Чен Мао Чун менен Гао Жин Вей аттуу кыргызча бир сөз билбеген кытайлык “ишкерлер”  Кыргызстанда жаңжал жаратышып жүрөт. Алар кыргыздын соту, милициясы биригип алып “ишибизди” тартып алды деп Президентке дейре кайрылуу жолдошкон. Ал эмес аларды тааныбаган “тарапташтарын” митингге тартышкан. Бирок окуялардын чоо-жайы алар ишендиргендей эмес, башка өңүттө ачылып жатат.

 

Албетте ар бир ишине жол ачкан өзүбүз тараптан колдоочулары болбосо кытайлар эч нерсе жасай алышпайт. Алдамчылык менен менчиктегенин меники болчу дегенге даабайт. Куру эмес далилдер менен алардын «ишмердүүлүк тарыхы» тууралуу сөз кылабыз.

 

«Баткен Майнинг Компани» боюнча

 

2012-жылдын сентябрь айында жогоруда аты аталган кытай жарандары Кыргызстанга өтө чоң пландар менен келишет. Алар «Алтын жылга» алтын кенине жана геологиялык чалгындоо иштерине ээлик кылган «Баткен Майнинг Компани» ЖЧКсынын лицензиясын сатып алмак болушат. Компанияга 30 миллион доллар каражат салуу ниеттерин билдиришет. «Баткен Майнинг компанинин» 10 пайызы мамлекетке таандык. Ал эми 90 пайызына ал кезде кытай жараны Кань Имань ээлик кылчу. «Баткен Майнинг компани» менен келишимди кытайлар «Синхуа» Эл аралык кен казуу компаниясынын атынан түзүшөт. Ал эми «Синхуанын» кожоюну- Чен Мао Чун. Алгач аталган каражатты тартуу боюнча инвестициялык келишим түзүлөт. Башкы келишимден сырткары Кань Иманьга дагы бир документ абайлап түртүлөт. Анда жанагы инвестициялык келишимди аткарыш үчүн компаниянын 80 пайызын өткөрүп берүү боюнча макулдашуу жазылган. Тил билбеген Кань Иманьга документтер которулбай берилгендиктен ал эки келишимге тең колун коюп салат. Ошентип «Баткен майнинг компанинин» 80 пайызы үлүшү «Синхуага» өтөт. Кийин белгилүү болгондой, 80 пайыз «Синхуа» компаниясына өтпөй эле Чен Мао Чунга-жеке тарапка таандык болуп чыгат.

 

Кийин Чен Мао Чунд калпы билингенде «Баткен Майнинг Компанини» «Синхуа» компаниясына кайра каттатуу боюнча аракет кылат. 30 миллион долларды да апкелип ишке салганын жар салат. Бирок иш жүзүндө инвестициялык келишим аткарылбагандыгы далилденип, сот «Синхуанын» талаптарын канаттандыруудан баш тартат. Азыр  эки келишим тең жокко чыгарылган.  

 

«Баткен Майнинг компанинин» кызыкчылыктарын сотто коргоп келаткан Адыл Жекшеевдин айтымында, «учурда кытайлык «ишкерлер»  болбой эле жаңы ачылган жагдайлар жок болсо деле ишти сотто кайра каратканга аракет кылышууда. Соттордон уттургандан кийин көчөгө элдерди чыгарып, гезиттерге каралоо макалаларын берип жатышат».

 

Же тил билбеген же тууганы болбогон бөтөн жерликтердин каалаганын жасаганга жардам берген артында ким бар деген суроо турат. Адыл Жекшеев бул иштердин жүрүшүндө кыргызстандык Абдысаид Каримбековдун аты аталып жатканын айтат. Абдысаид Каримбеков мурда Кань Иманьдын котормочусу болуп жүргөн. Жетекчисинин ишенээктигин байкап, сырын билип бүткөн. Ал кийин Чен Мао Чун менен Гао Жин Вей тарапка өтөт, алардын Кыргызстандагы бардык иштерин бүткөрөт.

