Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев Европага иш сапары менен барып, бир катар атка минерлер менен жолукту. Президенттик аппараттан кабарлашкандай эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө каржылык документтерге кол коюлду. Евробиримдиктин төрагасы Кыргызстанда өтчү президенттик шайлоого дагы кызыкты. Ал ортодо Башкы прокуратура «Ата Мекен» фракциясынын дагы бир депутаты Алмамбет Шыкмаматовго иш козгоп, аны «коррупцияга» айыптоодо. Быйыл август айында ЕАЭБдин жаңы талаптары күчүнө кирээри белгилүү болду.

 

Европа Биримдиги Кыргызстанга 23 млн евро бөлөт

 

Европа Биримдиги Кыргызстанга гранттык негизде 23 млн евро бөлө турган болду. Бул боюнча 2 келишимге 16-февралда Брюсселде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Европа биримдигинин эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Жогорку комиссары Немен Мимика  кол коюшту. Келишимдер боюнча 12 млн евро сот системасын реформалоого жумшалат, калган 10 млн евро айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүүгө бөлүнөт.

 

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» телеканалына интервью берип жатып, «Европа триллиондогон долларларды согушка жумшагандан көрө Кыргызстанга инвестиция кылса, өнүгүүлөргө жумшап, экономикасы күчтүү мамлекет курабыз», — деп айткан. Эл аралык маселелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовдун ою боюнча, Европанын максаты Орто Азияда демократия процесстери өнүккөн өлкөлөрдү колдоо болуп саналат. Ошондой эле, Кыргызстан Орто Азияда геосаясий жактан орчундуу орунда тураарын айтып, бир гана ЕАЭБге чектелбестен башка мамлекеттер менен да соода-эномикалык байланыш куруусу зарылдыгын белгилейт.

 

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанга каражат бөлгөн донорлор аз. 2015-жылы ЕАЭБге кирген мамлекеттер, тагыраагы Орусия ар бир кварталда 30 миллион доллар берип турган. 2016-жылы бул каржылоо токтоп калган. Ошондуктан президент Алмазбек Атамбаевдин чет жакка баргандагы бир эле максаты, инвестиция тартуу. Учурда ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр экономикалык жактан кыйналып жатышат. Ошондуктан Кыргызстан соода мамилелери боюнча Кытай жана Европа өлкөлөрү менен байланышты күчөтүүсү зарыл. 

 

Акыркы 3-4 жылда кыргыз-бельгия мамилелери жакшырганы айтылууда. Кыргызстандын президенти бир дагы чет мамлекетте мындай деңгээлдеги жолугушууларга жетишкен эмес. Өзгөчө Бельгиянын королу Филипп менен жолугушуу эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүүдө ролу зор экени айтылууда. Атамбаев, Бельгияга 2013-15-жылдары да барган. Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Асеин Исаев, бул боюнча айрым маалымат сайттарга өз оюн билдирген. Ал Бельгияны Кыргызстандын айыл чарба тармагы кызыктыраарын айткан.

 

— Бүгүнкү күндө Белгияны өзгөчө айыл чарба тармагы кызыктырат. Анткени өзүңөр билгендей, Европанын айыл чарбасы өтө жакшы өнүккөн. Алар учурдагы пайдага эмес, он жылдан кийин бул тармак кандай өнүгө алаарына маани беришет.  Бельгиялыктар биздин климматтык шартты, мыйзамдарды изилдеп чыгып, “силерде мыкты азык-түлүк продуктыларын өндүрсө болот”- деп айтышкан. Бирок алар системалуу түрдө иштешет. Алгач каражат чогултуп, мүмкүнчүлүктөрдү изилдешет. А биздин өлкөдөгү көйгөй — өндүрүшчүлөр товарын экспорт кыла алышпайт. Ошондуктан алар Европага керектүү товарларды өндүрүүгө, аны сатууга жардам берүүнү көздөшүүдө. Бул татаал процесс, бирок жакшы натыйжа берет деп үмүттөнөбүз.

 

Кыргызстан 2016-жылдын башында ВСП+ макамын, анын алкагында 6 миңден ашык товарды Европа өлкөлөрүнө алып чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Экс-депутат Равшан Жээнбеков, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү дипломатиялык мамилеси символикалуу түрдө гана болуп, саясий-экономикалык мамилелери солгун экенин айтат.

 

Символикалуу түрдө Европа Биримдиги менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилеси бар. Бирок Грузия, Молдова же азыркы күндөгү Украинадай болуп Европа мамлекеттери менен саясий-экономикалык мамилелерди кура алган жок. 

 

Президенттин иш сапары алкагында, бельгиялык археолог, Брюсселдин Эркин университетинин ардактуу профессору Жан Бланкофф, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу архивдик материалдарды Кыргызстанга берди. Бул салтанатта Атамбаев Айтматов бир гана кыргыздын эмес, дүйнө элинин жазуучусу экенине сыймыктанганын айтты. Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу материалдарды чогулткан Бланкоффго ыраазычылыгын билдирип, бул маалыматтар өтө баалуу байлык экенин белгилеп, Кыргызстандын музейлеринде жана Айтматовдун үй-музейинде сактала турганын белгиледи. Сөзүнүн аягында Бланкоффго символикалуу боз үй белек кылды.

 

-Мен бул жерде Чынгыз Айтматовдун санаалаштарын көрүп жатканыма кубанычтамын.  Чынгыз Айтматов мен үчүн да жакын болчу, мен муну биринчи жолу айтып жатам. Дүйнөгө таанымал болгон Айтматовдун ар бир чыгармасы өзүнчө адеп-ахлактык сабак. Айрымдарынын маани-маңызы убакыттын өтүшү менен билинет. Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу архивдик материалдарды Кыргызстанга бергендиги үчүн Бланкоффтун үй-бүлөсүнө абдан ыраазымын. Ал жердеги аудио, видео, фото материалдар Айтматовду изилдегендер үчүн абдан баалуу мурас.

 

Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары уланып 17-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына учуп барды. Иш сапарынын жүрүшүндө коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышып, Германия Канцлери Ангелла Меркель менен жолугушту.

 

Анда өлкө башчы Меркелди кыргыз-немис кызматташтыгынын 25 жылдыгына карата орден менен сыйлады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Сыйлык менен кошо президент Алмазбек Атамбаев канцлерге анын өткөн жылкы Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы тууралуу сүрөт альбомун тапшырды. Ангела Меркел буга терең ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга сапарын дайыма жылуу маанай менен эскерерин билдирген.

 

Атамбаев Европа сапары алкагында «Евроньюс» телекеналына интервью берүүгө жетишти. Анда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөш, терроризмге бөгөт коюу, диний кырдаал, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуусу тууралу кеп болгон. Ошондой эле Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу курч суроолор орун алган.

 

Президенттик шайлоо демекчи Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Кыргызстандагы президенттик шайлоого кызыгып, Алмазбек Атамбаевден анын «мураскери» тууралуу сурады. Бул коомчулукта кыргыз шайлоолоруна ири мамлекеттердин кийлигишиши боюнча маселенин козголушуна себеп болду.

 

Дональд Туск Кыргызстандын кийинки президентине кызыкты

 

Кыргызстандын кийинки президенти ким болоору кыргыз жарандарын эле эмес дүйнө коомчулугун кызыктырып жаткандай. Ажолук жарыш жакындаган сайын дүйнөдөгү ири мамлекеттер өлкөдөгү президенттик шайлоого кыйыр да, түз дагы таасир этүүгө аракет кылаарын талдоочулар айтышат. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга болгон сапарында бул маселени Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск дагы көтөрүп, кыргыз президентине анын «мураскери» тууралуу түз суроо берди.

 

- Мен үмүттүнөм, кийинки президент жана сиздин «мураскериңиз ким болоорун жок дегенде сиз билсеңиз керек.

 

Эксперттер мунун өзү Европа өлкөлөрү Кыргызстанда болчу шайлоого канчалык маани берээрин далилдеп койгонун боолгошууда. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык талкууланган жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев Дональд Тускка жооп берип, Кыргызстандын кийинки президенти ким болоорун өзү дагы билбей турганын айтып ишендирди.

 

— Мен билбейм. Бизде чындап эле таза шайлоо болот. Кийинки президент ким болоору белгисиз болгондуктан, мамлекет үчүн кам санап жатам. Бизде мыйзам боюнча ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде шайлоо өтөт.

 

Атамбаев Европа лидерлери менен болгон жолугушууда Батыш өлкөлөрү Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүгө жетишсиз каражат бөлүп жатканын айткан. Бул тууралуу айрым жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.

 

Европа мамлекеттери жана бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун аз эмес каражат бөлүп келгени белгилүү. Эксперттер буга окшогон каржылык көмөктөр өткөн шайлоолордун жыйынтыктарына таасир этип, тышкы күчтөрдүн шайлоого аралашуусуна жол ачат деп кооптонуп келишет. «Жарандык көзөмөл комитетинин» координатору Динара Ошурахунова буга окшогон сөздөр суу кечпей турганын айтууда.

 

- Европа өлкөлөрүнүн бир гана кызыкчылыгы бар ал, ачык-айкын, демократиялуу шайлоо өткөрүү. Алар Кыргызстан менен макулдашууларды кылып жатканда каражаттын максаты бүт жазылат. Эгерде биздеги шайлоолорго кийлигишүүлөр болсо, кыргыз саясатчылары эчак эле айтып чыкмак.  

 

Маалымат боюнча Кыргызстандагы демократияны колдоого берилген каражаттардын басымдуу бөлүгү Борбордук шайлоо комиссиясына жана Мамлекеттик каттоо кызматына которулат. Шайлоодо колдонулган автоматтык эсептегич урналардын көбү гранттар аркылуу алынганы дагы белгилүү.

 

Ал эми өлкөдө болчу президенттик шайлоого дүйнөдөгү чоң мамлекеттер ар дайым кызыктар болуп келгенин, өзгөчө Кыргызстанга болгон таасирин арттырууга аракет кылышаарын коомдук ишмер Жыпар Жекшеев төмөнкүчө айтып берди.

 

- Дүйнөдөгү чоң саясий оюнчулар биздеги шайлоолорго кайдыгер мамиле кылбайт. Алар кайсы гана мамлекет болбосун өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн аракеттерин токтотпойт. Өзгөчө Кыргызстан Борбор Азияда эң ачык жана «назик» мамлекет. Андыктан алар өлкөдөгү саясий топторду же саясатчыларды каржылап, өз саясатын биздин мамлекетте жүргүзүүнү максат кылбаса дагы Орусиянын бизге болгон таасирин азайтууга аракет жасашат.  

 

Европа өлкөлөрү кыргыз шайлоолоруна кийилигишпей турганын мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов «Марал» радиосуна билдирген. Бул иште Орусиянын таасири күч экенин белгилеген саясатчы, президенттикке талапкерлердин дээрлик баары керек болсо Кремлден бата алып келээрин ачыктаган эле.

 

- Мен көп жылдан бери саясатта жүрөм. Америка биздин шайлоого кийлигишпейт. Азыр президент болом дегендер жана алардын сүрөөнчүлөрү менен сүйлөшсөңөр «Москвадан макулдук алыптырбы? Кремлден уруксат алыптырбы анан акчаны бериптирби?» дейт. Мунун эмнесин жашырабыз. Алар таасир берип келишкен, бул ирет да таасир бериши мүмкүн. Бирок, менин угушума караганда ушуга чейин алардын тандоосу бүтө элек экен.  

 

Конституция боюнча президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтөөр жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисине белгиленет. Башкача айтканда быйыл Кыргызстанда өлкө башчыны шайлоо 19-ноябрга туш келет. Бирок, бул шайлоо күнү белгиленди дегенди билдирбейт. Анткени, шайлоону дайындоо боюнча акыркы чечимди Жогорку Кеңеш чыгарып, токтом кабыл алышы зарыл. Парламент ал токтомду иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтөөрүнө төрт ай калганда кабыл алат.

 

Учурда президенттик шайлоого катышаарын мурдагы премьер-министр Темир Сариев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев расмий билдирди.

 

«Республика-Ата Журт» фракциясы Өмүрбек Бабановду фракциянын атынан президенттикке жалгыз талапкер катары көрсөткөнү белгилүү болгон. Андан сырткары «Кыргызстан демократиялык кыймылы» мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду президенттикке жылдырса, Эсеп палатасынын мурунку башчысы Элмира Ибраимова дагы президенттикке ат салышаары айтылууда.

 

Депутат Шыкмаматовго иш козголду

 

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш ишин козгоду. Аны менен кошо эле Эсептөө палатасынын бир катар жооптуу кызматкерлери коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатат.

 

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматкери Алманбет Абдрамановдун кабарлашынча 2011-жылдын 20-сентябрында  Эсептөө палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов тарабынан кызматтык жеңил автоунаа сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзүү тууралуу буйрук чыгарылган. Анын курамына жети адам мүчө болуп кирген. Абдраманов билдирген боюнча, анда «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзам бузулуп, анын натыйжасында иш козголуп отурат:

 

— КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзамы бузулуп, тендер өткөрүлгөн эмес. Эсептөө палатасынын аудиторлору жеке жактар аркылуу автоунааларды табышып, алдын ала бүтүмгө келишип, жалган документ аркылуу мамлекеттик сатып алууну ишке ашырышкан. Анын негизинде КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсептөө палатасынын кызмат адамдарына карата КРнын кылмыш жаза кодексинин 303 жана 315-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.  

 

Прокуратуранын билдиргени боюнча, депутат Алмамбет Шыкмаматов Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, өткөрүлбөгөн тендер аркылуу жубайына таандык «Элеганс» автоунаасынын баасын жогорулатып, 14 миң 637 долларга саткан. Бирок баалоочулар андай унаалардын баасы базарда 10 миң доллардан ашпай турганын эсептеп беришкен. Эл өкүлү прокуратуранын бул айыптоолорун толугу менен четке кагып, ага саясий негизде кылмыш иши козголгонун айтууда. Ал биздин радиого бул иш боюнча комментарий берип жатып, Эсептөө палатасы анын жубайына таандык автоунааны сатып алганын тастыктады. Бирок ал унаа тендер жолу менен алынганына ишендирүүдө:

 

— Мага саясий негизде иш козголду. Бул жөн гана актануу иретинде айтылган жок. Ооба, Эсептөө палатасы менин жубайыма катталган автоунааны тендер аркылуу сатып алган. Ал тендерге мен катышкан эмесмин жана тендерге тиешем жок. Экинчиден Эсептөө палатасы ошол жылы 4 кызматтык автоунаа сатып алган. Анын үчөө жарактан чыгып калып, менин келинчегимен алынган унаа ушул убакка чейин жүрүп атыптыр. Демек бул жерде эч кандай зыян келген эмес, коррупция дагы жок. Биз башынан эле мындай иштерди бийликтин кысымы деп айтып келе жатабыз, андан коркпойбуз. Эми башка аргабыз жок. Камаса камап салышсын.  

 

Саясат талдоочулар депутатка козголгон кылмыш ишин «Ата Мекен» партиясы менен бийликтин ортосундагы компроматтык күрөш катары баалашууда. Аталган партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташка салып жаткан үйүнүн жери Максим Бакиевге таандык экенин жана өлкө башчынын мүлкү тууралуу бир катар жабык маалыматтарды коомчулукка ашкере кылган. Саясат таануучу Эмил Жураев бийлик менен партиянын ортосундагы компроматтык тиреш күндөн-күнгө курчуп, анда бийликтин ресурсу үстөмдүк кылып жатканын белгилейт:

 

— Эч ким деле күмөн санабайт. Бул компроматтар күрөшүнүн уландысы. Анткени, акыркы кезде бийлик тараптан жана «Ата Мекен» партиясы тарабынан максаттуу түрдө бири-бирин каралоо жүрүп жатат. Анда бийликтин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болуп жатат. Себеби алардын колунда укук коргоо органдары бар.

 

Башкы прокуратура 2016-жылдын 26-декабрында  «Ата Мекен» фракциясынын дагы бир депутаты Аида Саляновага кылмыш ишин козгогон. Ага Юстиция министри болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген кине коюлууда.

 

Өмүрбек Текебаев болсо Атамбаевдин байлыгы боюнча Кипрден маалымат алганын жарыялаган. Президент Текебаевдин айткандарын иликтөөнү Башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырып, анын негизинде 17-февралда Текебаев прокуратурага чакырылып, көрсөтмө берди.

 

«Өкмөт ЕАЭБдин жаңы талаптарына даяр эмес»

 

Бул тууралуу «Өнүгүү Програсс» фракциясынын жыйынында айтылды.  Талапты аткарууга бүгүнкү күнү Орусия менен Казакстан убада кылган каражаттар толук  келе элек. Эми алдыңкы жарым жылда Кыргызстан шарттарды аткарбаса, биримдикке товар экспорттоо мүмкүнчүлүгү азаят.

 

Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстандын алдына койгон 35 талаптын 18 талабы 12-августа күчүнө кирет. Тааныштыра турган болсок:
Темир жол коопсуздугу боюнча;
Темир жолдун инфраструктурасындагы коопсуздук боюнча;
Таңгактоо боюнча коопсуздук;
Пиротехникалык каражаттардын коопсуздугу;
Балдар жана өспүрүмдөргө арналган продукциялардын коопсуздугу;
Оюнчук коопсуздугу;
Лифттердеги коопсуздук;
Жеңил-өнөржайдагы коопсуздук;
Тамак-аш, өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу;
Тамак-аш продукциялардагы маркировкалоо;
Шире жана мөмө-жемиштерге карата техникалык регламент;
Май жана май продукцияларына карата техникалык регламент;
Эмерек продукцияларындагы коопсуздук;
Атайын тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу;
Кошумча тамак-аш коопсуздугу. Ага ар кандай витаминдер кирет;
Жарылуучу заттар боюнча коопсуздук;
Сүт азыктарынын коопсуздугу;
Эт жана эт продукцияларынын коопсуздугу турат;


Бул 18 талапка өкмөттүн даярдыктары менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы таанышып, өкмөт даяр эмес деген жыйынтыкка келди. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев «ЕАЭБ талаптарын аткарууга лаборатория маселесин чечүүгө каражат  жок», — дейт.

 

—  Өкмөт даяр эмес! «Бул талаптарды аткарууга акча жок. Эгерде Орусия менен Казакстан каражат берсе  эле аткарабыз»- деген жооп берип жатышат. Бирөөгө ишенбей өзү акча издеп, лабораториянын ичиндеги жабдууларга акча таап уюштурса болот эле. Аткаруучу бийликтин мындай аракеттери жок. Ошондуктан ЕАЭБ талаптары боюнча жоопкерчиликти ким алат? Буга өкмөт башчы жооп бериши керек!

 

Бүгүнкү күнү бул 18 тармакка тең лаборатория маселесине Казакстандан 2015-жылдан бери каражат күтүлүп жатат. Бирок, коңшу Казакстан убада кылган 100 млн доллардын 40 млн долларына тизме берилген. Анын ичинен Казакстан 7,5 млн долларын берүү макулдугун берген. Ал эми таңгак боюнча 68 көрсөткүчтүн 11 көрсөткүчүнө Кыргызстан жооп берет. Бирок өкмөт 18 талаптын 13 түрү боюнча сертификаттарды берүүгө даяр экенин экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров айтууда. Учурда алардын 65-70 пайызына оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Август айына чейин кошумча дагы оңдоолордон өткөрүлөт деди, ал.

 

— 18 техникалык регламенттин 13 боюнча бизде сертификат берүүчү мамлекеттик органдар бар. Анын ичинен органдарга тиешелүү лабораториялары дагы бар. Алар жүз пайыз лабораториялык изилдөөлөрдү камтыбайт. Бирок 50-70 пайызга чейин камтышат. Анткен менен негизги биздин экономикада чоң көлөм алган товар жүгүртүү боюнча негизги лаборатория бар.

 

Өкмөттүн бул жобуна эл өкүлдөрү ишеним артышкан жок. Жыйынтыгында техникалык регламентти сактоого даяр эмес деген чечим чыгарышты. Эл өкүлү Абылкайыр Узакбаев өкмөт депутаттар берген убадаларын аткарбай жатат деп сындады:

 

- Биримдикке киргенибизге 1,5 жылдын жүзү болду. Ага чейин үч жыл даярдандык. Азыр 18 пункту 12-августка чейин талаптарды аткарууга жетишпейбиз. Карапайым эл эле кыйналып отурат. Мындай маселелерди ушуга чейин чечип койсо болот беле?

 

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын август айында расмий түрдө мүчө болуп кирген. Учурда Кыргызстан жеңилдетилген шарттар менен күн кечирүүдө. Эми ал жеңилдиктер жарым жылда аяктайт жана Кыргызстан бардык 35 техникалык регламентти аткарышы алышы керек.

 

Булак: "Марал" үналгысы