Ой-илик

 

- Евробиримдиктин аттуу-баштуу жетекчилери Алмаз Атамбаевге “демократиянын архитектору”- деген комплимент айтышыптыр. Ал бул баага татыктуу иш алып бара алдыбы?

 

Рита Карасартова, жарандык коомдун өкүлү, адвокат:

 

Башмыйзамды алмаштырып, демократиялык жолдон тайды”

 

- Алмаз Атамбаев демократиянын архитектору дегидей татыктуу иш алып бара алган жок. Анткени, президент Башмыйзамды алмаштырып, демократиялык жолдон тайды. Башкача айтканда, референдум менен Конституцияны алмаштырып, мамлекетти  бир топ артка  тартып, мыйзамдуулукту жана коомдук келишимди бузду.

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

 

“Атамбаев прораб болушу мүмкүн. Бирок, негизги архитектору - Текебаев”

 

- Президент “демократиянын архитектору” деп баалай турган иш кылган жок. Башкача айтканда, ал алек болгон  иштерди демократия деп айтууга болбойт. Бул олигархат! Латын Америкасында жана Азия-Африка мамлекеттеринде көп жылдар бою ушундай компрадордук режимдер орногон. Атамбаев балким прорабтыр бул системада. Бирок негизги архитектору Текебаев. Так ошол кишиге "ыраазычылыгыбызды" билдиришибиз керек, партиялык парламентаризм деп атып, капчыктуу-уруулардын колуна бийликтин баардыгын тапшырганы үчүн!

 

Курманбек Мамбетов, “Объектив” гезитинин башкы редактору:

 

“Былтыркы референдумдан баштап демократия курулду деп чечтикпи?”

 

- “Демократиянын архитектору” дегени “Атамбаевге чейин демократия жок болчу, аны Атамбаев куруп салды” дегенди билдиреби? Демократия Башкы мыйзамга негизделеби, андай болсо, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизги авторлору ким же былтыркы референдумдан баштап демократия курулду деп чечтикпи?

 

Клара Сооронкулова, экс-судья:

 

“Президент тарыхый мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана алган жок”

 

- Кайдагы архитектор? Балким, бирөө жарымы тамсилдеп айткан чыгаар. Парламентариздин архитектору боло тургандай президент тарыхый мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана алган жок. Тескерисинче, 7-апрелде жаралган үмүт, тилек, максаттарыбыздын баарын тебелеп тепсеп жокко чыгарды.

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

 

“Чынында мындай баа комплимент гана болушу мүмкүн”

 

- Чынында мындай баа комплимент гана болушу мүмкүн, анткени дүйнөлүк абройлуу Heritage Foundation, Global Economic Prospects (Всемирный Банк), и World Economic Outlook (МВФ) адистеринин баамында биздин өлкө андай деңгээлге жете элек экенин тастыктаган жыйынтык чыгарышып, биздин мамлекетти 89-орунга коюшуп, терең реформа болбогонун, коррупция өсүп, өнүп жатканын, мыйзамдар алсыз экенин жазышкан. Бул көз карандысыз уюмдардын көз карашы, ал эми саясатчылар кырдаалга жараша ачуу чындыкты айтып турушат.

 

Болот Абдыжапаров, журналист:

 

“Президент өзүн чыныгы демократ көргөзгүсү келип жатат”

 

- Алмазбек Атамбаевдин бир айткан сөзү экинчисине дал келбей тургандыгына көнүп бүткүдөй болдук. Маалымат жыйында КСДП партиясы президенттике талапкер сунуштайт деген жайы бар эле. Бирок,  Европага барып алып, “кийинки президент ким болоорун билбейм”- деп өзүн чыныгы демократ көргөзгүсү келип жатат. Эгер Кыргызстан европалыктарга жаккан парламенттик өлкө болсо, бул Алмазбек Атамбаевдин эмгеги эмес. 7-апрелде көз жумган токсон баланын өмүрү, майып болгон миңдеген адамдын эрдиги менен келген нерсе. Европалыктар ошол кан менен келген бийликти ээлеп алгандыгы үчүн эле Алмазбек Атамбаевди “демократиянын архитектору” деп атап жаткан болсо, анда эч нерсе деп айта албайм.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити