Келечекке секирик
Өткөн жумада мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өбөлгө болор изги иштердин дагы бири жарк этип, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу эки айдан кийин башталары белгилүү болду. Атап айтсак, Жогорку Кеңеште Биргелешкен долбоордук компания түзүү боюнча макулдашуу долбоору дароо үч окуудан кабыл алынды. Келишимге ылайык, жаңы түзүлгөн компаниянын уставдык капиталдагы үлүштөрү үч өлкөнүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Тагыраагы, темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүн үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн компания курмай болду.
Президент Садыр Жапаров темир жолго байланыштуу маек берип, үч өлкө биригип түзгөн компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында болорун, башкы директору кыргыз тараптан бекирин, каражаттын баары Бишкек аркылуу өтөрин билдирди. Ал эми Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу 25-августа башталарын, жакынкы 15-20 жылдын ичинде долбоор өзүн актарын айтты. Эл аралык нормалар боюнча салынган каражаттар акталгандан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз бизге калат. Анткени, биргелешкен компания BOT деп аталган модель менен курулушту ишке ашырат. Мындай модель эл аралык практикада, өзгөчө ири инфраструктуралык долбоорлордо кеңири колдонулуп жүрөт. Мисалы, кайсы бир ишкана ири ГЭСти же жолду өзү тапкан каражат менен курат. Андан соң өзү каржылаган акчаны чыгарып алуу үчүн ошол ГЭСти же жолду белгилүү бир убакытка чейин колдонот. Андан соң салынган объектти өлкөгө кайтарып берет.
Буга чейин жолдун маршруту боюнча талаштар бар экени айтылып, Кытай менен Өзбекстан курулушу арзаныраак жана бир нече чакырымга кыскараак деген жүйө менен темир жолдун “Торугарт-Арпа-Карасуу” бөлүгүнө басым жасаганы белгиленип келген. Ал эми Кыргыз бийлиги бул жолдун “Торугарт-Арпа-Макмал-Жалал-Абад" маршрутуна басым жасаганы баарыбызга белгилүү болчу. Кабыл алынган келишимге ылайык, бул темир жол бизге ыңгайлуу “Кашгар-Торугарт-Макмал-Жалал-Абад-Анжиян” маршруту боюнча салына турган болду. Аталган маршрут биздин мамлекет үчүн өтө ыңгайлуу багыт экенин кээ бир мадырабаштарга айта кетпесек, “бөйрөктөн шыйрак” чыгарганга аракеттенишүүдө. Бул жол келечекте “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” багыты боюнча курулуп жаткан темир жолго туташтырылат. Аталган жол азыр салынып жатат. Жакынкы жылдарда Кара-Кечеге жетсе, андан ары Макмалга уланып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолуна кошулат да, Кыргызстандын түндүк менен түштүгүнүн карым-катышы кеңейет.
Темир жолдун колеясынын кеңдиги да өзүнчө маселе болуп келген эле, ал дагы чечилип, Макмалдан алмаштырмай болду. Атай айтсак, Кытайда анын көлөмү дүйнөдө кенен жайылган стандартка ылайык 1435 мм болсо, Кыргызстан менен Өзбекстан “орус колеясы” деп аталган, кеңдиги 1520 мм темир жолго ээлик кылат. Келишимде белгиленгендей, жалпысынан темир жол 480 чакырым болот. Кытай тараптан 169 чакырым, Кыргызстандын ичинен 311,75 чакырым салынат. Кытай тараптан эларалык стандарт кууш 1435 мм колея менен Макмалга чейин келет, ал жерде өргүү базасы болот. Макмалдан баштап 1520 мм турган колеяга алмаштырылат. Кыргызстандын аймагындагы жолдо 18 станция, 81 көпүрө, 41 тонел болот. Жалпы тонелдин узундугу 120 чакырымга жетет. Ошого катар, темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланганы белгилүү болду. Каражаттын 51%ын Кытай, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Маалымат боюнча, Кытай 4 млрд 700 млн доллардын жарымын – 2 млрд 350 млн долларды үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет. Калган 2 млрд 350 млн долларды үч мамлекет чыгарат. Бул сумманы үчкө бөлгөндө 783 млн доллардан тиет.
Кыргыз тарап курулуштун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин өз убагында баалоого, маданий эстеликтердин сакталышына, коопсуздукту камсыздоого, объектилердин алынышына, долбоор ишке аша турган жердеги элди көчүрүүгө жоопкер. Мунун баары мамлекеттин эсебинен ишке ашат. Ошондой эле кыргыз тарап курулуш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, электр энергиясы, суу менен камсыздоого, кытай жана өзбек адистерин келүүгө уруксат алуудан бошотуп, керектүү товарлардын импортуна, банк эсептери жана валюта алмаштыруу иштерине колдоо көрсөтөт.
Узундугу 450-500 чакырымды чапчыган темир жол линиясы Кытайдын Шинжаң аймагындагы Кашкар шаарынан башталып, Кыргызстан аркылуу өтүп, Өзбекстандын Анжиян шаарына жетет. Магистраль андан ары Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн жолдору менен туташып, Каспий деңизине, Түркияга, Европага чейин чыгат. Азыркы учурда Кытайдан темир жол аркылуу Европага барчу жүктөр негизинен Казакстан, Орусия жана Беларус аркылуу өтүп келүүдө. Адистердин эсебинде бул маршрут Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өтө турган жолго салыштырмалуу кыйла узун жана татаал. Кышкысын өтө оор. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу салынып бүтөрү менен Евразиянын транспорттук түйүнүнүн түзүмү өзгөрүп, бул каттам товарды Кытайдан Европага эң ыкчам жана тез жеткирген негизги маршруттардын бирине айланат. Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол болот. Эксперттер жүк ташуунун жылдык көлөмү 15 миллион тоннага чейин жетерин айтышууда.
Кылычбек Кудайбергенов, Булак: "Майдан.kg" гезити