Алтын Эркебаева, соттолгон оппозиционер Б.Асановдун жубайы: “Бүгүн чындык тебеленип атат”

- Сот “бийликти басып алууга аракет жасаган”- деген шек менен камакка алынган оппозициялык ишмерлер, Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, көз карандысыз эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга үй-мулкүн конфискациялоо менен камакка алуу чечимин чыгарды. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов 4 жылга соттолуп, анын 3 жылы оозеки экени айтылып, дароо сот залынан бошотулду. Бул чечимде адилеттүүлүктүн изи көрүнөбү же сот кайрале бийликтин буйрутмасын аткардыбы?

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

 

“Так маалымат жок”

 

- Сот жабык эшик артында өттү. Анын чоо-жайын ал сотко катышкандар эле билбесе, калгандарыбызда так маалымат жок. Ошон үчүн ал соттун чечимине баа бериш кыйыныраак болот.

 

Касымбек Райымкул, адвокат:

 

“Бийлик адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жакка көңүл бурганы аба менен суудай зарыл”

 

- Эмнегедир эл ушул убакта өтө кайдыгер болуп калган убагы. Оппозициядагы адамдардын сотунда өкүм чыгып жатканда, соттун жанында алардын бир туугандары эле турушуптур, анан кайдагы элдин нааразычылыгы жөнүндө сөз кылабыз. Бирок бул кайдыгерлик жакшылыкка алып келбейт. Анткени, элдин кайдыгерлигинен пайдаланып, бийлик элине каршы келген кадамдарга барып коюшу мүмкүн. Элдин кайдыгер болгонунун негизги себеби оппозицияда эл ишенген адамдардын жоктугу болуп жатат окшойт. Экинчиден, элге кандай болсо дагы тынчтык эле керек болуп тургандай. Мурда болуп жүргөн чоң оюнчулардын дагы Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү болбой жатат. Болбосо кырдаал башкача болуп кетмек. Тынчтык болуп турганы жакшы, бирок бийлик адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жакка көңүл бурганы аба менен суудай зарыл.

 

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

 

“Текебаевди узакка олтургузуунун генералдык репетициясы болушу мүмкүн...”

 

- Бул соттун өкүмдөрүнүн да эки жагдайы бар. Мисалы Бектур Асановду облус башчысы катары, Убактылуу Өкмөттүн башчыларынын буйруктарын аткаргандыгын эске албастан, “Кадыржан Батыров менен байланышы бар” деп стадиондон сабап, башы жарылгандыгы туралуу көп эле кыргызстандыктар билет. Калгандарынын да бир аз элдин эсинде калган терс иштери бар экендигин эстен чыгарбоо керек. Анан бул иштерди, “Атамбаедин бийлигин чыңдоо аракети” деп түшүнбөстөн, “коррупцияга каршы күрөшү” деп түшүнгөндөр да аз эмес. Азыркы оппозиция маалымат каражаттарын азыраак пайдаланууда. Ал эми Атамбаевдин колунда ресурс да, сыйлык да бар экен. Ал да бир жагдайлуу пикирди пайда кылып, аны жайылтууга өбөлгө түзөт. Бул адамдарды узак мөөнөткө кесилиши, эл алдында Атамбаев уурулар менен, мамлекетке тынчтык каалабаган мамлекет душмандары менен күрөшүп жатат деген жалганды жайылтууну максат кылып тургандыгы сокур адамдарга да көрүнүп турат. Алдын-ала эле, эл арасында бир аз кадыр-баркы солкулдай түшкөндөрдү камашты. Эми, эч бир каршылык кылбаса, Текебаевди да чоң мөөнөткө камоо өкүмүн чыгарышат деп ойлойм... Бул, мындайча айтканда, Текебаевди узакка олтургузуунун генералдык репетициясы болушу мүмкүн...