  

Кытайлык «инвесторлор» «Баткен Майнинг Компанинин» 80 пайыз үлүшүн тартып алып эле тим болбой, анын мурунку ээси Кань Иманьды түрмөгө кестирип жиберишкен. Болгондо да жети жылга. Бул ишти жасаш үчүн «Синхуа» компаниясы Кань Маньга карызга акча берет. Карыз берүү атайын документтер менен бекемделет. Бирок карыздык кагазда аласанын берүү мөөнөтү көрсөтүлбөйт. Дегеле карызды кайтарып берүү тууралуу Кань Маньга кайрылуу да болбойт. Сотто Кань Имань карызды сураса эле кайтарып бермекмин дейт. Ошентсе да алдамчылык беренеси менен Кань Имань түрмөгө түшөт. Иш Жогорку сотко жеткенде гана жалгынчылыктын бети ачылат. Анткени Кань Имань карызды «Синхуа» компаниясынан алса, материалдык зыян келтирди, алдамчылыкка барды деген арызды «Баткен Майнинг Компанинин» директору болуп калган Гао Жын Вей жазган.  Ал эми эки инстанциянын соттору бул жерден эч кандай дал келбөөчүлүктү көрүшкөн эмес. Гао Жын Вейдин «Синхуага» тиешеси жок болгондуктан карызын суроого укугу жоктугу далилденет. 2013-жылы Кань Иманьга карата кылмыш иши токтотулат. Бирок 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурунку орун басары У.Калдаров ыйгарым укугу жок болсо да жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра козготкон. Иште күбө катары Чен Мао Чун менен Гао Жин Вейдин адвокаттары суралган! Иш 2013-жылдын май айында ачылган болсо алар 2012-жылдын сентябрындагы келишилген мамиленин учурлары боюнча күбө көрсөтмөлөрүн беришкен.

 

Андан ары Жогорку сот мурунку сот Ж.Абдрахманованын төрагалыгынын астында процессуалдык жана материалдык укуктарды бузуу менен жаңы жагдайлардын ачылганына байланыштуу деп Кань Иманьга карата козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча ошол эле Жогорку соттун чечимин жокко чыгарган. Кань Имань күнөөлүү деп табылган райондук, шаардык соттордун өкүмдөрү күчүндө калтырылган. Жыйынтыгында Кань Имань соттолгон бойдон калды. Азыр бул иш Башкы прокуратуранын адилеттүү чечимине муктаж болуп турат.

 

Адыл Жекшеев 2012-жылдан 2016-жылга чейин Юстиция министрлиги кытайлар тараптан түшкөн арыздарды токтоосуз эле карап чечип келишкенин билдирди. Ал кездерде аталган министрликтин жетекчилик ордунда Жылдыз Мамбеталиева турган. «Укуктарын калыбына келтирген адамдар «мына биз укук ээсибиз, мынакей соттун чечими» деп кирген убакта да ар кайсы шылтоо менен  иштер чоюлуп келаткан. «Баткен Майнинг Компани» сотко 18 жолу кайрылып мурунку ээлери укуктарын кайтара албай жүргөн» -дейт АдылЖекшеев. Анан 2016-жылы гана Ж.Мамбеталиева  жумуштан кеткенден кийин иш ордунан жылат. Айта кетчү нерсе, Кань Иманьга карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун мурунку соту Д.Момунов Ж.Мамбеталиеванын өмүрлүк жолдошу болуп чыкты. «Ошондой  теңирден тескери чечим чыгаргандар азыр соттон кетишти»,- дейт Адыл Жекшеев.

 

2016-жылы атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп «Баткен Майнинг компаниге» таандык алтын кениндеги иштерди текшерген. Кытай «инвесторлору» кенге 10 миллион доллар сарптадык деп сайрашкан. Иш жүзүндө кен казуу боюнча бир дагы иш аткарылган эмес. Адыл Жекшеев «10 миллион доллар каяка жумшалганы белгисиз. Бул каражатка ал жерге завод салып койсо болот болчу» дейт.

 

«Б.ЛС» ЖЧКсы боюнча

 

Кытай «ишкерлери» башка компанияларды да башта баяндаган схема менен тартып алууларга барышкан. «Б.ЛС» деп аталган Курулуш компаниясы Р.Воиновго таандык болгон. «Ишкерлер» Кытайдан ири каражат тартып келишээрин, анүчүн компанияны убактылуу аларга өткөрүү зарылдыгын айтышат. Кытайдан каражат алып келгенден кийин кайра үлүшкө киргизүүнү, бизнести чогуу жүргүзүүнү убадалашат. Р.Воинов мунун баарына макул болуп келишимдерге кол коет.

 

Анан бир күнү эле үлүштүн 81 пайызы А.Каримбековго таандык болуп калат. Анын активдери миллиондогон долларды чапчыйт. А Гао Жын Вей үлүштүн 19 пайызына гана отурат. Мурдагы котормочуга кайсы эмгеги үчүн токочтун чоң бөлүгү сунуштулганы айтпаса да белгилүү.

 

  Ошентип шаардын ортосундагы жер участогу бүтө элек курулуш объектиси менен калп «ишкерлердин»  менчигине бекер баада өткөн. «Б.ЛСтин» мурунку ээси Р. Воиновго компанияны «сен өз ыктыярың менен бизге өткөрүп бергенсиң, сен эч ким эмессиң» дешет. Акыл-эстүү адам өз менчигин кантип эле бирөөгө бекер берип койсун!?  

  

Чен Мао Чун, Гао Жин Вей жана А.Каримбеков мурунку эле иштерин кайталашып жалган келишимдердин негизинде «Б.ЛСтин» мойнуна карыздарды да илип коюшкан. Бул келишимдер кийин сотто жараксыз деп табылган. Ага катар эле компаниянын мурунку кожоюнунун укуктары калыбына келтирилген.

 

«Син Хуа» рестораны боюнча

 

Ресторанга байланышкан иште дагы мурунку эле алдоо жолдору колдонулган. Келишим боюнча мурунку кожоюн өз үлүшүнө ээ болмок. Бирок иш жүзүндө бизнестен да, акчадан да кол жууган. Бечара бизнестин мурунку ээси чогуу иштемекчи болгон ишеничте өз каражатына ресторандын ремонтун жасап,  жабдууларын алып жүрө берген.

 

Чырлуу иш ачыкталганда мурунку кожоюнду Чен Мао Чун Кытайга чакырып ишти жарашуу жолу менен чечүүгө көндүрөт. Жарашууга ылайык, Чен Мао Чун мурунку кожоюнга ресторандын баасын жакынкы айларда эки бөлүп төлөп берем деп ишендирет. Бирок акча төлөнүп берилмек түгүл, кайра мурунку кожоюнга карата арыз жазышат. Ойлорунун өзгөрүшүнө А.Каримбековдун айнытуусу себеп болот. Анткени алардын «ишкердик» тажрыйбасында бийик бааны төлөп отурбастан, аз акчага мурунку кожоюндун өзүн түрмөгө тыгып койсо болоору байкалбады беле!  Ошентип мурунку кожоюнга карата ойдон чыгарылган негизде кылмыш иши козголот. Тилекке жараша иш акыйкаттык менен чечилет. Кытайлык «инвесторлор» өздөрү ойлоп тапкан күнөөлөөлөрүнө бир да далил таба алышпайт.

 

«Ишкерлер» жазасыз калышабы?

 

Коркпостон тартып алып, күнөөлөп, соттон сотко далилсиз чуркаганына, кытайлардын «ишмердүүлүгүн» ишенимдүү камсыздап келатканына караганда А.Каримбековдун өлкөнүн чечүүчү жерлеринде отурган таасирдүү тааныштары болгон көрүнөт. Ал жалган документтерге коркпостон кол койуп, аларды мүлккө ээлик кылуу укугун алуу үчүн Юстиция министрлигине каттодон өткөрүүгө колдонуп келген.

 

Айта кетчү нерсе, А.Каримбеков  «Альянс» Тоо-Металлургиялык компаниясынын 50 пайыз үлүшүнө да ээ экен. Бул жердеги ишинин тазалыгы да шек туудурат. Анын ишмердүүлүгүнө укук коргоо оргондары эбак көз салышы зарыл болчу.

 

  Кытайлык эки «ишкерге» Адыл Жекшеевдин арызынын негизинде 2014-жылы эле кылмыш иши козголгон. Бирок иш ушул күнгө чейин созулуп келатат. «Соттук ишти 2016-жылдын күзүндө кайра жандандырдык. Себеби соттор укугун кайра калыбына келтирип бергенден кийин «Баткен Майнинг компанини» Чен Мао Чун кожоюн болгон башка «Зынчен» деген компаниядан акча алган дедиртип туруп карызга батырып салышты. Сотко «ушул акчаны өндүруп бергиле»  деп карызга батырып салуу аракети менен мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирип жатышат. Анткени «Баткен Майнинг Компани» ЖЧКсынын 10 пайызы мамлекеттин үлүшү» дейт Адыл Жекшеев. 

Ал эми жогорудагы иштер боюнча тескери чечим чыгарып келишкен Мелис Абдыкалыков, Дүйшөн Момунов, Жакып Абдрахманов аттуу соттор кызматтан алынганы белгилүү болду.

 

Жаркынай Эргешбаева

Булак: “Эркин Тоо” гезити, 2017-жылдын 10-февралы, №21 (2746)