди да сатылды деп жоромолдой берүү туура эмес. Жердин тынчтыгы, элдин биримдиги үчүн жеке амбициясынан баш тартып, ыкка көнүү да чоң эрдик. Кокус, келечектеги президент учурдагы бийликтин катасын кайталап, элге пайдасын эмес, зыянын тийгизе турган болсо, алгачкылардан болуп оппозициялык пикирин билдирип, чындыкты туу кылып Ташиев чыгаарын бөркүңөрдөй көргүлө.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: