Жаңыланган “Ата-Журт” партиясын түптөп жаткан саясатчылар башкы максаты – келе жаткан президенттик шайлоону жеңип чыгуу экенин да жашырышкан жок

 

“Ата-Журт” партиясына кыргыздын үч баатыры – Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин бириккени “ата-мекенчилерге” каршы күрөшү анчалык ийгиликтүү болбой жаткан Ак үй билермандары үчүн күтүүсүз сокку болду окшойт. Эксперттер бул биригүүгө кирген саясатчылардын билдирүүлөрүн талкууга алып жатып, “ата-журтчулардын” минтип бийликке каршы экинчи фронт (экинчи дүйнөлүк согушта АКШ менен Улуу Британияга окшоп) ачып жибергенин кеп кылып жатышат.

 

Белгилүү болгондой, ушул айдын акыркы күндөрүндө “Ата-Журт” партиясынын Бишкекте чоң курултайы болгону жатат. Ага жогорудагы үч саясатчыдан тышкары, бир катар башка саясий күчтөрдүн бириккени да расмий жарыяланат. Адахан Мадумаровдун: “бул аты аталган үч саясатчыдан башка да бардык патриоттор баш кошушу керек”,- деп билдиргенине жараша, саясий консультациялар кызыды.

 

“Кыргызстанда кайдыгер эмес кишилердин баары биригип жатабыз. Бүгүнкү маскаралыкка, өзүмбилемдикке, кыргыз каада-салтына, маданиятына, тарыхына кайдыгер карабаган кишилердин баарын тең эле оппозиция деп койсо болот. Кудай буюрса, бир топ кишилер биригели деп аракет жасап жатабыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жүрүшүнө же болбосо тездешине бүгүнкү бийликтин ар бир жасаган туура эмес, копол, олдоксон, сабатсыз мамилелери түрткү болуп жатат. Өзүңөр көрүп жатасыңар, мамлекет башчысы эмнелерди гана сүйлөбөй жатат. Биздин элибиз, мамлекетибиз эч качан мынчалык күлкү болуп көргөн эмес”,- деген оюн А.Мадумаров “Азаттыкка” айтып берди.

 

Жаңыланган “Ата-Журт” партиясын түптөп жаткан саясатчылар башкы максаты – келе жаткан президенттик шайлоону жеңип чыгуу экенин да жашырышкан жок. Бирок, бул үчөөнүн кимиси президенттикке аттанары азырынча ачык айтыла элек. Ошентсе да, бул багытта ар биринде президенттик амбициясы ашып-ташып жаткан саясатчылардын ортосунда компромисс табылганы кабарланды. Муну “Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Нурлан Шакиев да тастыктаган: “Мындай биригүү абдан керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Дегеле ажырашууга караганда биригүү жакшы, колдоого алаарлык нерсе. Азыркы бийликтин мөөнөтү бүтүп бара жатпайбы. Ошонун алдында көз караштары, ой-тилектери, максаттары, программалары бир саясатчылардын биригүүсү мыйзам ченемдүү нерсе. Мунун баары келерки президенттик шайлоого карата болуп жатат да. Президенттик так оюнчуктай болуп, 70-80 адам президент болом деп чыкпай саясий күчтөр биригип, татыктуу деген бир-эки адамды чыгарса, эл танганга да жакшы болот. Бирок кооз сөздөрүнө эмес, кылган ишине жараша тандалышы керек”.

 

Ал ортодо Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан “Ата-Журт” партиясынын көрнөк-жарнактары ызы-чуу жаратты. Жалал-Абад шаарындагы көчөлөргө “Ата-Журт” партиясы тарабынан: “Биз мародёр эмеспиз, биз жаратманбыз”, “Аташканын баласы болбой, Ата-Журттун уулу бол”, “Партиядан партияга көчүп учкан “көпөлөктөрдөн” сак бол!”, “Баш мыйзамыбызды өзгөртө бербей, элдин жашоосун өзгөртөлү”- деген тейдеги жарнактарына кадимкидей чычалап чыккандар көбөйдү. Жада калса аймактык шайлоо комиссиясы бул баннерлердин мыйзамдан сырт экенин жар салып чыкты эле, Камчыбек Ташиев буга так түшүндүрмө бергенден кийин, тынчып калышты. “Мародёр деген сөз 2010-жылдан бери айтылып келе жатат. Быйыл президент бул сөздү кээ бир саясатчыларга карата ачык эле айтты. Ошол себептүү “президент айткан мародёрлор биздин партияда жок” деген таризде ушул чакырыкты пайдаландык. Учурда көптөгөн партия лидерлери мародёрчулукка шектелип жатат. Карапайым жарандар 4 сотук жерге ээ боло албай жатса, президент 2,5 гектар жерди ээлеп үй салганы туура эмес көрүнүш. Эл башындагы адам баарына үлгү болушу үчүн мындай кадамга барбаш керек болчу, - деди К.Ташиев.

 

Айтор, азыр баарынан оозунда “Ата Журт” деген сөз кайра жаңыра баштады. “Республикага” кошулуп кеткенде “Ата-Журтту” жүрөгүнөн өчүрүп салгандар кайрадан ойгонду, себеби Ташиев Бабанов менен расмий кол үзүштү. Көрсө, чыныгы “ата-журтчулар” көп экен, алар партиянын кайра өз аты менен саясий аренага келишин кубаттап жатышат.

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (273), 23.11.2016-ж.