 

Айбек Бусурманкулов, активист:

 

“Кыргыз мындай чечимдерге сынбайт. Тескерисинче курчуйт”

 

- Оппозиционерлерди болбогон шылтоо менен 12ден 20 жылга чейин камоо чечимин чыгарганы менен соттор бийликке толук көз каранды экенин далилдеди. Ал эми бийлик калган оппозиционерлерге “кимиңер баш көтөрсөңөр, силерди да камайбыз”- деген оюн билдирди. Бийлик акыркы аракеттери менен эл арасында өзү нааразычылык жаратып, элдин кыжырын келтирип жатат. Негизи бийликтеги аткаминерлер буларды “сындырып, ушундай чечим чыгарттык” деп отурушса керек. Бирок, мындай чечимдерге кыргыз сынбайт, кайра курчуйт. Адилеттүүлүк үчүн күрөш уланат. Бүгүн Б.Асановдун талапкерлери Жалал-Абадда жөө жүрүшкө чыгышты. Өкүнүчтүүсү, бийлик өткөндөн сабак албай, биринин артынан экинчи катасын кетирип жатат.

 

Адил Турдукулов, коомдук активист:

 

“Ак үйдүн заказы”

 

- Бүгүн алды 20, аркасы 12 жылга соттолгон инсандар менин оппозициядагы санаалаштарым. Көп иштерди чогуу жасап, башкасын пландап да жүргөнбүз. Ошондуктан мен аларды жакшы билген адам катары, кесе айта алам: аларда бийликти күч менен басып алуу аракети болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес болчу. Алардын камалышы менен бийлик биринчиден, эч кандай тоскоолдуксуз Конституцияны өзгөртүп алуу, экинчиси өз мураскерин марага жеткирүүнү максат кылган. Албетте, соттун чечими эч кандай мыйзамга дал келбейт. Ошондуктан бул чечимди чыгарган сот, ага буйрук бергендер дагы люстрацияланат, мезгили келгенде камалат.

 

Бул биринчи инстанциянын чечими. Сөзсүз түрдө биз апелляциялык арыз менен шаардык сотко, андан кийин Жогорку сотко кайрылабыз. Ага чейин саясый кырдаал өзгөрөт деп ишенем. Президенттик шайлоодон кийин буюрса, биздин атуулдарды абактан чыгарабыз.

 

- Сот Эркин Мамбеталиев тууралуу жазгандарыңызды жокко чыгар жана 50 миң сом айып төлө деген чечим чыгарыптыр. Соттун чечимине макулсузбу?

 

- Албетте макул эмесмин. Анткени, менин “Фейсбукка” жазгандарымдын баары шилтемелер менен коштолот. “Киллер” деп жазганым да Эркинге карата соттун чечимдери менен негизделген. Бул Ак үйдүн заказы. Мен соттун бул чечимин сөз эркиндигине басым, өзгөчө башка соцтармактын колдоонучууларына болгон эскертүү деп түшүнөм. Бирок, соттун “50 миң сом айып төлөсүн” деген чечими мыйзамсыз. Буюрса, мыйзам чегинде аны жокко чыгарабыз.

 

Зульфия Марат, Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү:

 

“Кыргызстанда 25 саясий туткун бар. Төртөөсү соттолду...”

 

- Ачыгын айтыш керек, эч кандай далили жок эле соттоп жиберишти. Мисалы, Эрнест Карыбековго “мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракет жасады” жана Өзбекстанды пайдасына “шпиондук” кылды дешип, жалпы 20 жыл жаза чегеришкен. Мына, соттолгондордун адвокаттары аларга тагылып жаткан беренелер боюнча бир да далил табылбаганын сөз кылышты. Чынында да, эч кандай акча, курал-жарак болбосо, кайдагы төңкөрүш? Мындай ниеттин болушу да мүмкүн эмес эле. Карыбеков суу-энергетикалык тармактагы коррупциялык схемаларды ачык айтканы үчүн бийликтин дүжүр эксперттеринин шылдыңдоосуна буга чейин да тушугуп келген. Ага карата тергөөдө мыйзам талаптары одоно бузулган. Мисалы, “Соттук-экспертизалык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамынын талаптары сакталган жок. Атайын экспертиза чыгарууга жөндөмдүү тараптардын реестринде жок жактар бүтүм токуган. Мыйзамда эксперттердин соттон көз каранды болбостугу айтылган, аны ким карап койду? Карыбеков президентти жана өкмөттү сындап келген. А эксперт катары аларга караштуу адамдарды дайындашыптыр, анан алардын кандай бүтүм чыгарары бештен белгилүү эмеспи. Негизи, тергөөнүн тапкан далилдери бүт жараксыз, жасалмаланган. Эми эң кызыгы, бийлик Эрнест Карыбековду камап, оозун жапкандан кийин, Атамбаев буга чейин 6 жыл катары менен камактагы эксперттин айткан кебин өзү кайталап чыкпадыбы жакында. Ошол эле Өзбекстан менен суу-энергетикалык маселелер боюнча алака тууралуу Карыбеков айткандарды Атамбаев айтып атат. Логика барбы, алардын баары туура болсо, эмнеге камашат? Адилетсиздиктен тумчугуп турабыз. Кыргызстанда учурда 25 саясий туткун бар. Төртөөсү соттолду. Биз муну жон койбошубуз керек. Күрөшөбүз. Саясий туткундарга боштондук!

 

Жаныл Кумашева, соттолгон оппозиционер К.Кадыровдун жубайы:

 

“Күйөөм ак жеринен караланып, зынданга түштү”

 

- Тергөөнүн жүрүшүндө эсептеп көрсөк Кылмыш-процессуалдык кодексинин 20 беренеси бузулуптур. Аларга тагылып жаткан айыптар боюнча бир да далил табылган эмес. Бийликти басып алуу аракетин армиясы бар, курал-жарактуу, акчалуу топко жабыштырса болот. 1-2 адам эч нерсеси жок кантип басып алат? Күйөөм ак жеринен караланып, зынданга түштү. Бирок биз күрөштү улантабыз!

 

Алтын Эркебаева, соттолгон оппозиционер Б.Асановдун жубайы:

 

“Бүгүн чындык тебеленип атат”

 

- Бул кылмыш иши башынан баштап эле мыйзамсыз козголгон. Соттун чечими чыкты. Күйөөмө 12 жыл беришти. Ушул эле берене менен Ташиевдер камалганда, алардын соту ачык жургөн. А биздикилерди жабык эшик артында соттошту. Бир жылдан бери зордук-зомбулук менен МУККнын абагына киргизип алышып, жабык эшик артында соттошту. Күч органдарынан моралдык басымына тушуктук. Кышында калың кар жаап, суук катуу турганда бизди жада калса соттук имарат ичине киргизбей, кайтарышты.  атканда киргизбей атты сотко. Күйөөлөрүбүз тууралуу эмне деген гана кептер айтылбады. Ошондуктан, журналисттерге, сотко ишенип болобу? Бүгүн чындык тебеленип атат. Муну биз 1 жылдан бери жонтерибиз менен сездик. Бийликтин басымы астында күн кечирдик. Эгерде 2005-10-жылдардагы саясий мотив менен камалгандарга чечим чыгаргандан жазасын алганда, азыр мындай көрүнүш болмок эмес. Себеби, соттордор ошол эле адамдар олтурат. Учуру келет, мыйзам алдында алардын да жооп берчү күнү бардыр...

 

Элмира Карыбекова, соттолгон эксперт Э.Карыбековдун жубайы:

 

“Кимдир-бирөө бийликтин кулагына жакпаган кеп айтса, дароо камашат...”

 

- Эрнестти Өзбекстандын пайдасына шпиончулук кылган дешет. Бирок буга алардын эч кандай далилдери жок болуп чыкты. Күйөөм энергетика, коррупция боюнча бийликке ачык сын айтып келген. Ал дал ушул үчүн гана камалды. Бийлик ээлери элди укпай калган. Эч кимди угушпайт. А эгер кимдир-бирөө кулагына жакпаган кеп айтса, дароо камашат. Эрнестке карата бул жаатта айыптар бир гана алардын агентинин көрсөтмөсүнүн негизинде түзулгөн. Аны өзгөчө кайтарууда алып келип, апкетип жатышты. Бир адамдын айтканы менен кантип адамды соттосо болот? Экинчиден, Өзбекстан атайын кызматынын агенти катары айтылып аткан Парпиевдин чын эле ошондой экенин далилдеген бир да кагаз көрсөтүлбөдү. Ал катардагы эле атуул, ишкер болуп чыкты. Айтор, чындык тепсендиде калганын көрүп, жан кашайууда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити