Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1189

“Көрсө мен өзүм баш болуп, аялым төш болуп, Албек , Сапар, Икрам, Чыныбай, Иса каш болуп, ууру, мародер экенбиз, ит болдук”- дебейби!

 

Адалсынып, жанын жеп коррупция менен күрөшкөндөй түр көрсөткөн Атамбаевдин жүзүн Текебаев эле ачып салды, “мына сага” деп. Көрсө “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” демекчи, эки сөзүнүн бири кудай болуп, адалсынган Атамбаевдин өзүнөн Бакиевге тийешелүү мүлктөрдүн баары биринен сала бири калкып чыга баштады.                           

 

Кой –Таштагы Максим Бакиевге тийешелүү болгон 2.7 га жер Атамбаевдин кекиртегине кирип кеткени аныкталды. 60 жылдыгына арналып, 6 миллион долларга турган үй мына ошол жерге салыныптыр, бул чыкты.  Атамбаев кенен борбордук аянтка чыгып алып, “уурулар табылат кудай буйруса” деп кыйкырган эле, кудай деле, “э мыначы!”- деп уурулардын жүзүн баягы эле Текебаевдин колу менен ачтырып жатат. 2010-жылдан кийин Атамбаевдин аялы байыптыр 3 миллион долларга. Эч жерде иштебеген Раиса айым 2010-жылдан бери 34 миллион сом иштеп тааптыр. Шоопуру Икрам байыптыр, кабат-кабат үйлөрдү салып, кафе-ресторандарды ачып, килейген джиптерди минип, телевидениелерге интервью берип койкоктоп. Атамбаевдин шайлоолорун шыпылдатып өткөрүп, шуулдаган Сарпашев байыптыр Кыргызстандагы тендер атпайдын баарысын утуп. Анысы аз келгенсип, “арест салынган” Бакиевдерге тиешелүү шаардын чок ортосундагы баасы 2-3 миллион турган жерди жалмап кетиптир кайран шумдуктуулар. Сапар Исаков байыптыр “Көчмөндөр оюнун” өткөрөм деп, 30 миллиондон ашык бюджеттин акчасын асманга сапырып. Айрым дагы бир имиштерге ишенсек, жол кууруу иштерин жүргүзүп жаткан кытай компанияларынын тендерге катышуусуна ортомчулук кылып, кырып жатат дейт сомдорду.. Албек байыптыр бапырап. Шаардын ичи сыртынан жер участоктору эле 100дөп саналат экен. Аны мындай кой, “Албектин аялы жер баспай калыптыр, президентке 33 миллионго участок сатып”- деген кеп бар го. Ал акчасына салык да төлөп койбоптур. Атамбаевдин заманында “айт” дегенин “кыйт” дебей аткарган Иса менен Чыныбай байышыптыр, бири “Бишкек парк” соода борборунун 25 пайыз акциясын ээлеп, бири Ысык-Көлдөгү Бакиевдердин “Күнөстүү жээк” пансионатын, Бишкек ликер арак заводун жана “АкылИнвест банкты” ээлеп. Мына кудай минтип буйруйт буйруганда. “Уурулар да табылат!”- деп эл алдында айкырыкты калың салган Атамбаев кана эми? Айкырбайбы адатынча “Мына уурулар!”, “ Мына мародерлор!” – деп. Демейде оолугуп, оулжучу эле го, ойду тоону сүйлөп. Сүйлөбөйбү эми эл алдына чыгып, “көрсө мен өзүм баш болуп, аялым төш болуп, Албек , Сапар, Икрам, Чыныбай, Иса каш болуп, ууру, мародер экенбиз, ит болдук”- дебейби!? Анте албайт. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат дейт!

 

Бозулан Райымбеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл

Тема: