Оппозициячыл саясатчы Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду коргоп келген жактоочу Данияр Мамановду белгисиз кишилер сабап кетишти. Кол салуу 28-декабрда Бишкек шаарында “Saltanat palace” ресторанынын алдында болгон. Учурда жактоочунун  оң  буту  эки жеринен сынып, №4-шаардык ооруканада жатат.

 

Данияр Мамановдун айтымында, аны 28-декабрь күнү “Saltanat palace” ресторанынында  чогуу иштеген кесиптештер менен бирге майрамдык кечеде отурган жеринен белгисиз жигиттер ресторандын сыртына чыгып сүйлөшүүчү сөздөрү бар экенин айтып, сыртка чыгуусун өтүнүшкөн.

 

Маманов белгисиз жигиттер менен ресторандын алдына чыкканда, чакырган тарап үн-сөзү жок, кол көтүрүү менен “сүйлөшүү” башташкан: “Мен кесиптештерим менен майрамдык кечеде болчумун. Мага мен тааныбаган эки жигит сыртка чыгып сүйлөшсөк болобу деп кайрылды. Эч нерседен күмөн санабай алар менен чогуу ресторандын алдына чыктым.Сыртта дагы 3 бала туруптур. Алар мага күтүүсүздөн, эч нерсе деп сүйлөбөй туруп кол көтөрүштү. Мен канча жылдардан бери спорт менен машыгып келгендиктен, кайда болбоюн өзүмдү коргой алат болчумун. Бирок мен 3 жигит менен алышып жатканда бирөөсү атайын даярдалган келтек (бито) менен оӊ бутума бир нече жолу чапканга үлгүрдү. Азыр оң бутум эки жеринен сынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканадамын”.

 

Ошондой эле ал 28-декабрь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө бул ишти мыйзам чегинде кароону өтүнүп, арыз жазганын, ал ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 29-декабрь күнү байланышып, окуя болгон “Saltanat palace” ресторанынын администрациясы видеокөзөмөлдөгү жазууларды бербей жатышкандыгын, алар “камералардагы жазуулар өчүп кеткен” деп айтышкандыгын кабарлашкан.

 

Бирок, биз аталган жайга барып ресторандын администраторунан окуянын чоо жайын сураганыбызда, алар эч нерсе билбей тургандыктарын, ал эми ички иштер бөлүмүнөн эч ким аларга видеокөзөмөлдөгү жазууларды сурап кайрылбагандыгын билдирди.

 

Чындыгында ресторандын сыртында 4 видеокөзөмөл, ал эми улагасынды 1, биринчи кабатында эле 5 видеокөзөмөл орнотулганын байкаганга үлгүрдүк. Анан кантип жактоочу айткандай жок дегенде бир видеокөзөмөлдөөгө адвокат менен белгисиз эки жигиттин сыртка чыгып бара жатканын тартылган эмес. Же белгилүү ресторандын администрациясы видеокамераларды жөн гана кооздук үчүн “коркутууга” илип коюшканбы?

 

Ал эми абактагыларды коргоо комитетинин мүчөсү Улукбек Маматаевдин пикиринде,  жактоочуну сабоо анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн: “Кечээ саясатчылар сабалган, бүгүн абакта жаткан саясатчылардын жактоочусу сабалууда, эртеӊ ким? Менин оюмча бул саясий заказ. Анткени, биз бул жигиттин таза жана өз ишин мыкты билген кесипкөй адис экенине сот процесстеринде күбө болуп келебиз. Абакта жаткан саясатчыларга жабылган “күнөөнү” далилдей албай калышкандыктан, кимдир бирөөлөр алардын жактоочусун коркутууга барышы да ыктымал”.

 

Ошондой эле Улукбек Маматаев Мамановду сабоо боюнча милиция эч кандай иш алып барбай жатканын кошумчалады.

 

Ал эми ИИМ Данияр Маманов тарабынан жазылган арыз азырынча табылбагандыгын, алар жактоочуга кол салуу боюнча маалыматты текшерип чыгышарын айтышат.

 

Белгилей кетсек, буга чейин “оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү” делинген эки аудио тараган. УКМК аталган аудиолор боюнча кылмышка шектеп Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду камакка алган. Аларга карата “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

 

“Каганат”

 

Редакциядан: Биздин кабарчылар да бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп, “Каганат” сайтындагы кесиптештердин жазганын тастыктаган. Данияр Маманов азыр да ооруканада жатат. Деген менен, ушу азыркы тапка чейин бир да укук коргоо органынын кызматкери басып барып, көрсөтмө албаганы таң калыштуу. Ден-соолугуна оңой эмес залал келтирилип жаткандыктан, Маманов азыр сотко катыша албайт. Балким, буйрутма берген тарап ушуну көздөп бул ишке баргандыр? Бул анан да, башка жактоочуларга: “оппозиционерлерди коргосоңор ушуну көрөсүңөр!”- деген эскертүү болушу ыктымал.

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.