Ой-илик

 

- Авиа кырсыкка учураган сырдуу жүктүн түйүнү чечилбей, кимге таандык экени аныкталбай, түрдүү божомолдордун чыгышына себеп болуп жатат. Бул жүк боюнча УКМКнын тараткан маалыматына ишенсек болобу?

 

Надира Нарматова, экс-депутат:

 

“Балким бул кырсык бийликтин беш бутагына берилген Алланын сыноосудур...”

 

- Бул каргашалуу окуяга  байланышкан окуянын ар бир маалыматын тактап айтпаса, туура эмес коомдук пикир жаралып калат. “Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт”,- деген кеп бар. Түмөн түркүн маанидеги сөздөр бекеринен айтылбайт. Кайсы бир деңгээлде негиз бар үчүн талаштуу ойлор жаралып жаткандай.

 

Өкүнүчтүүсү, андан бери эки жумадай убакыт өткөнү менен жүктүн ээси ачыкка чыкпай жатат. Бул табышмактуу түйүндүн чечилишин түзүлгөн Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия менен укук коргоо органдары мыйзам чегинде аныктап, тактап коомчулукка болгонун болгондой айтып, туура  чечим чыгарбаса, божомолдонгон түшүнүктөр менен бүтүм чыгаруу болбой калат. Бул каргашалуу окуя жөнөкөй нерсе эмес. 39 адамдын башы менен кошо канчалаган карапайым элдин күнүмдүк тынч жашоосун үзгүлтүккө учуратып, үйсүз, жайсыз акыбалда калтырды. Балким, бул кырсык кайчы пикирлердин кагылышуусунан келип чыккан көрүнүштөрдөн улам элибизге, бийликтин беш бутагына Жараткандан берилген Алланын сыноосудур. Ошон үчүн бозоргон көздөр менен сумсайып жооп таба албай, ата-эненин мээриминен ажырап калган жетимдер менен көз жашын агызган жесирлердин кайгысын саясатташтырып, бир жактуу кароого болбойт. УКМК атайын маалымат тараткан болсо анда күнөөлүүлөрдү ачык айтып, тактоо жүргүзүү абзел. 4 тонна болобу, 87 тоннабы, кеп анда эмес. Кеп - мындай жүктүн биринчи жолу эмес, 52-жолу келип жатканында. Андыктан жогоруда түзүлгөн парламенттик комиссия, УКМК жана жалпы тиешеси бар укук коргоо органдары, бийлик жоромолдоолорго чекит коюуп, ачык изилдөө жүргүзүп, коомчулукка маалыматты адилеттүү чыгарып, түшүндүрүүсү керек. Ошондо гана табышмакка айланган жүктүн ээси өзүнөн-өзү чыгып калат.

 

Элди бушайман кылып, түрдүү божомолдордун чыгышына себеп болгон жагдайдын бары мамлекетте тартип жок болгон үчүн чыгып жатат. Тартип, талап, мыйзам менен жашоо болгондо мындай калпыстыктарга жол берилмек эмес. Бирок, бийликте адилетсиздик өкүм сүргөнү менен эл өз түйүнүн өзү чечкенге аракет кылып, бир муштум болуп түйүлүп, канчалаган  каражатты бийликсиз эле чогулуп, өксүп турган бир туугандарыбызга кол кабыш кылышты. Элибиздин  башына түшкөн кыйынчылыкта  биримдикке болгонуна чексиз шүгүр келтирели. Элибиз аман  болсун.  Бийликтегилерге Жараткан ынсап берсин.

 

Улукбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир Бол” фракциясы:

 

“Жүктүн ээси түркиялык болсо, ал сөзсүз чыгат”

 

- УКМК  тараткан маалыматтан  кийин дагы көп суроолор пайда болду. Менимче, калган жүктүн ээси ким экени, “80 тоннага жакын жүк талкаланып күйүп жок болуп жатса үн катпаган кандай бизнесмен?”- деген маселелер жаралып жатат. Ошондуктан, депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күткөнүбүз туура болот го. Ага чыдабай түрдүү сөздөр түрдүү божомолдор айтылып жатат. Эгер ал жүктүн  ээси түркиялык болсо, сөзсүз чыгат.

 

Камила Талиева, экс-вице премьер-министр:

 

Кыркка  чукул кыйылган өмүрлөр саясый шоу менен бааланбашы  керек”

 

- Авиакырсыкка учураган учактагы жүк боюнча иликтөө ишин жүргүзүп жаткан Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети алдын-ала маалымат таратты. Бирок, коомчулукта сырдуу жүктүн сырынын чечилбей жатканы түрдүу божомолдорду жаратууда, мунун баары эле кызыкдар тараптардан чыгып кеткен маалымат болгондуктан, ишеним туудура бербейт. Алардын маалыматы боюнча 85 тонна эмес, “77 тоннага жакын жүктүн 2 тоннасы гана Стамбулдан кайра келгенде бизге түшчү жүк болчу”- дешип жатат. Ишенүү кыйын. Бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүк комиссия бирди айтып, күч органдары бирди айтып, коомчулукта атайын  башаламандык жаратып,  адаштырууларга түртүп жаткандай сезилет. Божомолдоп эле тим болуп калбастан, депутаттык комиссия жүк чыккан жерге учуп барып, ал жерден так маалымат алуу ишин уюштурганда гана чындыкты элге жеткире алышат.

Бүгүнкү күнү коомчулук өкмөттүк комиссияга ишенбейт. Бир гана ишеним депуттаттык комиссияда болуп жатат. Менимче, бул кырсыкты саясатташтырбаш керек, себеби, 40 чукул кыйылган өмүрлөр саясый шоу  менен бааланбашы  керек.

 

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:

 

“Шибегени капка ката албайсың”

 

- Бул жүк Кыргызстандагы өтө таасирдүү адамга тийешелүү экендигин ырасталды. УКМКнын билдиргенине караганда, “Боинг-747” учагындагы 77 тонна жүктүн 2 тоннага жакыны Кыргызстанга келмек экен. Баш айланкан кызык жери - Бишкекте түшүрүлө турган жүктү Стамбулга алып барып, ал жерден бажы текшерүүсүнөн  өткөрүп, андан соң башка учакка жүктөп, “Манаска” кайра алып келүүнүн өзү күлкү келерлик көрүнүш болуп жатпайбы.

Бул жүктүн ээси Кыргызстандагы өтө таасирдүү адам болгондуктан, бардык мамлекеттик кызматтар чындыктан буйтап өтүүгө тапшырма алгандай. Ошого карабастан, “шибегени капка ката албайсын” дегендей, чындык булайып чыгып калууда. УКМКнын чырлуу жүк боюнча карама-каршылыктуу кабарларды таратып жатышынын бир канча себептери бар өңдөнөт. Биринчиден, жүктүн Кыргызстанга түшүрүлөрүн төгүндөөгө болбой калгандыктан, чындыктан алыс кете алышпай,  “Кыргызстанга жүктүн бир аз бөлүгү гана түшүрүлмөк” деген маалымат беришүүдө.  Экинчиден, УКМК нын билдирүүсү маселенин саясатташып баратканынан кабар берет. Парламенттик комиссиянын жыйынтыгынан, тагыраак маалымат алууга элдин үмүтү чоң. Кантсе да, 40ка жакын адамдын өмүрүн алып кеткен бул кырсыктын  чоо-жайы аныкталып, күнөөлүүлөр жазасын алышы зарыл.

 

Адил Турдукулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

 

“Депутаттык комиссиянын мандатын кеңейтүү керек”

 

- Бул кырсыктын болгонуна эки жумадан ашык убакыт өтсө да, УКМКнын билдирүүсү шек туудурбай койбойт. Андан тышкары, өкмөт адамдарынын башынан бири-бирине дал келбеген божомолдорду айтып жатканы дагы алардын сөзүнө ишенбегенге шарт түзөт. Эл аралык комиссияга да чоң үмүт бар эле. Бирок, алардын өкүлдөрүнүн бир тараптуу сөзүнөн кийин чындык алганга жол жабылды. Ошондуктан бир жол эле калды - бул депутаттык комиссиянын мандатын кеңейтип, анын курамына жарандык коомдун жана көз карандысыз ММКлардын өкүлдөрүн киргизиш керек. Ошол комиссия бир-эки ай ичинде толук кандуу иликтөө жүргүзүп, отчетту ачык элге жарыялашын талап кылышыбыз керек.

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

 

“Расмий  маалымат берүүгө кылмыш ишин иликтеген тергөөчү жана ал ишти көзөмөлдөгөн прокурор укуктуу”

 

- ММКда тараган маалыматка караганда, бул авиакырсык боюнча кылмыш иши прокуратура тарабынан козголуп, ИИМ органдары тарабынан тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдашты. Демек, бул ишке УКМКнын расмий түрдө тиешеси жок. Анан эмнеге УКМК ал билдирүүнү таратканы түшүнүксүз. Расмий түрдө маалымат берүүгө бул кылмыш ишин алып барган тергөөчү жана көзөмөлдөгөн прокурор укуктуу. Кылмыш иштин кайсы далилдерине таянып, УКМК маалымат бергени да түшүнүксүз. Ошондуктан, тергөөчү же прокурор бул кырсык боюнча маалымат бермейин, калгандары негизсиз деп баалайм.

 

Касымбек Райымкул уулу, адвокат:

 

“Жүктүн чыныгы ээсин айтпай, унуткарып коюуга аракет жасашууда”

 

- Кыргызстандын УКМК кызматы кызыктай, чындыкка  коошпогон  кабар таратып жиберди. УКМКнын бир самолет толтура жүк “Гонконгдон Түркияга чыгып, анын ичиндеги бир аз жүк Түркияга барып, кайра Кыргызстанга келет”- дегени чындыкка жатпайт. Эң кызыгы, каргашалуу жүктүн ээси ачыкка чыкпай жатканы болду. Ошондой эле  атайын түзүлгөн эл аралык комиссиянын төрагасынын алгачкы билдирүүсүндө "самолеттогу жүк Кыргызстанга келе жаткан"-деп айтылган, бирок, бийлик тараптан ал маалыматты жалганга чыгарып, ал эле эмес комиссиянын төрагасын дагы жаманатты кыла баштады. “Манас” аэропортунун өкүлдөрү болсо, Түркияга тиешелүү самолет мурда бир нече жолу аэропортко конуп, кайдан керосин куйганын депутаттарга аныктап бере албай койду. “Каргашалуу жүк Кыргызстанга эле келсе керек” деген ой жаралат. Бирок, элдин башын айлантыш үчүн ар кандай маалыматтар таралып, жүктүн чыныгы ээсин айтпай, унуткарып коёбуз дешип  жатат көрүнөт.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл