Бишкек, “САЯСАТ.KG”. Кыргыз авиациясына отуз жылга жакын эмгеги сиңген, учурда АКШда жашап аткан ишкер Жолдошбек Токторбаев менен маек
Жолдошбек Токторбаев (көпчүлүк мурунку фамилиясы – Бектурганов катары жакшы таанышат) кыргыз авиациясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандардын бири. Учурда АКШда ишкерлик менен алектенет. Кабарчыбыз Жолдошбек мырзадан Америкадагы Трамп келгенден кийинки кыргыз мигранттарынын абалы, өзүнүн турмушу тууралуу маек жасаган...
⁃ Жолдошбек Токторбаевич, Америкада президент алмашып, жаңы мамлекет башчы Дональд Трамп башкача саясат жүргүзө баштады. Мигранттарга катуу талаптар коюлуп, массалык депортация башталганы дүйнөдө чоң ызы-чуу жаратууда. Америкадагы биздин мекендешткрибиздин абалдары кандай?
⁃ Америкада жаңы шайланган президент шайлоо учурурундагы убадаларын аткарып, миграция маселесине катуу киришти. Бир жарым миллиондон ашык мыйзамсыз кирген мигранттардын санын тактап, аларды өз өлкөлөрүнө жөнөтүп баштады. Алардын катарына 313 кыргыз жараны кирээри айтылууда. Булар негизинен Мексика аркылуу мыйзамсыз киришип, Америкада каттоодо турбай жүрүшкөндөр. Биринчи кезекте бандиттик, наркомандык кылгандар, тартип, мыйзам бузгандар депортацияланууда. Мигранттарга катаал тартип жалаң Америкада эмес, буга чейин биздин мекендештер көбүрөөк жүрүшкөн Россияда, Турцияда да колдонулуп келген. Америкада мындай кыймылды колдогондор да бар, ага каршылар да бар. Мыйзамсыз жүргөндөр аз каражатка иштешкен. Азыр алар текшерүүлөрдөн коркушуп, ишке чыкпай атышкандыгынан улам кара жумуштарда, өзгөчө, айыл жана мал чарба, курулуш тармактарында иш токтоп, бул экономикага зор зыян келтире баштаганына америкалык ишкерлер тынчсызданууда. Биздин мекендештер негизинен эркектер трактарды айдашса, аялдар кемпир-чал карашат. Америкалактар мындай жумуштарда иштешпейт. Андыктан аларды кетиришсе өздөрүнө эле зыян экени да айтылууда.Буга чейин биздин мекендештерди Россия менен Турциядан кетиришти эле алардын көбү Европага киришти. Кайра цивилизациялуу өлкөлөргө иштешип, жогорку айлык табышып, жакшы болду. Себеби, ар иштин оң жана тескери натыйжасы болот эмеспи.
⁃ Азыркы учурда Америкада болжолу канча мин кыргыз жараны иштеп жашап жүрүшөт?
⁃ Болжолу жүз миңдин айланасы. Анын 60 миңдейи Чикагодо, анан Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Вашингтон, Филадельфия, Флорида, Техас шаар-штаттарында.
⁃ Сиз Кыргызстанда жетекчи кызматтарга иштегенсиз. Америкага кандайча келгенсиз. Кылмыш иш козголуп качып келгендердин катарындасызбы? Америкада эмне жумуш менен алексиз.
⁃ Мен 27 жылдай жалаң авиация тармагында эмгектендим. “Манас” аэропортунда иштеп жүрүп, Ош аэропортунун директору, кийинки 12 жыл “Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси болгом. Мен кабыл алганда авиакомпания банкрот болуп, райондук соттун чечими чыгып калыптыр, ошого карабай жоюлбай кармалуусуна жетишкем. Мамлекет бюджеттен каражат бөлчү эмес. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташып, СССР убагындагы “ТУ-134”, “АН-24” самолётторун жаңы заман талабындагы 3 “Боинг” самолеттору менен алмаштырганбыз. Азыркы мезгилде бийлик авиацияга жакшы камкордук көрүп жаткандыгы ачык байкалат. Биздин мезгилде андай мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн эмес. 2020-жылдын башындагы бийлик алмашуусунан кийин мен “Манас” аэропортуна жетекчинин орун басары болуп барып, аэропортту, авиацияны өнүктүрүүнүн стратегиясын түзгөм. Биз көпкө иштеген жокпуз. Бирок, биринчи жолу 5 миллиард сом киреше киргизгенбиз. Анан бизден кийинки жетекчилик мамлекеттик колдоонун аркасында жакшы натыйжаларга жетишип атканына кубанамын. Аймактардагы аэропортторду оңдоону пландадык эле эми ишке ашырышууда.
“Кыргызстан” авиакомпаниясында жетекчи кезимде “жаңы самолетту мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай алышкан” деп доомат коюшуп, кылмыш ишин козгошкон. Чындыгында макулдашылган болчу. Самолетторду сатып алууда тендер, конкурс укук коргоо, улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен мыйзамдын чегинде өткөрчүбүз. Андыктан коррупциялык иштерге жол берилчү эмес. Болгону бийлик алмашкандан кийин бизди “мурдагы бийликтердин кишиси” деп куугунтуктоонун натыйжасында жапа чектик окшойт. Бардык ишканаларда, өзгөчө, аэропорт, авиация сыяктуу маанилүү участоктордо конкуренттик күчтүү. Иш козголгондон кийин Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонбуз.
Биздин ата-энебиз советтик идеологияга сугарылган, атам райондук, областтык партиялык-чарбалык жетекчи кызматкер, апабыз мектеп мугалими.Алар бизди “дайыма чынчыл болуп, таза иштеп жашагыла. Мамлекеттик кызматка барсаңар казына байлыгына кол салбагыла” деп тарбиялашкан. Мен дайыма ошол эрежелерди туу тутуп келем. Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында авиакомпанияда мыйзам бузуу, коррупция элементтери жоктугу далилденген. Өлкөбүздүн укук коргоо органдары, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев) ишти эртеби-кечпи дагы тыкыр, адилет иликтеп, тийиштүү жыйынтык чыгараарына ишенем.
Америкада эл катары “убер, “амазон” тейлөө кызматында иштеп атабыз.
⁃ Америкадагы мекендештер Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалга кандай баа беришет. Анткени “Америкада көп акча табышат, ал жактагы мекендештер каражат жагынан бакубат, Кыргызстандагы саясатты өзгөртүүгө жарамдуу” деген пикир бар.
⁃ Америкада негизинен баары эртеден кечке жан үрөп иштешет. Саясат менен иштери деле жок. Менимче, Кыргызстанда иши жүрбөй, тапканы турмушуна жетишпей, кыжалатчыкта жүргөндөр айыпты башкалардан издешип, бийликти күнөөлөшөт окшойт. Анткени көп жыл бардык байлык мамлекеттин колунда болуп, эл мамлекет колун карап жашаган инерция кетпей атат окшойт. Америкада иштесең табасың. Мамлекетке жүгүңдү артпайсың жана саясат менен ишиң жок. Кыргызстандагы абал тууралуу бул жактагылар ар кандай пикирде. Көптөрүнүн иши жок. Нааразылар да бар. Анткени, өлкөбүздө турмуш начарынан минтип чет өлкөгө келишкен. Мен өзүм азыркы бийлик өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө көп мыкты жумуштарды жасап атканына чын ниетимден кубанам.
