“Оргуштаган саясый энергиясы, бетке чабар эмоциясы бар саясатчы” - А.Бекназаровдун 60 жылдык юбилейине куттуктоолор

 

Улукбек Маматаев, “Ак Калпак” саясий партиясынын лидери:

 

“Бекназаров эр жүрөк инсан”

 

- Мен билген Азимбек Бекназаров чындыкты туу туткан, эч нерседен коркпогон, бирөөгө жагалданбаган , беттегенинен кайтпаган, өз убагында үй-бүлөлүк режимге ачыктан-ачык каршы чыгып, башына кандай гана куугунтуктоолор түшпөсүн, коркпой, күрөшкөн эр жүрөк инсан. Качан, кайда болбосун, кандай кырдаал жаралбасын чындык тарапта болот. Азике Орто Азиянын тарыхында чыныгы демократияны күрөшүп жүрүп орнотууга салым кошкон, кыргыз элин маңкуртчулук сезиминен өйдө болуусуна жол көрсөткөн, эгемендик эмне экендигин карапайым адамдын аң-сезимине орното билген чыныгы кыргыз! Кыскасы, кыргыз саясатында ордумду табам дегендер Азикеден көп нерсени үйрөнсө болот. Аны сындап, жаман атты кылам дегендер биринчи Азимбектей эрдик жасап, анан сүйлөшсө туура болот. Анткени, каалаган киши эле Азике жасаган эрдикти жасай албайт.  Азике 60 жаш кутман курак кут болсун. Өмүрүңүз узун болуп, ден соолугуңуз чың болсун.

 

Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Азике баатыр мүнөз, топ жарган оратор, тайманбаган көк жал”


- ыргызстандын  эгемендүүлүк алгандан кийинки тарыхында Азикенин  демократиялык кыймылдын калыптанышында ролу чоң. Аксы элдик көтөрүлүшү, 2005-2010-жылдардагы элдик көтөрүлүштө Азикенин зор салымын эч ким тана албайт. Ошондуктан революциянын максаттары ишке ашпай калса да, Азикени күнөөлөшөт, анткени ал революциялардын автору катары таанылат. Ошон үчүн аны "революциянын бульдозери" деп аташкан. Азике баатыр мүнөз, топ жарган оратор, тайманбаган көк жалдыгы бар. Саясый принциби улутчул демократ. Адам катары жөнөкөй жана карапайым. Азикеге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана узун өмүр каалайм.

 

Эмилбек Каптагаев, экс-губернатор:

 

“Азимбек сыртынан орой көрүнгөнү менен өтө сезимтал, жупуну эле киши”

 

- Азимбек мүнөзү татаал, сыртынан орой көрүнгөнү менен өтө сезимтал, жупуну эле киши. Элибиз айткандай “хандан-бектен кайра тартпаган” эрдиги бар, “Эр киши көк болот” дейт го, анан дагы оюндагыны катпай, жымсалдабай бетке айтат, ушу кыялы менен көп кишиге жакпаса керек. Мурда дос элек же мурда душман элек деп бөлбөйт, барына бирдей мамиле, бирдей талап кылат. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары мурдагы бийлик башындагыларга тиешелүү мүлктү улутташтыруу иши толугу менен Азимбектин демилгеси, ал болбосо дагы бирөөлөрдүн чеңгелине илинип калмак, башкалардын колунан келбейт эле, кыска убакытта иликтеп тиешелүү декреттерди даярдоо. Тилекке каршы аягына чыкпай калды ал иштер. Убактылуу Өкмөт кеткенден кийинки өкмөттөр солгун мамиле кылып коюшту, а түгүл бакиевдерге тиешелүү жерлер кымырылып кеткен фактылары чыгып жатпайбы. Азике чыныгы мекенчил, ниети ак адам.

 

Элнура Кулуева, журналист:

 

“Оргуштаган саясый энергиясы, бетке чабар эмоциясы бар саясатчы”

 

- Азимбек Беканзаровдун коомдо саясатчылар талаша алгыс күрөшчүл орду бар. Эки жолку саясый майдандын лидерлеринин бири. Саясый табияты дайым революциялык жолду жактырат. Мына ошондон коомчулук “Бульдозер” деген ат коюп , кыймылдаткыч күч катарында мүнөздөп келишет. Ар бир чачынын агарышы өлкөнүн саясый процесстерине арналгандай туюм калтырат. Кээ бир аналитиктер белгилегендей, өзүнө карама-каршы иштегендей, өз миссиясына жетпегендей төп келбеген фронтто келе жаткандай. Улуттук баатыр деген сүртүмдөргө терс саясый боектор сүртүлүп кетти. Аксы окуясындагы күрөшчүл позициясы Кыргыздын жери үчүн болгон чыныгы мекенчил күрөшү болгон. Кийинки окуялар саясый кызыкчылыктарга боелгондой. 60 жыл ичинде саясатчы катары тарыхта калды. Мен билген Азимбек Бекназаров тоолук мүнөз болгон оргуштаган саясый энергиясы бар бетке чабар эмоциясы бар саясатчы.

 

Кадыр Кошалиев, "Таза коом" элдик партиясынын тең төрагасы:

 

“Азике ар дайым мекендин бүтүндүгү үчүн күрөшүп келе жаткан адам

 

- А.Бекназаров соңку кыргыз тарыхындагы белгилүү саясатчы. Ал адам туурасында ар кандай пикирлер артынан ээрчип жүрөт. Элге төбөсү көрүнүп калган адамдарды эл күзгүдөн көрүп тургандай баасын берип турмайы табихый көрүнүш. Менин пикиримче А.Бекназаров улуттук-мекенчил багыттагы саясатчы.Үзөңгү Кууш кытайга кетип жатканда отко чокко түшүп маселе көтөргөндөрдүн анабашында болуп, ошонун айынан камакка алынып, анан Аксынын эли тике туруп чыгарып алганын кечээ жакынкы тарыхтан билебиз. Ар дайым мекендин бүтүндүгү үчүн күрөшүп келе жаткан адам экендиги жакында эле Унгар-Тоо маселеси чыкканда да ачык байкалды. Үркүн маселесин да такай көтөрүп келе жаткандыгын билебиз. Ал башында турган Үркүн боюнча коомдук комиссиянын чыгарган илимий деңгээлдеги тыянактары тарыхый-архивдик маалыматтарга негизделип китепче болуп чыкканын билем. Эки жолку революцияда чечүүчү ролду аткаргандыгы үчүн "Булдюзер" деген атты эл берген. Эл ичинде А.Бекназаров жөнүндө тескери пикирде жүргөндөр да бир топ. Бүт жерде жүргөн соң кемчилдиги жок адам болбойт. Анын күмөндүү иштери жөнүндө эл катары укканым бар, ал такталбаса ушактын деңгээлинде кала берет, такталса ар бир адам жазасын тартышы керек. Жалпысынан таразага сала келгенде А.Бекназаров элдин кызыкчылыгын жалтанбай коргогон көк жал саясатчыларга кирет. Азике алтымыш жашка чыгыптыр деп уктум, кутман курак кут болсун! Артыңыздан келе жаткан жаштарга жакшы уйутту, үлгүлүү  жүрүш-турушту үйрөтө бериңиз! Куттуктайм, бар болуңуз.

 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:

 

“А.Бекназаровго Кыргыз Республикасынын Баатыры "Ак шумкарды" берүү керек”

 

- Азимбек Бекназаров А.Акаевди да, К.Бакиевди да бийликтен кетирүүдө маанилүү роль ойногон адам. Президент А.Акаевди бийликтен кулатуудагы эмгегин өзгөчө белгилешибиз керек. Бекназаровдун камалышы, аны коргоп Аксы элинин көтөрүлүшү, кандуу Аксы окуясы, жалпы кыргыз элинин кыжырын келтирип жыйынтыгында А.Акаевди бийликтен кулатууга жеткирген. К.Бакиевге караганда А.Акаевди бийликтен кетирүү алда канча кыйын болгон эле. Ал кезде мамлекет башындагы президентти кулатып кууп жиберүү деген түшүнүк жок болчу. Деги эле бийликти кулатууга элде ишеним да жок эле. Биринчи революцияда көп учурда Азыке экөбүз чогуу жүрдүк. Кышында ашууларда жөө калып, тоңуп кала сактаган учурларыбыз да болду. Эми ал узак сөз. Ошол чогуу жүргөндө билдим Азыкенин чыныгы баатыр экенин. Анча мынча майда чүйдөнү байкай бербеген. Бет алган жагына тайманбай кете берген, максатына жетмейин чарчоону да билбеген жан экен. Бишкектен Жалал-Абад, Ош, Аксыга барып кыдырып эл менен жолугушуп кайра түндөп Бишкеке келип машинада уктап, машинада тамактанып жүргөн учурлар болду. Жолдор тосулуп, бийлик тараптан бизди өткөзбөгүлө деген команда болгондуктан, түштүккө өтүш үчүн Кочкор, Жумгал, аркылуу барган учурларыбыз да болду. Жол түйшүгү оор түйшүк. Айлап машинадан түшпөй жүргөндө да жүдөп кабагым кашым дегенин байкаган жокмун. Мен деле өзүмдү бир топ тың сезем бирок Азыкеге жетиш кыйын. Азыкени көрүп биз да кайраттанып сыр билгизбей калчубуз. Ошентип Азыке жанды оозуна тиштеп жүрүп Акаевди кулатууда башкы жүктү тарткан. Кийин мен көп айтып жүрдүм "А.Бекназаровго Кыргыз Республикасынын Баатыры "Ак шумкарды" берүү керек эле. Себеби чыныгы баатыр деп А.Бекназаровду айтыш керек"- деп. Эгер чындыкты ачык айтсак Бекназаров болбогондо, А.Акаевди бийликтен кетирүүгө шарт түзүлүп жол ачылбайт эле. Акаев өз бийлигин катуу чыңдап, айланасына "Ойт" десе "Лаппай" дегендерди топтоп "Түшпөс Ханмын. Мени эч ким кыймылдата албайт"- дегенге ишенип, кошоматчылары да "Сиздин хандык укумуңуздан тукумуңузга өтө берет" - дешип ишендирип да коюшкан эле да. Акаевдей Баш мыйзамды 6 жолу оңдотуп мыйзамдык жактан да, тегерегине топтолгон ишенимдүү жан жөөкөрлөрү жактан да бекем бийликти К.Бакиев түзө алган жок. Ошондуктан аны оп оңой кууп жиберишти. Эгер А.Акаевдин бийлиги кулабаса элде ишеним болбойт эле. К.Бакиевди бийликтен кетирүү кыйын болмок. Азимбектин башкы эрдиги ушул жерде жатат. Кийинки жылдарда Азимбектин да артынан ар кандай сөздөр ээрчип жүрөт. Мен анын бирине да ишенбейм. Себеби, ал чындап эле эл ишине берилген, улутун, мамлекетин сүйгөн адам экенин билем.

 

Эли жерин сүйгөн адам иши менен далилдей алат. Эстегилечи Үзөнгү-Кууш маселесин ким көтөрүп чырылдап чыкты эле? Камалса да, сабалса да оюнан кайткан жок. Каркыра маселесин ким көтөрүп чыкты эле? Унгар-Тоо маселесин ким көтөрүп жүрөт? "Үркүн" маселесин ким көтөрүп тарыхтагы айтыла элек жабык жаткан нечен чындыктарды ким ачыкка чыгарды? Бүгүнкү күндө да ошол эле кайратынан жазбай “акты” ак, “караны” кара деп ачык айтып келатат. Азыркы саясатчылардын көбү жеке керт баштарынын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшат. Азимбек жеке кызыкчылыгын ойлогондо азыр деле чоң кызматтардын биринде отурмак. Жок, ал өз принцибинен тайбады. Бийликтин кетирип жаткан каталарын түз айтып, кызматын таштап баса берди. К.Бакиевдин учурунда да ошенткен.

 

Досалы Эсеналиев, “Бир бол” аткаруу комитетинин төрагасы, фракция лидеринин кеңешчиси:

 

“Беттегенин бербейт, өжөр”

 

- Кыргызда мааракеде жакшы гана сөздөр айтылат. Мен билгенден Бекназаров өзү билип-билген деле жок, анын айланасында өрчүгөн Аксы окуялары Кыргызстандын тарыхында ачык-айкындуулуктун, демократиянын жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө себепчи болуп калды. Туура жыйынтык чыгарганыбызда революциялар да болмок эмес. Аксы окуялары баарыбыз үчүн, келечек үчүн да чоң сабак. Өзү жөнүндө айтсам, беттегенин бербейт, өжөр. Ошол эле убакта ак көңүл, эч нерсени жашырып-жаппайт. Берген интервьюларын карасаң, баарын сыдыргыга салгандай айтып берет, көп окуяларга, болуп жаткан процесстерге туура баа берет. Бирок буга чейин энергиясын революцияларга эмес, эволюциялык иштерге – сот реформасына, укук коргоо органдарын реформалоого багыттаса Бекназаровдон чоң пайда болмок.

 

Табылды Акеров,  саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты:

 

“Мезгилдин талабына жараша аракеттенген инсан”

 

- А.Бекназаров Кыргызстандын саясатында өзү орду бар саясатчы. Ал кыргыз тарыхында революциялардын бирден бир флагманы, булдезору деген позитивдүү атта белгилүү. А.Бекназаров буркан-шаркан аккан дайрадай, идеяларга төгүлгөн, өз ишинин майын чыгарган, олуттуу кадамдарга бара алган саясатчы деп ойлойм. Азимбек Бекназаров саясатта бир алкынса беттегенин бербеген, туу көтөргөн, патриот, өз элин-жерин сүйгөн инсандын элесин берет. Ошол эле учурда ал артка да чегине билген, мезгилдин талабына жараша аракеттенген, талаша билген саясатчы катары да таанымал инсан.

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

 

“Мен билген Азике мыйзам бузууларга каршы турган адис жана жаран”

 

- Ар бир адамдын, анын ичинде Азимбек Анаркуловичтин, коомдо жана өз айланасында орду бар. Анысы кандай Азике да өз башынан көп окуяларды өткөрүп, ар кандай кызматты аркалап, биздин мамлекетте демократиялык принциптер орнолушуна түздөн-түз тиешеси бар инсан. Кыргызстан гана эмес, бүт дүйнөгө  анын аты Үзөнгү -Кууш маселеси көтөрүлгөндө, кийин кайгылуу Аксы окуяларынан кийин кеңири тарады. Эки жолку күч колдонуу менен бийликти алмашкандардын арасында болду. Мен билген Азике, мыйзам бузууларга каршы турган адис жана жаран болду. Ошол эле убакта, коомду таңкалтырган көп сөздөрү жана иштери менен ММК айтылып жүрөт. Мисалга алсак, ММК жарыялаган Атамбаев менен бажыканада кадр маселеси боюнча телефондук сүйлөшүүсү, же Үңкүр-Тоо боюнча берген сунуштары менен. Өз ара мамиледе мурдакыдай эле жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Кандай болгон күндө да, кыргызда болгон макалдагыдай: "Бакырчак төөнүн баары жакшы" дегендей өз оюн бетке айткан инсандардан...

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити