Эл нааразычылыгы чекке жетти

 

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сайдын тургундары “айыл элине кордук көрсөткөн З.Султаналиевдин үй-бүлөсүнө бийлик тез арада чара көрбөсө, таш бараӊга алууга аргасыз болобуз”-деп чыдамдары жеткен чекке жетип, жарылайын деп ызаларын ичине катып араӊ турушат.

 

Себеби, бийлик менен күчкө ишенип, байлыкка чиренген Зарылбек Султаналиевдин уулдарынын айыл элине көрсөтпөгөн кордугу, кылбаган кылмыштары калган эмес. Көпкөн көпөстүн уулдарына чара көрүп, колу менен кылгандарын мойну менен тарттыруунун ордуна райондук укук коргоо органдары жабыр тарткандардын арыздарынан ар кайсы шылтоо менен баш тартышып, күнөөсүздү күнөөлүү кылганга жан үрөшүп же кылмыш иштерди өз ара жабууга далбас уруп келишкендери чындык. Милиция кызматкерлеринин мындай “көз жумган, жан тарткан” жоруктарга баруусун карапайым эл Зарылбектин улуу баласы Эмирландын милицияда иштеп, чоӊдорго жансакчы болгондугу менен байланыштырып келишет.

 

Ө.Бабанов алгачкы ирет Жогорку Кеӊешке депутат болуп келгенде Эмирлан жан сакчылыкка алынып, жердеш агасынын арты менен Көк-Сайга чакан май куюучу станция ачат. “Алыс барбай, өзүбүздөн май куябыз”- деген айылдыктардын тилегин таш кабат. Анткени, айдоочулардын жер айдоо, түшүм жыйноо убагында куйган майлары мөөнөтүнөн мурда түгөнүп калып жатканынан улам, 200 литрлик бочкага куйдурганы барышканда ичинде 170 литр болуп чыгат. “Элди алдабай толуктап куйбайсыӊбы?”- деген кишилерге Зарылбектин уулдары кечирим сурап, толуктап берүүнүн ордуна чоӊ муштумдары менен жооп кайтарат. Мындай окуя бир нече ирет кайталанган соӊ, айдоочулар ал жайга барууну токтотушуп, жыйынтыгында май куюучу станциянын эшиктерине кулпу илинет. “Шефинин” ким менен кездешип, эмне иштер менен алек болуп жүргөндүгү тууралуу маалыматтарды кызыкдар тарапка шыбырап жүргөндүгү Ө.Бабановго билинип калган соӊ, Эмирланды иштен айдап жибергени маалым. Кийин мурдагы Ички иштер министри М.Турганбаевге, андан соӊ ГУБОПтун башчысы К.Сатыбалдиевге жансакчылык милдетти аткарып жүрөт. Калыбекти ГУБОПтун башчылыгынан алышып, анын ордуна Р.Мамбеталиев келери менен “өмүрүӊдө бир кылмыш ачпай, карагулчулуктан башканы билбеген неме экенсиӊ”- деп “совещание” учурунда иштен айдап, бирок айрымдардын кийлигишүүсүнөн улам Нарындагы башкармалыгына которуп жиберет. Кийин М.Турганбаевдин жардамы менен майлуу-сүттүү делген Бишкек ШИИБде чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин ар бир “иностранецтен отметка” чогултмай менен алек. “Таянар тообуз бийик” деген бул үй-бүлөнүн жолдо калган жоруктарынын айрымдарына гана токтоло кетели.

 

Айылдагы жергиликтүү кеӊештерге болгон шайлоону да Зарылбектин 4 уулу өзгөчө ыкма менен өткөрүшүп, Байыс деген тажаал апасын өкүмзордуктун бийлиги менен айылдык кеӊешке депутат, анан төрайым кылууга да жетишишет. Шайлоо күнү Зарылбектин Эмирлан, Элдияр (мунусу Дене-тарбия институтун бүтүрүп, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болсо да 2010-жылы кармалып, камалган эмес. Себеби, ГУБОПтун башчысынын жанында анын бир тууган агасы жүргөн) Эрнис жана Нуржан деген 4 уулу бир канча чөнтөк телефонун алып, шайлоо штабынын алдында туруп, шайлоого кирип жаткандарга “апама добуш берип, сүрөткө тартып чыкпасаӊ таарынба!”- деп коркутуу жолу менен шайлатканын жүздөгөн жигиттер тастыктап берүүгө даяр.

 

Ошентип, айылдык кеӊешке төрайым болгон катын баласы Эрнисти мурап кылдырган соӊ, балээнин баары башталат. Көк-Сай айылынын жогору жагындагы Чат деген жайлоодо Зарылбек да үй-бүлөсү менен үлүш жерине качар салып, малын бактырып келет. Ошол тараптан ага кошуна болуп калгандардын айтса армандары түгөнбөйт.

Анткени Эрнистин мурап болгону – төмөн жактагыларга суу алуу азапка айланат. Суу сурап баргандарды “мен өзүмдүкүн сугарып жатканымды көрбөй жатасыӊарбы?”- деп улуу-кичүүгө карабай ур-токмокко алганды адатка айлантып алганынан, аны менен байланышуудан оолактап калышкан. Атасындай болгон Бакыт Меделбек уулу “картошкам соолуп жатат, суу берсеӊ боло?“- деп барса, Эрнис аны кармап, сарайына камап, “мобуну бүтпөйүнчө чыкпайсыӊ”- деп бир күн бою көӊүн оодартканы уккандардын жанын кашайткан.

 

Суу бербегени аз келгенсип, малдарын кошуналарынын жерлерине каптатып, “ай деген ажосу, кой деген кожосу жок” бул жигит оюндагысын оттогонун токтотпой коёт. Быйыл 40 кап картошка эгип, малын кайра-кайра кое бергенинен улам, күзүндө араӊ 2 куржун алдык деп, айылдык чогулушта көз жашын көл кылып Чоокпай аксакалдын кемпири айтып берген.

 

Ошол эле учурда кокусунан жылкысы Султаналиевдердин жерине түшүп кеткенде, Эрнис эч кандай комиссиясыз эле өзү сот болуп, “жылкыӊ менин 1 тонна төө бурчагымды жеп койду, 50 миӊ сом алып келип чыгымды толтуруп берсеӊ гана жылкыӊды берем”- деп өзүнөн 20 жаш улуу Марат Чоокпай уулунан коркутуп-үркүтүп 50 миӊди алып койгон. Бирок, арадан бир жыл өтпөй куш салып жүргөн Марат Чоокпай уулун ошол кездеги Ички иштер министри М.Турганбаевдин аялын кайтарып жүргөн Зарылбектин кичүү баласы Нуржан кармап алып, “биздин территориябызда куш салууга сага ким уруксат берди? Прогибке кетүүнү каалап жатасыӊбы?”-деп, араӊ жүргөн кишини көтөрүп жерге чаап, акырегин сындырып салат. Муну менен эле тим калбастан, үйдө тура албай жаткан Мараттын үйүнө түн жамынып келип, аялына бычак такап, “Султаналиевдердин үйүнөн жылкысын уурдап бараткан жеринен Маратты малчылары кармап алып, сабап, акырегин сындырышты!”-деп аялына жана өзүнүн малчыларына жаздыртып, кол койдуртуп алат. “Эгер милицияга арыз жазсаӊ ушуну көрсөтүп, кайра сени каматтырам”- деп кетип калат. Ушуга окшогон миӊ түрдүү айла амал менен Чат жайлоосундагыларга суу бербей, малын каптатып жиберип, түшүмсүз калтырып олтуруп, көбүнүн жерин текейден арзан сатып алышып, элдин каргышына калган үй-бүлө күн өткөн сайын жаӊы өнөрлөрүн көрсөтүүдөн тажашпады.

 

Эрнис өзүнүн теӊтуштары менен айылда ичип олтурган маалда өзүнөн бир жаш кичүү Батырбек уулу Максат жанынан өтүп баратса, аны кармап эч себепсиз эле жаагын сындырып, тишин кагып салат. Максат оор абалда ооруканага түшүп, милицияга арыз жазса Эмирланы баш болуп, жабыр тарткандардын үй-бүлөсүн коркутуп, арызын алдыртып алышат. Бүгүнкү күнү бул жигит кайрадан арыз берип жатат.

 

Атасына арыз жазам дегендер да четтен чыгат. Чат жакта карып калган Кадыркул аксакал малын жайып жүрсө, Зарылбек аны кармап алып, “менин уруксатым жок, эмнеге сакал коюп жүрөсүӊ?”- деп, абышканын сакалын бирден жулганда элдин төбө чачы тик турган. Ал тургай мурдагы Тышкы иштер министри, азыркы депутат Руслан Казакбаев айылга келгенде Зарылбек айгыр ат мингизип, бирок балдары кайра эле алып койгон “ит жоругун” дипломат да тастыктаар.

 

Булардын үй-бүлөсүнө тиги Чаттагы кошуналары эле эмес, айылдагылары да абдан нааразы. Султаналиевдер бурчта жашап, чоӊ жолду оӊ жагынан да, сол жагынан да фундамент куюп, пескоблок менен жаап салганы кошуналарынын эле эмес, Айтматовдун чыгармасындагы Күркүрөө суусуна барган айыл тургундарынын да кыжырын кайнаткан.

 

Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында клубдун имаратында шайлоочулар менен айылдык кеӊештин талапкерлеринин ортосунда жолугушуу өтүп, Көк-Сайдын көйгөйлүү маселелери каралды. Анда сөз сүйлөгөн аксакалдар сотунун төрагасы Акылбек Болотбеков өмүрүн тобокелге салып, эл алдында Султаналиевдердин жоруктарынын жүзүн ачып, буларды элге душман болбоого чакырды. Тилекке каршы трибунада сөз сүйлөп жаткан Акылбек аксакалга Зарылбек жулунуп чыгып, аны токтотуу үчүн муштап жиберүүгө үлгүрөт. Элдин күтпөгөнү, 60тан жашы өтүп калган кадырлуу аксакалдын жөн эле туруп бербестен чыныгы профессионал мушкерлердей болуп, алгач “боковой”, андан соӊ “апперкот” менен киллейген денени сулата чаап, айылдыктардын оозун ачырат. Аӊгыча, залда турган Эрнис менен Нуржан (учурда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук башкармалыгында опер болуп иштейт) атасына болушуп Акылбек аксакалга жулунуп, кол көтөрүшкөндө айыл жаштары карап тура алышпай экөөнү баса калышып, ур-тепкиге алышат. Мындайды күтпөгөн Султаналиевдер заматта 180 градуска өзгөрүлүшүп, элден кечирим сурап, үйлөрүнө кайтышат. Таӊ калычтуусу эртеси күнү улуу баласы Эмирландын кийлигишүүсү менен райондук милиция алардын үйүн кайтарууга алышат. Чуу чыгары менен айылдык чогулушка губернатордун 1-орун басары Ч.Төрөкулов, облусттук милиция башчысы И.Касымбаев жана райондук УКМКнын кызматкерлери келип, жолдо калган жоруктардын баары эмес, азы менен гана таанышкан соӊ, төбө чачтары тик турду. Тилекке каршы, облусттук деӊгээлдеги жетекчилер маселелерди эл каалагандай чече албай, сотторго шылтап жатышкандай.

 

Ушундан улам, айыл эли аталган маселени чечип берүү өтүнүчү менен президент А.Атамбаевге, Башкы прокурор И. Жолдубаевага, Ички иштер министри У.Исраиловго жана УКМКнын төрагасы А.Сегизбаевге кайрылышып, учурда Бишкек ШИИБде иштеп жүргөн капитан Эмирландын кызматтан алынышын жана Нуржан менен Эрнистин кылмыш жоопкерчилигине тартылып, элден тартылып алган жерлерди кайтартып берген cоӊ, көчүп кетүүсүн талап кылып турушат. Айылдаштары Эмирландын келүүсүн талап кылса, ал ар кайсы шылтоо менен келүүдөн качып, аз күн мурда Бишкекте жашаган аттуу-баштуу айылдаштарын чайга чакырып, Көк-Сайга бирге барып, баш көтөргөндөрдү жоошутуп келүү сунушу менен кайрылат. Шаардыктар “эшеги суудан өткөнчө” жай сүйлөгөн Эмирландын өтүнүчүнөн сылык түрдө баш тартышат. Ал ортодо Ички иштер министринин мурдагы орун басары К.Сатыбалдиев Эмирланга кайрылып, “айылдаштарыӊа чөгөлөсөӊ да кечирип сурап, тартып алганыӊды кайтарып берип, аман-сооӊордо көчүп кетсеӊерчи”- деген кеӊешин айтканы ачыкка чыкты. Бирок, Султаналиевдер жогорудагы окуядан сабак алып, тиешелүү жыйынтык чыгаруунун ордуна дагы деле, күч, бийлик менен элди тынчтандырып, жылуу сүйлөп алдап коебуз деп ойлошууда.

 

Бийлик Көк-Сайлыктардын маселесине тез арада кийлигишип, мыйзам чегинде оӊ тарапка чечип бербесе, анда буларды “ташбараӊга алуу да аздык кылат”-деп ызырынып турушат. Чыдагандын да чеги болот да, туурабы туугандар?

 

Айыл аксакалдары

(кайрылууга кол койгон аксакалдардын аты-жөнүн түшүнүктүү себептер менен бул жерге жазган жокпуз)

 

Булак: “Майдан.kg”.