Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 6314

"Алмаш Шаршеновичтин бул жакшылыгын өмүр бою унутпаймын! Президентибиздин мээнетин жана жакшылыгын жакшы окуп, болочокто Кыргызстан үчүн ак эмгек кылуу менен сөзсүз акыры актаймын!" – деп ишендирди балакай Исхак Усенов.

 

 

Зульфия УСЕНОВА чиедей төрт баласы менен Кара-Суу шаарындагы базарда бирөөнүн батиринде жашап, күндүзү базарда олтуруп, эптеп чакан үй-бүлөсүн  күнүмдүк азык-түлүк менен аргасыз камсыз этчү. Кудайдын боору ачыган бейм, баласын жарым саат олтурган жеринде картондун үстүнө уктата коем  десе, уулунун кудум ушундай абалын бирөө-жарымы сүрөткө тартып интернетке жайып ийиптир.

 

Муну акыры президент Алмазбек Атамбаев дагы капысынан окуп калып, көрүнүш мамлекет башчысын катуу кабатырланткан өңдөнөт, а киши айкөлдүгүн карматып, бул үй-бүлөгө өзүнүн жеке фондунун эсебинен моминтип Кара-Суу шааарынан үч бөлмөлүү батир тартуулап ийбеспи.

 

- Өзүм жалгыз боймун. Уулдарым Мусурманкул сегиз, Исхак үч, ал эми кыздарым Сезим алты жашта, ал эми Мээрим үч айга эми гана толду, - деп сүйүнүчүн жашырган жок Зульфия УСЕНОВА. – Кара-Суу шаарындагы базарда автоунаа токтоотуучу жайда эле иштечүмүн. Ушул эле жылдын 16-сентябрында саат 16.00-16.30дар чамасында картон кагаздын үстүнө Исхакты саамга уктатып коюп, жумуш менен алаксып жүргөнүмдө, уулумду дал уктап аткан маалында бирөөлөр сүрөткө тартып, интернет аркылуу жайып ийиптир. Муну президент Алмазбек Атамбаев дагы окуп калган экен. Ал-жайымды кеңири сураштырып, анан акырында өзүнүн жеке фондунан 920 миң сом ажыратып, Кара-Суу шаарынан моминтип үч бөлмөлүү батир сатып берди. Анын ичин үй эмеректери менен дагы толтуруп таштады. Эгерде уулум Исхакты ошогезде сүрөткө ким тартса, силер аркылуу мени менен байланышсын! Ал адамга өзүнчө ыраазычылыгымды билдирмек элем. Эгерде ал тартпаса, интернетке социалдык тармактар аркылуу жайылтпаса, мен каяктан үйлүү болмок элем...

 

Зульфия Усенова мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаевге да абдан ыраазы экендигин жашырган жок.

 

- Күйөөм Акын Абдылдаев биз менен дегеле жашабайт. Анткени, бизге каралашканга таптакыр жараган жок! Эми минтип үйлүү болгонубузда гана мага тынбай чалып, эптеп ар түрдүү ыкма менен кайрадан жарашуунун аргасын издеп жүрөт, - деп чырылдады Зульфия Усенова. – Бирок, жолдошум Кара-Сууга келсе деле, үйүмө таптакыр жолотпоймун. Үмүт кылбасын! Ансыз деле бала-чакамды эл катары багып, баарын бутуна тургузганга кудуретим жетет! Президент Алмазбек Атамбаевдин айкөлдүгү мага ар качан дем байлатып, мындан ары дагы ар кандай кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга, куда кааласа, дегеле моюн сунбаймын!

 

Сөз арасында Зульфия Усенова жаңы конушта суу маселеси эмитен эле баш оорутуп жаткандыгын кошумчалады: “Бул жакка таза суу эки күндүн биринде гана чыгат экен. Кокус идиш-аяктарга  суу даярдап албагандардын шору шорподой кайнайт турбайбы. Андан дагы олуттуусу: менин колума президент тартуулаган үйүбүздүн документтерин эмдигиче карматыша элек. Ошондуктан, коңшуларым бул үй меникиби, меники эмеспи деп дагыле катуу шексинип жатышат”.

Баса, үч бөлмөлүү батир төрт бир тууган Усеновдордун баарынын наамына тең катталды.

 

- Бул президентибиз Алмазбек Атамбаевдин төрт бир тууганга гана тартуулаган жеке белеги. Ошондуктан, үй Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө гана таандык. Аталган бөлүм мындан ары бир туугандар Мусурманкул, Сезим, Исхак жана Мээрим Үсеновдордун кызыкчылыгын жана укуктарын бекем коргоп, баары тең он сегиз жашка толгондо гана үйдү Исхак Усеновдун наамына толук бойдорн өткөрүп берет! - дейт КараСуу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев. – Бул аралыкта биздин кызматкерлер булардан керектүү маалда кабар дагы алып турушат. Мындан тышкары төрт бөбөктүн ар бирине 810 сомдон, жалпысынан 3240 сом ай сайын пособие чектелди. Муну үчүн булардын апасынын жана балдарынын баарынын жоголгон документтерин чукул арада кайрадан калыбына келтирдик. Ушул тапта балдардын улуусу Сезим Усенова Кара-Суу шаарындагы Манас атындагы орто мектептин биринчи классында окуп жатат. Ал эми Мээрим жана Исхак кадимкидей бала бакчага каттап калышты.

 

- Сезим Усенованын мектеп формасын жана бүт эмеректерин Кара-Суу мэриясы толук бойдон сатып берди. Ошондой эле окуу куралдары менен дагы толук камсыз этилди, - деп кепке аралашты Кара-Суу шааарынын мэри Зарлык Тургунбаев. – Ал эми батир кайрадан бир чыйра ремонттолуп, анан заманбап эмеректер менен толук жабдылды. Буга Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов дагы куп каралашты.

 

Сапарыбыздын соңунда кичинекей Исхак Усенов президент Алмазбек Атамбаевге ысык саламын жолдоду.

 

- Алмаш Шаршеновичтин бул жакшылыгын өмүр бою унутпаймын! Президентибиздин мээнетин жана жакшылыгын жакшы окуп, болочокто Кыргызстан үчүн ак эмгек кылуу менен сөзсүз акыры актаймын! – деп ишендирди балакай Исхак Усенов.

 

Ылайым тилегиң кабыл этсин, Исхак!

 

А АКЫРКЫ СААТТАРДА...

 

Төрт баласы менен үйгө эми гана жетинген Зульфия Усеновага өзүн Кара-Суу шаарынын мэриясынанмын” деп тааныштырган Рая аттуу кызматкер жаш келинди коркутуп-үркүтүп, үйүндө тынчтык бербей жаткандыгын Зульфия биздин кабарчыбызга маалымдады.

 

- Кара-Суу шаарынын мэриясынан Рая деген аял келип, балдарымды телефонго сүрөткө тартып, ар кандай сөздөр менен мага акаарат келтирип, моралдык жактан абдан кыйнап жатат. Балдарымды балдар үйүнө алып кетишип, бир күндөн кийин кайтарып беришти, аймактык милиция кызматкери келип, “Бишкеккеби, бир жакка барып, үч ай же бир жыл жашап тур! Сенин айыңдан бизге дагы тынччылык бербей жатышат”, – деп ыйлактады. Ошентип, Президент тартуулаган үйдө тынч жашай албай калдым. Мен Алмазбек Атамбаевдин сертификатын колума алып, үйүмдү бекитип, президенттин өзүнө барып сөзсүз жолугам.  Мындан башка аргам калган жок! Бир жагынан домком, бир жагынан Рая келип тынбай тынчымды алып жатышат, – деп ыйлактады Зульфия Усенова.

 

Бирок, Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев Зульфия Усенованын бул айтканын таптакыр четке какты. Райондук аткминер дагы, милиция кызматкерлери дагы, Кара-Суу шаар мэриясында иштегендер дагы коркутпагандыгын, Исхактын апасы кимдир бирөөлөрдүн тилине гана кирип, эптеп үйдү өзүнүн наамына жаздыртып алууга аракетин кылып жаткандыгын баса белгиледи.

 

- Бул үй президент Алмазбек Атамбаевдин жеке фондунун эсебинен гана сатылып алынып, үйдү саткан тараптын, Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана акча берген тараптын ортосунда атайын үч тараптуу келишим түзүлгөн. Буга ылайык үй балдардын гана наамына жазылып, алар 18 жашка чыкканда аларга тартууланат. Эгерде, үйдү балдардын апасына берип койсок, ал кыйналып турганда батирди сатып жибериши дагы толук ыктымал! Ошондуктан, ушундай келишим түзүлгөн, ушул тапта үйгө эч ким толук кандуу ээлик кыла албайт, Исхак Усеновдун апасы кимдир бирөөлөрдүн “Бийликтегилер үйдү өздөрү алып алышат, эртерээк өзүңө жаздырып албасаң сени кууп дагы чыгышат” – деп айтканына алданып, ушундай чыр-чатак уюштуруп жатат. Чындыгында, ал үйгө милиция кызматкерлери дагы, мэриянын өкүлдөрү дагы бир жолу басып барышкан эмес! – деди Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Кара-Суу шаары

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: