Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 537

К.Ташиев коррупциядан тышкары өз өмүрүн тобокелчиликке салып, уюшкан кылмыштуу топтор, болгондо да трансулуттук кылмышкерлер менен да катуу күрөшүп жатат.

1991-жылы ал кездеги улуу держава СССР кулап, анын курамындагы Кыргыз Республикасы да өз алдынча эгемендүү мамлекет катары жарыяланып, дүйнө жүзүнө таанылганда баарыбыз төбөбүз көккө жете сүйүнгөнбүз. Ошол 1991-жылдын август айынан  баштап жер шарында байыркы тарыхы бар кыргыз элинин Кыргызстан деген мамлекет пайда болуп, улуттук символубуз болгон желегибиз эки жүздөн ашык мамлекеттин катарында БУУнун баш кеңсесинде желбиреп калды.

Чындыгында бул түшүнгөн адамга ойго келбеген, түшкө кирбеген, асмандан түшкөндөй эле өтө чоң бакыт болчу. Анткени дүйнө жүзүндө эки миңден ашык улут болсо, алардын бардыгынын эле мамлекети жок. Керек болсо бизден саны жагынан он эсе көп элдер да өз эгемендүүлүгүнө, аймагы менен желегине, гербине жана гимнине жетпей, арман кылып жүрүшөт.

Бирок бизге Эгемендүүлүк менен кошо рынок заманы да кошо келди. Башкача айтканда, өз алдыбызча мамлекет болгон соң, мындан ары өзүбүздүн отун-суубузду өзүбүз таап, жаш үй-бүлө сыяктуу турмуш-тиричилигибизди улантып кетишибиз керек болчу. Тилекке каршы Союздун учурунда даяр оокатка көнүп калганбызбы же башкаларга окшоп газ, мунай сыяктуу табигый даяр кен байлыктарыбыз болбогондуктанбы, айтор бир топ кыйналып-чайналдык. Ал эми “Кумтөр” баш болгон алтын, көмүр жана башка кендерибизди чет элдик шылуундарга ит бекер берип коюп, кирешеден куржалак калдык.

Натыйжада акыркы 30 жылда Кыргызстан постсоветтик республикалардын ичиндеги эң жакыр, кедей атка конуп, элибиз өтө кыйналды. Ал эми эмгекке жарамдуу жаштарыбыз аял, эркек дебей кудум эле согушка аттангандай дүйнөнүн туш тарабына иш издеп кетип, “мигрант”, “гастарбайтер” атка конду. Ошол сыртта иштегендердин өлкөбүздүн экономикасына, ИДПсына кошкон салымы 50%га жетти. Керек болсо каржы, экономика министрликтерибиз мигранттардын үй-бүлөсүнө жөнөткөн акчасынын эсебинен жашап, сагалап калышты.

Ал ортодо Кыргызстанда эки ирет (2005 жана 2010-жылдары) революция-төңкөрүш, дагы эки ирет түштүктө (1991 жана 2010-жылдары) улуттар аралык жаңжал болуп кетти. Эгер революция-төңкөрүштөр карапайым элдин бийликке карата нааразычылыгынан чыкса, улуттар аралык жаңжал ичибиздеги эле оюу бузуктардын мамлекетибиздеги олку-солку абалдан, бийликтегилердин коррупцияга белчесинен батып, алсызданган абалынан пайдаланып, мамлекетибиздин жарымын бөлүп кетүү же өз алдынча автономия түзүү тууралуу бузуку планынан улам болгондугун тарых тастыктады.

Андан тышкары бир кезде биз (1991-жылдары тунгуч президентибиз А.Акаев) ич ара же жарандык согушту токтотуп, оппозициясы менен бийлигин жараштырган кошуна Тажикстан мурда ар кандай чек ара чыр-чатактарын чыгарып, тийиштик кылып келсе, 2021-жылы апрелде (ыйык Рамазан айында) жана 2022-жылы сентябрда, эки жыл катары менен кол салып, жүзгө жакын баткендик бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрү кыйылды. Сыягы, булар да мамлекетибиздин алсыз абалынан пайдаланып, койнундагы котур ташын чыгарып, талаш жер деген шылтоо менен Баткен облусунун көп аймагын басып алгысы келсе керек.

Бактыга жараша демейде айкөл, кайдыгер кыргыз эли башына кыйынчылык түшкөндө бир муштумдай биригип, ушул айтылган ички жана тышкы душмандарга татыктуу жооп кайтарып, эли-жерибизди сактап калдык.

Мен ушул окуяларга байкоо салган журналист жана өзгөчө согушту баштан өткөргөн Баткен облусунун кулуну катары эгер 2021-жылы бийликке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келбесе, ички-сырткы коркунучтар азыркыдай жеңиш менен чечилерине көзүм жетпейт деп тайманбай эле айта алам. Балким, бул айткандарыма өмүрү Баткен деген сөздү уккан менен ал жакка буту басып барбаган айрым ура-патриоттор каршы чыгышы мүмкүн. Анткен менен көзүм көрүп, баамдап турган жагдайды айтпай коюуга да батына албаймын.

Ооба, кошуналардын бизге эки жыл катары менен кол салышынын башкы себеби, жогоруда айтылгандай, ага чейинки бийлигибиздин мамлекетти башкарууну билбей, көзүн май басып же кеңешчи-кошоматчылардын гана жалган сөздөрүнө ишенип алгандыгында болгон. Натыйжада алардын атайын кызматтары бул жагдайды толук изилдеп чыккан соң катуу даярданып, Лейлек районунан тартып, Чоң-Алай районуна чейинки миң чакырымга жакын аралыктан жапырт кол салып жатпайбы. Чындыгын айтканда ошол учурда биздин армиянын душманга татыктуу ок ата турган курал-жарагын мындай кой, жоокерлерибиздин курсагы ач болгон.

Бир сөз менен айтканда, мамлекет башчыбыз менен УКМК төрагасынын чечкиндүүлүгү, коркпогондугу жана болгон күч-аракет менен каражатты армияга жумшап, дүйнөнүн беш өлкөсүндө гана бар “Байрактар” учкучсуз учактары баш болгон заманбап куралдар, абадан коргонуучу (ПВО) системаларды сатып алып, Баткен облусунда кызмат өтөгөн чек ара жана милиция кызматкерлеринин кем-карчын толуктап, маянасын 80 миң сомго чейин жогорулатышы гана жоокерлерибизге дем берип, душмандын эсин оодарып, чек ара маселесин согуш эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мажбур кылды...

Ошентип Баткен облусунун көйгөйүн чечүүгө эки жылдай убакыт кеткенден кийин мамлекет башчыларыбыз ички маселелерди чечүүгө киришишти. Бирок бул маселе деле сырткы душмандардан кем калбагандай, адам организмине рак клеткасындай тарап кеткен өтө татаал баш оору болчу. Анткени бир жагынан К.Көлбаевдин криминалдык империясы бүтүндөй мамлекеттеги кызарган жерлердин баарын көзөмөлдөп, комокторго, ал тургай мектептерге чейин “салык” салып, “дань” алып турса, экинчи жагынан Р.Матраимовдун бажыдагы мафиялык системасы да бүтүндөй мамлекеттик органдарды вирустай каптап, бул эки эки баштуу “ажыдаар” өзүнчө эле көмүскө башчы болуп алышкан эле. Ал тургай алар 2021-жылдан кийин өздөрүн Кыргызстандын  кожоюну катары жарыялашкандыгы эл арасында айтылып жүргөн...

Эгер мамлекетибиз бул эки ажыдаардан арылбай, ар бир ишкер, ал тургай айыл өкмөттөн баштап, министр, депутатка чейин аттангандар К.Көлбаевдин алдынан өтүп, “батасын” алуу “салты” улана берсе, анда Кыргызстан Афганистандагы Хамид Карзайдын бийлиги кулагандай бир күн криминалга же радикалдарга Ак үйдү алдырып деле коюшмак...

Мен Кыргызстандын 1991-жылдан 2021-жылга чейинки  жыл аралыгындагы отуз жылдык тарыхын  коррупция, криминал, трайбализм күч алган мезгил жана 2021-жылдан 2024-жылга чейинки ошол коомубуздагы терс көрүнүштөр жоюлган кайра жаралуу же “ренессанс” мезгили деп, эки доорго бөлүп карайт элем.

Белгилүү журналист Мелис Айдаркулов Кыргызстандагы коррупция эмне үчүн күч алып кеткендигин мындайча өтө так жана туура баяндап берди: “- Мурдагы бийликтер деп жалпылабай, эгемендик жылдары бүткүл элдик добуш берүү аркылуу шайланган бийликтердин тушунда корупция менен күрөшүүнүн деңгээлин дейбизби, же абалын дейбизби мурдагы эки президент өздөрү айтып, моюндарына алышкан. Биринчи президент Аскар Акаев “Коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти”,- деген. Ал эми Ак үйдүн жетинчи кабатындагы номер биринчи кабинетте ал өзү отурган болчу. “Контрабанданын атасы”, “мафиянын атасы” дегендей эле биздин өлкөбүздө болуп көрбөгөндөй гүлдөп-өнүккөн коррупциянын ана башында, деги эле Кыргызстандагы диктатуранын, мафиянын башында дал ушул Аскар Акаев баш болгон мурдагы үч президенттер өздөрү турушкан.

Ал эми 2005-жылы 24-мартта жеңишке жеткен элдик революциянын лидери жана өлкөбүздүн экинчи президенти болуп шайланган Курманбек Бакиев “бийликтин аброю плинтуска түшүп, коррупция жылдызга чыгып кетти” деген. Ал “келечекте үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербөө үчүн бардыгын жасайм” деп убада кылган. Бирок иш жүзүндө өз элин талап-тоноо практикасын бир аз оңдоп-түзөп, өөрчүтүп, Аскар Акаевден да ашып түштү.

Бакиевдердин үй-бүлөсү – балдары, бир туугандары мурда Акаевдерге кеткен каржы агымын тез эле өздөрүнө буруп, Ширшовдун схемаларын ойлоп таап, ишке ашырышты.

Швед саясат таануучусу Йохан Энгвалль көз карандысыз Кыргыз Республикасынын коррупциялык абалын ар тараптан изилдеп, мурдагы Президент Бакиевдин убагындагы расмий укук коргоо органдары менен уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы симбиоз мамлекеттин ыдырашынын туу чокусу болгонун белгилеген.

Алмазбек Атамбаев деле принципиалдуу түрдө ушундай жолго түшкөн. Ал өлкөдө калыптанып калган коррупциялык системаны бузууга эч кандай аракеттерди жасаган жок, эгер кандайдыр бир аракеттер болсо да, анын оң натыйжасы болгон жок.

Анын үй-бүлөсү саясий иштерге кийлигишкен эмес, бирок анын санаалаштары –айдоочусу, жан сакчысы жана башкалар анын колдоосунан ашкере пайдаланганы коомчулукка белгилүү.

Баарыбыз көрүп тургандай, кеминде бир президенттик мөөнөтүн толук өтөп, мамлекетти башкарып турган үч президент (көпчүлүк учурда алар дайындаган премьер-министрлер жана министрлер да) турган турпаты, насили жегич болгон. Ошондуктан 2017-жылдын аягында өлкө президенти болуп жаңы эле шайланган Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында: “Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик түзүмдөр өздөрү ага малынып, өз милдеттерин толук аткара албай жатат”,-  деп кейиген да. Ал ошол жыйында “чоң кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогорку эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калганын” да ачык айтканы бар.

Мына ушундай коррупция менен күрөшүүгө накта саясий эрк жок болуп турган кырдаалда мамлекеттик түзүлүшкө түздөн-түз залакасы тийип жаткан терс көрүнүшкө каршы натыйжалуу чара көрүүгө мүмкүн эмес болчу. Ар бир президент бийликке келеринде “Коррупция менен күрөшөм”, “Коорупционерлердин жилигин чагам!..” деп убада бергени менен иш жүзүндө калп эле куру кыйкырык, ач сүрөөн салымыш этип, өлкө байлыгын жашыруун да, ачык да талап-тоноп, элди алдап келишкен”.

Ошол эле учурда М.Айдаркулов азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү жана жалпы эле жасап жаткан иштери тууралуу буларга токтолду: “Биз өлкө жараны катары бир нерсени эстен чыгарбасак. Садыр Жапаров мамлекеттин казынасына кол салгандар менен бийликке келе электе эле күрөшүп жүргөн. Күрөшкөндө да чоң тобокелчилик менен башын баталгага байлап коюп күрөшкөнүн баарыбыз билебиз. Ошондуктан азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл буруп жатышын жок жерден эле ойлоп табылган, же мурдагыдай жеке кызыкчылыкты көздөгөн убактылуу эрмек катары эмес, чыныгы идеялык күрөш катары кароо туура болот.

Анткени коррупция менен ийгиликтүү күрөшүү үчүн Кыргызстанга бүгүнкү күндө бул багыттагы саясатта чечкиндүүлүк, жигердүүлүк, керек учурларда мыйзам чегинде өктөмдүк кылуу зарыл. Кыргызстандагы коррупциянын тамыры терең жана масштабы чоң экени баарына белгилүү. Коррупция бизде экономикалык, социалдык, саясий реформаларды жүргүзүүдөгү эң күчтүү тоскоолдуктардын бири болуп калды. Аны биздин элдин, өлкөнүн кийинки 30 жылдык тарыхынан өзүбүз баамдадык.

Ушул өңүттөн караганда азыркы президенттин саясатынын курч мүнөзүн басаңдатпай турмушка ашырып жаткан УКМКнын батыл аракеттерин коомчулук жакшы колдоп жатканын баса белгилеп кетким келет. Ал эми УКМК ар кандай майда-чүйдө жагдайларга чейин кийлигишип алды дегендер чоң жаңылышат. Камчыбек Ташиев жетектеген мамлекеттик органдын табияты ошондой. Анын кызматкерлери үчүн майда-барат нерсе жок. Күкүмдөп чогултулган керектүү маалыматтарды талдап, жалпылай келгенде коомдун, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл тыянак чыгарууга болорун жакшы билгендей, сыртынан караганда майда-бараттай сезилген көрүнүштүн артында эмне катылып жатканын алар илгиртпей түшүнүшөт”.

К.Ташиев коррупциядан тышкары өз өмүрүн тобокелчиликке салып, уюшкан кылмыштуу топтор, болгондо да трансулуттук кылмышкерлер менен да катуу күрөшүп жатат. Анын бул чечкиндүүлүгү көпчүлүк элди жакшы өзгөрүүлөргө үмүттөндүрүп, кошуна мамлекеттерде да колдоого алынууда. Мындай аракеттер менен коррупция биротоло жоюлбаса да, улам терең тамыр жайып бараткан бул терс көрүнүштөрдү мүмкүн болушунча азайтып, коомубузду тазартууга болооруна ишеним артсак болот”.

Ооба, акыркы 3 жылда мурдагы 30 жылдагы бийлик башындагылардын өздөрү үй-бүлөсү, жакындары менен белчесинен баткан коррупция жоюлуп, крминалдын тамыры кыркылып гана тим болбостон, биз баарыбыз күтпөгөн жакшы иштер болуп жатат.

Өлкө ичиндеги жол, кичи ГЭС, мектеп, бала бакчалардын курулушун айтпаганда да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири курулуштар башталууда. Бул туңгуюктагы өлкөбүздү деңизге, эл аралык рынокко чыгуусуна жол ачуу менен транзиттик аймакка да айлануудабыз. Демек, Кыргызстан чакан өлкө болгон менен эл аралык деңгээлдеги соода-сатыктын, геосаясый кызыкчылыктын чордонуна айланууда жана жакынкы жылдары эч кимге көз каранды болбогон мамлекетке айланышына ишенсек болот. Албетте, мындай ийгилик жөн эле же кокустуктан жарала койбойт. Ал үчүн мамлекет башчыларыбыздын мекенчилдик, өз эли менен мамлекетин сүйгөн патриоттук сапаттары керек.

Эмилбек  Момунов, Булак: "Майдан.kg" гезити