Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү “алтын мафияны” жок кылуу тапшырмасын берип, алгачкы жыйынтыктар көп күттүргөн жок.
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору Мелис Сатыбековдун кармалганы тууралуу белгилүү болгон. Экөө тең жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мыйзамсыз берген деп айыпталууда.
Зилалиев буга чейин кылмыш иши боюнча айыпталуучу болгон. 2018-жылы Башкы прокуратура ага «мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 2011-2016-жылдар аралыгында 2,5 миллион сом киреше тапкан, бирок мүлкү расмий кирешеден кыйла ашып кеткен деген айып менен кылмыш ишин козгогон.
Д.Зилалиев карьерасын Атамбаевдин тушунда жасаганын, ал мойнуна алгандай, Кудай көп акча бергенин эстейли. Зилалиев 2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигин жетектеген. 2017-жылдын августунан тарта экономика боюнча вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.
Ташиев экинчи чечкиндүү кадамы менен буга чейин эле “алтын” мафияны бир нече алтын кенинен ажыраткан. Ошентип, анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги буга чейин 23 лицензияны жокко чыгарган жана бул чек эмес деп ойлойбуз.
«Менин көрсөтмөм боюнча 23 алтын кени кайтарылып алынган, бул алтын кендери эч кимге сатылган эмес, биз бул маселени жеке көзөмөлүбүзгө алганбыз.
Эми биздин уруксатыбызсыз бир килограмм да алтын чет өлкөгө чыгарылбайт. Буга чейин ай сайын “Манас” аэропортуна алтын ташыган учак кончу. Эми муну токтоттук, ошондуктан бюджетибиз өсүп жатат. Коррупцияны жеңдик деп айта албайм, бирок күрөштү аягына чейин чыгарабыз”,- деди Камчыбек Ташиев.
"Вечерний Бишкек" (эркин которулду)