"...Азыр Атамбаевди “дагы бир мөөнөткө кал” деген жугунду корлор Бакиевдерден коркуп үндөрү чыкчу эмес. Элге үлгү боло турган эмес, эл жийиркенген адамдар бийликте көбөйдү. Бул өлкө үчүн утулуш"

 

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз-Ата” элдик саясый партиясынын төрагасы:

 

 “Элге үлгү боло турган эмес, эл жийиркенген адамдар бийликте көбөйдү”

 

- 2016-жыл кыргыз эли үчүн стабилдүүлүктүн жылы болду десек болот, кээ бир саясий окуяларды кошпогондо. Акаев жана Бакиев убагындагыдай шайлоолор өткөрүлдү. Жергиликүү кеңештерге мисалы Ош шаарында болгон шаардык кеңешке шайлоодо алды 380 миллион, арты 40 миллон сом чачып, сатып алган уурулардын партиялары бийликке келди. “Ата-Журт” менен “Ата-Мекен” 4-5 миллон сом чыгым кылып, ара жолдо калышты. Ушундай бузуку адамдарды бийликке алып келиш керекпи, кимге пайда мыйзамсыз жолдор менен бийликке келген адам. Бийликте туруп мыйзамсыз иштерди андан да көп кылат. Ушундай шайлоолор, ушундай ууру, сүткор, өлкөнү, элди күнү, түнү тоногон адамдардын партиялары жана алардын командасы бийликке келди. Жаңы кландык топтор пайда болду, бул өлкө үчүн өтө коопту. Ушулардын жыргалчылыгы үчүн революция кылганга башымды сайган эмесмин. Бакиевдик бийликти кулатуу үчүн күнү, түнү от кечип, бандит аралашкан бийликтин көзөмөлүндө үй-бүлөбүз менен турдук. Эгерде Бакиевдер бийликтен кетпей калганда биздин тагдырыбыз башкача болушу мүмкүн эле. Азыр Атамбаевди “дагы бир мөөнөткө кал” деген жугунду корлор Бакиевдерден коркуп үндөрү чыкчу эмес. Элге үлгү боло турган эмес, эл жийиркенген адамдар бийликте көбөйдү. Бул өлкө үчүн утулуш.

 

Бекташ Шамшиев, журналист:

 

“Маймыл жылы төрөлгөндөр алтымыш жашка чыктык”

 

- Өтүп бараткан жыл эмнеси менен эсимде калды? Жеке планда бул жылы 1956-жылы маймыл жылы төрөлгөндөр алтымыш жашка чыктык. Отчёттук жыл. Ал эми өлкөбүз үчүн алсак, жакын коңшубуз Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып бараткандыгы, ортодогу тоңдун аз-аздан жибип баратышын жакшы жышаан катары бааласак болот. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык”- дегендей, жакын коңшубуз менен достук мамилелердин жанданышынан эки эл гана утат. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип, бирок мурда убада кылынган артыкчылыктардын бир да бирөөнө жетише албай келатат. Мүмкүн, келечекте Кыргызстан да өндүрүшүн өрчүтүп, алдыга суурулуп чыгып калар. Ага чейин бул жерден агылган мигранттар катары кайра арбып, элдин ишенген инвестициясы мигранттар четтен жөнөтчү акчасы болуп кала берет окшойт. Эң негизгиси, маймыл жылын тынч тоок жылына өткөрүп жатабыз. Өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

 

Рита Карасартова, адвокат:

 

“Мыйзамсыз референдумду өткөргөнү менен эсте калды

 

- Бул жыл мыйзамсыз референдумду өткөргөнү менен эсте калды. Башкача айтканда, ушундай мыйзам бузуу менен Конституцияны өзгөртүштү. Эми  башка мыйзамдар жөнүндө кеп кылбай деле койсок болот. Анткени, мыйзамсыздыктан баш адашат.

 

Үмүт Мукамбетова, журналист:

 

“Даңазалуу жыл болду”

 

- 2016-жылдын менин эсимде калганы - өзүм жетектеген “Кабарлар” сайтынын ийгиликтери болду. Аз убакыт иштегенибизге карабай республикадагы алдыңкы катардагы маалымат агенттиктердин катарында ат салыштык. Эң чоң өзгөчөлүгү - бул жылы “Үмүт” телекөрсөтүүбүздүн ачылышы болду. Бүгүнкү күндө көрүүчүлөрүбүз арбып, кайда жүрсөк да жеке телекөрсөтүүбүз жөнүндө  жакшы ой пикирлерди угуп кубануудабыз. Келерки жылы да алдыга койгон көп максаттарыбыз бар. Негизи эл үчүн кызмат кылуудан тайбасак болду. Өлкөдөгү олуттуу нерсе тарых жана маданият жылынын окуяларга бай болушу  мени аябай толкундантты. Көчмөндөр оюнунун демилгечиси жана ээси болуп улуу кыргыз элибиздин айтылып, тарыхта калуусу бул өчпөгөн, көөнөрбөгөн, калкыбыздын келечеги үчүн аба менен суудай керек болгон даңазалуу жыл болду десем жанылышпайм.

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

 

“Бири бирин каралаган чыр-чатактар көп болду”

 

- Өткөн жылдагы жүрөктү сыздаткан жоготууларды эстебесек болбойт. Өзгөчө РФда жумуш издеп барган, ал жакта иштеп жакындарын багып жүрүп, кырсыкка кабылып, өрттө камалып жоготкон 17 кыз-келинибиз өзгөчө кайгыга бөлөдү. Бири-бирин күнөөлөгөн, мамлекеттик ММК аралашып, бири бирин каралаган чыр-чатактар көп болду, эстегим да келбейт. Бирок, жылдын этегинде биздин КВНчилер өзүнүн өнөрү менен жалаң биздин күйөрмандарына эмес, бүткүл шериктештер мамлекеттердин элдерин кубантышты: мен мындай жакшы оюнду көптөн бери көрө элек болчумун. Алардан калбай кичине бөбөктөр да Азия оюндарында шахмат боюнча 2 алтын медал алгандары мени аябай кубантышты. Айтыла турган окуя: көптөн бери сындалып келген Өзбекстан менен мамилелер оңуна чечиле баштады. Бул дагы келе жаткан Жаңы жылдын жакшы жышааны болуш керек, баарыбызга Жараткан ыйман, ден-соолук жана бакубат турмуш берсин.

 

Мирзат Муканов, диктор:

 

“Сүйүктүү адамыма баш коштум”

 

- Бул жыл мен үчүн эң жакшы жылдардан болду. Бойдокчулук менен кош айтышып, сүйүктүү адамыма баш кошуп, биздин үйгө баш кошулду. Маймыл жылы жакшы күндөр, бактылуу ирмемдер менен көз алдымда калды.

 

Зайырбек Ажыматов, журналист:

 

Куудулдар чатагы... Жоголгон Баш мыйзам... Референдум

 

-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата өткөн айтыштын тандоо туру боюнча чыккан нааразычылык... Мискенбаев-куудулдар чатагы... Жоголгон Баш мыйзам... Референдум.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: