Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 979

Улукбек Маматаев: “Бийлик үчүн деле чындыктын толук чыгышы пайдалуу эмес!”

 

- Аламүдүн райондук прокуратурасы Апрель окуясы боюнча соттолгон мурдагы жетекчилердин боштондукка чыгышына каршы доо арыз менен сотко кайрылып, мыйзамсыз бошогон дешти. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

 

Улукбек Маматаев, “Ак Калпак” саясий партиясынын лидери:

 

“Бийлик үчүн деле чындыктын толук чыгышы пайдалуу эмес!”

 

- Менин билишимче, Элмурза Сатыбалдиев Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын абагынан башка бир да жакка которулган жок. Эгер ал бул абакта 6 жыл олтурса, анын ар бир күнү 2 күнгө тете эсептелсе, дээрлик 12 жыл олтуруп жатпайбы. Сот мурда азыр эркиндикке чыккан Э.Сатыбалдиев, Н.Турсункулов, К.Жороевдерге карата 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарганы баарыбызга белгилүү. Чындыгында күнөөлүүбү, жокпу, бирок сот чегерген айыпты ошондо үчөө тең толугу менен өтөп бүтүшпөдүбү. Ошондуктан, райондук прокуратуранын даттануусуна негиз жок. Башка жагынан алып караганда, 7-апрель окуяларына бул адамдардын түздөн-түз катыштыгы сотто далилденген эмес, алар мурдагы режимдин тушунда мамлекеттик кызматты ээлеп олтурушканы үчүн эле жабыр тартышты. Ошол учурда өзүңүздөр жакшы билесиздер, коомдук-саясий абал өтө курч эле, революциячыл күчтөр Бакиевдерди жердин жети түпкүрүнөн болсо да таап келип, жазалоо керектигин талап кылып турушкан. Бийлик алапайын таппай, коомчулуктун сүрүнөн чочулап, кырдаалды жөнгө салып, элдин оозун жабыш үчүн  Бакиевдерди алып келе албай, ушул адамдарга бардык күнөөнү илип, камаган. Бакиев менен иштешип калганы үчүн эле бул адамдар жабыр тартты. Ушунун өзүнөн эле бул адамдардын камалышы, соттолушу саясий чечим болгонун тастыктап турат. Апрель окуясына түздөн-түз тийешеси бар кишилердин күнөөсү ошонун арты менен ачылбай калып кетти. Б.а. бул бийлик үчүн апрель окуясына байланыштуу бардык чындыктын чыгышы пайдалуу эмес экени көрүнүп турат. Логикалык жактан алып караганда деле, бири президенттин кеңешчиси, бири башпрокурор, бири аппарат башчы болуп турса, буларда элге ок атууга буйрук берүүгө полномочиеси болгон эмес да. Ошол эле учурда “Альфа” жана “Арстан” топтору тарабынан элге ок атылбаганы баллистикалык экспертиза аркылуу тастыкталды. Демек, деги андай буйрук болгонбу? Анан да тергөө элге артынан ок атылганын көз жаздымда калтырган. Ушуга окшогон суроолордон эле чыныгы чындык чыга электиги көрүнүп турат. Менимче, таза күнөөлүү адамдар сыртта жүрөт. Баары учуру келгенде ачыкка чыгат жана элдин канын агызгандар сөзсүз жазасын алат!

 

Эмилбек Момунов, журналист:

 

 “Баары мыйзам чегинде болуш керек”

 

- Биз укуктук мамлекет болгон соң ар кандай жагдайларга, айрыкча кимдир-бирөөлөрдүн өмүрү жана тагдыры менен байланышкан окуяларга мыйзамдын тили менен баа беришибиз керек. Эгер Апрель окуясы боюнча соттолгон мурдагы жетекчилер мөөнөтүнөн мурда бошотулса, анда ушундай чечим кабыл алган сот өзүнүн аргументин нааразы болгон прокуратура органына далилдеп берүүгө тийиш. Бирок мен юрист же укук коргоочу болбогондуктан, бул жагдайлар тууралуу ак же көк деп айта албаймын. Болгону журналист жана жаран катары мыйзам сакталышы керектигин, соттун өкүмү таза жана адилет болуп, аны ар бирибиз аткарууга тийиш экендигибизге басым жасагым келет. Качан гана сот мыйзамдын беренелери боюнча өкүм чыгарып, ал аткарылганда элдин өлкөдөгү сот акыйкаттуулугуна болгон ишеними артат. Тилекке каршы ошол Апрель окуясы боюнча чыныгы күнөөлүүлөр качып кетип, алардын ордуна күнөөсүз, күнөөсү далилденбеген мурдагы жетекчилер соттолуп кетти деген пикирлер да жок эмес.

 

Адил Турдукулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

 

“Прокуратура саясый жактан күнөлүүлөрдү аныктап жатат”

 

- Менин баамымда прокуратура 7-апрель соту боюнча укуктук жактан эмес, саясый жактан күнөлүүлөрдү аныктап жатат. Бийлик алмашса, алардын буга мамилеси да өзгөрөт.

 

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз Ата” партиясынын жетекчиси:

 

“Өздөрүн өздөрү сот алдында коргой алышат”

 

- Апрель окуясы боюнча 2010-жылга чейинки бийлик башында тургандардын бир тобу соттолду. Алардын ичинен түздөн-түз күнөөсү бары да, жогу да соттолду. Аламүдүн райондук прокуратурасы надзорлук мекеме болгондуктан, доо арыз берип сотко кайрылуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кандай негиздерге таянып Аламүдүн райондук соту чечим кабыл алып, аларды боштондукка чыгарганы жөнүндө доо арызды Жогорку Сот карайт, Боштондукка чыккандар да өздөрү бул тармакта иштеген адамдар, өздөрүн өздөрү сот алдында коргой алышат. Бул апрель окуясы боюнча чыныгы күнөөлүү адамдар кимдер экендиги, арттан элге ок чыгаргандар кимдер, аныкталбады.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: