Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар партиясынын депутаты Данияр Аттокуровдун бир тууган инисинин “Фаворит Транс” фирмасы Кара-Кече көмүр кениндеги коррупциялык айла-амалдар боюнча айыпталууда.

 

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар партиясынын депутаты Данияр Аттокуровдун бир тууган инисинин “Фаворит Транс” фирмасы Кара-Кече көмүр кениндеги коррупциялык айла-амалдар боюнча айыпталууда.

 

Анын партиялашы Ренат Самудинов буга байланыштуу документтерди текшерүүнү өтүнүп тиешелүү органдарга кайрылды жана депутатты бизнесин жашырып жатат деп күнөөлөп, мандатын тапшырууну талап кылды.

 

Убагында Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болгон Данияр Аттокуровдун 2010-жылдан кийин тез эле колунда бар адамдардын катарына кирип калышы боюнча коомчулукта сөз көп. Өзү болсо 5,5 гектар жеринен башка бизнеси жок экенин айтып келет.

 

Аттокуровду жакындан билгендер анын "кадрлар бөлүмү" деген каймана аты бар экенин, айрыкча Ысык-Көлдөгү майлуу-сүттүү кызматтарга коюу жана алуу маселелери ал аркылуу чечилерин, жанында, иш бөлмөсүндө дайыма резюмелер жүрөрүн кеп кылышат.

 

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов партиялашы, депутат Данияр Аттокуровдун бир тууган иниси Сардарбек Аттокуровдун фирмасы боюнча Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага, Коррупцияга каршы күрөш кызматына жана Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдоду. Анда Кара-Кече көмүр кенинде үч миллион доллар коррупциялык схема тууралуу документтер тиркелген.

 

 

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

 

Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борборун куруу долбоору тээ союздун тушунан бери эле көтөрүлүп келе жатканы белгилүү. Мурдагы президенттердин тушунда улам бир коомчулуктун назарына илинип, кайрадан коңулга калтырылып жүргөн бул долбоор өткөн жылы экс-премьер-министр Темир Сариев тарабынан кайра көтөрүлгөн.

Документтерге ылайык, быйыл жыл башында Кара-Кечеден көмүр ташуу боюнча тендерди “Жандос” деген фирма утуп алган. Бирок ал тендердик келишимдеги милдетин түшүнүксүз жагдайда “Фаворит Транска” өткөрүп берген.

 

Ренат Самудинов Данияр Аттокуровду бир тууган инисине каттатып койгон бизнесин калкалап, кызматынан пайдаланып, мыйзамсыз иштерге жол берип жатат деп айтууда: “Мага Кара-Кечедеги тендерлердин туура эмес өткөнү тууралуу маалымат келип түштү. Аны тактоо үчүн кайрылуу жөнөтүп жатам. Мен мындан бир аз күн мурда эле Данияр Аттокуровдун эч кандай бизнесибиз жок, 5,5 гектар эле жер иштетебиз деген маегин окугам. Мага анын элдин баары билген бизнеси тууралуу ачык айтуудан уялып жатканы аябай кызык болуп жатат. Эгер ал бизнеси бар экенин танса, демек, ал жакта туура эмес маселелер бардыр. Бул материалдар мага жаңы эле келип түштү. Ушунун аягына чыгарышсын деп тиешелүү органдарга кайрылып жатам. Коррупция менен күрөшүп жатабыз деп президент баш болуп айтып жатат. Эгер өз арабыздан ушундай болуп жатса демек, аны чечүү керек”.

 

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча “Фаворит Транс” жоопкерчилиги чектелген коом 2012-жылы түзүлгөн. Негиздөөчүсү Сардарбек Бексултанович Аттокуров деп көрсөтүлгөн. Биз бул фирма менен байланышууга мүмкүн болбогондуктан, кененирээк маалымат алаалган жокпуз. Интернеттеги маалымат боюнча, бул фирма үч жылдан бери “Кумтөр” ишканасындагы тендерлерге катышып, калдыктар үчүн жер, аянт даярдоо, жерди кайра калыбына келтирүүгө байланышкан иштерди аткарып, узак мөөнөттөгү келишимдерди түзүп жүрөт. Андан сырткары иштетилген майларды сатып алуу боюнча тендерлерге катышкан.

