Мүлк талаш...

 

Учурда Максим Бакиевге таандык экендиги айтылган мүлктөрдүн кандайча сатылып кеткени боюнча ЖКнын депутаттык комиссиясы иш алып барууда. Аны түзүүгө мурда Максим тартып алып, азыр эми мыйзамдуу ээсине өтүп аткан Скрябин көчөсүндөгү 1,28 гектар жердин тагдыры себеп болгон. Бирок, депкомиссия түзүү жагын демилгелеген К.Исаев чындыгында “ата-мекенчилер” Апрель революциясынан кийин рейдерлик жол менен ээлеп алган объектини коргоп калууну максат кылынганы акыркы жумада ачыкка чыга баштады.

 

Мына ошондуктан, өткөн жумада коррупцияга каршы эксперттик топтун өкүлдөрү “Максим Бакиевге тийешелүү НТС телеканалы эмнеге Убактылуу өкмөт түзгөн улутташтырууга жаткан объектилердин тизмесине кирбей калган?”- деген суроо узатышты. Эске салсак, НТС (анда ВОССТ) алгач бизнесмен В.Хонго карачу. Кийин ошол Хон азыркы “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Ө.Бабановду телекомпанияны жана нефтебазасын рейдерлик  жол менен тартып алганын айтып, кирбеген жери калган эмес. Ага азыр токтолуп олтурбай, НТСтин тарыхына көз салалы.

 

НТСти “Аянт” ЖЧКсы (ээси Николай Прядкин – Бишкектин тургуну, уставдык капитал 100 миң сом) 2001-жылдын 30-ноябрында түзөт. 11-декабрда (ошол эле жыл) учредителдердин катарына 40 пайыздык үлүш менен Бабановдун жээни Жаныбек Сагадылда уулу киргизилет 2004-жылдын 24-июнунда “Аянт” атын “Mansfield international inc.” катары өзгөртүп, Сейшел офшордук аймагында каттоодон өтөт. Компания германиялык атуул Георг Кохко катталат. 2007-жылдын 24-октябрында компаниянын ээси алмашып, Кохтун ордуна В.Мальсагов деген адам “Stonebridje Holdings ltd” компаниясы менен келет, алар Белиз аймагында каттоого алынган. Билермандар ушул күндөн баштап Максим Бакиев 100 пайыз НТСти көзөмөлгө алганын айтып келишет. В.Мальсагов 100 пайыз үлүштү 17,5 миң долларга баалап, сатып алыптыр. Күлкү келерлик да, себеби ал кезде эфирдик лицензия алуу эле миллиондогон доллар турчу. Эң кызыгы – дал ушул маалда Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри болуп дайындалат. Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү? Же телеканалды берип кызматка олтурдубу?

 

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Бабановдун адамдары 2007-жылдагы 100 пайыз үлүш Мальсаговго өткөн келишимди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган. Түштүктө абал оор болуп, улут аралык жаңжал басандабай жаткан учур болчу. Баары эл-жердин бүтүндүгүн ойлоп, Кудайга жалбарып атса, булар акырын сотко барып, НТСти кайтарып алууга жетишкен. Ошентип, 2010-жылдын 3-ноябрында ээлик кайра “Аянт” ЖЧКга өтүп, Георг Кох кайрадан пайда болот. 2011-жылдын 14-октябрында “Аянт” ЖЧКсын жабылып, НТСтин 100 пайызы “Траст Медиа” ЖЧКга берилет, анын түзүүчүлөрү Людмила Мухамедвалиева менен Айнура Мусабаева.

 

А бирок карап көрсөк, Скрябиндеги участоктун таржымалы менен НТСтики окшош болуп жатпайбы. Айырмасы, НТС Максимдин колуна өткөндө ээси компенсация катары кызмат алса, Скрябиндеги участок эси М.Ахматов бир тыйын да албай, түз жерден куураган. Бизде мыйзам баарына тегиз болушу керек эле, анда эмнеге депутаттык комиссия бир беткей иликтөө жүргүзүп атат?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.