Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 720

Феномен

 

Нариман Түлеев эл үчүн чоң кызмат жасап жүргөн чыгаан ишмерлердин бири. Муну өзгөчө ал Бишкек шаарынын мэри кезинде кашкайта ачык көрсөттү. Түлеев башкарып турганда шаарыбыз тазарып, жайнаган гүлдөр отургузулуп, жолдор асфальтталып, түркүн-түстүү фонтандар атылып, калаабыз көркүнө чыккан. Муну шаардыктар алиге чейин унутула элек. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери Нариман Ташболотович эң мыкты шаар башчы катары калың элдин эсинде калды.

 

Ошондой эле Түлеевдин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы ишмерлиги да элдин арасында алиге чейин легенда болуп айтылат. Кызматкерлер айлык албай, тармак отуруп калганда ишкер жетекчи заматта ишкананы бутка тургузуп, кызматкерлердин турмушун жакшыртканы кенири сөз болуп жүрөт.

 

Демек, Нариман Ташболотович бүгүнкү күндун термини менен айтканда, кризис менеджер. “Кыргыз темирди” көтөрүп, “Кыргыз темир жолду” жөнгө салган. Ушул ишкерлик талантын байкаган бийлик баш калаа башчылыгына апкелгенде Бишкекти оңдоду.

 

Коррупция боюнча айыпташкандары балким, негизи бар, балким, жок. Муну мезгил тастыктаар. Артта калган, экономикасы начар биздикиндей өлкөлөрдө мамлекеттик чиновниктер казынага кол салуусу көнүмүш көрүнүш. “Жебеген жердин астында” деген ошондон улам чыккан сөз го. Бирок, “Беш бармагыңды салбай, чыпалагың менен аздан же”- дешет. Түлеев деле коррупцияга кириптер болсо болгондур. Себеби, соттор ушундай чечим чыгаргандан кийин ага каршы чыгууга мыйзамдуу укугубуз жок. Каарманыбыз ага жараша жазасын алып, өтөп чыкты. Төрт жыл түрмөдө жатты жана миллиондогон сом айып төлөдү.

 

Экинчиден, түрмө – адам үчүн чоң сыноо. Биринчиден, аз-көп айып-күнөөлөрүнөн арылса, экинчиден, турмуштун катаал сыноосунан такшалып, бышып чыгат.

 

Түлеев былтыр май айында түрмөдөн чыкса, быйыл май айында мамлекет “Сапатком” бизнес жана “Караван” соода борбору баш болгон ири байлыктарын тартып алганына жеңилип, сынып бербей, Бишкектеги эң чоң заманбап ГУМ “Чынар” соода борборун ачып салды. Мына ишкер, мына азамат!

 

“Чынар»” жети кабаттуу эң зор курулуш. Буга чейинки шаарыбыздагы көрүнүктүү делинген “Таатан”, “ГОИН” кытайлар, “Вефа”, “Бишкек парк” түрктөр тарабынан курулса, “Чынар” өзүбүздүн атамекендик ишкерлер тарабынан курулганы кыргыздар үчүн сыймык жаратат.

 

Ооба, Түлеев мыкты, ири ишкер. Буга чейин “Караван”, “Рахат” соода борборлорун курган. Андан тышкары “Доскредобанкты” уюштурган. Булар коомчулук билгени. Эл кеңири билип-билбеген бизнестери да толтурадыр. Жалаң Кыргызстан эмес, чет өлкөлөрдө бизнестери бар экени айтылып жүрөт. Демек, Нариман Ташболотович каны-жаны менен бала кезинен калыптанган ишкер, жаратман адам. Бизнести СССР кулап, рынок “а” деп башталган 90-чу жылдарда 25 жашында Нарында областтык комсомол комитетинде иштеп жүрүп баштаганы белгилүү. Нарында, кийин Бишкекте алгачкы жаштардын оюн-зоок клубдарын ачкан.

 

Аңгыча базар экономикасы күркүрөп кирип келип, соода-сатык башталганда кадыресе алгачкы капитал жыйнап калган ишкер биягы Казакстан, тиягы Орусияга каттап, а дегенде машинелеп, кийин бара-бара вагондоп товар ташып, биринчи миллиондорун топтогон. “Мамлекеттик кызматтарга келгенге чейин эле жүз миллион доллар таап койгом”- дегени эл эсинде ага чыныгы чоң бизнесмен катары сый сезимин тартуулайт.

 

Жакында бир жыйында Нариман мырза атасы Ташболотту эскерип, “атам акыркы 20 жылда мамлекетке 500 миллион сом салык төлөптүр”- деди. Бул санды бир жылга бөлсөк, 25 миллион сом, ал эми бир айга бөлсөк, 2 миллион сомдон ашык акча чыгат. Мына, элге чоң кызмат кылган ишкер. Бул жалаң Ташболот Түлеевге катталган бизнестен түшкөн акчалар. Ал эми Нариман Ташболотович атасынан бир канча эсе ири бизнес жасаганын эске алсак, демек, мамлекет казынасына  бир нече миллион эмес, миллиарддаган сомдорду түшүргөн.

 

Демек, ата-бала, бир тууган Түлеевдер чоң-ири бизнес жасашып, миңдеген адамдарды жумуш менен камсыздашты. Бир нече миңдеген адамдар айлык алышып, үй-бүлөлөрүн багып келишет. Кыргызда “Түлеевдердей дагы он, жүз ишкер болгондо миллиондогон мекендештерибиз жакшы жумуш издеп дүйнө кезип тентип кетишпей, эли-жеринде, ата-энесинин жанында Ата-мекенибиге кызмат кылышпайт беле”- деген сөз көп айтылып келет.

Нариман Ташболотовичтин чоң атасы Төлө убагында, 1930-жылдарда Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрагасы болгон экен. Муну кыргыздар айтмакчы: “Суу аккан арыктан агат”, “Тектүү, түптүү жердин кулуну”- дешет. Төлө чоң ата да уулдары, неберелерине окшоп эл үчүн ак кызмат кылып, 1937-жылдагы репрессиянын зардабынан ак жеринен атылып, кийин гана акталган. Бүгүн бийлик тарабынан айыпталып жаткан Нариман Ташболотович да балким, чоң атасынча кийин акталаар.

 

Адилет Нуржигитов

Булак: “Майдан.kg гезити

Тема: