Өткөн ишембиде Талас районундагы Манас айылында Дастан Сарыгуловду саясий куугунтуктан коргоо комитети түзүлдү. Биз буга байланыштуу абактагы Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Улукбек Маматаевке айрым суроолор менен кайрылдык.

 

- Дастан Сарыгулов чын эле куугунтукталып жатабы жана бийликти күч менен басып алууга катышканы далилденди беле?

 

- Сот жабык өтүүдө, ошондуктан анда эмнелер болуп жатканы тууралуу толук маалымат жок. Бирок, “Азаттык”, “Би-би-си”, “Тумар” радиолорунан угуп, гезиттерден, интернеттен окуп тапкан маалыматка таянсак, Сарыгуловко коюлган айып тергөө учурунда жана соттук териштирүүлөрдө бир дагы факт менен далилденбептир. Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров аксакал менен 2013-жылы капысынан жолугуп, андан кийин 2014-2016 жылдары бир дагы байланышып, жолукпаса кантип алар биргелишип иш жүргузүшөт? Элге жарыя кылынган аудиотасма жасалма, жалган экени да ачыкка чыгып, толук далилденгенин угуп жатабыз. Карыя кишини ак жеринен соттоп жатканы саясый куугунтук эмей эмне!

 

- Жайында Хоменюк берген көрсөтмөгө ылайык, Дастан Сарыгулов “Кумтөрдөгү коррупцияга байланышы бар” деп УКМК элге айтып, камакка алды эле. Ал иш эмне менен бүттү?

 

- УКМК элди жалган маалымат берип алдаганы июль айында белгилүү болду. Хоменюк “Азаттыкка” ачык айтты: “Мен андай көрсөтмө берген эмесмин”,- деп. Иш жүзүндө Сарыгуловко “мамлекетке чыккынчылыгык кылган” деген айыпты эч негизи жок коюп, аны элден жашырып, элди экинчи жолу алдашты. Үйүн катуу тинтүүгө алып, “бир илинчек табылат” деп ишенип, бирок бир дагы далил тапкан жок.

 

14 кесел менен ооруган 70 жаштаган карыяны 105 күн түрмөдө кармап, бир дагы тергөө амалын жүргүзбөй, бир дагы жолу сурак кылбай, койгон айыпты далилдегенге бир дагы факт таба албай, үч жарым айдан кийин кылмыш ишин кыскартууга аргасыз болушту.

 

Же оорукчан адам көп кеселдеринин биринен өзү эле келбес сапарга кетет деп ишеништиби, ким билет аны…

 

Бул иштен кийин Сарыгулов куугунтукка учурган жок деп айтканга кимдин оозу барат?

 

- 70 жашка келген оорукчан ардагер бийликке кайсы иш менен жакпай калды экен? Бийлик талашпаса же анча деле бийликти катуу сындабаса?

 

- Ырас. Бийлик талашкан жаштан өтүп, катуу оорукчан адам бийликке коркунучтуу боло албайт. Менин божомолум боюнча, ал кишинин элге айткан идеялары бийликке коркунуч жаратты окшойт. “Бийлик элге, Элдик Курултайга жыл сайын отчет берип турсун, бийлик элге көз каранды болсун, элдин көзөмөлүнөн чыкпасын, ата-бабалардын салт-адат, нарк-насибин унутпайлык, кыргыз бололук, кыргыз улуу, байыркы эл”- дегендери куугунтукка себеп болдубу дейм …

Эмне дейбиз? 70 жаштагы оорукчан адам болсо да сынган жок. Баарына чыдап келатат. Бир эле күнөөсү - кыргызга күйгөнү… Аман болсун демекмин…  

 

- Дагы бир суроо. Мамлекеттик айыптоо абактагы оппозиция өкүлдөрүн 16-22 жыл түрмөгө кесүүнү сураптыр. Ошого ылайык далилдери барбы?

 

- Мен буга чейинки маектеримде дагы айткам – Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгуловдун биринин дагы күнөөсү жок. Сотко кирбесек да адвокаттарынан, башка булактардан маалымат алып жатабыз. Буларды камарын камап алып, эми далил жок, кантип соттоп жиберүүнүн айласын таппай жатышат. Ачык соттон коркуп жатышканы да ошондон.  Буларга карата токулган кылмыш иши – анык саясий буйрутма. Аларды өлкөдө болуп жаткан окуяларга карата билдирген ой-пикирлери үчүн камакка алып, эми соттогону жатышат. Бирок бийликтин аларды сындырам деген аракети таш капты. А соттолсо эмне, тарыхта андай учур канча болду, эртен эле баатыр болуп элге кошулушат. Тескерисинче, буларга жасалма иш козгогондор коркушу керек. Анткени, учуру келгенде бул кылмышы үчүн алар сөзсүз жоопкерчиликке тартылат!

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити