Карыпбековду колдоо маселеси продюсерлер менен өткөрүлчү жумалык планеркада көтөрүлүп,  бийликке жолдонгон катка катардагы кызматкерлерге  кол койдуруу милдеттендирилген...

   

Айтылуу “кара жашик” 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир аз “агарып” келаткандай болду эле… Анан эле анын ишин жакшыртуу ниети менен түзүлгөн Байкоочу Кеңештин  келиши менен анын курамындагы эски интригандардын “изги” аракеттери жанданып,  күбүр-шыбырлар күчөп, ага карабай ар ким алынын келишинче аракеттенип жүрүшкөн. 

 

Жакшылап баам салып, анализдеп көрсөк, “кара жашиктин” азыркы башчысы Илим Карыпбеков буга чейин жакында мөөнөтү бүтө турган Байкоочу Кеңештин мүчөсү боло турган эле. Менин жеке баамымда бул жигит арканды алыстан ыргытып,  мээлеген жерге мезгилинен эрте жетүүнүн аракетин  көрүп  баштаган  экен… “Манас” эл аралык аэропортундагы майлуу-сүттүү орундан өз ыктыяры менен баш тартып, айлык маянасы жок Байкоочу Кеңешке мүчө болуп, өзүн көрсөтүүгө жасаган аракеттердин артында кылтыйып жаткан сыр бар экенин аны менен кошо келген 14 “карышкыр” байкабаптыр. Ал эмне болгон сыр эле?.. 2008-2009-жылдары өлкөдөгү мааалымат саясатын Оксана Малеванная деген колго алып,   Кыргызстандагы эң маанилуу стратегиялык  маалымат каражаты болуп саналган КТРКнын кыйшайгыс ээси болууга жасалган аракети ишке ашпай калганын билгендер аз эмес болсо керек.  Ишкананы Акционердик коомго айландырып,   андагы акциянын жогорку пайызына ээ болуп, түбөлүк башкаруучу болуу  үчүн телеканалдагы көп жыл иштеген кызматкерлерден арылуу аракеттери  ошондо эле башталган. Ыраматылык Мелис Эшимкановду каргап-шилеп,  айрым журналисттер соттошуп жүрүп, кийинки революциядан кийин кайтып келгендери болгон. Ошол мезгилде Малеванаянын чапаны менен сумкасын көтөрүп, анын жанында так ушул Карыпбеков жүргөндүгүн, экөө бир  бөлүмдө иштеп, ортолорундагы жылуу мамиле бүгүнкү күнгө чейин уланып келатканын  билгендер да жок эмес. Ал КТРКга жетекчи болгондон бери ат тезегин кургатпай Грузияга каттап калганы да бекер болбосо керек.

Ошентип, КТРКга башчы болууга көзү кызарып жүргөн Байкоочу Кеңештин мүчөсү ошол кездеги башчы  Кубат Оторбаевге комроматтарды чогултуп, ар жак, бер жактан ага бут тосууга жарактуу  эски “шумпайлардын” көмөгү менен  түрдүү тоскоолдуктарды тынымсыз уюштура бергенден улам “тойдум байдын кызына” деп баса бергенин ушул эле Байкоочу Кеңеш ырастаса керек. Анын кетиши күтүүсүз болгондон улам  мүдөөсүн ишке ашырууга үлгүрбөй калган Карыпбеков Султан Жумагуловго кантип “сыйыртмак”  салуунун  камын эртелеп көрүп, аны  ушул эле Байкоочу Кеңештин  бир нече мүчөсүнүн көмөгү жана  аэропорттогу  табакташтары аркылуу ишке ашырганын  да айтып жүрүшөт.  “Ак молдого” азгырылган “ак торпок” талашып-тартышып отурбай,  арызын жазып берип, эркекче иштен кеткен.

 

Анан эмне болду?..  Албетте,  кыялдар орундалды, кресло колго тийди! Эми баягы башталып аягына чыкпай калган эски кыялдарды орундатуу аракети  калды. КТРКда көп жыл эмгектенген тажрыйбалуу журналисттер  түрдүү шылтоо менен массалык түрдө айдала баштады. Калп айтпасам андайлардын саны 100гө чамалайт. Коомдук телеканалдын редакциялык саясаты талкаланып, сеткалык берүүлөрдүн тартиби бузулуп, айтор, негизги принцип эске алынбай,  башаламандык күчөй баштаганы коомчулукка чыгып кетти. Ушул эле учурда Илим Карыпбеков КТРК дубалдарын жаңылап, ремонт жүргүзүп, чарба иштери менен алек болуп жатканын коомчулукка кабарлап турду. Макул   кеңсени жаңыласын,  бирок Кыргызстандагы эң башкы маалыматтык каналдын принциби “өлүп”,  кайрадан “кара жашикке” айланды,  ал бүгүнкү күндө чылгый капкара жашик болду да калды.  Мына ушундан улам эле азырынча Илимге өлкөнүн маалыматтык саясатынын анчалык мааниси жок экендигин, ал үчүн эң маанилүүсү мына ушул  медиаишканага  ээлик кылуу экендигин байкаса болот.

 

Ал арада соцтармактарда жетекчинин эки жүздүү, орой жана калпычы экендиги  да айтыла баштаган. Оозу мурду кыйшайбай туруп, Жогорку Кеңештин отурумунда калп айтканына не дейсиң?..

 

КТРК башчысынын иш аракеттерине баа бере турган Байкоочу Кеңеш болсо жарым жылдан ашык убакыттан бери Карыпбековду өз отурумуна катыштыра албай убара.  Ар убак түркүн шылтоолорду таап,  отурумдан  качып жүргөн Карыпбеков бул ирет  КТРК жамаатын Байкоочу Кеңешке каршы үгүттөп коюп, өзү  капыстан эле “ооруп” калганын эшиттик.  Байкоочу Кеңешке түштү делген 5-6 барактан турган жасалма кат так ушул айлакер башчынын  идеясы менен анын жан-жөөкөрлөрү аркылуу уюштурулганын,  ошол кат  Илимдин кызматын сактап калууга жасаган амалдуу аракеттеринин бири экенин  КТРК жамааты билет болду бекен?.. Же алар  башчысынын “илибой” аракетин колдой беришеби?

 

Карыпбековду колдоо маселеси продюсерлер менен өткөрүлчү жумалык планеркада көтөрүлүп,  бийликке жолдонгон катка катардагы кызматкерлерге  кол койдуруу милдеттендирилгени,  кат ачык айтып, ак сүйлөгөн журналисттерге сунушталбай турганы,  кол коюудан баш тарткандар “кара тизмеге” илинээри тууралуу дагы уу-дуу кептер бар.

 

КТРК да биринин артынан бири ачылган жаңы каналдар кантип каржыланып жатат?  Кызматкерлердин айлык маянасы, калем акысы, алардын жашоо шарты тууралуу  жетекчи ойлонот болду бекен? Булар өзүнчө сөз…

 

Алибек Аттокуров

Булак: “Майдан.kg гезити.