 

“Фаворит Трансты” жетектеген Сардарбек Аттокуров кичи футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда суперлигада ойноп жүргөн, Ысык-Көл облусунан чыккан “Мурас” деп аталган команданын демөөрчүсү жана машыктыруучунун кеңешчиси экени тууралуу маалымат таптык.

 

Макала жазылып жаткан маалда Данияр Аттокуров менен байланышып, инисине катталган фирма тууралуу комментарий алалган жокпуз. Анын жардамчысы Аман Жумалиев убактысы жоктугун айтып депутат менен байланыштыруудан, кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

 

18 миң айлык жана бир жылда бүткөн үй

 

Данияр Аттокуров буга чейин “Фаворит Транс” боюнча айтылган дооматтарга үн каткан эмес. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында Социал-демократтар фракциясынан депутат болгон Эркингүл Иманкожоева убагында анын табышмактуу жагдайда байып кеткени тууралуу маселе көтөргөнүн “Азаттыкка” айтып берди: “Ал ошол кезде штабды жетектеп турган. Ошондо фракциянын жыйынында өзү отурганда "сенин маянаң канча?" деп сурагам. 18 миң сом деп жооп берген. Ошондо “ай, Данияр 18 миң сом айлык алган адам бир жыл ичинде 80 пайызы бүтүп калган үйдү бузуп, кайра анын ордуна жаңысын сала алабы? Мисалы, күйөөм экөөбүз тең иштейбиз, бирок канча жылдан бери бир үй сала албай жатабыз, сен болсо бир жылдын ичинде бир үйдү бузуп, ордуна жаңысын салдың”, деп маселе койгом. Ошол жерде Икрамжан Илмиянов отурган, фракциянын өкүлдөрүнүн баары отурган. Ал болсо ал атамдардын үйү деп кутулуп кеткен. Кийинчерээк ал үйдүн жанына дагы эки үй салганы маалым болду”.

 

Эркингүл Иманкожоева Данияр Аттокуровдун инисине катталган фирмага байланыштуу айрым жагдайларга да көңүл бурду. Экс-депутаттын пикиринде, баасы бир канча миллион сомду чапчыган оор техникалар колдонулган бизнести жүргүзүү жупуну жүргөн адамдын колунан келе бербейт: “Кумтөрдө иштетип жаткан ар бир машина бир канча миң доллар турары белгилүү. Андан сырткары чоң крандарды дагы киргизип жатат. Андай техникалар болсо бир канча миллион турат экен. Бул бала 2010-жылга чейин эч нерсеси жок эле жүргөн болчу. “Фаворит Транстан” мурун көптөгөн уюмдар Кумтөргө унааларын киргизип жүргөн. Булар азыр бийликте турган үчүнбү, айтор ал жактан көп фирмаларды сүрүп чыгарганга аракет кылып жатышат. Анткени булар машиналарды улам-улам көбөйтүп жатат. Кызмат абалына байланыштуу, айтор, тендерлерди дагы көп утуп жатат. Мен Кызыл-Сууга барганда ал кадр маселелерине да кийлигишип өз адамдарын кайсы бир кызматтарга түртүп жатканы да билинди. Бизнес жасасын, бирок ушинтип элдин ырыскысына кол салбашы керек да. Жапжаш болуп алып алдым-жуттум болбошу керек. Эгер өз эмгеги менен көтөрүлсө биз эч нерсе дебейбиз. Азыр эми оппозицияда жүргөн саясатчыларды 2010-жылга чейин эч нерсеси жок эле, байып кетти деп сындап жатышпайбы. Ошолор эмнеге Данияр Аттокуров тууралуу айтышпайт? Ал деле 2010-жылга чейин эч нерсеси жок жүргөн бала болчу. Бир-эки жылдын ичинде эле миллионер болуп кетүү реалдуу эмес”.

 

“Күйүмдүү бала”

 

Анткен менен Данияр Аттокуровго байланыштуу дооматтарды негизсиз дегендер да бар. Социал-демократтар партиясынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн катчысы Клара Молдогазиева анын партияга кошкон салымын жергиликтүү эл сыйлай турганынан кеп салды: “Данияр Аттокуров кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге аябай жардам берип келе жатат. Партияга салымы өтө чоң. Партия менен жаны бирге десем болот. Таламын талашып, күйүп-бышып турат. Жети-Өгүздө элдин баары аны абдан колдойт, сыйлайт. Биз аны сыйлайбыз, сыймыктанабыз. Биз ушул бала депутат болсун деп өзүбүз түрткөнбүз. Эмне деген жумуштарды бүтүрүп, эмне деген жардамдарды көрсөткөн жок. Мурдатан бери жардам берип жүргөн үчүн эли колдоп жатат да. Жайбаракат отуруп алып көйгөйлөрдүн баарын угат. Анан колунан келген жардамын берет. Мен билгенден эч кимден жардамын аябайт. Бул бала жок деп айтканды билбейт. Кайрылгандардын баарына сөзсүз бир нерсесин берип узатат”.

 

Клара Молдогазиева Данияр Аттокуров 2010-жылдан кийин чириген байга айланды деген сөздөрдү анын саясий каршылаштарынын каралоосу катары баалады: “Бул жакта жер эле иштетет. Картошка, эгин айдайт, бирин-экин малы бар. Бул жакта биздики жер менен эле да. Андан башка бчоң бизнеси деле жок. Эми анын оппоненттери жокту же кенедей нерсени көбүртүп айта беришет да. Эгер байлык топтосо анда Покровкага шагыратып үйлөрдү, хан сарайларды салмак да. Бул жерде болгону атасынын эле үйү бар”.

 

Облус башчысынын орду майдаланды

 

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аскат Акибаев дайындалды. Губернаторлук орунга мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштебеген адамдын келиши бир катар талкууга жем таштады. Айрым байкоочулардын баамында, борбордук бийликтин соңку дайындоолору губернатор институтунун кадыр-баркын мурдагыдан да кетирүүдө.

 

​Данияр Аттокуров парламентте активдүү делген депутаттардын катарына кирбейт. Адатта Ысык-Көл облусуна байланышкан маселелерди көтөрөт. Мисалы, парламентте мектеп, коррупцияга байланыштуу маселелерди айтып чыккан, көтөргөн учурлары болгон:

- Ысык-Көл облусунда эң чоң анан бай Кызыл-Суу деген айыл өкмөт бар. Ишембиликти 500 миң сомго өткөрүшөт. Эсеп палатасынын 2015-жылдагы отчетунда 3 миллион дагы бир канча миң сом туура эмес колдонулган деп таап чыккан. Эсеп палатасы Башкы прокуратурага берген экен. Мен башкы прокурор Индира Жолдубаевага кат жөнөткөм, эки айдан кийин "3 миллион сом кайра ордуна коюлду" деп жооп келди. Бирок 30-60 миң жеген электр тармагы бар экен, ошого гана кылмыш иши козголуптур. Эгер Эсеп палатасы ошол акчаны таппаса, анда ал жоголуп кетмек беле? Ушул айыл өкмөттөрү боюнча деле иштерди жакшылап карасаңар.

 

Данияр Аттокуров былтыр парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп турган. Ал 36 жашта, Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги институнун аяктаган. Иш жолун 2008-жылы “Медиа форум” ишканасында референт болуудан баштаган. 2010-жылы Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болуп турганда анын жардамчысы болуп иштеген. 2011-2013-жылдары “Кыргызалтын” ишканасынын текшерүү комиссиясынын мүчөсү болгон. 2013-2015-жылдары парламентке депутат болуп келгенге чейин Социал-демократтар партиясынын борбордук штабына координатор болгон.

 

Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маектеринде Алмазбек Атамбаевди 2000-жылдагы президенттик шайлоодон бери колдоп келерин, Социал-демократтар партиясынын 2005-жылдан бери мүчөсү экенин, март ыңкылабына катышканын айткан жайы бар.

 

Алмазбек Атамбаевди жакындан билген саналуу киши катары аны аккөңүл, адамгерчиликтүү, чындыкты өтө жакшы көргөн, бирок көңүлү калган кишиге оңой менен жибибесин, ошол эле учурда кечиримдүү, күйүмдүү, убактысынын көбүн ишке арнаган адам деп сүрөттөгөн.

 

Элеонора Бейшенбек кызы

Булак: “Азаттык” үналгысы