Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 4288

Баш маселе  

 

Мамлекеттик тилибиздин акыбалы мышык ыйлай турган абалга жакындап баратканы акыры парламентке жетти. Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кандайча аткарылып атканын талкуулашты. Бирок, парламентте талкууланган маселелердин айрымдары, бийликтин кызыкчылыгына төп келгендери гана ишке ашпаса, калганы жыйын залындагы куру кыйкырыктар менен гана коштолуп кала берээрин көрүп жүрөбүз. Кыргыз тили Конституцияда мамлекеттик тил болуп белгиленгени менен Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте расмий тилин билбегендерге кыйын эле болуп атат. Кыргызча сүйлөсөң орусча жооп кайтарып, сенден да орусча сөз күткөн мамлекеттик органдардын кызматкерлери толтура. Бир-эки жыл мурда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматында иштеген айымдын кыргыз тилдүү журналистке: “Бизде кыргызча билгендер жок, мэр кыргыз тилинде сүйлөгөндүктөн, анын эмне деп айтканын түшүнбөдүк”,- деген жообу коомдук резонанс жараткан. Андан кийин ал кызматкерге мэрия кандай чара көрдү, ушул тапта мамлекеттик тилди түшүнгөндөр менен катарын толукташтыбы, белгисиз. Айтор, мамлекеттик тил деп аталганы менен чечүүчү тилге айлана албай аткан кыргыз тилинин маселеси парламент депутаттарынын талкуусуна түштү.

 

“Үркүндөгөн” Кыргызстан - жоопкерчилик кимде?

 

“Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев Конституциядагы оркойгон катаны таап чыкты. Канча убакыттан бери мамлекеттин Баш мыйзамында мамлекеттик гимн эсти оодарган катаны камтып жүрүптүр.

 

Депутат “Конституцияны басып чыгарган “Академия” басмаканасы жеке менчик басмаканабы, же мамлекеттикиби?”- деген суроо узата коем деп… жыйынды өлүү жымжырттыкка кабылтты.

 

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбековага жогорудагы суроону узаткан депутат төр тарапта отурган өкмөт өкүлдөрүнүн кимиси билсе жооп берип коюшун суранды эле, тынчтык орноду. Ар бир секунд кымбат болгон парламент жыйынында чакылдап саат иштеп атты. Бир мүнөт… эки мүнөт… үч мүнөт… Бирин бири карашкан өкмөт өкүлдөрү, шыбырашып, бирок, жооп чыкпады. Акырында гана бири: “Академия” басмаканасы Улуттук илимдер академиясына карайт. Менимче, мамлекеттикки. Анткени, Илимдер Академиясы мамлекеттен каржыланат”- деген так эмес, “менимче” деп бүшүркөй жооп берди.

 

“Конституцияны, Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамын басып чыгууга кайсы басмаканаларга лицензия беришкен? Кимдер басып чыгара алышат?”,- деди Мыктыбек Абдылдаев.

Тил комиссиясынын өкүлү: “Менде мындай маалымат жок”,- деп жооп берди.

 

“Менин колумда Конституция турат. Андагы гимндин кайырмасында “Үркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда” деп жазып коюптур. Биз үркүндөн кутулбайбызбы? Бир да жазбаптыр, ар бир кайырмада кайталанып жүрөт. Мамлекеттик басмакана ушундай катачылыкка жол бердиби? Ушундай оркойгон ката Конституцияда турса, кайдагы тил маселесин карап атабыз? Бул саясий ката, мындай катаны кетирбешибиз керек”,- деди Абдылдаев.

 

Спикер Чыныбай Турсунбеков: “Биз ушундай каталарды жок кылып, тартипти күчөтөлү деп бул жерге чакырып отурабыз”,- деп, ал эми өкмөт мүчөлөрү “тартипке чакырып, жолго салышаарын” белгиледи.

 

Билим берүүнүн башчылары мамлекеттик тил – кыргыз тили экенин эми гана билишти!

 

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев “тил өнүгүш үчүн төрт этаптан: турмуш-тиричиликтин, адабияттын, саясаттын анан илимдин тили болуп” өтүшү керектигин белгиледи. Анан төрдө отургандарга “Кыргызстанда гуманитардык билимдер боюнча диссертация кайсы тилде корголот?”,- деген суроо берди. Албетте, буга “кыргыз жана орус тилдеринде” деген жооп болду.

 

“Эмнеге кыргыз тарыхы боюнча диссертацияны орус тилинде коргошубуз керек? Орто Азияда бизден башка мамлекеттерде мындай нерсе жок. Кыргыз адабияты боюнча кантип орус тилинде диссертация жазсын? Анда илимдин эмне кереги бар? Логика кайда? Кыргыз тилин илимдин тили кылмайын өнүкпөйт. Мейли, медицина, механика боюнча орус тилинде корголсун. Бирок, кыргыз география, тарыхын да кыргызча коргобой атасыңар да!”- деп нааразы болду депутат. Билим жана илим министрлигинин өкүлү жайбаракат: “Биз ошол жолго баратабыз, Каныбек Капашович”,- деп жооп берди. Кыргызстан эгемендүүлүк алганына, кыргыз тили мамлекеттик тил болгонуна жыйырмадан ашуун жыл болду, а булар эми гана “ошол” жолду беттеп баратышыптыр.

 

Андан ары депутат мамлекеттик тилди компьютердик программаларга киргизүү иштери кандайча аткарылып атканын сурады.

 

“Ар бир жаран, студент, окуучу кыргыз тили боюнча билимин аныктап ала турган онлайн тесттер иштелип чыгып атат”,- деген билим берүү министрлигинин өкүлүнүн жообуна депутат канааттанбады.

 

“Тилдин азайганы эгемендүүлүктүн азайганы. Бизде эң коркунучтуу маселе – 30 жылдан кийинки муун кыргыз тилин билбей калышы мүмкүн. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө силердин бул жасап аткан ишиңер аздык кылат”,- деп катуу айтты.

 

Кыргызча жазган жаш жазуучулардын кадыры жокпу?

 

Жыйында өтө кызык нерсе ачыкталды. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Кыргызстандын улуу муундагы жазуучуларынын жолун улаган жаш жазуучулардын бары-жогун билбейт экен. Аны деле түшүнсө болот, саясатка кулагына чейин баткан өлкөгө жаш жазуучулардын эмне кереги бар?..

 

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз аталган комиссияда кайсы курактагы канча кызматкер иштээрине кызыкты.

 

“Кыргыз тилин өнүктүрүү иштерине жаштар тартылбай атат”,- деп баамдады эл өкүлү.

 

Тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев: “Жалпысынан 14 кызматкер иштейт, улуусу 65 жашта, кичүүсү 27 жашта”,- деп жооп берди.

 

А депутат учурда мамлекеттик тилди билбегендердин басымдуу бөлүгү кийинки муун болуп атканына баам таштап, кыргыз тилин өнүктүрүүгө жаштарды тартуу зарылдыгын белгиледи.

 

“Францияда биринчи жолу криминалдык полиция түзүлгөндө, кылмышкерлер өздөрү полиция кызматкерлери болушкан. Анткени, ал жаатты беш колундай жакшы билишкен. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө да жаштарды тартуу керек. Силерде жаштар аз болуп атат. Орто муундагылар кыргыз тилинен анчалык аксашпайт, кептин баары кийинки муунда. Жаштарды тартууга туруктуу жумуштар болбой атат”,- деди Садык Шер Нияз.

 

Ал комиссия төрагасынан учурдагы жаш жазуучулардын ысымын атап берүүсүн өтүндү эле, тигиниси “какалып” калды.

 

“Дүбүрт” деген сериябыздын алкагында он чакты жаш авторлордун жыйнактарын чыгардык”,- деди да, он чакты эмес, болгону эки жаш калемгердин ысымын атады. Төрага жада калса, сериянын алкагында жыйнактары чыккан калемгерлердин ысымын билбейт экен. Бул да болсо, кыргыз тилинде жазган жаш авторлорго жасалган кайдыгерлик экени билинип турат.

 

А муну депутат “бүгүнкү тилдин кебетеси” деп баалады. “Жаш жазуучулардын ысымын билбеген төрагага уят эле. Демек, жаш жазуучуларыбыз жок экен”,- деди.

 

“Уят” деген сөз даректеген тарапка таасир этсе жакшы го. Депутаттардын алдына келгенде чоң иш бүткөрүп аткандай кейип көрсөтүп, а жыйынтыгында баштапкы эле арабада кылдырап бараткан кыргыз тилин өнүктүрүүчүлөрү анча-мынча нерсеге “быш” деп да койбогон, сын-пикирге “иммунитети” күчтүүлөр эмеспи.

 

Кайран гана Карамушкина кайрадан “сахнада”

 

Кадимки КСДПчы  Карамушкина кайрадан “козголду”. Буга чейин эле коомчулукка “коркунучтуу” билдирүүлөрү менен “бөкөчөй” болгон депутат бул сапар да айтаарын айтты.

 

Ал жыйында орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштады.

 

“Айрым өлкөлөрдө беш мамлекеттик тил бар. Кыргызстанда эки тил: кыргыз анан орус тилдери мамлекеттик тил болсо эмнеге болбосун? Азыр кыргыз тилин билбегендер кызматка алынбайт дегенден бери, көпчүлүк үчүн бул сыноо боло баштады. Мага көп адам жумуш сурап кайрылышты, бирок, кыргыз тилин билишпегендиктен жумушка кире алышпады”,- деп белгилеген депутат “бар береке” деп туруп, орус тилин да мамлекеттик тилге айлантып салуу туура болоорун белгиледи.

 

Бул депутат айымга Кыргызстан ансыз деле орус тилинин жетегинде жашап атканы, орус тилин билбегендер кайсы бир маселесин чечүүдө, документ толтурууда өз өлкөсүндө чоочунга айланып калаары, учурдагы муун расмий тилде буудай кууруп, эне тилинен аксаганы аздык кылып атат окшойт.   

 

“Кыргыз тилин билбегендер мамлекеттик гана кызматка алынбайт”- деген чектөө киргизилгенине аз убакыт болду. Жашаган өлкөсүнүн мамлекеттик тилин билбегендер мамлекеттик эмес кызматтарда иштей беришсин.

 

Кыргыз тилин “чемичкедей чаккан” кыргыз элитасы барбы?

 

“Кыргыз тилин өнүктүрүү – жалпы кыргыз интеллигенциясынын милдети”,- деп белгилеген Каныбек Иманалиев кыргыз интеллигенциясы мамлекеттик тилде “сайрашы” керек деген пикирди карманды.

“Дүйнөдө 7 миң тил бар, ар эки жумада бирден тил жок болот. Бир айда ондон тил жок болот”,- деген депутат кыргыз тилин жоголуу коркунучуна кабылтуудан сактап калуу интеллигенциянын колунда экенин кыйытты.

“Түрк тилдеринин ичинде кыргыз тилиндей бай тил жок. Биз керемет тилибизди мазактап атабыз. Кыргыз элитасында кыргыз тилинде үлгүлүү, көркөм, чечен сүйлөгөндөр барбы? Эң мыкты деген дикторубуз барбы?”- деген ал “кыргыз тилинин үлгүсү жок болуп” атканын белгиледи.

 

Айтымында, түркмөн, тажик, казак, өзбек калктары өз тилдерин өнүктүрүү жаатында бизден ат чабым алдыга кетишкен.

 

“Кыргыз тилин сактоо коопсуздукту сактоого барабар. Кытайлар Конфуций институтун түзгөндөй, биз да келечекте президенттин алдында “Кыргызстан” институтун түзүп, 1 млрд сом бөлсөк мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз. Улутту тил, тарых, адабият сактайт”,-деген депутат интернетте кыргыз тилин өнүктүрө турган бекер курстарды уюштуруу зарылдыгын айтты.

 

Анткен менен депутат бир нерсени унутта калтырды. Тил үйрөнүү зарылчылдыгы жаралбаса, интернетти каптаган бекер курстар эч нерсени чечпейт. Андай курстардын миллиону пайда болсо да, мамлекеттик тилди билбеген жарандар эч кандай ыңгайсыздык сезишпесе, жанын кыйнап үйрөнүп эмне кылышат?

 

Спикер: Жер бетинде жашабай эле коелу…

 

Спикер Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан кыргыз тилин үйрөнүүдө аксап атканын белгиледи. Айтымында, жакында депутаттар да кыргыз тилинен тесттен өтө баштайт.

 

“Өлкөдө мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча “Кыргызтест” иштеп чыккан программа кабыл алынды. Андан депутаттар да өтүшөт. “Расмий тил эмне болот?”- деген суроо туулат. Россияда иштеген жарандарыбыз үчүн орус тили маанилүү. Каалоочулар англис тилин да үйрөнүшөт. Кыргыз тилин сактай албасак, жер бетинде жашабай эле коелу”,- деди спикер.

 

“Кыргызстанда кыргыз тили өнүкпөсө, кайда өнүгөт? Тил үйрөнүүдөн аксап атабыз. Мультфильмдерди кыргыз тилине которсок, жаш балдар бала бакчадан эне тилин үйрөнүп чоңойушат”,- деди Турсунбеков.

Туура айтасыз, спикер мырза, кыргыз тилин өнүктүрүү, же жок кылуу – карапайым элдин эмес, эл бийлеген “мыктылардын” колунда. Мамлекет кайсы тилдин көзүн карап, басым жасаса – калк ошону үйрөнүүгө аргасыз. Кыргыз тилин өнүктүрө албасаңар, журт башындагылар жер бетинде жашабай эле койгула.

 

Соңку сөз

 

Кыскасы, эл өкүлдөрү мамлекеттин кейиштүү тагдырына жалпы санааркап алышты. Санааркоонун жыйынтыгы эне тилибизге мындан ары жасалган камкордук менен бааланат. Айтаарын айтышып, бирок, унутта калтырган депутаттардын көп эле жоруктары белгилүү эмеспи. Жакында Өзбекстандын президенти 15 мамлекет катышкан саммите баштан-аяк өзбек тилинде гана сүйлөп, өзбек коомчулугунун кубанычын жаратты. Түркмөн жергесинде эгемендүүлүк алышаары менен жалаң гана түркмөн тилинин мыйзамын орнотушту. Мамлекеттик тилди билбегендер кабылчу тоскоолдук көп болгондуктан, бул өлкөдөн кетүүнү каалабагандар аз убакыттын ичинде түркмөн тилинде түш жооруп чыга келишкен. А бизде, жыйырмадан ашуун жылдан бери ушундай кыйкырык, куру сөз менен гана эне тилибизге болгон сүйүүбүздү даңазалап келебиз. Мамлекет башчылары саммит эмес, эгемендүүлүк майрамында эки сүйлөмдү мамлекеттик тилде сүйлөшсө, үчүнчү сүйлөмдөн баштап, расмий тилге өтө качышат. Кыргыз тилине камкордук көрүүгө сөздөн ишке өткөн өткөн биринчи аракетте – “мамлекеттик тилди билбегендер мамлекеттик кызматтарга кабыл алынышпайт”- деп Карамушкина сыяктуулар капталдан чыгышты. Андайлардан таасирине арбалып, жогорудагы чектөө аз убакыттан кийин алынып салынбайт деген деле кепилдик жок. Расмий тил өз жолу менен, а бирок, мамлекеттик тил мамлекет үчүн башкы орунда тураарын эл өкүлдөрү унутушпаса экен.

 

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: