"Шайлоонун баркы кеткенинин дагы бир себеби, президентибиз ойду-тоону сүйлөп,  калп айтып, убадасынан эл тажады. Калп айтуу мамлекеттик деңгээлде өз ордун тапты"

 

Равшан Жээнбеков, экс-депутат:

 

“Бийликти колдогон партиялар жеңишке жетти”

 

- Шайлоо бийликтин ою боюнча мыйзам чегинде болду. Бийликти колдогон өзгөчө  КМШ мамлекеттеринен келген байкоочулардын жана бийликти колдогон “Таза шайлоо” деген бейөкмөт уюмдун айтканы боюнча өзгөчө тынч, таза өтүптүр. Ооба тынч өттү. Бирок,  “тынч өттү” дегени: “мыйзамдуу өттү” деген сөз эмес да.  Коомду, элди аралап жүрүп, массалык маалымат каражаттарын же социалдык түйүндөрдү көрө турган болсоң бюллетенди пачкалап урнага салып жаткан видеолор, студенттерди, аскер адамдарын ташып келип жаткан автобустар, сатылып алынып жаткан добуштар, басым жасап жаткан мамлекеттик кызматчыларды көрсөң болот. Кыскасы, мурдагы эле процесстер кайталанып жатат. Ошондуктан, бийликтин көз карашы боюнча өттү десек болот. Көрүп турган, бийликтен коркпогон эгемендүү адамдар, саясатчылар  массалык маалымат каражаттары, граждандык коомдун өкүлдөрүнүн оюу боюнча референдум  өткөн жок.

 

Референдум менен шайлоону бир күнгө коюп өткөзүү Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерде дагы болуп эле келе жаткан нерсе. Менин оюмча кеп экөөнү бир койгондо эмес, кеп мыйзамдуу өттүбү, өткөн жокпу, ошондо. Экинчиси, бийлик өзүнүн кол алдындагы административдик ресурсту, байлыкты,  кошоматчыларды шайлоо менен референдумда өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланды. Эгерде ушул боюнча жооп бере турган болсок, бийлик административдик ресурсту, фальсификацияны толугу менен колдонду.

 

Атамбаев эртең менен бардык укук коргоо органдарына “эгерде КСДП, “Республика-Ата Журт” мыйзамды буза турган болсо дагы карабагыла”- деп кыйыр түрдө команда берди. Башкача айтканда Атамбаев президент башы менен укук коргоо органдарына “көзүңөрдү жумуп койгула. Анча-мынча мыйзам бузуулар боло турган болсо карабагыла”- деп тымызын команда берди. Аны баардык массалык маалымат каражаттары жазды. КТРК кайталап көрсөттү. Жыйынтыгында, президент сөз кылган  эки партия шайлоого келгендердин 40-50-пайызынын добушун алып, өтүп келишти. Башкача айтканда, бийликти колдогон дежурлар өттү. Бийликти сата электер, башкача айтканда Бакиевдин убагындагыдай эле бийлик колдогон партиялар жана бийлик колдогон саясатчылар бийликте калып, жеңишке жетишти. Бийлик колдобогондор тышта калды.

 

Качкынбек Булатов, укук коргоочу:

 

“Бул – бийликтин бозодогу жеңиши”

 

- Бийликке келген ажолордун көнгөн адаты бар, түз эле баш мыйзамга асылып, бийлигин колунан чыгаргысы келбейт экен. Атамбаев оппозицияда жүргөндө ашыкча демократ болуп, бийликти сындаганга андан бир дагы саясатчы алдыга чыкчу эмес. Эми Атамбаев бийликке келип алып, бийликтин чылбырын кармап башкаргысы келип, жанталаша баш мыйзамды өзгөртүүгө жетишти. Эдил Байсалов айткандай, “Атамбаев убактылуу гана жеңишке жетишти”. Муну кыргызда “бозодогу жеңиш” деп коёт. Албетте, Э.Байсалов чындыкты айтты. Атамбаев демократиянын жетишкен дөттөрүнүн бири - көпчүлүктүн чечимин бузуп, эми бардык күчтү өкмөткө берип, кадр саясатын өкмөт өзү чечкенден кийин кайра эле авторитардык мурунку коррупциялык жолго келип калдык. Жанталаша дежурларды телеэкрандын бетинен кетирбей, “Башмыйзамды өзгөртсөк жашообуз өнүгүп-өсөт” деп баягы кур убадаларды дагы беришти. Так ушинтип куру убада берип отуруп,  шайлоонун маанисин бийлик кетирип бүттү. Ошондуктан референдумга жарандык коом деле кайдыгер карап,  шайлоонун баркы  кетип,  толук кандуу катышкан жок. Шайлоонун баркы кеткенинин дагы бир себеби, президентибиз ойду-тоону сүйлөп,  калп айтып, убадасынан эл тажады. Калп айтуу мамлекеттик деңгээлде өз ордун тапты. Анткени, уурулук бийликте, парламентте орун алганын Текебаев фактылар менен далилдеп жатат. Ошондуктан референдум жана шайлоо оппозицияга жанданууга күч берип, алдыда бир өзгөрүшкө алып келери бышык. Атамбаев мындан ары ири ката кетире берерин өзү көргөзө алды, өзүнүн референдуму өз башына тийери бышык.

 

Самат Алиев, коомдук ишмер:

 

“Референдумдун жыйынтыгы эки ача пикирди жаратты”

 

- Референдумдун жыйынтыгы эки ача пикирди жаратты. Биринчиси,  Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү  шайлоого катышкандардын 70 пайыздан  ашыгы туура деп белгилешти. Бирок экинчиси,  жалпы шайлоочулардын 40 пайызы гана катышкандыгын эске алсак, бул референдум канчалык негизде жалпы калктын оюн билгизет деген суроо жаралат. Бул маселеде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кетирген кемчиликтери дагы чоң десем жаңылбаймын.

 

Чолпон Осмонова, “Замандаш” партиясынын мүчөсү:

 

“БШКда сабатсыз адамдар олтурабы?”

 

- Чындыгында референдумга “Фейсбук” баракчасынан окуп алып, эл каршы экен деп ойлогом.  Элди аралаганда элдин көбүнчөсү макул экенине өзүм күбө болдум. Конституцияны  жакшылап салыштырып, окуп чыктым. Мага кээ бир мыйзамдардын өзгөрүлүшү жакты. Кээ бири жаккан жок. Ал эми шайлоо боюнча айтсам, мурункудай эмес, азыр эл деле кимдин ким экенин билип калыптыр. Менин абдан таң калганым БШКда олтургандар  ушунчалык сабатсыз окшойт. Анткени, “Жаңы Доор” деген партияны “Новая Эпоха” деп жазып коюшуптур. Рекламаны кыргызча көрүп, орусчасын уккан эмесмин. Чынында мыйзам боюнча кандай катталса, ошондой жазылыш керек болчу.

 

Айбек Бусурманкулов, активист:

 

“Бийлик ресурсун толук колдонду”

 

- Шаардык кеңешке баягы эле акчалуу партиялар келди. Элибиз шайлоо системасына ишенбей калган. Ошон үчүн өтө  аз пайыз шайлоого катышты. Ал эми референдумду күчкө салып эле өткөрүп койду. Анткени, башынан эле референдум маселеси  мыйзам бузуулар менен башталган. Демилге чынында президенттик аппараттан келди, анан депутаттарды коркутуп- үркүтүп мыйзамды кабыл алдырышты. Анан дежур эксперттер эртеден кечке элдин башын айлантышты. Жыйынтыгында админстративдик  ресурс менен шайлоо өткөрүштү.

 

Келдибек Жээнбеков, активист:

 

“Добуш базар пайда болду”

 

- Референдумду эл түшүнбөй эле колдоп берди окшойт. Партиялар боюнча мен “ушулар жеңишке жетишет” деген оюм 99 процент туура чыкты. Азыр шайлоо деген нерсе жок болуп, “добуш базар” пайда болду окшойт. Шайлоонун мааниси кетип, элди акчага сатып алып, кайра сата турган товарга айлантты.

 

Турсунбай Шарапов, шаардык кеңешке талапкер:

 

“Эң башкысы биз жакшы тажрыйба топтодук”

 

- Күрөшкө чыканда жыгытуунун көздөбөй жыгылууга дагы даяр болуш керек. Мен күткөн партиялар өткөн жок. Эң башкысы биз жакшы тажрыйба топтодук, жакшы досторду таптык, ийгиликтерге кадам таштадык!

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити, №45, 15.12.2016-ж.