Кыргызды сыздаттыбы?

 

Аташкасынын “сапсарышкасы” Сапар Исаков деген учурунда Максим Бакиевдин көздөй көргөн баласы болгон. Ал Максим Бакиевге “коррупциялык схемалар” боюнча идеяларды бергени үчүн жагып, жанында оң колу болуп жүргөн. Мына ошол Бакиевдин куйругу бүгүн Атамбаевдин жанында жандай көргөн кадрына айланды. Башкаларды “бакиевчилер” деп күнөөлөгөн Атамбаев эмнеге жанында чыныгы бакиевчини алып жүрөт? Анын себеби жөнөкөй эле.

 

Сапар Исаков Максим Бакиевге жагып жүргөн “идеяларын” азыр да аткарып, анын арты менен Атамбаевдин жана өзүнүн жеке казынасын кампайтууда. Буга далилдүү фактылар толтура. Кытайлык “Чайна Роуд” жол куруу компаниясы көп жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жол куруп келүүдө. Ал, акыркы жылдары, тактап айтканда 2010-жылдан кийин өтө чоң суммаларды жол курууга короткон. Башкача айтканда тышкы карыздын 2 млрд долларга көбөйүшү “Чайна Роуд” аркылуу жол курууга жумшалган каражаттар. Кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы Кыргызстандын аймагындагы жол куруу боюнча жүргүзүлгөн тендерлерге катышпай эле жол курган негизги компания катары белгилүү болуп калды. Себеби, анын артындагы “көмүскө” колдоочусу Сапар Исаков экени баарына эле белгилүү болбосо керек.

 

Кыргызстандын аймагындагы башка жол куруучу компаниялар жолдун 1 чакырымын 500 миң доллардан 750 миң долларга чейин курат. Ал жолдун курулуусундагы чыгымдарына, жайгашкан аймагына жараша. Ошол эле кезде жол куруучу компаниялар мамлекетке салык төлөшөт.

 

Сапар Исаков жана Калык Султанов колдоо кылган “Чайна Роуд” компаниясы 1 чакырым жолду 1 миллион 535 миң 150 доллардан – 3 миллион 112 мин 468 долларга чейин чыгымдап курган.

 

Булар Бишкек-Балыкчы жолундагы 147-172- км аралыгындагы айланма жолду кайрадан оңдоого жалпы суммасы 38 миллион 378 мин 771 АКШ долларын чыгымдаган, ошондо 1 чакырымына 1 миллион 535 мин 150 доллар сарптаган. Арал – Казарман авто жолундагы 195-291- км аралыгындагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунунун долбооруна 96 чакырым үчүн 298 миллион 796 мин 966 АКШ доллары менен куруп жатышат. Ошондо 1 чакырым жолго 3 миллион 112 миң 468 доллар чыгымдалат. Ушундай эле өлчөмдөгү жолдун бир чакырымын башка компаниялар 750 миң доллар менен куруп берүүнү сунушташкан.

 

Тилекке каршы, Сапар Исаков менен Калык Султанов “көмүскө” кожоюндук кылып, коррупциялык аракеттерин “Чайна Роуд” аркылуу ишке ашырып жаткандыгына байланыштуу башка компанияларга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Ал тургай “Чайна Роуд” мамлекеттин казынасына 1 сом да салык төлөбөйт. Муну менен Сапар Исаков, Калык Султановдор аябай чоң суммадагы каражаттарды уурдап жатышат. Булардын кесепетинен, Кыргызстандын тышкы карызы 6 жылда 4 миллиард 105 44 долларга жетти. Ушул жүйөөлүү себептерден улам, мурдагы Максим Бакиевдин эң ишенимдүү, коррупциялык схемаларынын түзүүчүсү Сапар Исаков президенттин жанында эмнеге эркин жүрөт деген суроо жаралат. Мындай келемиштер жазага тартылуунун ордуна бүгүн президенттин эң жакын адамы катары кызматтан-кызматка көтөрүлүп жатканы өкүнүчтүү.

 

Акыркы жылдары карыздын 2 миллард долларга көбөйүшү Сапар Исаков менен Калык Султановго байланыштуу. “Чайна Роуд” компаниясы Сапар Исаковдун колдоосуна таянып 2-3 эсе кымбат чыгым менен жол куруп, ашкан суммаларды Сапар Исаковго берип жатат. Муну текшерген эч ким жок, булар ээн эркин элди карызга батырып, өздөрү байып жатат. Эки-үч адамдын ачкөздүгүнөн улам Кыргызстандын 6 миллион калкынын ар биринин мойнуна 22 000 сом карыз илинүүдө. Акыркы 6 жылдагы өскөн 2 млрд карыздын 1 млрд доллары Калык Султанов менен Сапар Исаковдун чөнтөгүнө кеткен. Президенттин энчисине канчалаган пайызы кетип жатканы ал табышмак…

 

Фейсбуктагы “Тикенек” баракчасы

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=421263151548386&substory_index=0&id=370001810007854&__mref=message_bubble)

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.