Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 2344

Бишкек, "Саясат.kg". "Мыйзамдагы уурунун" энеси анын наамына көп сандаган батирлер, заводдор жана кемелер кантип катталып калганын билбейт. Кантип?..

Маанай менен пикирдин айырмасы чоң. Коомдук пикир - бул элдин кайсы бир нерсени же кимдир бирөөгө болгон аң сезимдүү кабыл алуусу. Маанай кайсы бир окуяга болгон реакция. Коомдук маанай жашоонун эмоционалдык тарабына толугу менен же жарым жартылай шайкеш келет. Бирок коомдук пикир түзүлүшү үчүн адамдар эмоциясын токтотуп, акыбалды акылы менен түшүнүшү керек. 

Биздин кыргыз коомчулугуна көбүнесе маанай үстөмдүк кылат. Баарыбызды эмоция ээлеген, "жашасын" деп атып эле бир нече секунддун ичинде кайра "кетсинге" өтүп кетебиз. Бул жакшы да, жаман да. Жакшысы - кыргыз эли ак көңүл, сезимтал, боорукер эл. Аны коомчулукту кезектеги төңкөрүшкө жеткирүүнү, кезектеги башаламандыктын болушун каалагандар пайдаланышат. Элге эмоционалдык жактан абдан таасирдүү фейк маалыматты таштап койсо болду, эл сени менен отко да, сууга да түшүүдөн кайра тартпайт, сен көрсөткөн адамды ал ким болбосун кулатууга даяр жана сенин жасаган ишиң кандай болбосун, эң бир акылга сыйбаганын дагы колдоп кетет. 

Азыр бийликтин аракеттеринен таарынган же нааразы болуп жаткан оппозиционерлер - так ошол коомдук МААНАЙ. Негатив эмоцияларды ыргытып жатышат: Жапаров - узурпатор, Ташиев - тиран... Эмне себептен ошондой экенине түшүндүрмө да бере алышпайт. "Камчыбек Кыдыршаевич, эмне кылып жатасыз?! Кантип ушул нерсеге дитиңиз барды?! Токтоңуз!" - деген гана сөздөр. Кандай окуя же көрүнүш болбосун, ушул сөздөрдү айтышат. Базаркомдор менен такташып жатабы же "эркин" журналисттерди ордуна коюп жатабы, коррупционерлерди камадыбы, кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди ачыктап жатабы - айырмасы жок. 

Ташиевдин өзү бул эмоционалдык кыйкырыктарга көңүл бурбайт, бирок кылган иштерине ар бир жолу түшүндүрмө берип келет. Бул түшүндүрмө так ниет жана ойлонуштурулган аракеттер менен жуурулушкан - так ушул нерсе коомдук ПИКИРдин жаралышы. Генерал ачууга алдырбайт, колун шилтегилебейт, эч кимди "понтко" албайт. Ал жай гана иштеп жатат, болгондо да өзү үчүн жана ошол өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбаган адам үчүн. Андай адамдар бизде абдан көп, УКМК төрагасы аларга каршы күрөшүн улантууда. 

А качан, мисалы, жаран Жолдошбек Көлбаев (өткөн жылы жок кылынган Коля - кыргыздын иниси) эмнеге, кандай негизде УКМК бардык мамлекеттик иштерге аралашат деген суроо салганда, ага жооп берүү оңой жана жөнөкөй. Аралашат, анткени УКМК акырындык менен сакайып келаткан мамлекеттик организмдеги реалдуу иштеп жаткан аз органдын бири. Башка жактан акыйкаттык таппагандардын баары ушул жакка кайрылышат. Атайын кызмат төрагасы менен иштеп жатканын эч ким жокко чыгара албайт. Аны катардагы кыргызстандыктар дагы, эл аралык эксперттер дагы моюнга алышат. 

УКМК "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин иши боюнча дагы деле иштеп жатат. Бүгүнкү күндө бул иш боюнча анын УКТсын каржылоого шектелгендерди кармап, камоодо. Көлбаевге, анын туугандарына, жакындарына мыйзамсыз таандык болгон кыймылсыз мүлктөрдү ачыкка чыгарууда. 

- Биз Көлбаевдин кыймылсыз мүлкүн иликтөө боюнча ишти сотко өткөрөбүз жана эки айдай убакыттан кийин ал ээлик кылган байлыктардын дагы бир бөлүгүн мамлекетке өткөрөбүз, - деп генерал Ташиев ушул жылдын апрель айында убада берген. 

Эгерде акырына чейин жок болбогон көлбаевдик мафия акыйкаттуулукту чалынтып, тоскоолдук жасабаганда убада аткарылмак, эчак эле байлык мамлекетке өткөрүлмөк. Жогоруда айтылгандай коомдук маанай түщүү жана боорукер кыргыз элинин сезимин манипуляция кылуу менен ишти артка тартышты. 

Соцтармактарда адвокат Бактыбек Жумашев жана Камчы Көлбаевдин иниси Жолбошбектин кайрылуусуна келели. Текст аң сезимдүү, акыл-эстүү адамга ылайыктуу эмес. Кайрылуунун максаты - элдин эмоциясын жаратуу. Карыган аялга, бир тууган Көлбаевдердин күнөөсүз энесине жасалган "катаал" мамилеге чачтарды тик тургузуу. Катта айтылгандай, 76 жаштагы Майя Алиева инсульт алган (башка жеринде эки жолу инсульт алганы жазылган) жана сот отурумуна катышууга мүмкүнчүлүгү жок. А ал кылмыштуу кирешелерди легализациялоого айыпталып жатат, (уулу Жолдошбек белгилегендей) бул айып ага мыйзамсыз тагылган, анткени ал өзүнүн наамына көп сандаган батирлер, заводдор, кемелер кантип катталып калганын билбейт... 

Эмоцияга башкартпай, жеке пикирин түзө алган адам муну окуса, сөзсүз түрдө ойлонот: байбиче кантип эле эч нерсе билбей калсын? Уулу эмне иш менен алектенерин дагы байкаган эмеспи? А уулу кылмыш дүйнөсүндө таажы кийген ууру болуп турганда, уурулар мыйзамына каршы келген кадамдарга барып, карыган энесин кылмыштуу иштерине аралаштырдыбы? Дагы бир уулу азыр анын юбкасына жашынып алып, энесин бетине кармап өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоп жатабы? 

Түшүнүксүз нерселер толтура. Эң башкысы: Көлбаевдердин үй-бүлөсүнө азыр башка, акаевдик-бакиевдик-жээнбековдук эмес мезгил экени жете эле көрүнөт. Азыр кылмыш иштери жарым бандиттик ыкма менен чечилбейт. Мурда ар бир кримавторитет жогорку даражалуу аткаминерлер менен каалаган учурда жолугуп, кырдаалды өзү каалаган нукка бура алышчу. Ошондой болгон, бирок мындан ары андай болбойт. Бул тууралуу президент дагы, УКМК төрагасы дагы бир нече жолу айтышып, элге жеткиришти, негизгичи ондогон жылдар бою элдин үшүн алган тарапка кулак кагыш кылышты. 

Көлбаевдер тууралуу коомдук пикир дагы абдан жакшы белгилүү. Эл Кыргызстанды ар кайсы даражадагы жана деңгээлдеги мафиоздордон тазалоону кубатташат. Мында алар эмоцияга берилишпейт жана жалган убадаларга азгырылышпайт. 

Ташиев коомдук пикирдин изи менен баратат. Ал эми көз жаш төгүп боор оорутуу жана чаап салуу оюндарын ал тоготпойт. 

vb.kg