Б.Жээнбеков: “Эл кызыкчылыгын коргоодо “Ата-Журт” партиясы күрөштүн  алдыңкы сабында келаткандыгы – факт!”

 

 

- “Ата-Журт” саясий партиясынын басып өткөн жолуна кандай баа бересиз? Анын өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымын кандай баалайсыз? Лидерлери жөнүндө кандай пикирдесиз?

 

Кайып Шери, апрель баатыры:

 

“Бул жигиттердин жүрөгү эл үчүн күйүп турат...”

 

- “Ата-Журт” мекенчил партия, башка партияларга караганда карапайым элге жакын. Бул айрыкча, 2010-жылы болгон Ош окуясында маалым болду. Ошондо, эл башына түшкөн кыйынчылыкты “Ата-Журт” партиясынын башында турган эки азаматы – Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков  чогуу көтөрүштү. Кан төгүлүп аткан жерге барып, өз өмүрлөрүн кыл учуна коюп, коогалаңды токтотууга салым кошушту. Бул жигиттердин жүрөгү эл үчүн күйүп турганынан кабар берип турбайбы. “Ата-Журт” партиясы дегенде ушул эки жигитти эстейбиз. Биримдикте болуп, эл үчүн иштей беришин каалайт элек. Ажырап кетишсе болбой калат. Азыр шайлоого чогуу барганга ниет кылып атышкандарды кубантып турат. Булар өз убагында пикирлерин эч кимден жазганбай айтышып, өлкөдөгү демократиянын сакталып калышына салым кошушту. Сынды да көтөрө билишет, башкаларчылап чычалап, чокчоңдоп чыга калышпайт. Камчыбек менен Ахматбек мүлдө кыргыз элине төбөлөрү көрүнүп калган инсандар. Эми, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, президенттик жарышта ийгиликке жетишишсин.

 

Нурлан Шакиев, коомдук ишмер:

 

“Эми чоң ката кетирүүгө акылары жок...”

 

- “Ата-Журт”  партиясы бир жарк эткен көктөгү жылдызга окшош, жети жыл мурда чоң  ийгилик менен шайлоодон жеңип, элге айкын таанылган. Анткен менен ырааттуу иш алып баралбай, партия бат эле таасирин жоготуп алды. Алгачкы күч-кубатын кармай алышпады. Анын оң-терс себептери толтура. Эми азыр кайра жаралуу учурун көрүп атышат. Эгерде партиянын катарына заманбап көз караштагы жаңы жаш күчтөр тартылса,  анда кайра жаралуу жараяны оңунан чыгып, партияда сезилээрлик жандануу болот. Ал эми  лидерлери тууралуу айта турган болсом, алар  саясатта эле эмес, эл арасында да жетиштүү  кадыр-баркы бар адамдар. К.Ташиев да, А.Келдибеков да бир сыйра урулуп – согулуп,  такшалып калышты. Эми чоң ката кетирүүгө акылары жок. Партияга туура адамдарды тандоолору зарыл...

 

Бабырбек Жээнбеков, “Алиби” гезитинин башкы редактору:

 

“Эл кызыкчылыгын коргоодо “Ата-Журт” партиясы күрөштүн  алдыңкы сабында келаткандыгы – факт!”

 

- “Ата-Журт” саясий партиясынын басып өткөн жолуна көз салган адам анын саясий аренага чыккан он чакты жыл аралыгында татаал тагдырды баштан кечирип келаткандыгын аңдабай койбойт. 2010-2012-жылдары партиянын жылдызы жанып, парламенттеги  чоң фракция болду, анын лидерлеринин бири А.Келдибеков Жогорку Кеңештин спикеринин креслосун ээледи. Партия эл ичинде, айрыкча түштүк регионунда зор кадыр-баркка татыды. Бирок, кийин, 2010-жылдын июнь окуялары берген мүмкүнчүлүктү партия өз беделин көтөрүүгө  пайдалана албады. Кыскартып айтсам, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери жана мүчөлөрү  арткы тарыхын сын көз менен карап, аны терең  анализдеп, келечек максаттарын так жана даана аныктап алып, анан бир силкинип,  алдыга жылышы, же секирик жасоосу керек деп ойлойм. “Ата-Журт” партиясынын демократияга кошкон салымын мен кандай баалайм?  Бул суроо мага кызыктай угулуп жатат. Бүгүн партиялардын бардыгы партиялык үстөмдүк, партиялык бийлик үчүн күрөшүп, кызыл чеке болуп жатышса,  биз элдик бийлик жөнүндө  кантип сөз кыла алабыз? Эл дегенибиз партиялар үчүн жөн  гана тотукуштай сулуу сөз, калканч гана болуп калбадыбы. Ошентсе дагы, “Ата-Журт” партиясынын бир кездеги болобу, азыркы болобу үч  лидерин алып көрсөк, чындык үчүн, адилеттик үчүн  Ахматтан, Камчыдан, Садырдан ашык куугунтук көрүп, бийликтин запкысын тарткан кайсы партиянын лидерлери бар экен? Ошол эле парламентте отурган "Бир бол", КСДП фракция-партияларына караганда буларга эл тагдыры, жер тагдыры, адилеттүүлүк, чындык көбүрөөк керекпи? Болгону буларда эл алдындагы жоопкерчиликти сезе билүү сезими курчураак өнүгүп, адамдык сапаттары жогорураак болгондуктан, кайдыгерлик деген ооруудан оолагыраак турушкандыктан өздөрүн отко-сууга таштап жиберип жатышпайбы. Мен буларды адам баласынын эң бийик касиеттеринен деп түшүнөм. Демек, эл кызыкчылыгын коргоодо “Ата-Журт” партиясы күрөштүн  алдыңкы сабында келаткандыгы - бул факт. Анын лидерлери жөнүндө  болсо...  Бүгүнкү күндө  мен билгенден  А.Келдибеков менен К.Ташиев калды да. Экөөн тең турмуш дагы, бийлик дагы колдорунан келишинче жакшы эле ийледи, жанчыды. Намыстуу, эрктүү, максаттуу жигиттер мындай  "мектептерден" соң  ого бетер чыйралып, көк болуп бышып чыгат. Экөөнүн  тең  бүгүн бышып турган учуру.  Аларга ийгилик гана каалайм.

 

Тимур Саралаев, жарандык активист:

 

“Пайдубалын эл-жердин кызыкчылыгын көздөгөн абройлуу саясатчылар тургузган...”

 

- “Ата-Журт”  партиясы Кыргызстаныбыз оор мезгилди башынан өткөрүп жатканда түптөлгөн саясий уюм, өлкөнү, элди-жерди сактоо максатында уюшулган. Анын пайдубалын мамлекеттик деңгээлдеги абройлуу саясатчылар түзгөн. Бир мезгилде, өлкө алгач парламентаризмге карай кадамдарды жасап жатканда “Ата-Журт” зор иштери менен демократияны бекемдөөгө кошо кадам таштаган. Ал эми “Ата-Журтту” канча жылдан бери жетектеп келе жаткан лидери К.Ташиев жөнүндө сөз кыла турган болсок, менин жеке оюмча, ал киши биринчиден мамлекетчил, учурда, элдин оор түйшүгүн жеңилдетсемби деп санаа тарткан жана жигиттик сапаттары менен белгилүү адам.

 

Эмилбек Момунов, журналист:

 

“Ата-Журт” партиясынын  Кыргызстандын 2010-жылдан кийинки тарыхында өз орду бар”

 

- “Ата-Журт”  партиясы өлкөбүздүн саясый аренасында 2010-жылдагы 7-апрель төңкөрүшүнөн кийин активдүү иш-аракеттери менен тааныла баштаганы белгилүү. Анткени, бир башкаруу режими кулап, анын ордуна КСДП партиясы баш болгон бир катар мурдагы оппозициялык маанайдагы саясый партиялар менен коомдук уюмдар бийликти ээлегенден кийин, алардын ордун ээлей турган жаңы оппозиция керек эле. Мына ошол өлкөбүз менен коомубуздагы бош калган орунду “Ата-Журт” партиясы ээледи. Бирок мурдагы бакиевдик режимди кулаткан жаңы бийликке каршы туруп, саясый майданда күрөшүү оңой эмес болчу. Албетте, аларга бааны эл берүүгө тийиш эле. Аңгыча көп өтпөй, күзүндө парламенттик шайлоо болуп, анда күтүүсүздөн “Ата-Журт” партиясы биринчи орунду ээлеп, шайлоочулардын 33% добушун алуусу А.Атамбаев башында турган КСДП же ал кезде “соодасы жүрүп турган” “Ата-Мекен” партиясынын артта калышын эч ким күтпөсө керек. Элдин мындай баасы аларга карата ишеним жана үмүттүн белгиси болчу. Ошол эле учурда жаңы бийлик тарабынан шыкакталган ОБОН деңгээлиндеги катындардын аларга “бакиевчи, реваншист” сыяктуу жарлыктарды тагуусун жөн гана убактылуу атайын уюштурулган ичкүйдүлүк жана жасалмалуулук катары карасак болот. Бирок колунда бийлиги барлар кийин “Ата-Журттун” депутат лидерлерине бирден болор-болбос айып тагып, камап, мандатынан ажыратып “өч алышты”.

 

Албетте, “Ата-Журт” партиясынын өлкөбүздүн жогоруда айтылган 2010-жылдан кийинки мезгилдеги демократиялык өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң. Өзгөчө мурдагы бийликтердин учурунда да чечилбей келаткан “Кумтөр” кениндеги эл аралык мафиялык-коррупциялык иштердин бетин ачууда Садыр Жапаров тикесинен тик туруп, мандатынан ажырап, акыры азыр түрмөдө жатат. Башка коомдук турмуштагы көйгөйлүү жагдайлар боюнча да партия лидерлери бийликти безге сайгандай сындап турушту.

 

Ар бир эле саясый партиянын көчү анын лидерине карап түздөнүп, шайлоолордо эл ошолордун кадыр-баркы үчүн добуш беришет. Бул жагынан “Ата-Журтту” түзүп, түптөгөн А.Келдибеков, К.Ташиев, С.Жапаров жана башка лидерлердин эл арасында аброюу бийик жана колдоого ээ. Айрыкча “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”,- демекчи, 2010-жылы Оштогу июнь окуясында башка ошол учурдагы мамлекет жетекчилери башын кумга катып алгандай “маанилүү маселелер менен” алектенип, Бишкектен Ошко баралбай жүрүшкөндө, К.Ташиев жана башкалар бири-бирине селдей агылган жаатташкан эки тарапты токтотуп, бейкүнөө адам өмүрлөрүнүн кыйылышын токтото алышты. Бул алардын өз элин чындап сүйгөн мекенчилдигин далилдеп турат.

 

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

 

“Айылдарда уй тууса, койлор төлдөсө да, СДПКчылар мактанат, ал эми мал ара тууп койсо, ага Бакиевдер күнөлүү болот”

 

- “Ата-Журт” саясый партиясынын басып өткөн жолу - ал партияны негиздөөчүлөрдүн аттары менен байланыштуу. Кандай болсо да Кыргызстандагы элге таанылып, кадыр-баркка ээ болуп калган инсандар биригип, биринчи эле партия катары катышкан Жогорку Кенешке депутаттардын шайлоосунда биринчи орунду багындырышкан эле. Азыркы кезде “Ата-Журт” партиясынын ысымы Ташиевдин аты менен гана байланышып калган. Мурун деле Ташиевдин баркы, жанан аны колдогондор “Ата-Журтта” басымдуулук кылып келген. Эми "Ата-Журт" партиясы өз алдынча иш жүргүзсө, буга чейинки партиянын демократиянын дейбизби, саясый маданиятынын дейбизби, өнүгүшкө салымы көбөймөк. Бирок, “демократиянын өнүгүшүнө жасаган салымы”,- деп айтуу да шартуу гана негизде болот. Анткени, демократия материалдык нерсе болбогон соң, салымың бар болгону, мамлекетибиздин коомдук жана саясый жашоосунда катышкандыкта гана болот. Анткени, бизде СДПК бар, бардык нерселерди элге берген. Төрөт үйлөрүндө балдар төрөлүп жатса да СДПКнын гана кошкон салымы. Айылдарда уй тууса, койлор төлдөсө да, СДПКчылар мактанат, ал эми мал ара тууп койсо, ага Бакиевдер күнөлүү болот.

 

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү:

 

“Партияны орто жолдо куйтулар бузуп, алсыратканга аракет кылышты”

 

- “Ата Журт” партиясынын лидерлерин кыргыздын бычака сап патриот жигиттери деп билем. Сөзүм куру болбош үчүн бир эле мисал айтайын, “Ата-Журттун” лидерлери К.Ташиев, А.Келдибеков ж.б. 2010-жылы Ош окуясы башталып, Ош өрттөнүп жатканда жандарын канжыгага байлап, коркпой элдин арасында жүрүшкөн жана Ош окуясынын токтошуна салымдарын кошушкан. Бул деген жигиттик, эрдик! Кээ бир төшүн каккан саясатчыларга окшоп үйүндө бекинип жатып алышкан эмес. Камчыбек Ташиев ошондо Жалал-Абаддагы чоң кыргынды токтото алган. Мен ал окуяга өзүм күбөмүн. Болбосо ошондо кыжырданган эл Сузакка түшүп, өзбектерди кырып таштамак.

Ошондой эле партиянын дагы бир лидери “Кумтөр” маселеси боюнча Садыр Жапаровдун эмгеги опол тоодой. Керт башын эмес бүт кыргыздын келечегин ойлойм деп бүгүнкү  күндө түрмөдө жатат. Бул күндөр да өтөт, кимдин ким экенин акырындап эле калкып чыгат. Анан ушул жигиттерди патриот дебей кимдерди патриот дейбиз.  Мезгил баарын ордуна коет. Муну калыстык үчүн айтып коюшубуз керек.

Ал эми партиясы жөнүндө айта турган болсок, “Ата-Журт” деле бүгүнкү күндөгү баардык саясий партиялардай эле өйдө-төмөн жолду басып өтүп келе жатат. Бул эми мыйзамдуу эле көрүнүш. Болгону күчтүү чыккан партияны куйтулар ич-ара бузуп, алсыратып коюшту көрүнөт

 

Бейшенбек Бекешов, тележурналист:

 

“Ташиев менен Келдибеков менен эсептешпей саясат жасоо биздин өлкөдө мүмкүн эмес”

 

- “Ата-Журт” эң кадыр-барктуу саясий партиялардын бири. Коомдук турмушта өз жүзү, өз орду бар. Ташиев менен Келдибеков кыргыздын мен деген эр жигиттеринин катарындагы инсандар. Алар менен эсептешпей саясат жасоо азыр биздин өлкөдө мүмкүн эмес деп ойлойм.

 

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити