Кайрат Осмоналиев, юрист: "Т.Сарпашевди күнөөлөгөндөр президенттик шайлоо алдында эптеп анын ордун ээлеш керек болгондугу байкалууда"

 

“Парламенттеги Республика-Ата-Журт” фракциясы буга чейин КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегиндеги убагында Максим Бакиевге таандык экендиги айтылып келе жаткан жер участогу боюнча “туура эмес чечим чыгарган”, “качкын канзаадага кайра кайтарып берди”,- таризде маселе көтөргөн. Андан кийин айрым депутаттар Мамкаттоонун жетекчисин иштен алуу үчүн өкмөткө жана ага укуктук баа берүү керектиги тууралуу Башкы прокуратурага кайрылган эле. Башкы прокуратура аталган фракциянын чечимин эске алып, Т.Сарпашевге кылмыш иши козголгону маалым болгон. Аталган маселени иликтөө үчүн парламент депутаттары жана өкмөттүн тиешелүү адамдарынан турган атайын иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Иш иликтенип бүткөнчө мыйзамга ылайык өз арызы менен Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматынан бошогон. Ал эми Тайырбек Сарпашев болсо мындай аракет президенттик шайлоого карата айрым саясий күчтөрдүн арам оюну экендигин билдирген эле. Эске салсак, прокуратура органдары тарабынан 2010-2012-жылдары “ЭлитДомСтрой” ишканасынын мүлкүнө, анын ичинде Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест коюлган.


2016-жылы Бишкектеги Биринчи Май райондук соту М.Бакиев, А.Елисеев, Е.Гуревич, М.Надель, С.Ким, У.Мелисбек жана У.Пактын иши боюнча чечим чыгарып, сот айыпталуучуларды эркинен ажыратуу менен бирге мүлкүнөн ажыраткан. Соттун бул чечимин 2017-жылы 11-январда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

 

Аталган жер участогу кантип, кандай таризде Максимдин колуна түшкөн? Бул багытта 15-февралда “АКИпресс” маалымат агенттигинде Коррупцияга каршы эксперттик кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин кандидаты Кайрат Осмоналиев, кеңешке мүчө - саясий серепчи Бакыт Бакетаев жана “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын (булардын Бишкектеги аукцион аркылуу сатып алган жер участогун Максим Бакиев коркутуп, тартып алган) юристи Асель Жолдошова атайын журналисттер үчүн маалымат жыйын курушту.

 

Басма сөз жыйынынын катышуучулары Скрябин көчөсүндөгү Т.Сарпашевдин кызматтан кетишине себепкер болгон жер участогунун чыныгы таржымалын баяндап беришти. Көрсө, чындык таптакыр депутаттар кыйкырып чыккандан башкача экен.

 

2007-жылдын 25-январында “Кыргызтелеком” ачык типтеги АКсы директорлор кеңешинин  чечими менен Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндөгү 45-45А  барак тибиндеги чарба базасын 1, 28га жер участогу менен кошо аукциондун негизинде сатыкка коёт. 2007-жылдын 5-февралында ачык аукцион болуп,  үч компания катышып, ОсОО “Глобал Эдертайзинг” эң жогорку бааны сунуштап, 5 миллион сомго сатып алат. Калган окуяны басма сөз жыйынынын катышуучуларынан оозунак уксак:

 

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:

 

- Тайырбек Сарпашевдин негизсиз күнөөлөп жатышат. “Бакиевдердин мүлкүн кайра өздөрүнө кайтарып берүүгө аракет жасаган”- деп туура эмес доомат коюшууда. Сарпашевдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин иликтей турган өкмөттө жана парламентте атайын комиссия түзүлдү. Алар ишти иликтеп бир айдын аралыгында жыйынтык чыгарат экен. Учурда жерге ээлик кылган “Глобал Эдвертайзинг” компаниясы менен “ЭлитДомСтрой” компаниясы соттошуп жатат. “Глобал Эдвертайзенг” компаниясы 2007- жылы Бишкек шаарындагы  Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жерди сатып алган экен. Көп өтпөй эле, “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынын жетекчисин Максим Бакиев чакырып алып “жериңди бизге сат” деп мажбурлаган экен. Жерди алган “ЭлитДомСтрой” компаниясы (ал Максим Бакиевге тийиштүү. Аны жетектеген У.Пак ушуга окшогон рейдерлик басып алуулар боюнча күнөөлүү деп табылып, азыр жасасын абакта өтөп жатат) аталган “Глобал Эдвертайзенг” компаниясы 2010-жылга чейин эч акча төлөбөптүр. 2010-жылдагы революциядан кийин “Глобал Эдвертайзенг” компаниясы мыйзамдын негизинде кайрылчу кызматтардын баарына кайрылып, 2007-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгартышат. Башкача айтканда, сот аркылуу “ЭлитДомСтрой” менен түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгартышат. Жерге кайрадан “Глобал Эдвертайзинг” компаниясы ээлик  кылат. Колго тийген жердин документтерин жакшылап тууралап алыш үчүн компания өкүлдөрү Мамкаттоо кызматына барышса,  аталган кызматтын өкүлдөрү документти каттап берүүдөн баш тартышат. Айласы кеткен компания сотко кайрылып, 2014-жылы соттун чечими чыккан экен. Ал чечим жер ээлерине кайтарылып берилсин деп чыгарылган. Бирок, Мамкаттоо кызматы соттун ал чечимин уруп ойнобой, документти бербей коёт. Ошентип ортодо талаш-тартыш болуп жүрүп, 2016-жылы соттун чыгарган чечиминин негизинде  “Глобал Эдвертайзинг” компаниясы жерин жөн жерден эле тарттырып жиберген жабырлануучу болуп эсептелген. 2016-жылдын аягында компания бир эмес эки соттун чечимин көргөзүп, Мамкаттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Т.Сарпашевге кайрылат. Сарпашев  соттун чечими чыкканын көрүп, чын эле компаниянын жабырлануучу экенине ынанган соң чечимге кол коёт. Жерди “Глобал Эдвертайзинг” компаниясына “каттап бергиле”- деп кол алдындагыларга тапшырат. Окуя мына ушундай. Т.Сарпашевдин бул жерде эч кандай күнөөсү жок. Ал соттун чечимине таянып туруп кол койгон. Т. Сарпашевдин башы экөө эмес да, жөн эле аныкталбаган документке кол коюп койгондой. Азыр жогоруда айтканда бир эмес, эки комиссия түзүлүп иликтөө иштерин башташты. Ошол иликтөөдөн кийин баардыгы анык болот. Т.Сарпашевди жөнү жок күнөөлөштүн кереги жок.

 

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору, профессор:

 

- Юрист катары документтер менен толук таанышып чыктым. Тайырбек Сарпашевдин бул окуяга эч кандай тиешеси жок. Баардыгы мыйзамдын негизинде болгон. Бул жерде жөн гана саясий оюн болгону көрүнүп турат. Т.Сарпашевди күнөөлөгөндөр президенттик шайлоо алдында эптеп анын ордун ээлеш керек болгондугу байкалууда. Бакыт Бакетаев айткандай жерди башында эле Максим Бакиев бийлигине таянып, мыйзамсыз тартып алган. Кийин, бийлик алмашканы жер кайра өз ээсине өткөн. Бирок ошого карабай, Тайырбек Сарпашевге чейинки Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси жерди мыйзамдын негизинде ээсине кайтарып берүүгө тоскоолдук жараткан. Документтерин бербей сүйрөгөн. Аталган кызматтын андай жолго барышына эмнеге убагында баа берилбегендиги таң калтырат. Бул ишке укуктук баа берилиши керек. Тайырбекти эмес, андан мурдагы жетекчилерге иш козгоп суракка алуу зарыл. Парламентте, Өкмөттө түзүлгөн комиссия акыйкат чечим чыгарарына ишенебиз. Биз бүгүн Тайырбекти  колдойлу, анын актыгын далилдейли деп чыккан жокпуз. Жөн гана юрист катары, окуяны түшүнгөн жаран катары коомчулукка маалымат берип коюну туура көрдүк.

 

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”