16-январдагы кырсык “Манас” аэропортундагы абалдын терс жагын, коррупция менен кесипкөйлүктөн алыс иш жүргүзүүнүн кесепетин көргөзүп койду...

 

2017-жылдын 16-январы, дүйшөмбү Кыргызстандын, кыргыз элинин тарыхында каргашалуу күн катары жазылып калды. Ушул күнү таңга маал, саат 7:20да, калың тумандан улам Гонконгдон Стамбулга жүк алып бараткан “Боинг-747” учагы май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конуу учурунда учуу-конуу тилкесине бир чакырымдай жетпей жерге кулап түштү.

 

Тилекке каршы аба лайнери ошол тегеректеги Дача-Суу айылына кулап түшкөндүктөн, жыйырмадан ашык үйдү талкалады. Баарынан да али уйкудан ойгоно элек жаш балдар менен чоңдор таттуу уйкудан түбөлүк уйкуга кете беришти. Өзүнүн салмагы эле жүз тоннага барабар, 80 тоннага жакын жүк менен кулаган учак жер менен үйлөргө бомба түшкөндөй талкалап, адамдардын дене мүчөсү күйүп, бөлүнүп, сөз менен айтып бере албай турган, көргөн адамдын үрөйүн учурган каргашалуу окуя болду.

 

Авиакырсыктын эң жаш курмандыгы 4 айлык наристе экен, дагы бир аял кызын кучактаган бойдон катып калыптыр. Акыркы маалыматтар боюнча, 31 маркумдун өздүгү такталып, сөөктөрү туугандарына өткөрүлүп берилди. Учактын эки учкучу менен дагы жүктү жайгаштыруучу экипаж мүчөсү да каза тапты. Бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрү көз жумуп, бир үйдөн беш жашар гана бала тирүү калыптыр. Адистер учактын кара кутусун таап, Москвадан келген эл аралык авиация уюмунун адистери кырсыктын себебин иликтөөгө киришти. Өкмөт, эл, мекеме, уюмдар каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, материалдык, моралдык көмөк көрсөтүп жатат. Түркиялык авиакомпания каза болгондордун туугандары менен жабыркагандарга тиешелүү суммада компенсация төлөп берерин билдирди. Кыргыз өкмөтү да ар бир каза тапкан маркумдун үй-бүлөсүнө 70 миң сомдон бөлүүдө. 16-январда бүткүл дүйнөнүн алдыңкы маалымат каражаттары бул авиакырсыкты көрсөтүп, жазышты. Алыс-жакындагы мекендештер менен боордоштор көңүл айтып, колдон келген жардамдарын беришүүдө.

 

Ооба, азыр ар бир акыл-эстүү адам баласы бул жер көтөргүс кайгыга мөгдөп, кан жутуп турабыз. Кимдир-бирөөнү күнөөлөгөн эрте же туура эместир. Бирок тиешелүү кызматтар менен кызматкерлердин күнөөсү болбосо, балким, ушул кырсык катталбайт беле? Эмне үчүн бир жумадан бери Бишкектин, Чүй облусунун аймагын коюу туман каптап тургандыгына карабай “Манас” аэропортунун диспетчерлери самолетту май куюп алуу үчүн конууга уруксат беришкен? Ошол эле күнү түндөсү Кытайдан учуп келген президент А.Атамбаевдин самолету “Манас” аэропортуна коно албай, “Тамчы” аэропортуна конбоду беле? Эмне үчүн учкучтарга бул тууралуу айтылбай, тобокелчилик кылуунун зарылдыгы жоктугу эскертилген эмес?

 

Баарынан да минута сайын жергиликтүү жана эл аралык каттамдардагы самолеттор учуп-конуп турган аэропорттун четине, түз эле самолеттор коно турган тилкеге жакын айыл түшүп калган?

 

16-январда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Саламаттык сактоо министринин орунбасары Амангелди Мурзалиев Дача-Суу айылы башкы планга кирбегендигин, ал 423 участоктогу миңге чукул киши мыйзамсыз жашап жаткандыгын билдирди. Ал тургай бул айылда азыркы күнгө чейин электр жарыгы жок экен. Бирок “Манас” аэропортунун жумушчулары үчүн курулган “Авиатор” дачасы Советтер союзунун учурунда эле курулуп, элдер туруктуу жашай баштагандыгы белгилүү.

 

Ошол эле күнү “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу учак кырсыгында “Манас” аэропортунун жетекчилигин шалаакылыгы үчүн күнөөлөдү. Депутат аэропорт жетекчилигинин кызмат ордунда калууга моралдык укугу жок экендигин айтып, окуяга аэропорттогулар дароо реакция кылбай, кырсык тууралуу тиешелүү органдарга жөнөкөй тургундар кабарлагандыгын кошумчалады.

 

Аэропорт демекчи, акыркы жылдары, айрыкча 2005-жылы жана 2010-жылы эки ирет бийлик алмашкандан бери бул өтө кирешелүү өлкөбүздүн аба дарбазасын өлкө жетекчилигинин жакындары гана “басып алып”, жалаң акча жасоо, жетишкен ийгиликтерин акчанын суммасы менен гана өлчөп келишет. Анын кесепетинен кесипкөй авиаторлор жетекчилик кызматка дайындалбай, жалаң тууганчылык, партиялык клан менен кадр маселеси чечилип келүүдө. Кечээ россиялык бир белгилүү маалымат каражаты “Манас” аэропортунун самолетторду кабыл алуучу станциялары менен башка жабдыктары эскирип калгандыгын жазыптыр. Кыргызстандын ансыз деле аты бар, бир самолету жок (болсо да Союздун учурунан калган эски Ту-134ттөр бар) авикомпаниялары АКШ, Европа сыяктуу цивилизациялуу өлкөлөргө уча албай, “кара тизмеде” кала бериши да бул тармакты кыргыз бийлиги дайым өстүрүп, өнүктүрбөй эле талап-тоноп келаткандыгынын “жемиши” эмеспи? Ал эми Бишкек менен Оштон Россия жана башка жактарга негизинен түркиялык авиакомпаниялар учуп, негизги кирешени да ошолор шыпырып кетишүүдө.

 

Жада калса, чет өлкөдөн учуп келген жүргүнчүлөрдү тосуп алуудагы такси кызматы да криминалдашып кеткен. Ошол эле учурда эл аралык статусу бар аэропорттун башкасын мындай кой, ажатканалары талаптагыдай иштебей, унитаздары  өтө эле кичине. Эми бул кийин айта турган майда маселедир. Канткен менен 16-январдагы кырсык, “Манас” аэропортундагы абалдын терс жагын, коррупция менен кесипкөйлүктөн алыс иш жүргүзүүнүн кесепетин көргөзүп койду...

 

А.Белеков

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.