"Креслого бир жармашкан адам кет десе кете койбойт го. Анын үстүнө биздин президенттерди кууп чыкмайын кызмат атасынан калгандай чыкпайт эмеспи..."

 

 

- Президентке импичмент жарыялоо аракети башталганын Текебаев жарыя кылды. Бирок,  президент жарыяланган импичментти кабыл алып, кызматынан кетеби?

 

Айбек Бусурманкулов, активист:

 

“Бирок, аны кетириш керек”

 

- Негизи мен бул идеяны колдойм. Бирок, Атамбаев оңой менен президенттик тактыдан кетпесе керек. Бирок, аны кетириш керек. Өкүнүчтүүсү, аны кетириш Жогорку Кеңештин гана колунан келет. Ошондой болсо да,  активистер коомдук пикир жаратып, парламентке басым жасай алабыз.

 

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз-Ата” элдик саясий партиясынын төрагасы:

 

 “...экс-президент макамына ээ болбой калышы мүмкүн”

 

- Президентке импичмент жарыялоо мыйзам ченемдүү көрүнүш, демократиялык мамлекеттерде болуп турат. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болсо, Баш мыйзамга ылайык өлкө башчысын кызматтан четтетүү үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын кортундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүгү менен кабыл алынат. Президентти кызматтан четтетүү Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин (80) макулдугу менен ишке ашат.Эгерде Жогорку Кеңеш мындай чечимди кабыл аларда жетиштүү добуш ала албаса, президентти кызматтан четтетүү ишке ашпайт. Президенттин кызматтан кетүүнүн бир нече жолу бар,өз каалосу, ден-соолугуна байланыштуу. Эгерде президент баш мыйзамдын 67-беренеси менен кызматынан четтетилсе “экс-президент” деген статуска ээ болбой калышы мүмкүн.

 

Данияр Жаныкулов, коомдук ишмер:

 

“Бизде мындай болушу мүмкүн эмес”

 

- Укуктук маданияты бийик деңгээлге жеткен, пенденин эмес мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кылып, мыйзам алдында баардыгы бирдей тең укуктулуука ээ болгон өлкөлөрдө мындай саясый чечимдер толугу менен ишке ашуусу мүмкүн. Биз аны көрүп, угуп эле жатабыз. Андай өлкөлөрдө керек болсо 2 бокал вино ичип автоунаа башкара коем деп жол күзөтчүлөрүнө кармалган министрлер эл алдына чыгып, "мындан ары бийликте олтурууга эч кандай моралдык укугум жок" деп кечирим сурап кызматын өткөрүп берип жатат. Бирок бизде бүгүнкү шартта мындай болушу мүмкүн эмес. Анткени, бизде саясый маданиятуулуктун деңгээли өтө төмөн, ал эле эмес таптакыр калыптана элек десек болот. Кандай болгон күндө дагы Кыргызстандыктар эл катары, кадимкидей тынч шайлоо жолу менен өлкө башчысын алмаштырсак жакшы болмок. Андай болбосо бирөөлөр менен бирөөлөрдүн жеке саясый көз караштары туура келбей калса эле төңкөрүш жасай берип, жыйынтыгы эмне болду. Баягыл эле итке минген карапайым эл. Саясатчыларың болсо кичине машинасын чоңго, чакан тамын хан сарайга алмаштырып коюп жыргап жүрө беришет экен да. Бул далил. Мамлекеттин азабын дагы тозогун дагы ыраматылык Дооронбек атабыз айтмакчы “мурдунан бок кетпеген кайран эл” гана тартат экендигин мурдагы баш аламандыктар көрсөттү го.

 

Бакыт Сакыбаев, журналист:

 

“Чындык Текебаев тарапта”

 

- Кетиши кыйын го. Креслого бир жармашкан адам кет десе кете койбойт го. Анын үстүнө биздин президенттерди кууп чыкмайын кызмат атасынан калгандай чыкпайт эмеспи. Башка АКШ сыяктуу саясый маданияттуулук өнүккөн өлкөлөрдө убагында өткөзүп берип, өткөзүп алып, чыр чатаксыз эле иштеп жатышпайбы. “Эки стакан алкоголдук ичимдик ичип рулга отурдум эле”- деп дагы бир министр жумушун тапшырды. Ушу сыяктуу жакшы жөрөлгөлөрдөн үлгү алышыбыз керек да. Текебаев айтып турган болсо, анын айтканы элдин айтканы. Анткени, учурда элдин пикирин карасаңыз чындык Текебаев тарапта. Ошон үчүн президент мыйзамды сыйласа, эл эмнени кааласа ошону аткарыш керек...

 

Келдибек Жээнбеков, активист:

 

“Каяктагы импичмент”

 

- Көпчүлүк коалиция президент тарабында болсо каяктагы импичмент болсун. Оппозиция тарап импичмент жарыялаган күндө да ал ишке ашпай, сөз боюнча калат.

 

Качкын Булатов, укук коргоочу:

 

“Президент импичментти кабыл албаса, анда нааразычылык акциялар өтө баштайт”

 

- Эмне үчүн кетпейт, кетет. Анткени, эл мамлекетти түзөт эмеспи. Атамбаев машаяк болуп кетиптирби? Эгерде президент импичментти кабыл албаса, анда нааразычылык акциялар өтө баштайт. Себеби, күч ошо алсыз элде болот, алсыз эл аркылуу мамлекет куралып, алсыз эл аркылуу президент болуп шайланган. Эл кааласа кызматтан алып коёт.  Атамбаев мына ушуну билиши абзел. Бирин камаса, экинчиси андан кыйин болуп чыга келет. Камап коркута албайт.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (273), 23.11.2016-ж.