Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 669

Элдик трибуна

 

 

Кыргыз Республикасынын

коомдук-саясий жана

маданий “Майдан.kg” гезитине

                                                                                                       

Урматтуу редактор Нургазы Анаркулов!

 

Биздин аталыктын  куттуктоосун мүмкүн болсо расмий турдө Жогорку Кеңештин депутаттарына - парламентке гезит аркылуу жеткирсеңиз.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши азыркы учурдагы 2010-ж., 2016-ж. Конституция боюнча мамлекеттик башкаруунун формасын айкындап турат. Парламенттик башкарууда Жогорку Кеңеш депутаттарынын аткарган иштери элге белгилүү. “Кооптуу аймак” дегенди талкулоонун ордуна “чылым” боюнча маселе талкуулап, мыйзам иштеп чыгып, иш аткарышууда. Мындайча айтканда Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган болуп саналат. Анда неге “Кеңеш” деп аталып калган (?) деген суроолор сокур көкүрөктү эзүүдө.

 

Коңшу өлкөлөрдө аларды “Жогорку мажлис” же “Олий мажлис” деп аталышы туура болсо керек.

 

“Кеңеш” (Совет) сөзүн мындан 100 жыл мурун дүйнөлүк революциянын жол башчысы В.И.Ленин айтып, Орусияда “Кеңеш өкмөтүн” түзгөн эле.

 

“Кеңеш” сөзү кыргыз тилинде жакшы сөз, ошондуктан, “кеңешип кескен бармак оорубайт”- деп айтылат эмеспи. Азыркы учурда элдин үнү Жогорку Кеңешке жетери күмөн жана алар эл менен кеңешип жумуш жасап жатышат деген ойдон алыспыз.

 

100 жылдын ары жагындагы “Кеңеш” деген аталышты жерге таштабай алып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарын юбилейлик аталышы менен куттуктайбыз. Жогорку Кеңеш деген аталышты конституцияга өзгөртуу киргизүү менен “Жогорку Жыйын” деп атап алыштарына тилектештигибизди билдиребиз!

 

 

“Майдан kg” гезитинин 03.05.2017-ж. №16 санындагы сын макалаларга карата “Хан ордо - 7 АТА” аталыктын керээздери

 

“Көчкү алдында 24 адам калды. Ким күнөөлүү?” макаласы боюнча

 

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында көчкү байма-бай жүрүп, адам өмүрлөрү кыйылууда. Бул жагдайга биринчи кезекте ӨКМ түздөн-түз күнөөлүү. ӨКМ министри “кооптуу жай” деген сөздүн маанисин түшүнбөгөндуктөн ушундай жагдай жаралып жатат. “Кооптуу жай” деген сөздүн маанисин премьер-министр, губернатор, райондун акими жана айыл башчылары да түшүнө бербегендиги адам өлүмүнө жол берген.

 

Карапайым кыргыз эли мамлекеттик бийликке ишенип жашап келет эмеспи. Эми ишенич кандай болот?

 

Неге министр баш, акими төш болуп өз ыктыярлары менен күтүүсүз адам өлүмү болгондогу күнөөнү жарым-жартылай өзүнө алуу менен заматта кызматтан кетишкен жок? Бул азаматтар “төө көрдум жок, бээ көрдум жок” болуп иштей беришсе дагы бир канча адамдардын өмүрү кыйылат.

 

Дагы бир себебине министрлик кызматка кесипкөй эмес, тааныш-билиш, партиялаштардын келишине парламент күнөөлүү деп эсептейбиз. Эми президенттик шайлоого ошол парламенттин кээ бир депутаттарынын аттанышына жол болсун. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш депутаттары “кооптуу аймак” боюнча маселени талкулоонун ордуна “чылым” маселесин талкуулап, убакытты текке кетиришүүдө.

 

Кечээ эле Украин тележурналистери “Любимый” телеканалынан Индонезия өлкөсүндөгү вулкан ойгонгон кооптуу жайды көрсөтүштү. Ойгонгон вулкандын ылдый жагындагы шаарча каңгырап бош, үйлөр жана тиричилик буюмдары ошол бойдон калыптыр. Демек алардын бийлиги так иштептир.

 

Кыргызстанда жер көчкүдөгү жагдай боюнча жашоочулардын жазган тил катын бийликтин бетке тутуп, кайта кооптуу аймактагы жашоочуларды күнөөлөшү - кечиримсиз күнөө деп эсептейбиз.

 

Керээз: Күнөөлүүлөр кызматтан кетиши керек! Жоопкерчилик болушу зарыл! Азыр да кеч эмес, жогорку жооптуу кызматка кесипкөй кадрлардын келишине жол ачылышы зарыл жана абийир менен иш тутуу менен элге чын дилден кызмат кылуу керек.

 

***

 

“Паспорттон кыргыз аты өчүрүлдү, эми жер бетинен өчүшү керекпи?”- аттуу макалага карата..

 

Кыргыз - тээ жер каймктагандан бери жашап келүү менен улутун жоготкон эмес жана азыркы учурда да жоготпойт. Биз канча айтсак дагы өзүбүз шайлап, өкүл кылып алып келген бийликтеги адамдарыбыз укпай койду. Ооба, ушул документтерге же улуту жок деген паспортту иштеп чыккан азаматтарды бийлике эл өзү алып келбеди беле. Шоордуу десе!

 

Балким кыргыз улуту деген атты жоготсо “революция-төңкөрүш” болбойт деген ой болушу да мүмкүн. “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өзүңдөн чыккан жат жаман”,- дейт элибиз. Паспортттон улутту чийип салган бийлик азаматтары арабызда. Ал өздөн чыккан жаттар биз менен катар жашоодо, аттарын атабай кое туралы.

 

Оо,калайык калк, эл журт! Аталык айткан сөздөргө кайдыгер болбогула. Ошондуктан “Хан ордо – 7 АТА” аталыгы президенттик шайлоого карапайым калк ичинен талапкерди көрсөтүү аракетинде. Аталыктын урааны: “акылдуунун тилин алып, көздуунун артынан эрчи”. Эгер силер бул ураанга кошулсаңар кыргыз улутунун жер бетинен өчүшүнө каршы турган болосуңар.

 

Эми биздин керээз:

 

Кыргыз улуту көчмөн эл болуп жашап турганда негизги мыйзамдарынын бири - 7 атаны жатка билүү болгон жан көкүрөк туюмда сактоо менен атадан балага өтүп турган. Мына ошол 7 атаны билүү кыргыз улутунун жер каймактагандан берки паспорту болгон. Ал убакта кай жерге барбагын, кай жерде болбогун - конокто 7 атаңды сурашкан. Жети атасын билбегенди “кул” дешкен. Белгилүү эри жок аялдан төрөлгөн балдарды “кул” деп аташкан. Балким, азыр “арабызда кулдар көбөйүп кеткен жокпу?”- деген суроо туулат.

Эми биз кайрадан “көчмөн элдин” мыйзамы: “7 атаны жатка билүү” менен атадан балага үйрөтүүнү колго алышыбыз керек. Биздин милдет улутум кыргыз деген ураанды жоготпой, эстен чыгарбай, келечек муунга калтыруу.

 

***

 

“Майдан kg” гезитинин  26.04.2017-ж., №15 санындагы:

 

“Балдарды мектепке эмес, согушка жөнөткөндөй коркунучту кантип жоюуга болот?”- аттуу макалага...

 

“Акыркы мезгилде республикабыздын аймагында жол-транспорт кырсыктары көп катталып, алардын көпчүлүгү адам өлүмү менен аяктоодо”- деп жазылган.

 

КР Конституциясынын 21-беренесинде жазылган: “Ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ”. Ал учурда аларды өлтүрүп, укугун ким бузууда (?) деген суроо туулат.

 

- Сапатсыз мыйзам иштеп чыккан парламентпи?

 

- Мыйзамды көзөмөлдөбөгөн прокуратура органыбы?

 

- Пара алып, туура эмес чечим чыгарган соттордун судьясыбы?

 

- Пара алган ИИМдин жол кайгуул кызматкерлериби?

 

Ооба! Чындыгында бул жаатта так иш аткарылган эмес деген тыянака келсек болот.

 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары менен премьер-министирдин күнөөсү “аябай көп” десек жаңылбайбыз.

 

Биринчиден, ЖК депутаттары кызматтык автоунааларын (башка автоунаага алмаштырып) мектеп окуучуларын ташыганга берсе болбойт беле?

 

Экинчиден, айыл өкмөттөрүнүн бюджети көзөмөлдөн чыгып кеткен. Ошондуктан кээ бир бай айыл өкмөттөр мектеп окуучуларына транспорт боюнча камкордук көрүүнүн ордуна, 3 миллион сом сарпташып (коррупциялык жол менен) кереги жок темир тор капталган мини-стадион курушууда. Кээ бир айыл өкмөттөр мектеп окуучуларын ташыганга жеке автоунаага акча бөлүшкөн, бирок дайыны жок.

Жол-транспорт кырсыгы боюнча  кээ бир журналистер жөнөкөй элден мааниси жок маек алуу менен чектелишүүдө.

 

Жол-транспорт кырсыктары адам өлүмү менен коштолушуна карата аталык керээз:

 

1. КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 281-беренесинин 2,3 п.п. “Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу” дегенди жокко чыгаруу менен бул берене боюнча жоосундукту жасагандарды ушул эле кодекстин 97- “киши өлтүрүү” беренеси менен жазага тартуу керек.

 

2. Бул учурда айдоо күбөлүгүн сатып алуу, ичимдик ичип автоунаа айдоо, автоунааны жогорку ылдамдыкта айдоо, пара берүү ж.б. фактылар комментариясыз эле жоголуп, тартип болот.

 

Бизде эң өкүнүчтүүсү, мыйзам иштеп чыгууда бийлик элди эмес, өз кызыкчылыктарын биринчи кезекте эске алгандыктары болууда.

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

“Хан ордо -7 АТА”аталыктын атынан 

Айтбай Абдыкадыров.

 

Булак: “Майдан kg” гезити  

Тема: